СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Т.Абдымомунов...............

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Т.Абдымомунов...............»



КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ

Ж.БАЛАСАГЫН АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТИ

Педагогикалык факультет

КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ИШ



Тема: Т.Абдымомуновдун драмаларындагы психологиялык өзгөрүүлөрдү мектептерде окутуунун интерактивдүү ыкмалары







Илимий жетекчи: ф.и к., доцент Кудайбергенова З.С.

колу___________



Аткарган: ФОК-1-14 группасынын бүтүрүүчүсү Бекмыратова Бегимай Бекмыратовна



колу__________

Бишкек – 2019



Мазмуну



Киришүү………………………………………...........................................3-5

I Бап. Кыргыз адабияты жана дрматургиясынын тарыхы.......................6-16

1.1.Токтоболот Абдымомуновдун өмүрү, чыгармачылыгы жана “Абийир кечирбейт” драмасынын проблематикалык өзгөчөлүктөрү...............16-27

I I Бап. Кыргыз адабиятын (драма жанрындагы чыгармаларды) окутуунун методологиялык негиздери.........................................................................28-37

2.1. Драмалык чыгармаларды үйрөтүүдө көркөм окутуунун мааниси.37-42

2.2. Драмалык чыгармаларды окутуу боюнча сабактын иштелмеси...42-61

Корутунду............................................................................................61-62

Пайдаланылган адабияттардын тизмеси............................................63-64















Киришүү

Квалификациялык иштин актуалдуулугу. Кыргыз адабиятында Т.Абдымомунов драматург катары белгилүү. Анын калеминен көптөгөн драмалар, комедиялар жаралып, окурмандардын эсететикалык табитин байытып, жаш муундарды адептүүлүккө, чынчылдыкка, улуу адамкерчилик касиеттерине тарбиялап келет.

Кыргыз адабиятынын ири өкүлүнүн бири К.Артыкбаев драматургдун чеберчилиги тууралуу мындайча оюн билдирген:“Драматургдун ийгиликтери жайдак жерден эле өнүп чыга калган жок. Анын көз алдында кыргыз драматургиясынын кадимкидей кубаттуу күчкө ээ болуп калган традициясы бар эле. Баалуу улуттук традиция менен бирге, классикалык орус, совет драматургиясынын жол көрсөткүч ролу кыркынчы жылдардан тартып, бул жанрда эмгектенген Т. Абдымомунов үчүн түгөнгүс казына болчу” [5.484 ].

Биз мына ошол адабият сабагында кыргыз драматургиясынын чебери Т.Абдымомуновдун чыгармачылыгын окутуунун жемиштүү усулдарын иштеп чыгуу аракеттерин көрдүк. Драмалык чыгармаларды окутуу боюнча атайын усулдук эмгектердин жазылбагандыгы, окуу программасына соңку кезде бир топ чыгармалар жаңыдан кошулгандыгы, аталган жанрды кабыл алуудагы окуучулардын кыйынчылыктары, мектепте үйрөнүлүп жаткан драмалардын мазмундук, тематикалык, стилдик ар түрдүүлүгүнө жараша окутуунун көп варианттуу комплексттеринин иштелип чыкпагандыгы аталган проблеманын методикалык системасын түзүүнүн зарылдыгын айкындайт.

Биз иликтөөгө алып жаткан Т.Абдымомуновдун чыгармачылыгын окутуу кыргыз адабиятын окутуунун тарыхында айрым учурларда камтылса да, мектепте, жогорку окуу жайларда чыгармалары бир топ саат менен окутулуп жатса да, аларды үйрөтүүнүн өзгөчөлүктөрү, бирдиктүү ыкмалары иштелип чыкпагандыгы, башка драмалык чыгармаларга салыштырып жана жакындатып үйрөнүүнүн методикасы түзүлбөгөндүгү жана илимий эксперименттен өткөрүлбөгөндүгү бул теманын актуалдуулугун шарттайт.

Ушул өңүттөн алып караганда, адабият сабагы, анын ичинде Т.Абдымомуновдун чыгармачылыгын окутуу окуучулардын поэтикалык дүйнөсүн, эстетикалык табитин арттырууда, массалык маданиятка каршы туруу сезимдерин өстүрүүдө, рухий дүйнөсүн байытууда, ыймандуулукка жана эмгекке тарбиялоодо, эне тилине болгон сүйүүсүн өнүктүрүүдө өзгөчө маанилүү блоор десек жаңылышпайбыз. Азыркы технологиялардын, маалыматтардын өнүккөн кылымында гумандаштыруу проблемасы актуалдуу бойдон калууда. Бул жагынан алганда адабият сабагы гуманитардык дарстардын көч башы катары алдыңкы планда тургандыгы талашсыз.

Квалификациялык иштин максаты. Токтоболот Абдымомунов кыргыз адабиятындагы драматургдарынан айырмаланып, алгачкылардан болуп калемгер катары идеологиялык конъюнктурага көз каранды эмес, көңүлүнүн борборун адамдын керт башына, анын ички дүйнөсүнө бурган автор экендигин интерактивдүү ыкмалардын, адабий талдоолордун негизинде көрсөтүү. 

Квалификациялык иштин милдеттери:

  1. Т.Абдымомуновдун өмүрү-чыгармачылыгы жөнүндө кеңири маалымат берүү;

  2. Т.Абдымомуновдун кыргыз адабиятындагы драма жанрындагы ишмердүүлүгүн белгилөө;

  3. Драмалык чыгармаларды окутуудагы эффективдүү ыкмаларды сунуштоо;

  4. Т.Абдымомуновдун чыгармаларын окутуудагы сабактын иштелмелерин сунуштоо.

Квалификациялык иштин стуктурасы. Иш 2 баптан, 2 параграфтан, корутундудан жана пайдаланылган адабияттардын тизмесинен турат.



































