СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сырдык сөздөр ачык сабак

Нажмите, чтобы узнать подробности

Сабактын темасы - Сырдык сөздөр

Сабактын максаттары

а) билим берүүчүлүк максаты: 

Сырдык сөздөр боюнча маалыматтарын тереңдетишет, жаңы

билимдерди алышат.

б) өнүктүрүүчүлүк максаты: 

Сырдык сөздөрдүн маанисине карай бөлүнүшүн  үйрөнүшөт. Алар

боюнча текст, сүйлөм түзө алышат. Сырдык сөздөрдүн орун тартиби боюнча

айта алышат. Ар түрдүү маанидеги сырдык сөздөрдү интонация менен окуй

алышат;

в) тарбия берүүчүлүк максаты: 

Бири-биринин оюн уга  билүүгө, эне тилин сүйүүгө  жана сабаттуу

жазууга машыгат.

          Жогорудагы максаттарга жетти деп эсептейбиз, эгерде окуучу…

  а) сырдык сөздөр боюнча билим алса;

  б)  сырдык сөздөрдүн маанисине карай бөлүнүшүн  үйрөнүшсө, алар

боюнча текст, сүйлөм түзө алышса, сырдык сөздөрдүн орун тартиби боюнча

айта алышса,  ар түрдүү маанидеги сырдык сөздөрдү интонация менен окуй

алышат;

  в)  бирин-биринин оюн уга билишсе, эне тилин сүйүп, сабаттуу жаза

алышса.

Сабактын тиби: жаңы билимди берүү сабагы.

Сабактын жабдылышы: таблицалар, маркер, ватман.

Сабактын методу: интерактивдүү методдор

Сабактын жүрүшү: 

1) Уюштуруу 

2) Өтүлгөн теманы кайталоо. Yй тапшырмасын текшерүү

1)  Киринди сөз деген эмне?

2)  Киринди сөздөрдү катыштырып, мисал келтиргиле 

3)  Киринди сөздөрдү колдонууда (жазууга) кандай белгилер колдонулат?

4)  Киринди сөздөр катышкан сүйлөмдөр оозеки кепте кандай окулат?

Мугалимдин сөзү: 

-  Туура айтасыңар. Сүйлөмдүн тутумунда турса да, сүйлөм мүчөлөрү

менен грамматикалык жактан түз байланышпаган, б.а., алар менен

синтаксистик ээрчишүү, башкаруу, ыкташуу сыяктуу жолдор боюнча

байланышпаган жана  өзгөчө  интонация аркылуу айланасындагы сөздөрдөн

бөлүнүп обочолонуп турган, бирок айтылып жаткан ойго карата сүйлөөчүнүн

ар кандай  мамилесин  билдирүүчү  модалдык мааниси бар сөздөр, сөз

тизмектери кездешет. Мындай сөздөр жана сөз тизмектери сүйлөмдүн

үчүнчү даражадагы мүчөлөрү кирет киринди сөз деп аталат.

    Андан соң классты үчкө бөлүп, тапшырма берүү.

1-топко Киринди сөздөрдү катыштырып, текст түзгүлө.

Киринди сөздөр: албетте, арийне, чындыгында, сөзсүз, кадиксиз, кандай

болбосун, балким, мүмкүн, сыягы, калыбы ж.б.

1-  топко  текст берилет, ошол тексттин тыныш белгилерин тууралап

коюшат. Киринди сөздөрдү табышат.

Текст:

Бүгүн алыскы тоолуу аймактарга саякатка чыгабыз. Аба-ырайы да,

бактыга жараша, абдан сонун экен.  Чынында,  мындай аба-ырайында

экскурсияга чыгуу, жаратылыштын кучагында болуу бир керемет эмеспи.

Сыягы  бул саякаттан кеч келчүдөйбүз. Баары тең  ойдогудай, жадагалса

атам жүргүнчү  ташуучу унаасын айдоого уруксат алдым,  оңдой берди

болуп.

2-  топ  Киринди сөз сүйлөмдүн ортосуна, аягына, башына келген текст

түзгүлө.

Болжолдуу түрдө төмөнкүдөй текст түзүшөт.

Болжолдуу түрдө  ошондо бештер чамасында  болчу. Чынын айтканда,

атамдын ошондо кетип бара жатышы мага да сырдуу сезилген. Апам болсо

бетин жаап ыйлаган сыягы ошондо эле атамдын келбетинин билген

окшойт. Атам дайым бир жактан келгенде оюнчук, болду-болбоду, конфет

ала келчү. Мен атамды дайым жүрөгүмө сактарым кадиксиз.

       Сабактын кийинки бөлүгүндө  мугалим киринди сөздөр тууралууу

кыскача жыйынтыктап, жаңы тема ‹‹Сырдык сөздөр›› жөнүндө  болорун

баамдап, Т-1 таблицаны илет.

