Каргалдаева Л.Т.
№ | Сабактын этаптары: | Убактысы: | Мугалимдин ишмердүүлүгү: | Окуучунун иш-аракети: | НК | ПК | Баалоо (Кубаттоо) |
1 | Уюштуруу: | 2 мин | Учурашуу; Окуучуларды белгилөө; Психологиялык жагымдуу маанай түзүү: балдар, бүгүн силер бир башкача сырдуусуңар! Окуу процессине даярдануу | Учурашышат; Келбеген окуучулар билгиленет; Маанайы көтөрүлөт; бири-бирине мактоо айтышат. Окуу пр.даярдык көрүшөт | НК 2 | | |
2 | Үй тапшырмасын текшерүү: | 1 мин | 297- көнүгүү. | Сын атооч сөздөрдү таап, алардын өзгөчөлүктөрүн көрсөтүшөт. | НК 3 | ПК 2,3 | |
3 | Окуучулардын билимин актуалдаштыруу | 3мин | Балдар, кайсы сөз түркүмүн өтүп жатабыз? Сын атооч сөз түркүмүнүн кайсы бөлүгүнө кирет? | Жооп беришет | НК 1 | ПК 1,2,3 | Азаматтар! |
4 | Сабактын темасы: Максаты, күтүлүүчү натыйжалар менен тааныштыруу | 2 мин | Демек, биз бүгүн кайсы теманын үстүндө иштейт экенбиз? Ооба, балдар, биз бүгүн сын атооч сөз түркүмүн жыйынтыктайбыз, демек темабыз кандай болот? Анда бүгүнкү сабакка кандай максат коёбуз? Бугүн сабакта баалоо шкаласынан өз ысымыңардын тушундагы аттарды жооп берген сайын барып 1 кадамга жылдыра бересиңер, ал эми сабактын аягында алган упайыңар менен баа аласыңар. | Угушат, ой жүгүртүшөт Сабактын темасын аныкташат. Сабактын максатын өз позицияларында коюшат | НК 1,2,3 | ПК 1,2 | Азаматтар! |
5 | Сабакты түшүндүрүү: | 4 мин | Кыматтууларым! Силер саякаттаганды жакшы көрөсүңөрбү? (Мээге чабуул) Бүгүн биз силер менен Кыргызстандын 7 дубанына саякатка чыгабыз, ал үчүн бизге эмне керектелет? Туура, унаа менен саякатка чыгабыз! Ал үчүн биз шилтеме менен кирип http://surl.li/rbrji тестти аткарышыбыз зарыл. | Угушат, шилтеме аркылуу тапшырмаларды аткарышат, суроолорго жооп беришет | НК 1,3 | ПК 1, 2 | Азаматтар! |
6 | Сабакты бышыктоо: | | Биз кайсы дубанда жашайбыз? 1.Туура, Чүй облусунда жашайбыз, демек саякатка дал ушу облустан чыгабыз, дегнче эле болбой Токмок шаарындыгы байыркы Бурана шаарына жетип келдик, бул жакта да бизге тапшырмалар катылган экен. | Пазлдарды кураштырып, макал-лакаптарды табышат, жупташып иштешет. | НК 1,3 | ПК 2 | Азаматтар! |
| 2.Анда эмесе, биз саякатыбызды улайбыз, мына, көз ачып жумганча Ысык-Көл дубанына кирип келдик, бул жакта кандай кызыктуу жерлер бар билесиңрби? Бул жакта да биз үчүн кызыктуу баш катырма тапшырмасы күтүп турган экен. http://surl.li/rbqzl | Билген жерлерин айтышат, шилтеме боюнча кирип, катылган сын атооч сөздөрдү табат. | НК 1,3 | ПК 2 | Азаматтар! |
| 3.Сапарыбызды жалгаштыралы. Кийинки кезек Нарын облусуна келди. Бул жакка эс алууга келдиңер беле? Кандай тарыхый жер бар, билесиңерби? Ой бул Жакта да бизди өзгөчө тапшырма күтүп туруптур. “Эки Нарын” темасы боюнча аудио уктуруу тапшырмасы. | Аудио уктурууну кунт коюп угушат да, абзац кылып бөлүнгөн тапшырмаларды аткарышат. | НК 1,3 | ПК 2 | Азаматтар! |
| 4.Биз Нарынды көрүп, “Эки Нарын” уктуруусун укканча, Ош дубанына келип калыптырбыз, бул жакта да укмуш кызык жерлер бар экен. Шилтеме менен кирип аткаралы: http://surl.li/rbqzl | Берилген сөздөрдү Күчөтмө, салыштырма, басаңдатма даражадагы сын атоочтор мамычаларга жайгаштырышат | НК 1,3 | ПК 2 | Азаматтар! |
| 5. Туштүк борборузда көргөн кызыктарыбызга суктангыча эле Тажикстан менен чектеш болгон Баткен дубанына да кирип келдик, бул жакта да аябай кызыктуу тапшырмалар бар экен. http://surl.li/rbsau | “калп же чын” тапшырмаларын оюн аркылуу аткарышат | НК 1,3 | ПК 2 | Азаматтар! |
| 6. Баткенде болгон, көргөн жерлерин калп же чын,Жалал-Абад менин жерим, сенин жериң деп талаш-тартыш менен Жалал-Абад дубанына көз ачып-жумганча келдик, бул жак өзүнчө эле ажайып кооз. Бул жакта эң чоң эмне бар эле? Азаматтар! Жаңгак токою бар. Бул токойдо силер көргөн, укканыңар боюнча катылган сын атоочторго сүйлөм түзүшүңөр керек экен. Амалдуу, алгыр, сүткор, өнөрлүү, кооз. | Жооп беришет. Тапшырмага карата сүйлөм түзүшөт | НК 1,3 | ПК 2 | Азаматтар! |
| 7.ой, балдар, биз Ж-Абад өрөөнүн сүрөттөгөнчө эле болбой Талас өрөөнүнө кирип келип да калдык. Бул жактан кайсы белгилүү исандар чыккан? Азаматтар! Бул “Манас” ордосунда да көгөн, билген сын атоочторубузду татаалдаштырышыбыз керек экен. Кана эмесе, аткаралы. | Жөнөкөй сын атооч сөздөрдү татаалдаштырышат. Алдуу-күчтүү, Ак жумал, Кары –картаң, кызгылт күрөң, бат-бат. | НК 1,3 | ПК 2 | Азаматтар! |
7 | Сабакты Жыйынтыктоо: | 3мин | Ой, балдар, биздин да бүгүнкү саякатыбыз да аягына келип жетиптир. Өз районубузга да келип жетип, үйлөрүбүзгө тарачу мезгил келиптир, бирок кайсы жерге келдик? Туура, өз жердешибиз чыгаан акын А.Осмоновдун музейине келип жетиптирбиз. Акындын кандай сын атооч катышкан ырларын билесиңер? | Акындын ырларынан үзүндү айтышат | НК3 | ПК 2,3 | Азаматтар! |
8 | Үйгө тапшырма берүү: | 1 мин | 302-көнүгүү: көнүгүүнү көчүрүп жазып, сын атооч сөздөрдү түз сызык, ал эми затташкан сын атооч сөздөрдү толкун сызык менен сызасыңар. | Угушат, белгилеп жазышат | НК 1 | ПК 1 | |
9 | Баалоо | 1мин | Баалоо шкаласында кимдин аты кайсы баадагы талаачага келсе, шол баасын алышат | Суммативдик баалоо. |