СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сылыктыкты көрсөтүучү -сыз мүчөсү. (кайталоо)

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Сабактын планы.

Сабактын темасы: Сылыктыкты көрсөтүучү -сыз мүчөсү. (кайталоо)

Сабактын максаттары: Окуучулардын билимин өстүрүү.

Билим         берүүчүлүк: -сыз мүчөсү кандай маанини билдирерин жана кандай болуп өзгөрөрүн кайталап, толуктоо жана бышыктоо.

Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулардын орфографиялык сабаттуулугун өркүндөтүү. Кыргыз тилинде сүйлөм түзүүгө үйрөтүп, өз ара сүйлөшүүгө көнүктүрүү, кыргыз тилин үйрөнүүгө кызыктыруу.

Тарбия берүүчүлүк:Сылыктыкты көрсөткөн -сыз мүчөсү катышкан сөздөрдүн жардамы менен окуучуларды сылыктыкка үйрөтүп, тарбия берүү. Адамдарга сылык мамиледе кайрылып, сүйлөшүүгө үйрөтүү.

Маселелер:

Мугалимдер үчүн.Окуучулар теманы так, туура түшүнмүштүбү, текшерүү, кайталоо, ага карата машыгуу иштерин аткаруу. Окуучулар үчүн: Мугалим тарабынан берилген тапшырманы аткаруу. Кыргыз тилин үйрөнүү  үчүн дилгир болуу.

Сабактын формасы жана методу: Мелдеш сабак. Логикалык ойлонуу (алган билимин конкреттештируу, жыйынтыктоо, бекемдөө), оозеки жооп, жазуу түрүндө.

Просмотр содержимого документа
«Сылыктыкты көрсөтүучү -сыз мүчөсү. (кайталоо)»

Сабактын планы.

Сабактын темасы: Сылыктыкты көрсөтүучү -сыз мүчөсү. (кайталоо)

Сабактын максаттары: Окуучулардын билимин өстүрүү.

Билим берүүчүлүк: -сыз мүчөсү кандай маанини билдирерин жана кандай болуп өзгөрөрүн кайталап, толуктоо жана бышыктоо.

Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулардын орфографиялык сабаттуулугун өркүндөтүү. Кыргыз тилинде сүйлөм түзүүгө үйрөтүп, өз ара сүйлөшүүгө көнүктүрүү, кыргыз тилин үйрөнүүгө кызыктыруу.

Тарбия берүүчүлүк:Сылыктыкты көрсөткөн -сыз мүчөсү катышкан сөздөрдүн жардамы менен окуучуларды сылыктыкка үйрөтүп, тарбия берүү. Адамдарга сылык мамиледе кайрылып, сүйлөшүүгө үйрөтүү.

Маселелер:

Мугалимдер үчүн.Окуучулар теманы так, туура түшүнмүштүбү, текшерүү, кайталоо, ага карата машыгуу иштерин аткаруу. Окуучулар үчүн: Мугалим тарабынан берилген тапшырманы аткаруу. Кыргыз тилин үйрөнүү үчүн дилгир болуу.

Сабактын формасы жана методу: Мелдеш сабак. Логикалык ойлонуу (алган билимин конкреттештируу, жыйынтыктоо, бекемдөө), оозеки жооп, жазуу түрүндө.

Сабактын тиби: текшеруу жана коррекциялоо ( бекемдөө), кайталоо, машыгуу, сабак - семинар.

Сабак аралык байланыш: Орус тили, этика, кыргыз адабият, сүрөт, музыка, математика.

Сабактын жабдышы, Окуу китеби, сүрөт, сөздөр, карточкалар, дидактикалык материалдар.

Сабактын жүрүшү:

1. Уюштуруу:

Кыргыз Республикасынын ГИМнин ырдоо.

Суроо-жооп иретинде сүйлошүү:

-Азыр кайсыл сабак башталды?

Бугун аба ырайы кандай?

Азыр кайсы мезгил?