Жаңы тема:

  1-таблица

Сырдык  сөз

Айтуучунун  сүлөмдөгү ойго карата ички сезимин, ички мамилесин кабарлоочу   сөздөр сырдык сөздөр деп аталат.

Мисалы: Бах! Ысык-Көлдүн суусунун да, абасынын да тазалыгы кандай.

Сырдык сөздөр заттын, окуянын, же кыймыл-аракетинин

атын билдирүүчү сөздөр эмес, алар тек гана: сүйүнүч , өкүнүч, ыраазылык,

жек көрүү, чочугандыкты, кабарлоочу сигналдык  сөздөр болуп саналат.

Сырдык сөздөр: апей,баа, а! э! и! о! мо-мо, баракелде, өш, ботом,

катыгүн, ай-ий, ой, кокуй, рахмат, аттиӊай, чү-чү, ой, кокуй, ой, чык, мый-мый ж.б.

   Сырдык сөздөр өзү катышып турган сүйлөмдүн тутумундагын башка 

сөздөр менен грамматикалык байланышта болбогону менен, бүтүндөй

сүйлөмдүн мазмуну, же ал сүйлөмдөгү  белгилүү  бир сөздүн, сөздөрдүн

тобунун мааниси менен байланышта болот.

М.: Аттиңай, комбайнын айдап, Касым эгинге кирсе кана.

Сүйлөмдөн сырдык сөзү кайсы?

Окуучулар: - Аттиңай.

         Ушул силер айткан ‹‹аттиңай›› тутумунда дагы башка сөздөр менен

грамматикалык жактан байланышпайт. Ал эми маани жагынан байланышын

өкүнүү, кайгыруу маанисиин билдирет.

Окуучуларга суроо берүү: 

           -  Сырдык сөздөрдөн тышкары  сүйлөмгө  мүчө  боло албаган дагы

кандай сөздөр бар?

Окуучулар: каратма, киринди сөздөр.

            -  Туура айтасыңар,  сырдык сөздүн  да булар сыяктуу сүйлөмдөгү

жайгашкан орду эркин.  Жайгашкан орду эркин дегенди кандай

түшүнөсүңөр?

Окуучулар:

             - Сырдык сөз сүйлөмдүн ортосуна, аягына, башына келе берет.

Бирок ошондой болсо да, тилдин материалдарына караганда, сырдык сөздүн

кадыресе көндүм болгон орду бар. Анын сүйлөмдүн башталышында

ортосунда жана акырында орун алуусунда интонация жагынан да,

маанисинин кеңейишин жана бошоңдошу жагынан да айырмачылыктары

бар. Кадыресе көндүм болгон орду: 

            Сырдык сөз сүйлөмдүн эң акырынан орун алган учурлар да кездешет.

Бул  сырдык  сөздүн толук көндүм болбогон орду болуп саналат. Мында,

тескерисинче, сырдык сөздү чечмелөөчү сүйлөм башында келип, сырдык сөз  

аягына келет.

           Мисалы: Бул тыкчыңдаган кандай келин эле э, ботом?

           Сырдык сөздүн сүйлөм ортосунан орун алган учуру сейрек кездешет.

Бул багытта орун алуу да  сырдык  сөздүн кадыресе толук көндүм болбогон

орду болуп саналат.  Мисалы:Ишенген келиндерибиз ушинтип отурса,

ботом, жумуш качан бүтөт? 

2-таблица 

IСырдык сөздөрдүн маанисине карай бөлүнүшү.

Сырдык сөздөр сүйлөөчүнүн ар түрдүү ички сезимин, анын айлана-

чөйрөгө, тыӊдоочусунун кыймылына, сөзүнө карата болгон

мамилесин билдирет.

1.  Кубануу, ыраазы болуу: бах,ох ж.б.

                      М.: Бах,тынчтык заманда суу да кандай тунук агат!

2. Кубаттоо, мактоо: бай-пай, бали.

М.: Пай-пай, эмгек сүйгөн кишилер алп экен го!

3. Таӊ калуу маанисинде: капырай, ботом, ой тобо

М.: Ботом, сен келдиӊби?

4.Өкүнүү, кайгыруу, кейүү: аттиңӊ ай, ий, ай.

М.: Олдо айланайын балам ай, балалуу өрдөктүн айбаты эмес эле

шаӊдуу куу турбайбы.

3-таблица

II. Сүйлөөчүнүн кеби кимди көздөй айтылганына жараша эрктик мамилени

билдирүүчү сырдык сөздөр адамга жана айбанга карата айтылуучу болуп өз

араэкиге бөлүнөт:

I. Адамга карата айтылуучу сырдык сөздөр. Бул топко кирген

сырдык сөздөр: буйруу, тактоо, талап кылуу, сооротуу, тыюу салу, чакыруу

Адамга карата айтылуучу сырдык сөздөр аз

Тек-кандайдыр бир жакпаган ишти иштөөгө тыюу салуу маанисинде колдонулат:

М.: Тек,чукулашпай тынч отургула!