I Бап. Кыргыз адабияты жана драматургиясынын тарыхы

«Адабият» түшүнүгү араб тилинен кирген «адеп» («адаб») сөзү менен байланыштуу. Ал адамдарды жакшы мүнөз, жүрүмтурумга багыттоочу, турмуш сырларын түшүндүрүү максатында жаралган чыгарма деген маанини берет. Бул сөз айрым тилдердегидей [(мисалы, литература — literatura (тамга) деген латын сөзүнөн келип чыккан)] түздөнтүз «тамга», «жазуу» түшүнүктөрүнө байланышпагандыктан, азербайжан, казак, кыргыз, өзбек, татар, түркмөндөрдө элдик оозеки чыгармачылыктын үлгүлөрүн да көп учурларда эл адабияты, калк адабияты, оозеки адабият деп аташат. Ошентсе да, «адабият» бүгүнкү күндө, негизинен, жазма адабий чыгармачылык түшүнүгүн берүүчү термин катары колдонулат. Бардык элдердегидей эле кыргыз көркөм сөз өнөрүнүн алгачкы үлгүлөрү оозеки формада жаралып, өнүгүп калыптанган.

Көркөм сөз өнөрү жаралыш өзгөчөлүгүнө жараша негизги эки чоң бөлүктөн турат: 1) элдик оозеки чыгармачылык, башкача айтканда фольклор; 2) жазма адабият.

Элдин дүйнө таанымын, ой-тилегин, максат-мүдөөлөрүн, асылдык, көркөмдүк жөнүндөгү түшүнүктөрүн чагылдырган көркөм сөз үлгүлөрү муундан муунга, ооздон оозго өтүп жашап келген. Нечен кылымдык карт тарыхында кыргыздардын оозеки, поэтикалык бай, санжыргалуу салттары калыптанган. Бабалардан калган баалуу сөз мурастарыбыздын ичинде эмгек ырлары («Оп майда», «Бекбекей», «Тон чык» жана башка), ырым-дарым айтымдары («Дамбыр таш», «Козу телүү», «Аштык сепкендеги айтым», «Ашуу-келме», аластоо, бадик айтымдары жана башка), каада-салт, арман, сүйүү, бешик ырлары сыяктуу чакан лирикалык жанрлардан тартып, «Манас» эпосу башында турган не бир керемет эпостор («Эр Төштүк», «Кожожаш», «Эр Табылды», «Курманбек», «Жаныш-Байыш», «Жаңыл Мырза» жана башка), жөө жомоктор, миф, легенда, уламыштар, дастандар, дидактикалык жанрдагы макаллакап, табышмак, жаңылмачтарга чейин бар. Тээ байыртан бери кыргыз эли «Манаска» өзгөчө орун берип, ыйык тутуп келген. Кыргыз эли «Манасты» улуттук-мамлекеттик идеологиясы, кыргыз эли, кыргыз жери түшүнүгүнүн бөлүнгүс атрибуту, этика, укук, милдет эрежелеринин кодекси, дүйнө тааным билимдеринин жыйнак «китеби» катары түшүнүшкөн. «—Манас— жүздөгөн жылдар бою кыргыздар үчүн таалим алуучу романкитептин, таасирдүү сахнанын жана экрандын, өткөндү эске салуучу тарых китебинин ролун аткарган» (Б. Юнусалиев). «Манас» эпосун эл оозунан жазып алуу иши ХIХ -кылымдын экинчи жарымынан башталса да, бул улуу эпостун үчилтигин ырааттуу жазып алуу жана элдик оозеки чыгармачылыктын үлгүлөрүн эл арасынан жыйноо иши Совет мезгилинде, тагырак айтканда 1922-жылдан колго алынган [5.123].

Бүгүнкү күндө КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун Кол жазмалар фондусунда «Манас» эпосунун 80ден ашуун варианттарынын кол жазмасы сакталып турат. Фондудагы элдик оозеки чыгармачылыктын үлгүлөрүнүн негизинде «Эл адабияты» сериясынын 30 тому жарык көргөн. Кыргыздар — тарыхта аты эң эрте белгилүү болгон Борбордук Азиядагы эң байыркы элдердин бири. Кыргыздар төртүнчү кылымда орток түрк рун жазмаларын пайдаланышканы, IХ -кылымда «Улуу кыргыз державасы» деп аталган өз алдынча кыргыз кагандыгын түзгөндүгү тарыхтан белгилүү. Кыргыз элинин жазма мадабиятына тиешелүү көрүнүш катары

ХI кылымда жашап өткөн жердештерибиз М.Кашгаринин «Түрк сөздөрүнүн жыйнагы» жана Ж.Баласагунинин «Кут алчу билим» дидактикалык дастанын атоого болот. Кыргыз көркөм сөз өнөрүнүн тарыхында акындар поэзиясынын - төкмө ырчылар менен жазгыч акындардын чыгармачылыгы айрыкча мааниге ээ. Акындар бир жагынан бекем салттагы элдик оозеки поэзиянын туруктуу өкүлү болсо, экинчи жагынан чыгармачыл активдүү инсан, жекече индивидуалдуу көрүнүш. Алар элдик поэтикалык салтты сактоочулар жана жайылтуучулар болуу менен катар, аны жаңыча мазмун, жеке көркөмдүк табылгалар мн байытуучулар да болуп эсептелишет. Окуу-жазуу заманына жетип, эл оозунан чогултулуп, замандаш же шакирт болгон соңку муундагы акындардын айтуусу менен кагаз бетине түшүп, бүгүнкү күнгө жеткен материалдарга караганда төкмөлүк поэзия ХIХ кылымдын 2-жарымы ХХ кылымдын башында өзүнүн классикалык гүлдөө доорун башынан кечирип турган учур болсо керек. Буга далил катары санат-насыят, терме ырлардын; айтыштардын; күн, жер, аккан суу, шамал жөнүндө натурфилософия; өмүр, өлүм, карылык, балалык жөнүндө турмуштук философия, замана темасында социалдык-философиялык ырлардын нечен түркүн керемет үлгүлөрүн Калыгул, Арстанбек, Чоңду, Эсенаман, Токтогул, Калмырза, Эшмамбет жана башка ушундай сыяктуу акындар калтырышкан. Кет Бука, Токтогул ырчы, Асан Кайгы жөнүндө аңыз кептерден башка дагы кандай акындар өткөн, эмне жөнүндө жана ар кандай кайрыктарга салып ырдашкан - буга берилчү жооптор тарых барактарында белгисиз бойдон калды.

