СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до 12.06.2025

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сын атоочтун заттык мааниде колдонулушу

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Сын атоочтун заттык мааниде колдонулушу»

Сабактын темасы: Сын атоочтун заттык мааниде

колдонулушу

Сабактын максаттары:

Билим берүүчүлүк: Окуучулар сын атоочтун заттык мааниде колдонулушу тууралуу маалымат алышат.

Ѳнүктүрүүчүлүк: Окуучулар этнопедагогиканын негизинде макал-лакаптардан заттык маанидеги сын атоочторду нагыз сын атоочторду айырмалай алышат. Аларды колдонуп, сүйлѳм, эссе түзѳ алышат. Ѳз алдынча ой жүгүртүү, анализдѳѳ, салыштыруу кѳндүмдѳрүн калыптандырышат.

Тарбиялык: Окуучулар заттанган сын атоочторду жазуу ишинде жана оозеки кебинде колдоно билүүгѳ, топтор арасында бири-бирин сыйлоого, адептүү, ыймандуу, маданияттуу болууга тарбиялык багыт алышат.

Сабактын тиби: Билим-билгичтиктерин,кѳндүмдѳрүн калыптандыруу сабагы

Сабактын усулу: саякат-сабак ,топ менен иштѳѳ.

Сабак аралык байланыш:География, адеп сабагы

Сабактын жабдылышы: Ураандар: «2017-жыл-Ыйман, адеп жана маданият жылы», «Адамдагы асыл сапат-ыймандуулук», «Маданият- ар бир элдин күзгүсү», «Адептүүлүктүн башаты- кичипейилдик», Ала-Тоонун макети(«Акылдын кени-Ала-Тоо» деген аталышта), слайддык-таблица, сыр сандык(тапшырмалар), баалоо баракчасы.

Сабактын журушу:

Жагымдуу маанай түзүү: Саламатсыңарбы, саякатчылар! -Кана, балдар! Быйылкы жылды президентибиз эмне жыл деп белгиледи?(Окуучулар ѳз ойлорун айтышат).

-Демек, балдар, ушул жылдын татыктуу окуучусу болуу үчүн,үлгүлүү жүрүш-турушубуз менен, бүгүн биз Ала-Тообуздан алтын издебей, акыл издегенге аракет кылабыз. Саякатка чыгаардан мурда, алтын эрежени кабыл алып, саякатыбыздын жүрүшү менен таанышып чыгабыз.

Алтын эреже: Адептүүгѳ жанашып,

Ыймандуу менен бир басып.

Маданияттуулар болобуз,

Акылдын кенин бир ачып.

1-кадам. Слайддан жаңы тема боюнча таблица берилет.

Сын атоочтук мааниде

Заттык мааниде

Кандай?

  1. Жакшы кишиге(кимге?)

айтсаң билет,

кандай?

жаман кишиге(кимге?) айтсаң күлѳт.

Кандай?

  1. Жакшы киши(ким?) эл камын ойлойт,

Кандай?

Жаман киши(ким?) ѳз камын ойлойт.

Кандай?

  1. Акылдуу кишинин(кимдин?) сѳзү кыска, айта салса нуска.


  1. Жакшыга(кимге?) айтсаң билет, жаманга(кимге?) айтсаң күлѳт.



  1. Жакшы (ким?) эл камын ойлойт,

Жаман (ким?) ѳз камын ойлойт.



  1. Акылдуунун(кимдин?) сѳзү кыска, айта салса нуска.

Мугалимдин сѳзү: Сын атоочтор заттык мааниге ѳтүп айтыла берет. Мындай учурда сын атооч менен бирге айтылган аныктагыч зат түшүп калат да, сын атооч заттык мааниге ѳтѳт. Аныктагычка уланган мүчѳ сын атоочко уланат.

Заттанган сын атоочтор зат атооч сыяктуу жѳндѳмѳ, кѳптүк (-лар), таандык мүчѳлѳр менен ѳзгѳрѳт да, сүйлѳмдѳ ээлик, толуктоочтук, аныктоочтук милдет аткарат.