Же – кандайдыр бир жакпаган ишти иштөөнү токтотуп, жетишет деген

мааниде колдонулат.

М.:Ушул же жетишет, же калпты чактап суйлөсөң боло.

Алдей-алдей –баланы сооротууда колдонулат.

М.: Алдей-алдей, ак бөбөк,ак бешикке жат бөбөк.

Айда – бир нерсени иштөөгө чакырууну билдирет:Айда, кеттик!

4-таблица                 

2. Адамдынайбанатка карата болгон эрктик мамилесин билдирүүчү сырдыксөздөр. Мындай  сырдык  сөздөр  айбандарды кандайдыр бир кыймыл-аракетти үндөө, же аларды чакыруу,тынчтыкта  кармоо  максатында  колдонулат. 

а) Айбандардычакыруу, жакын келтирүүмаксатындаайтылуучусырдыксөздөр:

Жылкыны чакыруу  Кыруу - кыруу

Койду чакыруу  Кыроой - кыроой

Эчкини чакыруу   Чүчү - чүчү

Мышыкты чакыруу  Мый -мый

Атты жемге чакыруу  Мо – мо, бо - бо

Тоокту чакыруу  Түтү - түтү

Тооктун балапандарын жемге

чакыруу

Чыйпы - чыйпы

Күчүктү чакыруу

Күчү - күчү

Кушту чакыруу   Бөпү - бөпү

б) Айбандарды айдоо, чочутуу максатында колдонулуучусырдык сөздөр

уйду;өш-өш,атты : чү-чү, койду:  кош-кош, идти:  чык!

 III. Турмуш-тиричиликте колдонулуучу сырдык сөздөр.

Бул топко кирүүчү сөздөр адамдын турмуш-

тиричилигинде ар кандай шарттарда колдонулат.

        М.: Ассаламуалейкум! – Ваалейкумассалом. Кайыр! Кош! Рахмат

Ылаппай! 

    Көп маанилүү сырдык сөздөр! –а!, э!, и!, ай!, ой!, эй!, ий!, ту!, баш!,

баракелде!, ботом!, чиркин!,ж.б.

Булардын ичинен ‹‹а›› дегн бир эле сырдык сөз: кекетүү коркуу чочуу шылдыӊдоо

мактоо  

Классты үчкө бөлүп,тапшырмаларды берүү.

1-топ    34 беттеги  70-көнүгүү 

2-топ    35 беттеги  72-көнүгүү

3-топ    36 беттеги  73-көнүгүү

Окуучуларга өз алдынча тапшырмаларды берүү:

1-  тапшырма.

1-топ   Сырдык сөз башына келген сүйлөм түзгүлө.

2-топ   Сырдык сөз ортосуна келген сүйлөм түзгүлө.

Сырдык сөзгө коюлуучу тыныш белгилери

Сырдык сөз сүйлөмдүн  башына келсе,өзүнөн кийин үтүр коюлат.

Сырдык  сөз сүйлөмдүн ортосуна келсе, эки жагынан үтүр коюлат.

Сырдык сөздөр күчтүү сезим менен айтылганда, үтүрдүн ордуна илеп белгиси

коюлат.

Сырдык сөз сүйлөмдүн аягына келсе, үтүр белгиси андан мурун коюлат.

3-топ   Сырдык сөз аягына келген сүйлөм түзгүлө.

2-  Тапшырма.

1 топ.  2-топтун сырдык сөз ортосуна келген сүйлөмдү  алып, башына

келтирип, кайра түзүү.

2 топ.  1-топтун сырдык сөз башына келген сүйлөмүн алып, сырдык сөздү

ортосуна келтирип түзүү.

3 топ. 2-топтун ортосуна келген сүйлөм. 

3-  Тапшырма.

1.  Суктануу иретиндеги сырдык сөздөрдү катыштырып, текст түзгүлө.

2.  Кайгыруу иретиндеги сырдык сөздөрдү катыштырып текст  түзгүлө.

3.  Таңгалуу иретиндеги сырдык сөздөрдү  катыштырып, сүйлөм түзгүлө

(интонация менен окуу).

4-тапшырма

1-топко: Адамдарга карата айтылуучу сырдык сөздөрдү катыштырып, текст

түзүү.

2-топко:  Адамдын айбанатка карата болгон эрктик мамилесин билдирүүчү

сырдык сөздөрдү катыштырып, текст түзүү.

3-топко: Турмуш-тиричиликке колдонулуучу сырдык сөздөрдү катыштырып,

текст түзүү.

4-тапшырма (диалог берүү)

I топ: 

- Саламатсызбы?

- Оо, кайрадан сизби?