ХIХ кылымдын башынан Кокон хандыгы кыргыз аймактарына өз бийлигин жүргүзө баштагандан тартып, ал аймактарда диний мектептер, медреселер ачылып, сабаттуу адамдар пайда боло баштады. Мектеп, медреселерде жалаң эле диний адабияттар эмес, ошондой эле көркөм чыгармалар, мисалы, Хафиздин, Навоинин, Бедилдин, Физулинин чыгармалары да окутулган. Кыргызстандын Россиянын курамына кирүүсү менен мадабият багытындагы өзгөрүүлөр дагы тездетилген темпте жүрө баштаган. Бул мезгилде диний мектептер менен катар кыргыз балдар да окуган орустузем мектептери ачылган. Сабаттуу адамдардын пайда болушу менен кыргыз коомчулугунда казак, татар, өзбек, орус тилдеринде чыккан китептер, гезит-журналдар, кол китептер кеңири тарай баштаган. Сабаты ачылган, чыгармачылык шыгы бар айрым адамдар өз чыгармачылыгын жазма түрүнө салууга аракет кыла башташкан. Жазгыч акындардын өкүлдөрү: Молдо Нияз, Нурмолдо, Молдо Кылыч, Тоголок Молдо, Ысак Шайбеков жана башка Жазгыч акындардын ичинен 1911-ж. Молдо Кылычтын жер титирөө жөнүндө жазган «Кысса ил зилзала» аттуу чыгармасы 1911-ж. Казандан китеп болуп басылып чыккан. Бул - кыргыз адабиятындагы басмадан чыккан эң алгачкы китеп.

Кийин 1925-ж. Москвадан ушул эле акындын «Тамсилдер» деген аталыштагы экинчи китеби жарык көргөн. Ага «Канаттуулар», «Бүркүттүн тою», «Буудайык» деген казалдар кирген. Бардык учурда, бардык адамдар тарабынан колдоого алынуучу акыйкаттарга негизденген фольклордук (коллективдүү) чыгармачылыктан айырмаланып, акындар поэзиясында, өзгөчө жазгыч акындардын чыгармаларында субъективдүү жеке сезимдер, индивидуал көркөм ойлом элементтери орун ала баштаган. Улуттук көркөм сөз өнөрү нагыз жазма адабияттын өнүгүү жолуна чындап 20-жылдарында гана түшө алды. Совет өкмөтү өзүнүн мамлекеттик-идеология мүдөөлөрүнө ылайык билим берүү, басма иштерин жолго коё баштады. Мезгил талабына ылайык жаңы нуктагы жазма адабияттын алгачкы өкүлдөрүнүн алгачкы чыгармалары жарык көрдү. Кыргыз тилиндеги биринчи гезит «Эркин Тоо» 1924-ж. 7-ноябрда араб графикасында жарык көргөн. Бул кыргыздын биринчи гезитинин биринчи санына А. Токомбаевдин «Октябрдын келген кези» аттуу ыры жарыяланган.

1918-24-ж. аралыгында казак, татар тилдеринде чыгуучу «Көмек», «Тилши», «Ушкын», «Өрис», «Ак жол», «Шуро» гезиттеринде «Шолпан», «Жас кайрат», «Аел теңдиги» журналдарында С. Карачев, К. Тыныстанов, Ж. Түлөгабылов, О. Лепесов, 3. Лепесова, М. Максүтов, М. Байчериков, К. Маликов, К. Баязыков, Б. Калпаков сыяктуу кыргыз жаштарынын ыр, аңгеме, кабарлары ошол гезит-журналдардын тилинде же накта эле кыргыз тилинде жарык көрүп турган. Аталган ысымдардын ичинен жаңы типтеги жазма кыргыз адабиятынын жаралышына өзгөчө салым кошкондор Сыдык Карачев (1900-37) менен Касым Тыныстанов (1901-37) болгон. Эне тилинде басма сөз органдары жоктугунан Совет бийлигинин алгачкы жылдарында С. Карачев көбүнесе татарча, К. Тыныстанов казакча жазышкан. Булар — кыргыз адабиятында чыгарма жаратып, улуттук жазма прозага да, поэзияга да, драматургияга да алгач жол салгандар.