Мисалы: Жаманга айтсаң күлѳт,

Жакшыга айтсаң билет.

Жамандын айтканы жаман.

Жакшылары тандалып алынды, жамандары иргелип салынды.

Жакшыны жакшы билер, жаманды коногу билер.

2-кадам. Окуучулар 3 топко бѳлүнүшѳт. «Ыйман, адеп жана маданият жылына» карата «Адептүүлѳр», «Ыймандуулар», «Маданияттуулар» деген топторго бѳлүнүшѳт. Ураандарын айтышат.

3-кадам. Мугалимдин сѳзү:- Кана менин, кичинекей саякатчыларым! Бизге саякатка чыгууга эң негизги кайсы курал керек деп ойлойсуңар? Билбей жатсаңар багыттарды эмне аркылуу аныктайбыз?

Окуучулар ѳз ойлорун айтышат.

-Азаматсыңар, балдар! Албетте компас керек.(Доскага компас түзүлүшүндѳ тапшырманын берилиштери илинет. Аны жылдырган сайын тапшырма ага тиешелуүү эреже жазылат).

-Ушул багыт менен акылдын кенине биринчи чыккан топ Ала-Тообуздун чокусуна Кыргызстандын желегин орнотушат, бүгүнкү саякатыбыздын жеңүүчүсү деп табылат. Андыктан ар бир топко баалоо баракчасын таратам, бири-бириңердин ишиңерге кунт коюу менен карап, баалап турасыңар. Мен да ѳзүмчѳ баалап турам. Саякаттын аягында жыйынтыгын бирге чыгарабыз.

4-кадам. Ар бир топко Ала-Тоодо катылган «Сыр сандыктан» 1-тапшырма берилет. Окуу китебиңердеги 152-беттеги 258-кѳнүгүүнү аткаргыла.(Топтор бири-бирин баалашат).

5-кадам. Кийинки «Сыр сандыктан» 2-тапшырманы ачышат. Ар бир топко үчтѳн макал берилет. Макалдагы затташкан сын атоочторду таап, кайсы сүйлѳм мүчѳсүнүн милдетин аткарып турганын таап, алдын сызышат. Топтор бири-бирин баалашат.

6-кадам. Үчүнчү «сыр сандыктан» сын атоочторду заттык мааниде колдонуп, доскага сүйлѳм түзүшѳт. Топтор бааланат.

7-кадам. Тѳртүнчү «сыр сандыктан» 4-тапшырманы ачышат. Ар бир топ ѳзүнүн атына ылайык тема боюнча заттанган сын атоочторду катыштырып, чакан эссе жазышат. Топ башчылары окуп беришет, башка топтор канча сын атооч бар экенин табышат. Бири-бирин баалашат.

Мугалимдин сѳзү: Азаматсыңар, саякатчылар! Силер болбогондо Ала-Тообуздун алтын кенинен башка, акыл кени табылбай калмак. Ар бир топтун эсепчиси баалоонун жыйынтыгын чыгарганча мен силерге финалдык бир канча суроо беремин. Жооп бергендер ѳзүнүн тобуна 1 упайдан кошот.

Теманы бышыктоо суроолору:

  1. Сын атоочтор кандай учурда заттык мааниде колдонулат?

  2. Заттанган сын атоочтор сүйлѳм ичинде кайсы сүйлѳм мүчѳсүнүн милдетин аткарат?


Сабакты бышыктоо суроолору:

  1. Бүгүнкү сабак силерге эмнеси менен жакты?

8-кадам. Окуучулардын ишин баалоо

9-кадам. Жыйынтыктоо. –Мага да абдан жакты. Кана, эмесе жеңүүчү деп аталган топту чакырабыз жана Кыргызстандын желегин Ала – Тоонун чокусуна желбиретели.(Окуучулар тоонун макетинин чокусуна желек сайганда, Кыргыз Республикасынын Гимни ойнолот).

Үйгѳ тапшырма. 10-кадам. Слайддан кѳрсѳтүлѳт. 73-параграфты окуп келүү, 259-кѳнүгүүнү аткаруу.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!