-Ооба, менмин.

-А-а, сиз кайда бара жатасыз?

-Бах, кандай сонун аба-ырайы, анын үстүнө жаз мезгили. Муну көрүп, үйдө

олтура албадым, ошондуктан сейилдегени чыктым.

- Бах, сиз жаратылыш менен ушунчалык тыгыз экенсиз.

-Ооба, ушул көрүнүштү сүрөтчүлөр боек менен чагылдырса, мен аны сөздүн

гүлүн тандап чагылдырам ( көркөм окушат).

II топ

Кеч курун. Мал кезүүдөн кайткан учур.

-Ээ, Аскат! (чакыруу).

-Апей, сага эмне болду мынчалык күйүгүп?

-Көрбөй тургансып сурайсың да, ботом. Тээ ары жактагы кызыл ат биздин

жылкы, ошону кармай албай жатам.

- Ай-ий-да бир топ узап кеткен экен. Жүр анда, кармашайын.

III топ. 

Кичинекей Рамия куурчагы менен ойноп отурат: 

- Алдей-алдей ак бөбөк, ак бешикке жат бөбөк.

Ары жактан апасы келет:

-Ээ ботом, дагы эле ойноп жатасыңбы?

-Ий апа, кичине ойной турайынчы.

Аңгыча эшиктен жыла басып, Рамиянын мышыгы келди.

Рамия:

    -Мый-мый, мышыгым менин,  -  деп эркелетип кирди. Апасы аны көрүп

элжиреп кетти. Жалгыз тиреги ушул кыз эмеспи.

Сабакты жыйынтыктоо:

 Кана, балдар, бүгүн эмнени үйрөндүңөр?

Ѳтүлгөн тема боюнча кластер түзүп, жыйынтыкташат.

Үйгө тапшырма берүү

Окуучулардын билимин баалоо

Просмотр содержимого документа
«Сырдык сөздөр ачык сабак»

Кыймыл-аракетти заттын белгиси катарында көрсөткөн, этиштик касиетке да, атоочтук (сын атоочтук, зат атоочтук) касиетке да ээ болгон, тиешелүү мүчөлөр (-ган, -ар, -бас, -оочу, -уучу ж.б.) аркылуу жасалган, этиштин оң, терс формасы боюнча өзгөргөн, сүйлөм ичинде кандай? кайсы? деген суроолорго жооп берген, көбүнчө аныктоочтук милдетти аткарган этиштин өзгөчө формасы атоочтуктар деп аталат.

М и с а л ы: Сыналбаган адам менен дос болбо. Жаңылбас жаак болбос, мүдүрүлбөс туяк болбос. Карыбас адам болбос.

Атоочтуктар эки түрдүү жол менен жасалат. Бири -морфологиялык жол, экинчиси - синтаксистик жол.

13.1.АТООЧТУКТАРДЫН МОРФОЛОГИЯЛЫК ЖОЛ МЕНЕН ЖАСАЛЫШЫ

Атоочтуктар төмөндөгүдөй мүчөлөрдүн жардамы менен жасалат:

-ган: барган, барбаган, жазган, окуган (адам)

-ар: барар, көрөр, келер, сүйлөөр

-бас: барбас, келбес, жазбас, сынбас

-оочу, өөчү: байкоочу иштөөчү (адам)

-уучу,-үүчү,-үчү,-чү:: баруучу-баручу-барчу (кишилер)

-а(е), й + жаткан, турган, жүргөн: бара жаткан (кишилер) тарай турган, ала жүргөн ж.б.

-а(е), й +элек: бара элек (окуучулар), тарай элек (балдар)

-ып+жүргөн: барып жүргөн (айыл), көрүп жүргөн (шаар), ойноп жүргөн (жаштар) ж.б.

-гыдай: алгыдай, бергидей, келгидей, аткаргыдай (акым жок)

-максан+сал, бол, киши, адам ж.б. көрмөксөн (болду), көрмөксөнгө (салды), билмексен (адам, киши) ж.б.

13.2.АТООЧТУКТАРДЫН СИНТАКСИСТИК ЖОЛ МЕНЕН ЖАСАЛЫШЫ

Атоочтуктар да эки же андан ашык сөздөрдүн айкалышып айтылышы аркылуу

жасалат. Бул синтаксистик жол деп аталат. Мисалы: көргөн билген (кишилер),

билинер-билинбес, бара турган (жер), алуучу-сатуучу (адамдар) ж.б.