Жакында кандай майрам болот?

Бугун число канчасы? Кайсы кун?

Класста ким дежур? Ким келген жок?

Саламатсыздарбы? Урматтуу бүгүнкү сабактын катышуучулары, ага-эжелер, окуучуларым. Биринчиден, жадыраган жазда кирип келе жаткан мусульман элинин улуу - Нооруз майрамы менен баарыныздарды куттуктап кетмекчимин. Кааларым:ачык асман астында иштериниздерди бакубат ийгиликтер коштоп журө берсин, ар бириниздерге үйбүлөлүк бакыт, ынтымак каалайм. Анда эмесе бүгүнкү “ачык сабагымды” баштасам.

2. үй тапшырмасын текшерүү:

Сылыктыкты көрсөткөн -сыз мүчөсү деген эмне?

-сыз мучөсу кандай болуп өзгөрөт?

-сыз мучөсунө мисал келтирүү.

3 Жаны теманы түшүндүрүү: ( кайталоо )

Бүгүнкү сабак “Сылыктыты көрсөтүүчү -сыз мүчөсүн” кайталоо болгондуктан, мен бүгүнкү сабагымды “КВН сабагы деп атап алдым. Окуучуларды эки топко болуп ,1-топ “8-март”, 2-топту “Нооруз” деп атадык. Анткени азыр жаз мезгили болгондуктан, жаз мезгилиндеги майрамдардын аталыштарына көнүл бурдук. Сабак оюн иретинде, ат салышып, мелдеш түрүндо өтмөкчү.

КВНдин программасы 4бөлүктөн турат.

“Акыл дарагы” суроо-жооп иретинде (карточкалар).

“Сыр сандык” оюну ( элдик чыгармалар).

“Сүрөткө шыктуулугун көрүү”.

“Китеп менен иштөө”.

1-бөлук: Суроо-жооп иретинде карточкалар менен иштөө же

“Акыл дарагы” деп атасак болот. Эки топтон бештен окуучу

чыгьш, доскада илинип турган дарктын сүрөтүнөн бирден алма алышат, ал алмаларда суроолор жазылган, суроолорго жооп беришет. Кайсыл топтун окуучулары эн жакшы жооп беришсе упай берилет.

Мындан ар бир оюнубуздун аягында упайлар берилип турмакчы. Упайлар тегерекче түрүндө “кызыл тегерек-эн жакшы(“5”), “жашыл тегерек-жакшы (“4”) деген белгини билдирет.Сабагыбыздын сонунда упайлардыды эсептөө менен окуучулңрдын билими бышыкталып, эки топтун женуучусу аныкталат.

“Акыл дарагынынсууоолору:

Биздин мектепте канча мугалим эмгектенет жана канча окуучу окуйт?

Нооруз бул кандай майрам?

Сылыктыкты уйрөткөн макал айтып бер.

Жаз жөнундө ыр айтып бер.

8-март бул кандай майрам?

Бир жумада канча кун бар? Аталыштарын айтып бер.

Жети атанды билесинби?

Бир жылда канча ай бар? Аталыштары кандай?

-сыз мучөсунө мисал келтир.

Сен президент болсон эмне кылат элен?

1-бөлүк: Оюнубуздун бул бөлүгүн “Сыр сандык “ оюну деп атадык. Бул оюн аркылуу биз окуучуларыбыздын, жаш өспурум балдарыбыздын кыргыз элинин дидактикалык чыгармаларын канчалык денгээлде билерин жана шыктуулугун көрө алабыз.Оюнубуздун жүрүшүндө окуучуларыбыз кыргыз элинин табышмактарын, жанылмачтарын, макал-лакаптарын айтып жана бир музыкалуу номер аткарып беришет.

Эки командадан үчтөн окуучу чыгышат.

1. Табышмактар: Нооруз командасынан бир окуучу табышмак айтат, 8-март тобу табат.