1918-жылдан 1924-жылга чейин мезгилдүү басылмаларда С. Карачевдин отузга жакын ыры, бир нече аңгемелери, көп сандаган публицистикалык макалалары жарык көргөн. Басма иши жолго коюла элек 1924-30-жыллдары улуттук тилде биринчи кыргыз гезитинин жарык көрүшүнө, анын үзгүлтүксүз чыгып турушуна, андагы материалдардын кат-сабаты жаңы ачылган карапайым журтчулукка жеткиликтүү болушуна жана улуттук журналистиканын калыптанышына С.Карачев зор эмгек сиңирген. Анын «Үйлөнүүдөн качты», «Сүйгөнүнө кошула албады», «Армандуу эки жаш», «Ысык-Көл боюнда», «Алданган нур кызы», «Күкүк менен Зейнеп» деген туңгуч прозалык чыгармалары 1919-20-жылдардагы «Көмек» гезитинин сандарында жарыяланган. 1920-жылдардагы кыргыз адабиятын изилдеген адабиятчы С.Жигитов С.Карачевдин 1926-27-ж. жазылган «Эрксиз күндөрдө» повести тууралуу: «Кыргыз прозасында турмуш акыйкатын реалисттик планда чагылдыруу, каармандардын образдарын жандуу кылып жасап чыгуу, турмуш жана табият көрүнүштөрүн таамай көркөм деталдар аркылуу сүрөттөп берүү ыкмаларынын иштелип чыгышын изилдегенде «Эрксиз күндөрдө» эң кызыктуу фактылар берип, маанилүү теор. жалпылоолор чыгарыш үчүн жем таштай алат», — деген. Басмадан жарык көргөн алгачкы драмалык чыгарманын тексти да С. Карачевдин калемине таандык. С. Карачевдин «Теңдик жолунда» драмасы 1928-ж., «Төрага Зейнеп» драмасы 1929-ж. жарык көргөн. Ал эми кыргыз драматургиясынын жана улуттук театр өнөрүнүн төл башы чыгармаларынын бири катары аталып жүргөн М. Токобаевдин «Кайгылуу Какей» пьесасы 1927-ж. сахнага театр коллективинин оңдоолору менен коюлуп, кийин автор ал оңдоолорду эске алып, алымчакошумчаларды киргизип, кайрадан жазып чыккан. Пьесанын тексти 1938-ж. басмадан жарык көргөн. Кыргыздын жазма профессионалдык адабиятынын пайдубалынын түптөлүшүнө өзгөчө салым кошкон кыргыздын таланттуу уулу, акын, прозада, драматургияда да калем сынаган жазуучу, коомдук ишмер, агартуучу, кыргыз тил илимине негиз салган окумуштуу К.Тыныстанов болгон.

К.Тыныстановдун 1919-24-ж. чыккан поэзиялык туундулары анын «Касым ырлар жыйнагынан» орун алган. Жыйнакта казакча 12, кыргызча 21 ыр жана «Жаңыл Мырза» поэмасы орун алган. К. Тыныстанов - «Мариям менен көл жээгинде» аттуу көлөмдүү аңгеменин жана 1930-жылдардын башында кыргыз драмалык театрында коюлган «Академиялык кечелер» аттуу спектаклдер сериясындагы орчундуу драмалык сценкалардын автору. Кыргыз жазма профессионалдык адтынын пайдубалын түптөгөн 20-жылдардын көрүнүктүү калемгерлери С.Карачевге, К.Тыныстановго, кыргыздын туңгуч адабий сынчысы Т. Жолдошевге чыгармаларында Совет мамлекетинин идеологиясына жат элементтер бар деген күнөө тагылып, 30-жылдардагы кандуу репрессиянын курмандыгы болушкан.

Кыргыз басма сөзүнүн туңгучтары «Эркин Тоо», «Ленинчил жаш» гезиттери, «Коммунист», «Жаңы маданият жолунда» журналдары өздөрүнүн биринчи санынан баштап ыр, жанытма түрүндөгү материалдарга кеңири орун берген. Улуттук басылманын жаралышы менен акындык өнөргө талпынгандардын арасынан А. Токомбаев (1904-88), М. Токобаев (1905-74), М. Элебаев (1904-43), Ж. Жамгырчиев (1906-44), Б. Кененсариев (1896-64) өздөрүнүн чыгармачылык активдүүлүгү менен алдыга бөлүнүп чыгышкан. Бул жылдардагы поэзияда басымдуу көңүл коюлган темалар Октябрь революциясынын жеңиши, Совет мамлекетинин саясатынын адилеттүүлүгү, Ленин, коллективдештирүү темасы, аялдар азаттыгы жана окуу, билимге умтулуу болгон.

ХХ жылдардын адабиятынын ичинде көпчүлүккө кеңири таанымал чыгарма — К. Баялиновдун «Ажар» повести. Бул повестте 1916-жылдагы көтөрүлүш учурундагы жана көтөрүлүштөн кийинки кыргыздардын тарткан азап-тозогунун реалдуу көрүнүшү таасирлүү эмоциялык-экспрессиялык деңгээлде чагылдырылган. Ушул жылдар жаңы типтеги улуттук жазма адабиятыбыздын пайда болуу, жаралуу мезгили болсо, 1930-40-жылдар кыргыз адабиятынын калыптануу жылдары деп эсептелет. 30-жылдардын поэзиясында А. Токомбаев, М. Элебаев, Т. Үмөталиев, Ж. Турусбеков, Ж. Бөкөнбаев, К. Маликовдордун чыгармачылыгы өзгөчө бөлүнүп көрүнөт. Кыргыз адабиятында көркөм прозанын жаралышы жана өнүгүшү жаңы турмушту, жаңы социалдык - маданий өзгөрүштөрдү ар тараптан кеңири жана реалдуу сүрөттөө муктаждыктары менен шартталды.Кыргыз жазуучуларынын алдында жаңы жанр, жаңы формаларды өздөштүрүү, жаңы көркөм формаларды ачуу милдети турду. Кыргыз көркөм прозасын калыптандырууда А. Токомбаев («Жапардын каны», «Биз балапан кездерде», «Днестр терең деңизге куят», «Мезгил учат»), М.Элебаев («Китеп издегенде», «Бороондуу күнү», «Узак жол»), К. Маликов («Азаматтар»), К. Жантөшев («Каныбек»), Т.Сыдыкбеков («Кең-Суу») сыяктуу жазуучуларыбыз зор салым кошту.

1930-жылдардын ири жетишкендиги катары белгиленчү нерсе — бул көркөм адабияттагы татаал жанр — роман жанрынын колго алынышы болду. 30-жылдардын ортосунда М. Элебаев «Узак жол», К.Жантөшев «Каныбек», Т. Сыдыкбеков «Кең-Суу», А.Токомбаев «Кандуу жылдар» романын жазууга киришип, окурмандарга алгачкы кыргыз романдары тартууланды. А. Токомбаевдин «Кандуу жылдар» романынын биринчи бөлүгү 1935-ж. жарыкка чыккан. Аталган үч калемгерден айырмаланып, А. Токомбаев романын ыр менен жазган. «Кандуу жылдардын» кийинки бөлүктөрү 1937- 1940-1947-ж. жарыяланган.