Атоочтуктардын этиштик белгилери а) Этиш сөздөр катары кыймыл-аракетти билдирип, эмне болгон? канткен? сыяктуу суроолорго жооп берет. Көрүнгөн тоонун ыраагы жок (макал). Тоспос торко, мокобос болот (макал). Агарган кары, жалтыраган музу алыстан көздү уялтат. б) Этиш сыяктуу эле, өзүнүн алдындагы сөздү башкарып, анын белгилүү бир жөндөмөдө турушун талап кылат; Бир бутунан маасысын чечпеген калыбы менен Каныбекке карай бир топ даачанды ыргытып жиберди (К. Жантөшев). Булар байгеден озгон күлүктөрдөй биринин артынан бири зымыроодо (Т. Сыдыкбеков). Атасына айтуучу тилегине жетип, Ленин комсомолунун катарына өттү (К. Баялинов). в) -оочу//-уучу, -а//-е//-й+элек формасынан башкасы этиш сыяктуу чакты да билдирет: Түркмөндөрдүкүндө отурушкан (өткөн чак) боз балдар ВЛКСМдин катарына жаңы өтүшкөн (өткөн чак) ушул айылдык кедей жаштары болучу (К. Баялинов). Душмандар менен салгылашар (келер чак) убак жакындады. Тиги келе жаткан киши Султан го (учур чак маанисинде). г) Атоочтуктар аркыл формадагы мамиле этиштерден жасала берет: Ошол кырка тигилген үйлөрдүн арасындагы жөө кишилердин кыймылы, жай бастырган, шашып чапкылаган аттуулардын аракети, тушалган, өрөөлөгөн, үч буттаган аттардын топ топ болуп жайылышы, кай бир жерде ат кубалап кыйкырган адамдардын үнү кандайдыр бир сонун сыяктанат (К. Жантөшев). www.bizdin.kg Атоочтук белгилери а) Сүйлөмдө көбүнчө сын атооч сыяктуу кайсы? кандай? деген суроолорго жооп болуп түшөт да, аныктоочтук милдетти аткарат: Кожолор Алым менен Гүлсарахандын алдына түрдүү тамактарын коюп, келер-кетер (кандай?) сөздөргө киришишти (К. Жантөшев). Желбегей жамынган (кайсы?) ичигин үстүнөн булкуп ыргытып, долуланган (кайсы?) Умсунай жулуна басты (Т. Сыдыкбеков). б) Атоочтуктар, айрыкча -ган, -бас, -ар формасындагы атоочтуктар, өзүнүн аныкталгычы сүйлөм тизмегинен түшүп айтылган учурда, анын ордуна заттык мааниде колдонулат. Эгер түшүп калган аныкталгыч сөз мурда мүчөлүү болсо, анын грамматикалык формасы атоочтуктарга жалганат. Түшүп айтылган аныкталгычы мурда сүйлөмдүн кайсы мүчөсүнүн милдетин аткарса, атоочтуктар да ошонун милдетин аткарат. Тактап айтканда, атоочтуктар бул учурда ээлик, толуктоочтук милдетти да аткара берет: Эл сыйлаган (адам) эшикке жатпайт, ат сыйлаган (адам) жөө баспайт (макал). Керим айтканга (сөзгө) Шарше макул болбоду. Машина экчей берген сайын, кысылышып олтурган дардын (кишилердин, адамдардын) арасы да бошой түштү (Т. Сыдыкбеков). Бербеске (адамга) эртең менен саамал берерге (адамга) бешимде кымыз (макал). в) Атоочтуктарга сөз өзгөртүүчү мүчөлөр (таандык, жөндөмө, көптүк ж. б. уландылар) жалгана берет: Кызынын билинбей эле бой жетип калганына энеси ишенбегенсийт (Ч. Айтматов). Абылкасым байкас албаганга Кара Шаршен кыртыйып калды (Т. Абдумомунов). Жүргөн- турганы да, сырткы кебетеси да кадимки өкмөтчыларга окшоп, аны көргөндөр чоочун кишини көргөндөй көз айрыбай карашат. Улуу кишини сыйлагандан бой кичирип калбайт (Т. Сыдыкбеков). Коркконго кош көрүнөт (макал). Атоочтуктар баяндооч ролунда кең колдонулат жана оң жана терс мааниде айтыла берет: Эшен 1916-жылы кедей-дыйкан үй-бүлөсүндө төрөлгөк (Т. Сыдыкбеков). Эзелден ээн жаткан сар талаада кайкалап Кубандын буудайы өнөр, Фергана пахтасы агарып келер, Коженттин өрүгү төгүлөр, Кавказдын жүзүмү мөлтүрөр (Т. Сыдыкбеков). Баяндооч ролунда келген атоочтуктарга тангыч эмес компоненттеш болуп айтылып, терс маанини билдирет: Кечке минсең да чарчачу эмес (Т. Сыдыкбеков). Мастер Эрматов арка жагына келип тура калган, Турсун аны көргөн эмес (Н. Байтемиров). Атоочтуктар сын атооч сыяктуу