СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до 09.06.2025

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сын-сыпат тактооч

Нажмите, чтобы узнать подробности

Сын-сыпат тактооч боюнча сабактын слайды

Просмотр содержимого документа
«Сын-сыпат тактооч»

Кыргыз тили 7-класс Мугалими: Мырзагелдиева Э.К.

Кыргыз тили

7-класс

Мугалими: Мырзагелдиева Э.К.

Үч нерсе акылга күч кошот:  Илимдүүлөр менен маектешүү,  Тажрыйба жыйындысы,  Туруктуу мүнөз.

Үч нерсе акылга күч кошот: Илимдүүлөр менен маектешүү, Тажрыйба жыйындысы, Туруктуу мүнөз.

Сабактын темасы: Сын-сыпат тактооч

Сабактын темасы:

Сын-сыпат тактооч

Сабактын максаты: Сын-сыпат тактооч деген эмне? Сын-сыпат тактточ кандай суроолорго жооп берет? Сын-сыпат тактоочторго кайсы сөздөр кирет?

Сабактын максаты:

Сын-сыпат тактооч деген эмне?

Сын-сыпат тактточ кандай суроолорго жооп берет?

Сын-сыпат тактоочторго кайсы сөздөр кирет?

Өткөн сабакта: Орун тактооч 78-көнүгүү.  Текшерүү көнүгүүсү. Окуп чыгып, орун тактоочторду тапкыла. Эмне үчүн орун тактооч экенин аныктагыла.

Өткөн сабакта:

Орун тактооч

78-көнүгүү.

Текшерүү көнүгүүсү. Окуп чыгып, орун тактоочторду тапкыла. Эмне үчүн орун тактооч экенин аныктагыла.

Жаңы тема:  Сын-сыпат тактооч  Аныктагыч тактоочтор кыймыл-аракеттин сын-сыпат, сан-өлчөм кырдаалдарын аныктап билдирет. Аныктагыч тактоочтор өз ара дагы эки топко бөлүнөт.

Жаңы тема:

Сын-сыпат тактооч

Аныктагыч тактоочтор кыймыл-аракеттин сын-сыпат, сан-өлчөм кырдаалдарын аныктап билдирет. Аныктагыч тактоочтор

өз ара дагы эки топко бөлүнөт.

 Сын-сыпат аныктагыч тактоочтор кыймыл-аракеттин аткарылыш ыгын, сапаттык белгилерин көрсөтүп, кандай? кантип? кандайча? кимче? эмнече? деген сыяктуу суроолорго жооп берет. Мисалы: Жумагул менен Кабыл экөө жалгыз чаканы божуга серейтип асып коюп , жылтылдаган оттун тегерегинде гана жымжырт отурат эле. Адамча сураса, кайра итче үрө баштаганын көрчү!?

Сын-сыпат аныктагыч тактоочтор кыймыл-аракеттин аткарылыш ыгын, сапаттык белгилерин көрсөтүп, кандай? кантип? кандайча? кимче? эмнече? деген сыяктуу суроолорго жооп берет.

Мисалы: Жумагул менен Кабыл экөө жалгыз чаканы божуга серейтип асып коюп , жылтылдаган оттун тегерегинде гана жымжырт отурат эле.

Адамча сураса, кайра итче үрө баштаганын көрчү!?

 Сын-сыпат тактоочторго: акырын, аста, адамча, тымызын, тез, бат, дароо, ылдам, жай, бирге, бетмебет, кайра, араң, зорго, жымжырт, жайбаракат өңдүү сөздөр кирет. Булар төмөнкүдөй грамматикалык маанилерди билдирет: а). Кыймыл-аракеттин ылдамдык касиетин, ылдамдык кырдаалын билдирет: «Кана, алып келчи», деп бат-бат айтып эңкейе караганда, атчандын чоң көгала сакалы шамал тийген бедедей сеңселе түштү. Алайдан тоссоң жолумду, акырын шилтеп колуңду... б). Кыймыл-аракеттин көтөрүңкү же басаңдаган (өчүңкү) мүнөздө экендик кырдаалын билгизет: - Бар, арам катын, жыргадың! - деп эле угузбай акырын унчугуп, артынан түртүп койду. Анча-мынча эс алмакчы болду. Эки сүрөтчү келгенде, Жапар алка-шалка тердеп кетти.

Сын-сыпат тактоочторго: акырын, аста, адамча, тымызын, тез, бат, дароо, ылдам, жай, бирге, бетмебет, кайра, араң, зорго, жымжырт, жайбаракат өңдүү сөздөр кирет.

Булар төмөнкүдөй грамматикалык маанилерди билдирет:

а). Кыймыл-аракеттин ылдамдык касиетин, ылдамдык кырдаалын билдирет: «Кана, алып келчи», деп бат-бат айтып эңкейе караганда, атчандын чоң көгала сакалы шамал тийген бедедей сеңселе түштү.

Алайдан тоссоң жолумду, акырын шилтеп колуңду...

б). Кыймыл-аракеттин көтөрүңкү же басаңдаган (өчүңкү) мүнөздө экендик кырдаалын билгизет: - Бар, арам катын, жыргадың! - деп эле угузбай акырын унчугуп, артынан түртүп койду.

Анча-мынча эс алмакчы болду.

Эки сүрөтчү келгенде, Жапар алка-шалка тердеп кетти.

в). Кыймыл-аракеттин кайталаныш, узакка созулуш өзгөчө кырдаалын билдирет: Анын көзү. кайта-кайта карай берди. Уккандын баарын нас кылып, үстү-үстүнө бастырып. г). Кыймыл-аракеттин ишке ашыш кырдаалдарын көрсөтөт : Астыңдан атың мен алдым, досум, астыртан тиктеп сен калдың, досум. д). Башка аракетке, башка заттын аракетине салыштыруу аркылуу кыймыл-аракеттин ишке ашар кырдаалын билдирет: Тиги киши кыргызча шар кетпегени менен тилди дурус түшүнөт.

в). Кыймыл-аракеттин кайталаныш, узакка созулуш өзгөчө кырдаалын билдирет: Анын көзү. кайта-кайта карай берди. Уккандын баарын нас кылып, үстү-үстүнө бастырып.

г). Кыймыл-аракеттин ишке ашыш кырдаалдарын

көрсөтөт : Астыңдан атың мен алдым, досум, астыртан тиктеп сен калдың, досум.

д). Башка аракетке, башка заттын аракетине салыштыруу

аркылуу кыймыл-аракеттин ишке ашар кырдаалын билдирет:

Тиги киши кыргызча шар кетпегени менен тилди дурус

түшүнөт.

Бышыктоо: 82-көнүгүү. Сын-сыпат тактоочторду таап көчүргүлө. Өзүңөр 5-6 сын-сыпат тактооч сөздөрдү катыштырып сүйлөм түзгүлө.

Бышыктоо:

82-көнүгүү.

Сын-сыпат тактоочторду таап көчүргүлө. Өзүңөр 5-6 сын-сыпат тактооч сөздөрдү катыштырып сүйлөм түзгүлө.

Кийинки сабакта көрүшкөнчө!

Кийинки

сабакта

көрүшкөнчө!


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!