Суу болуп жер бети Аппак карга толчу эле Өзөндөргө суу тонгон Бул кай кезде болчу эле? (кыш)

Андан кийин 8-март тобу, Нооруз тобуна айтышат.

Кун узарып кар ээрип Байчечекей толчу эле

Жылгалардан суу аккан Бул кай кезде болчу эле?(жаз)

Ар бир номер упай берүү менен чектелет.

2 Жаңылмачтар: Экитоптон бирден окуучу жаңылмачтар айтышат, кимиси бат жана жаңылбай айтса ошол командага “эн жакшы” упай берилет.

Нооруз: Кырк кыл куйрук,

Кырк кызыл куйрук.

Кырк кыл куйрук ичинде,

Ылгый кызыл кыл куйрук.

8-март: Ал аралда да марал,

Бул аралда да марал.

Ал аралда маралды ким кайтарар?

Бул аралда маралды ким аталар?

Макал-лакаптар:

Нооруз: Сыйга-сый,

Сыр аякка бал.

8-Март: Сиз деген сылык сөз,

Сен деген сенек сөз.

Обондуу ырлар: Эки топтун окуучулары обондуу ыр аткарып беришет.

Оюндун аягында упай беруу менен жыйынтыкталат.

1-бөлук:”Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат”-дегендей биз азыр балдарыбыздын сүрөткө шыктуулугун байкап көрөлүчү.Кайсы бир улуу философ айткандай :”Дүйнөнүн сулуулугун смрөт аркылуу таанып бил” дептир.Биздин келечектеги дүйнөгө сулуулукту,назиктикти,сылыктыкты сүрөт аркылуу даназалап,дактап чагылдырып бере турган сүрөтчү балдарыбыз ушул биздин арабызда болуп жүрбөсүн.Анда эмесе азыркы оюнубуздун аты:”Сүрөткө шыктуулугун көрүү”.

Оюнубуздун шарты менен тааныштырып кетсем.Эки топтон бирден бала доскага чыгат.Экөөнүн көздөрун жоолук менен жабабыз.Балдар көздөру бекитилүү болуп доскага бор менен үйдүн сүрөтүн тартышат.Кимиси бат жана туура тартып берсе ошол женүүчү болот.Ал сүрөттө жөн гана “үй” тартылбастан математикалык фигураладын көчурмөлөрү да түшүрүлгөн болот(үч бурчтук,төрт бурчтук,тик бурчтук),фигуралардын кыргызгызча аталыштарын айтып беришет.

1-бөлүк:’’Окуучулао өтулгөн теманы унуткан жокпу?” бышыктоо иретинде кайрадан эстерине салып китептеги 126-беттеги, 98- көнүгүү менен иштөө.Суроолордун ордуна керектүү формадагы сөздөрдү коюп

-сыз мучөсун улап жазышат.Досканы бор менен экиге болуп,эки топтун окучулары эстафета иретинде чыгып жазышат,кимиси туура жана бат,таза жазгандары бааланат.

Сиз агамсыз Сиз улуусуз

Сиз досумсуз Сиз шаардыксыз

Сиз эжемсиз Сиз жакшысыз

Сиз апамсыз Сиз кичуусуз

4Жоутундулоо: Окучулардан бул тема ошондой эле бугунку өтулгөн сабак боюнча тушунбөгөн суроолору болсо сурайм,аларга сылыктык турундө тушундуруп жооп беруу менен бирге кортундулайм.

Билимин баалоо: Башта айтып кеткендей эки топтун топтогон упайларын эсептөө менен эки топтун женуучусун аныктап,жана окуучулардын сабактагы активдуулугунө жараша баа койом.

уйгө тапшыума: 126-беттеги сурөт боюнча чакан ангеме тузуп келуу.

Мага көнул буруп,сабагыма келип катышып бергендериниздерге чон рахмат айтып,таазим кылып ыраазычылык билдирем.Ар дайым мээримдуу бололу,бар бололу,бай бололу!

Саламатта барыныздар!