кайсы? кандай? деген суроого жооп болуп түшүп, заттын белгисин көрсөткөнү менен, андан айыррылуучу белгиси бар: а) Сын атоочтор да аныктоочтун милдетин аткарат, бирок ал заттын туруктуу белгисин (ал белги ошол заттын өзүнө дайыма менчиктүү экендигин) билдирет: Кызыл чырай, нур жүздүү, кырдач мурун, кара каш, кара көз, кичинекей, жаш Каныбек таягына сүйөнүп, бийик асканын башында атасы Сансыздан үйрөнгөн ырын ырдап турат. (К. Жантөшев). б) Атоочтуктар да аныктоочтун милдетин аткарып, заттын белгисин көрсөтөт. Бирок мында сын атооч сыяктуу заттын туруктуу белгиси эмес, белгилүү бир убакка байланыштуу болгон кыймыл-аракет заттын белгиси катарында көрсөтүлөт: Жон жолдон кулаган суулар Байдамталдын иреңин бузуп, ташкындаган сел жүрдү (Ч. Айтматов). Көз айнектердин ала кандай айнектери кечки батар күндүн нуруна жалт- жулт чагылышты (Т. Сыдыкбеков). Айрым атоочтуктар этиштик маанисинен алыстап, лексикалашуу жолу менен атооч сөздөрдүн тобуна өтүп кеткен: тубар уй, кайнар булак, беш атар, балта жутар, жатып ичер, алаган (алаган колум береген), качаган ж. б. www.bizdin.kg Атоочтуктун -ган формасы Атоочтуктун -ган формасы этишке жалганып, көпчүлүк учурда аныктоочтун милдетин аткарат жана өткөн кыймыл аракетти заттын белгиси катарында көрсөтөт. Ошондуктан ал атоочтуктун өткөн чак формасы деп аталат: Ар түрдүү чөп жана гүлдөрдүн жытын мурунга искетип, бирден бирге согуп, жорткон жел да бүгүн тынып калган сыяктанат (К. Жантөшев). Мындагы жорткон деген атоочтук кайсы? деген суроого жооп берип, кыймыл-аркетти заттын белгиси катарында көрсөттү, өткөн чактык мааниде. Атоочтуктун -ган формасы сейрек түрдө байыркы уйгур эстеликтеринен да учурайт (таку тукөмезкен — такыр түгөнбөгөн;... төртүнчү күн таңда эрте өрт... (5) турур эркен — төртүнчү күнү таң эртең менен бул начальник турат экен. Атоочтуктун бул формасы орхон-енисей эстеликтери үчүн мүнөздүү болбогон. Анын ордуна -мыш//-миш//-мыс, -дук формалары колдонулган: илки сү ташыкмыш эрти, экин сү эбде эрти — бир аскер жүрүшкө чыккан эле, башкасы (калгандары) үйдө эле; Магы Курган кышладукда йут болты — Магы Коргонду кыштагында жут болду; йокламаз биз элин... бөкмедим илте калмыс алты билге бег оглына — Биз анын эли менен теңдеше албайбыз... Мен мамлекетте калган алты начальниктерим (уулдарым) менен ыракаттанам (байыркы түрк жазма эстеликтеринен). Эчимкаган олуртукда өзим тардуш будун узе шад эртим (менин кан агам такта олтурганда, мен өзүм тардуш элиңде шад17 элем. Атоочтуктун бул формалары азыркы кыргыз тилинде айрым сөздөрдө гана калдык катарында сакталган, алар азыр атооч сөздөрдүн тобуна өтүп кеткен: турмуш, жазмыш, көнүмүш, төлөмүш, калдык, жаздык, бардык (бардык жерде) ж. б. -ган мүчөсү жалганган атоочтуктар башка сөэдөрдүн жасалышына база (негиз) боло алат. Мисалы, -лык мүчөсү уланып, заттык маанидеги сөздөр уюшулат: Кебетелеринен чаалыккандык байкалып турат (К. Баялинов). Ата тапкан конушту жерүү нарктан чыккандык деп аталат (Т. Сыдыкбеков). Атоочтуктун -ган формасына -дай мүчөсү да жалганат да, окшоштуруу, салыштыруу маанисин берет: Алтын менен күмүштүн Ширөөсүнөн бүткөндөй, Асман менен жериңдин Тирөөсүнөн бүткөндөй, Айың менен күнүңдүн Бир өзүнөн бүткөндөй («Манастан»). Ала-Тоонун чокусуна токтогон бирин-серин үлбүрөгөн ак булуттар күндүн батарда чачкан нуруна боёлуп, кызгылт тартып, дүйнөгө жаңылык киргизгендей (К. Баялинов). Бул формадагы атоочтуктун татаал түрү, негизинен, төмөнкүчө уюшулат: а) Биринчи компоненти -а, (-й), -ып формаларындагы чакчылдардан болуп, ага -ган формасындагы жардамчы этиштердин кошулуп