СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сынды туура кабылдоо

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тарбиялык сабак

Просмотр содержимого документа
«Сынды туура кабылдоо»

СЫНДЫ ТУУРА КАБЫЛДОО, КЕМЧИЛИКТИ

МОЮНГА АЛУУ ЖАНА КЕЧИРИМДҮҮ БОЛУУ

Сабактын максаты:

Сынды туура кабыл алууга, кемчиликти монюнга алууга үйрөнөт. Кечиримдүү болууга умтулат.

Сабактын жабдылышы:

Мугалимдин баяндамасы, залкар ойлор жазылган ватмандар ж.б.

Сабактын жүрүшү:

1-кадам: Мугалимдин баяндамасы.

Адилдикке баш ийип тепселейин, Жалгандын гүлзарында кѳктѳбѳйүн. Касымдын таттуу сѳзүн уккан кѳрѳк, Досумдун ачуу сѳзүн эп кѳрѳйүн.

А. Бегимкулова

Ата-бабаларыбыз сенин кемчилигиңди сындаган, туура эмес жасаган ишиңди бетиңе айткан, жаман жолдон кайтарган адамды дос тутунгун деп таамай белгилеген. Бул сѳздүн чындык экендигине ынанабыз. Ѳзүң деле ой жүгүртүп кѳрчү окуучум, душманың сага бут тосот, сенин кубанычыңды кѳралбай, ичи тарып тескери жагын айтып, калп эле сага жакын адам катары тааныла баштайт. Сен аны дос деп билип, айткан кеңешин аткарып алышың мүмкүн. Ал эми досуң сага күйүп кемчилигиңди бетиңе айтса, аны тескерисинче түшүнүп аласың. Мына ушундай кѳрүнүштѳрдѳн оолак бол. Дос менен душманды ажырата бил.

Сен ѳзүң дагы досуңдун кемчилигин кѳрсѳң же ѳзүңдүн кемчилигиңди байкасаң эч качан жаап жашырып койбогун. Убагында түзѳтүлбѳгѳн ката, дагы бир катаны жаратаарын унутпагын. Артынан сүйлѳп эки жүздүү атанба. Элибизде сѳз бар эмеспи “Бетке айткан сѳздүн зары жок” деген. Анан сынайт десе эле бирѳѳнү ыксыз сынап, кемчилик издей бербе. Элибиздеги “Сынчынын сыңар ѳтүгү майрык” деген макал да жадыңда турсун.

Эгерде кимдир бирѳѳ сенин күнѳѳңдү мойнуңа койсо, жок жерден танып намысыңды түшүрбѳ. Күнѳѳкѳр болсоң моюнга ал, ал эми жалаа болсо теригип, жаңжалдашып олтурба. Токтоо, сабырдуу болсоң чындык ѳзү жеңип чыгат. Ошол адам менен кек сактап тиреше бербе, кекчил болбой, кечиримдүү бол!

2-кадам: Окуучуларга текст таркатылат. Окуп чыгууга убакыт бөлүнөт. Класста жалпы талкуу жүрөт.



Сынган кумура

Ата-энеси жумушка кетип үйдѳ инисин карап Канат калды. Ал тамак ичкен идиш-аяктарын жууп, үйдү иретке келтирди.

Анан бѳбѳгү экѳѳ ойноп киришти. Аябай чарчагандыктан бѳбѳгү тез эле уктап калды. Канат зериге баштады. Эмне кылаарын билбей турса, кѳзүнѳ шкафтын үстүндѳ жасалма гүл салынып турган кымбат баалуу кооз кумура илинди. Канат аны тазалап, жасалма гүлдүн чаңын аарчып коюуну чечти да стол коюп кумураны алды.

Чаңын аарчып кайра ордуна коердо стол тайып кетип жыгылып түштү. Кумура жерге түшүп сынып калды. Коркуп кеткен Канат кумуранын сыныктарын жыйнап терезеден ыргытып таштады.

Апасы келгенде Канат ѳзү эле бѳбѳгүнѳ шылтап, кумуранын сынганын айтты. Апасы болгон окуяны түшүнүп,кичинекей уулун маңдайынан ѳѳп “Садагаң кетейиним, боюн токтотуп шкафтын үстүндѳгү буюмдарга да колу жетип калган тура”, - деп эркелетип момпосуй берди. Ал сѳз Канатка аябай оор тийди. Беттери чымырап күнѳѳнү ѳз мойнуна албаганына аябай ѳкүндү.

Суроолор:

  1. Сындоо дегенди кандайча түшүндүң?

  2. Досуңдун кемчилигин бетине кантип айтасың?

  3. Канат эмне үчүн кумураны ѳзүм сындырдым деп айтпады?

  4. Апасы анын сѳзүнѳ ишендиби?

3-кадам: Залкар ойлор талкууланып, мааниси чечмеленет.

Залкар ойлор

Жакшылап карасаң, айдын да бетинде тагы болот.



Ууру тойорчо жеп, ѳлѳрчѳ карганат.



Кекчил болбой, кечиримдүү бол.



Айтылган сынды, сыйдай кабыл ал.



Дос күйдүрүп айтат,Душман сүйдүрүп айтат.

Эл оозунан

Үйгө тапшырмалар:

  1. Ѳз турмушуңдагы жогорудагыдай окуяларды кагазга түшүр.

  2. Кемчиликти бетиңе айткан досторуң жѳнүндѳ эссе жаз.

  3. Залкар ойлорду талкуулагыла.