Кыргыз элинин тарыхындагы зор трагедия — 1916-жылдагы геноцид окуялары чагылдырылган бул чыгарма идеялык олуттуу катачылыктары бар чыгарма катары сынга кабылган. Роман кайрадан иштелип, «идеялык каталардан» арылтылып, 1962-ж. «Таң алдында» деген ат менен жарыяланган. Коллективдештирүү окуялары чагылдырылган Т. Сыдыкбековдун «Кең-Суу» романы да идеология мүчүлүштөн куру эмес чыгарма катары бааланган. Бул роман да кайрадан жазылып, «Тоо арасында» деген ат менен жарык көргөн. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында кыргыз адабиятында мекенди фашисттик баскынчылардан коргоо үчүн элдин патриоттук сезимин көтөрүүгө багытталган поэзия, проза, драмалык чыгармалар жаралган. 40-жылдардагы кыргыз адабиятынын кыйырынан жаркырап жанган жарык — бул Алыкул Осмоновдун поэзиясы.

Алыкул - калктын рухий дүйнөсүндө дайым жашап, окурмандарды поэзиянын керемет касиети менен тамшандырып, түбөлүк өмүр сүрө алчу өлбөс поэзия жараткан акын. Акындын 1945-жылы басмадан жарык көргөн төртүнчү жыйнагы «Махабат» - кыргыз адабиятында улуттук поэзиянын жаңы этабы башталгандыгын белгилөөчү факт. Осмоновдун чыгармачылыгы кыргыз жазма поэзиясындагы жаңы көрүнүш экендигин анын тирүү кезинде эле айрым калемдештери, тагырак айтканда Ясыр Шиваза, Кайсын Кулиев, Темиркул Үмөталиевдер айтып чыгышкан. Анын оригиналдуу жаңычыл, чоң арыштуу сүрөткер экенин илимий багытта ачып көрсөткөн адабиятчы окумуштуулар Ш.Үмөталиев, Р.Кыдырбаева, С. Жигитов жана башка болгон. Кыргыз поэзиясына согуштан кийин, 50-60-жылдары келгендердин арасында айтылуу акыныбыздан тике же кыйыр таасир албагандар, анын көркөм тажрыйбасынан азыктанбагандар дээрлик жокко эсе.

Согуш мезгилинде адабиятыбызда К. Жантөшевдин «Курманбек», К. Маликов менен А. Куттубаевдин «Жаңыл», Т.Сыдыкбеков менен К. Рахматуллиндин «Манас менен Алмамбет» драмалары, А. Токомбаев менен К. Маликовдун «Сейтек» либреттолору сыяктуу чыгармалар жаралды. Бул чыгармалар согуш мезгилинде элдин патриоттук ой-сезимин ойготууда маанилүү роль ойногон. Албетте, жогорудагы пьеса, либреттолордун бардыгынын эле көркөмдүк сапаты бир кылка эмес. Айрым чыгармалардагы эң негизги кемчилик -бул драма же либретто ак санатай жана кара санатай күчтөрдүн, жамандык менен жакшылыктын кескин карама-каршылыгына негизделип курулса да, сюжет чыныгы драмалык конфликттик деңгээлге көтөрүлө албагандыгында, образдардын статикалуулугунда. Эпостук сюжеттен алынып жазылган драмалардын ичинен «Курманбек», «Жаңыл» пьесалары гана кыргыз сахнасында жашоосун уланта алды.

Согуштан кийинки мезгил, дегеле, бүтүндөй совет адабияты үчүн абдан кыйын жана татаал мезгил болгон. Бул жылдары көркөм адабиятта кеңири жайылган конфликтсиздик теориясы айрыкча драматургияга терс таасирин тийгизген. Бул теория антагонисттик таптар жоюлган советтик коомдун социалдык-саясий биримдигинин, коллективдештирүүнүн шартында карама-каршылыктын болушу мүмкүн эмес деген жобого таянган. 50-жылдардын башында чыгармачыл интеллигенция тарабынан бул теориянын жаңылыштыгы сынга алынып, жокко чыгарылган. Дал ушундай кырдаалда Т.Абдумомуновдун «Тар капчыгай», «Атабектин кызы», «Ашырбай» пьесаларынын жарыкка келиши улуттук драматургияда жаңы көркөмдүк жылыштардын, маанилүү өзгөрүүлөрдүн башталгандыгын айгинеледи. Конфликтсиздик «теориясы» үстөмдүк кылган жылдарда көркөм адабиятта орун алган штамп, канондордун бузулушу дал ушул чыгармалардын сахнага чыгышы менен башталган.

Т. Абдумомуновдун 1950-жылдардагы жеке инсандардын ички дүйнөсүн чагылдырууда жетишкен идеялык-көркөмдүк өрнөктүү үлгүлөрү, көркөм психологизмди өздөштүрүүдөгү ийгиликтери драматургдар М. Байжиев, Б. Жакиев, акын жана драматургдар Ж. Садыков, Ш. Садыбакасов жана башка тарабынан улантылды. Согуштан кийинки жылдарда кыргыз адабиятында проза басымдуу орун ээлей баштады. К. Баялиновдун «Бакыт» («Көл боюнда» повести), Т. Сыдыкбековдун «Тоо балдары» романы, Н. Байтемировдун «Салтанат», «Жаш жүрөктөр», «Акыркы ок» романдары, С. Сасыкбаевдин «Түпкүрдөгү нур» жана башка көптөгөн чыгармалары окурмандардын колуна тийди.

ХХ кылымдын 50-60-жылдары улуттук адабиятыбыздагы өнүгүүнүн жаңы этабы башталган, жетилүү мезгили катары бааланат. Коомдук аң-сезимдин бир формасы катары эсептелген адабиятка коомдо жүргөн, саясий, социалдык өзгөрүүлөр өз таасирин тийгизген.