айтылышы аркылуу: Чыкыроон аяз, чытырап кирген буурадай чилденин зиркилдеп турган кези (Т. Сыдыкбеков). Карматпай жүргөн асоону айдап коргонго кийирди (Н. Байтемиров). Айткан сөзгө кенебей жаткан Керим тез эле ийкемге келди. Тиги Сооронбай миң башынын коюн кайтарып жүргөн жалгыз уулумдан сен жакын көрүнөсүн (К. Жантөшев). б) Биринчи компоненти да, экинчи компоненти да -ган формасында аяктаган же биринчи сөзү -ып формасындагы чакчылдан, экинчиси -ган формасындагы атоочтуктан болгон кош сөздөрдөн түзүлөт; Көргөн-билген курбулары бир сыйра учурашып чыкты (С. Сыдыкбеков). Ушул ойго - 17 Шад – түрк жана уйгур каганаттарынын согуштук-административдик эң жогорку ардак наамы. www.bizdin.kg алданып туруп калган Зарыл кыштак аралап жүргөн адамдардын баскан-турган кыймыл аракеттеринен улам кандайдыр бир дүрбөлөңдүү окуя башталганын байкады (Т. Сыдыкбеков). Байлар жыргап-куунаган күндөр өттү (К. Жантөшев). Бул атоочтуктун терс түрү -ба мүчөсү менен аяктаган этиштерге -ган формасынын уланышы аркылуу (көрбөгөн шаар, келбеген үй) же атоочтукка эмес, жок деген сөздүн компоненттеш болуп айтылышы аркылуу уюшулат: Мен окуган эмесмин. Сен көргөн жоксуң. -а, -ып формасындагы чакчылдарга жаткан, турган, отурган, жүргөн сөздөр компоненттеш болуп айтылганда, учур чактык маанини туюндурат: Алды жагымда келе жаткан бир караан көздөн кайым болду. Жамила нары жакта иштеп жүргөн келиндерге жүгүрүп кетти (Ч. Айтматов). Аркы жакта бара жаткан солдат Каныбекти желкелеп айдап жөнөдү (К. Жантөшев). Ушул эле түзүлүштөгү татаал атоочтуктар баяндоочтук функцияда келгенде, өткөн чактык мааниде колдонулуп калат: Токо карагайдын бутагына минип отурган (А. Токомбаев). Кыйналбай таап аларын ойлоп, кубанып бара жаткан (Н. Байтемиров). а//-е//-й формаларындагы чакчылдарга атоочтук турган компоненттеш болуп айтылганда, келер чак маанисинде колдонулат: Сүйлөшө турган сөз, сураша турган суроолор көп (К. Жантөшев). Келе турган убагы болуп калган экен («Миң бир түн»). Алдыда бара жаткан Карып коштошуп, ажыраша турган мезгили жеткенин билгендей, атынын башын буруп тура калды (К. Жантөшев). Атоочтуктун -ар формасы Атоочтуктун -ар формасы негизги этишке жалганып, анык тоочтун милдетин аткарган учурда кандай? кайсы? деген суроого жооп берет да, баштала элек кыймыл-аракетти заттын белгиси катарында көрсөтөт. Ошондуктан бул атоочтуктун келер чактык формасы деп аталат: Менин сенден башка барар жерим, таянар тоом, жашынар караган-бутам калбай калды (К. Баялинов). Ажырашар дос ээрдин кашын сурайт (макал). Болор иш болду, боёсу канды (макал). Жылкы оттор чөп жок (К. Баялинов). Бороонго туруштук берер жалгыз аракет — чыдамдуулук, шайдооттук, кайтпас кайрат (Т. Сыдыкбеков). -ар формасындагы атоочтуктар баяндоочтук милдетти аткарышат, кээде ага эле көмөкчү этиши компоненттеш болуп айтылат: Эзелден ээн жаткан сары талаада кайкалап Кубандын буудайы өнөр, Фергана пахтасы агарып келер, Коженттин өрүгү төгүлөр, Кавказдын жүзүмү мөлтүрөр (Т. Сыдыкбеков). Табылса, мен да алар элем. -ар формасындагы атоочтуктар толуктоочтук милдетти да аткарат: Толкундун бир жамандык кыларына көзү жетти (К. Баялинов). Ичерине тамак, киерине кийим болду (Н. Байтемиров). -ар мүчөсү менен аяктаган атоочтукка -лык мүчөсү жалгануу аркылуу сындык маанидеги жаңы сөз жасалат: Айта жүрөрлүк иш болду; жарарлык иш кылдың; айтарлык жорук, эстерлик иш. Атоочтук -ар формасынын терс түрү -бас(зс; салыштырыңыз: түркмөнчө бармарын—барбасмын, бармарсың—барбассың; бармар—барбас. -бас мүчөсү да негизги этишке жалганып, аныктоочтун функциясын аткарган учурда