Адабий сын активдешти. Белгилүү сатириктер Р.Шүкүрбеков, М. Алыбаевдер жараткан ар бир сатиралык чыгарма чагылгандай тездик менен эл арасына кеңири тарап турду. Өндүрүшчү же саясий пропагандалык агитациялык темага жашынган, көркөмдүк наркы төмөн чыгармалар сынга алына баштады. Эл аралык чыгармачылык байланыштар жакшырды. Чет өлкөлүк жазуучулар СССРге, биздин жазуучулар чет өлкөлөргө каттай баштады. Ч.Айтматов 50-жылдардын акыры 60-жылдардын башында адабиятка келген муунга «жаңы адабияттык генерация» деп аныктама берип, алардын чыглыгын «улуттук традициянын дүйнөлүк мадабият менен татаал айкалыш процессинде» өнүгүп жаткандыгын таасын белгилеп өткөн. Ч. Айтматов адт майданына 50жылдардын биринчи жарымында келип, «Ак жаан» баштаган айрым чакан аңгемелерди жарыялаган.

1955-жылы жарык көргөн анын «Түнкү сугат», «Асма көпүрө» аттуу аңгемелери Ч. Айтматовдун ысмын окурмандар арасында белгилүү кылды. Бул чыгармалардан сентенциялуулуктун кээ бир эпкини сезилип турганы менен, алардан автордун психологиялык анализге шыктуу экендиги, драматизмди чегине жеткире чагылдыра ала тургандыгы байкалды.

1957-жылы жазылган «Бетме-бет» повести учурунда эле «кыргыз адабиятындагы жаңы сөз» (К.Асаналиев) катары бааланган. Ал эми анын «Жамийла» повести кыргыз адабиятын дүйнөлүк аренага чыгарган алгачкы чыгарма болуп калды. 50-60-жылдары кыргыз адабияты К.Каимов, А. Жакыпбеков, М.Байжиев, М.Гапаров, Т.Касымбеков, А.Саспаев, К. Жусупов, С. Эралиев, С. Жусуев, Ж. Садыков, Б. Сарногоев, Р. Рыскулов, О. Султанов, Э. Турсунов, Т. Кожомбердиев жана башка көптөгөн акын-жазуучулар менен толукталды. Кийинки жылдары Ж. Мамытов, М. Абылкасымова, Т. Муканов, Т. Эргешов, Т. Самудинов, А. Жакшылыков, Б. Сартов, К. Алмазбеков, А. Өмүрканов, А. Токтогулов, С. Акматбекова, А. Рыскулов жана башка көп сандаган жаш акындар окурман журтчулугуна кеңири тааныла алышты. 60-80-жылдары кыргыз көркөм котормо өнөрүнүн, ошондой эле кыргыз адабий сынынын жана адабият таануу илиминин күрдөөлдүү өнүккөн жылдары болду. Кыргыз мамлекети эгемендүү өнүгүү жолуна түшкөн мезгилден бери акын, жазуучу, драматургдарыбыз заман талабына шайкеш чыгарма жаратуу аракетинде эмгектенишип келди.

    1. Токтоболот Абдымомуновдун өмүрү, чыгармачылыгы жана “Абийир кечирбейт” драмасынын проблематикалык өзгөчөлүктөрү

Абдумомунов Токтоболот 1922-жылы Кемин районунда төрөлгөн. Кыргыздын улуттук драматургиясына негиз  салгандардын бири. Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер. Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу. Абдымомуновдун ысымы менен  кыргыз драматургиясынын  өсүп-өнүгүшү, бүгүнкү  күндөгү  жетишкен деңгээли ажырагыс байланышта.Ал көбүнчө моралдык-этикалык темаларга кайрылып, аларды драматургиянын «стилинде” олуттуулук менен баяндаган.

Психологиялык жактан ишенимдүү, жекече мүнөзгө  ээ, типтештирилген каармандардын тобун жараткан. Алгачкы пьесалары: «Кумдуу чап” (1946), «Замандаштар” (1948), «Курман” (1950) ж. б. Ал 50-жылдары жазган «Борбаш”, «Тар  капчыгай”, «Атабектин кызы”, «Ашырбай” пьесалары автордун орус жана дүйнөлүк драматургия  өнөрүнүн  жетишкендиктерин  өздөштүргөнүн айкындап, турмуштук материалды көркөм чагылтуунун улуттук салттарын жаңылоо,  жаңы формалар менен ыкмаларды издөө  боюнча белгилүү  ийгиликке жеткенин көрсөттү. «Абийир кечирбейт” (1962),  «Каркыралар кайтканда” (1965), «Сүйүү  жана  үмүт”, «Бюро жүрүп  жатат” (1968), «Жыгылган ооганга күлөт” (1968). «Жарыктык карыларым” (1980) ж. б. пьесаларында актуалдуу моралдык маселелер көтөрүлгөн. «Жүкөш” (1940, 1959, 1974), «Сүйүү жана үмүт” (1966), «Тандалган чыгармалар” (1973), «Ашырбай” (1980), «Пьесалар” (1982) аттуу китептери жарыкка чыккан [3.47] .  

 Т. Абдумомунов комедия жанрынын да чебери. Анын калеминен «Эч кимге айтпа”, «Машырбек үйлөнөт”, «Алдар көсөө” ж. б. комедиялар жаралган. Анын «Атабектин кызы” драмасында инсандын моралдык этикалык жактан жетилиши, адеп ахлагынын өркүндөшү, индивидуалдуу калыптанышы сүрөттөлгөн. Драмада тышкы кагылыштар менен бирге каармандын ички дүйнөсүндө  өтүп жаткан психологиялык процесстер ишенимдүү  берилген. «Атабектин кызынын” жарыкка келиши кыргыз драматургиясында тарыхый көркөм өнүгүүнүн бийиктөөсүнүн законченемдүүлүгүн мүнөздөйт. «Абийир кечирбейтте” каарман  өзүнүн рухий интелектуалдык, моралдык активдүү  изденүүлөрү  м-н кызыктуу.  Драмада жеке адамдын керт башындагы кемчиликтердин мотивдери биринчи жолу көркөм көзөмөлгө  алынган. Анда бийиктик менен пастык, жолдошчулуктун табияты, ишенчээктик менен амалкөйлүк, абийирдүүлүк менен абийирсиздиктин  карама-каршылыгы тууралуу сөз болот.      

Адабиятчы художник катары курч моралдык, атуулдук маселелерди көтөрө билгендиги чыгармачылыгынын тематикасынын жана жанрдык чегин кеңейтүүгө, жаңылоого тынымсыз умтулуп жүрүп отурган. «Сүйүү жана үмүт” - улуу акын Токтогулдун каардуу замандагы адамдык татаал тагдырын, кишичилик сапаттарын, эркиндик, адилеттик  үчүн болгон азаптуу күрөшүн, таптык сезиминин ойгонуш, этикалык, философиялык көз караштарынын калыптаныш процессин  өз мезгилинин коомдук-тарыхый контекстинен, учурдун социалдык - психологиялык шарттарынан ажыратпай, реалдуу сүрөттөп көрсөтө алган тарыхый-биографиялык драма.    

 Токтоболот Абдымомунов тарыхый революциялык темадагы чоң  ийгиликке «Ашырбай”  драмасында жетишкен. Бул драма улуттук  драматургиябызга алгачкылардан болуп кыргыздын ак сөөк манабынан калыптанган сахналык канондорго сыйбаган, адаттан тыш татаал образын алып чыккан. Көрүүчүлөрдүн көз алдына бирде күлүп, бирде кайгырган, кээде жаңылып бармагын тиштеп  өкүнгөн, көл алдындагы букара элге боорукер болуп көрүнгөн, түлкүдөй амалдуу, ошондой эле учурда каардуу, текебер, кекчил, мансапкор адамдын татаал образын жараткан[13].    

Табылды Кадырбеков: "Абийир кечирбейт" Абдымомуновдун драматургиясындагы эң ийгиликтүү жазылган чыгармасы деп эсептелет. Бул туурасында кезегинде бир топ адабиятчылар, театр таануучулар баасын берген. Кыргызстандагы театр сынчыларынан тышкары Москвадагы "Театр" журналынын башкы редактору Рыбаков бул драма менен кыргыз театры өзүнүн өнүгүшүндө туура жолдо тургандыгын айткан."Токтоболот Абдумомуновдун "Абийир кечирбейт" чыгармасы менен театрдын алдында жаңы көркөмдүк милдеттерди койгон драматург экендигин көрсөттү", — деп белгилеген ал 1965-жылы. 

 Драма 1962-жылы жарык көрүп, дароо эле сахналаштырылган. Ошол жылдардан тарта дээрлик он жылга чукул театрлардын репертуарларынан түшкөн эмес. Кезегинде Кыргыз мамлекеттик драма театрынан тарта башка театрлардын далай актер менен актрисаларынын багын, дараметин, талантын ачкан чыгарма болгон. 15 жыл ичинде 400 ирет коюлган. "Абийир кечирбейт" — Кыргызстанда, Москвада жана ошол кездеги советтер союзунун бир катар шаарларында көрсөтүлгөн. Ал эми 1977-жылы анын 400 жолу коюлган юбилейи майрамдалган. Кырктын кырындагы чыгарма. Көптөрдүн сүймөнчүлүгүнө арзып, кезегинде театрларда аншлаг менен коюлган чыгарманы автор 40 жашында жазган. Андан уламбы, айтор, драма авторго психологизмдин жаңы ыкмаларын, жолдорун табууга мүмкүндүк берген” –деп автордун драмасын жогору баалаган пикирин билдирген[29].

Кыргыз эл жазуучусу, филология илимдеринин  кандидаты, КРнын маданият ишмерлер ассамблеясынын коомдук бирикмесинин президенти М.Тойбаев өзүнүн “Чыгаан драматург, чыныгы Адам” аттуу макаласында жазуучу тууралуу төмөнкүдөй пикирин билдирген:

“Ар бир адамда жаратылыш берген касиет: ар кыл өнөр, ар түрдүү жөндөмдүүлүк болот. Токтоболот Абдумомуновдун эмгектик ишмердиги – Антон Павлович Чехов сыяктуу алгач өз кесиби боюнча фельдшерликтен башталган. Мына ушул кесиптеги гумандуулукту бийик даражада сактоо принциптери – чыгармачылык турмушунда да маанилүү фактор болуп, керектүү жерлерде сузуп алып турган башат болгон. Көрүнүктүү драматург Токтоболот Абдумомуновдун кыргыз элинин маданиятында ээлеген орду  чоң. Кыргыз улуттук драма театрын  бекеринен анын ысмы берилбеген. Токтоболот Абдумомунов атындагы мамлекеттик  сыйлык да татыктуу өнөр адамдарына берилип келет.