кандай? кайсы? деген суроого жооп берет жана келечекте болотурган кыймыл-аракетти заттын белгиси катары көрсөтөт: Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт (макал). Элин сагынбас эр, жерин сагынбас ат болбойт (макал). Аңдышпас абысын болбойт (макал). www.bizdin.kg -ар жана анын терс түрү -бас жалганган эки атоочтук кош айтылып, татаал формасы уюшулат: Мыскалдын өңү болор болбос өзгөрүлө түштү (Т. Сыдыкбеков). Атар-атпас таң болсо... ж. б. -ар формасындагы атоочтук кээде -а//-й//-ып мүчөсү уланган чакчылдар менен компоненттеш болуп да, келер чакты биддирет: Айта жүрөр иш болду. Тез эле бүтө коёр иш эмес. -бас формасындагы атоочтуктар да айкындоочтук милдетти аткара берет: Башы оорубастын башка менен иши жок (макал). Тил албасты жумшаганча, тына-тына өзүң бар (макал): Бербестин ашы бышпас (макал). Атоочтуктун -уучу//-оочу(-чу) формасы Атоочтуктун бул формасы да этишке жалганып, аныктоочтук функцияда келгенде кандай? кайсы? деген суроого жооп берип, кыймыл-аракетти заттын белгиси катарында көрсөтөт. Мааниси жагынан дайыма болуп туруучу же келечекте иштелүүгө тийиш болгон кыймыл-аракеттик белгини билдирет: Жүк тактага жабылуучу кашкар килемдин өңү өчөйүн деп бозомук, ал тургай бир бурчуна жамаачы түшкөн сыяктанат (Т. Сыдыкбеков). Баягы келүүчү бай, чабуулдап жүрүүчү кызыл чок, атагы жер дүңгүрөтүп, лөкүйгөн кашка баш оёздордун күнү каран түшүп, падышанын тактысы, талкаланды (Т. Сыдыкбеков). Түрмөдөн чыгуучу алсыздарды салып кетүүгө камдаган арабаларын кармашып, бул жёрде Даутхан менен бирге дагы бир жаш кытай бала турат (К. Жантөшев). Атоочтуктун -оочу//-уучу формалары эки мүчөдөн турат: -уу, -оо — кыймыл атоочту уюштуручу мүчө; -чу — адат өткөн чакты уюштуруучу мүчө. Речибизде -оочу, -уучу мүчөсү толук жалганып, кээде -чу мүчөсү эле этишке тике жалганып, атоочтук уюшула берет: Ойго алуучу иш//ойго алчу иш. Анан ал дагы бир азга катты телмире тиктеп, сандыктагы кат сактоочу тулубуна салып коёт (Ч. Айтматов). Иштелүүчү иштер бүттү. -оочу//-уучу формасындагы атоочтуктар заттык мааниде колдонулганда, ээлик, толуктоочтук милдетти да аткара беришет: экинчи маселе комсомолго мүчө алуу болгондуктан, өңкөй арыз берүүчүлөр текшерилди (К. Баялинов). Пахта терүүчүлөргө сыйлык берилди. Бул формалардагы атоочтуктар баяндоочтун да милдетин аткарат. Бул учурда адаттанып кеткен кыймыл-аракетти өткөн чак маанисинде билдирет: Мурат бербей койсо, ал чың тийбес ыйлап, Масылканга баруучу (К. Баялинов). Чынында, атам Эргешти сыйлоочу жана ячейка деп чочулачу (К. Жантөшев). -а//-е//-й формасындагы чакчылдарга жардамчы сөз элек компоненттеш болуп да атоочтук уюшулат жана алар баштала элек кыймыл-аракетти заттын белгиси катарында көрсөтөт: Саала элек уйлар өңгүрөшүп, музоолорун издегендей эки жакты карашат (Н. Байтемиров). Тууй элек уйдун уузуна күтүптүр (лакап). Төрөлө элек баласына тон бычыптыр (лакап). -а//-е//-й+элек формасындагы атоочтуктар да, өзүнөн кийинки аныкталгыч түшүп айтылганда анын функциясын өзүнө кабыл алышып, заттанышат. Натыйжада ал түшүп айтылган сөз сүйлөмдө кандай милдетти аткарса, атоочтук ошол милдетти аткарат. Башкача айтканда, ал түшүп айтылган сөз ээ болсо, ээнин, айкындооч (аныктооч, толуктооч) болсо, айкындоочтун милдетин аткарат: Көргөнүңдөн көрө элегиң көп (макал). Абыр кыркыла электерин бир башка, кыркылгандарын бир башка бөлдү. www.bizdin.kg Бул формадагы атоочтуктар көпчүлүк учурда баяндоочтун милдетин аткарат: Айдар кат жаза элек. Кубаттын огороду айдала элек. Кой короодон чыга элек.

Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!