Токтоболот Абдумомуновдун бизге калтырган сабактары өтө көп. Аны биз искусствонун сабактары деп билебиз. Анын чыгармалары көрөрмандарды жана окурмандарды турмушту түшүнүүгө, талдай билүүгө үйрөтөт. Токтоболот Абдумомунов согуштан кийинки өлкөбүздү калыбына келтирүү мезгилинде активдүү чыгарма жаратып, чыгармаларындагы образдар аркылуу кайрымдуулукка, бири-бирине күйүмдүүлүккө үндөп, окурманды таасирлентип, сезимин козгоп, кан-жанына сиңирте алган. Анын алгачкы адабий чыгармачылык тушоосу 1940-жылдары кесилип, “Кумдуу чап”, “Замандаштар”, “Курман”, “Тар капчыгай” деген драмалары театрга коюла баштайт.Аны алгачкы көргөнүм эсиме келет. 1955-жыл. Куду бүгүнкүдөй жадырап жаз чыккан. Бир күнү эки-үч “чымындуу” студент балдар болуп, жазуучулар союзуна келип калдык. Жүрөктө чексиз толкундоо. Ананчы! Аалыкемди, Түкемди, Касыкемди, Темикемди сыртынан көргөнүбүздө эле катуу кубанып калаар элек. Чарчы бойлуу бир тармал чач агай тышка шашылыш түрдө чыкты да: “Келгиде, молдокелер. Оң жамбашыңар менен жаткансыңарбы, убагында келгениңер ырас болбодубу. Азыр талкуу башталат” – деди. Көрсө, ал жаштар секциясынын башчысы экен. Талкуу жүрүп жатты. Ийгилик менен кемчилигин ишенимдүү көрсөтүп жатышты. Драматург Т.Абдумомунов болсо, жаштардын пьесалары тууралуу сүйлөдү. Алардын арасында менин да чакан эки пьесам бар эле. Бирөөнүн сапатына жараша “көңүлдө” калтырып, экинчисин мактады. Эмнегедир ал кишинин жанына баруудан тартындым. Тереңинде жактырбай коёбу деген ойдо да болдум. Жок, ал негедир өзү менин жаныма келип, буга чейин деле жазуучу аттуудан укпаган жылуу, мээримдүү сөздөрдү бакылдап айтып жатты.

– О, тартынба. Антпей көп келип, жаз­ганыңды окутуп тур. Кеңеш беребиз. Биз деле алгачкы  пьесаларыбызды Касыкем менен  Ракеме К.Жантөшев менен Р.Шүкүрбеков артынан калбай, базарга да кошо ээрчип барып жүрүп окутуп, пикир укчубуз. Сен уялбай келип тур, – деди. Анан үйүнүн дарегин берди да сөзүн  улап:

– Чайды кызыл кайнатып, маңдайыбызга коюп олтуруп сүйлөшөбүз, – деп бакылдады. Агай менен далай жолугушууларым болду. Ал чыгармачылык жардамын көрсөтүп, кээде редакциялап да койчу. Бүткөн пьесаларым жер-жерлерге коюла баштады. Ал мени эми чоң пьеса жазгының, ал сенин колуңан келет деп шыктандырды. Мен демденип, бирге окуган калемдеш досторум сыяктуу эле катуу толкундана баштадым. Бүткөн пьесамды бир күнү ага бердим. Баягыдай жадырап-жайнап, ал-абалды сурап учурашуу менен колуна алды да: “Бир жумадан кийин кел. Ага чейин мен окуп коём, кенен-чонон олтуруп кызыл чайды жеңеңе баягыдай кайнаттырып коюп, шашпай сүйлөшөбүз”, – деди шакылдап. Мен макул деп, ичимден дагы ыраазычылык менен кайттым.

Жазуучулар союзунун короосунан университеттин жатаканасын көздөй баягы “чымындуулар” шалпаңдап келе жаттык. Сөз жазуучулардын жаштарга болгон мамилеси жөнүндө жүрдү. Алар (чоң жазуучулар) конторунан биздин жазган анча-мынча чыгармаларыбызга жакшы пикир айтып сындаса, биз алардын өздөрүн “сынга” ала баштачу болдук. Каникул бүтүп, кеч күз болуп калган. Мен дагы жөнөдүм агайдын үйүн көздөй. Бул сапар пьеса жөнүндө баса пикирин айтты. Калыс, жакшы талдоосуна ыраазы болдум. Билбегенимди айтканда көзүм ачыла түшкөнсүп жатты. Кетүүгө тышка чыктым. Кеч кирип, күн шатырап катуу жаап турган экен. Менин артымдан узатып чыккан Токуш агай: “Мен азыр”, - деп үйүнө жүгүрүп кирип, кайра ошол замат келип: “Мына бул плащты кийип ал, суу болосуң!” – деп үстүмө жапты. Чынын айтсам буга чейин мындай плащты кие элек мен шатыраган жаанды тоотпой жатаканамды көздөй  бактылуу кетип бара жаттым...Андан бери көп жылдар өтсө да күнү бүгүнкүдөй көз алдыга келет. Мына азыр залкар жазуучубуз Аалы Токомбаев “Өмүр бизден өтүп кетсе да, эл эмгектен эскерсин” дегениндей, Т.Абдумомуновдун 90 жылдык мааракеси өткөрүлүп жаткан учуру. Токтоболот Абдумомунов,  жогоруда анча-мынча гана көз менен көргөндөрдү “сүрөттөп” айтылгандай, адамгерчилиги бийик инсан болгон. Мына ушундай сапаттары менен, ички жан дүйнөсү социалисттик гуманизмге жык толгон терең жана басмырт, ачык-шайдоот жана боорукер, жаңы доордун жаңы адамдарынын толук кандуу образдарын ошо себептен түзө алды. Драматургдун өзүндөй кең пейил, улуу-кичүүгө бирдей адамгерчиликтүү каармандар анын пьесаларынан орун алган. Ооба, ошондой каармандарды көргөндө мен анын өзүнө салыштырам... Муну биз көп эле белгилүү адамдардын пикирлеринен угабыз. “Абийир кечирбейт”,  “Кремль театрынын сахнасында” деген макаласында көрүнүктүү театр таануучу, “Театр” журналынын башкы редактору Ю.Рыбаков мындай деп жазган: “Түрмөдөн кайтып келген Нурдин өч алуу жолуна түшпөстөн, чындыкты бардыгынан кымбат баалаган адам катарында иш жүргүзөт. Чындыкты  баарынан жогору баалап, аны табууга күчүн аябайт, “Абийир кечирбейт” спектакли менен кыргыз театры өзүнүн өнүгүшүндө туура жолдо тургандыгын, Т.Абдумомуновдун болсо театрдын алдында жаңы көркөмдүк милдеттерди койгон драматург экендигин көрсөттү”. (“Советтик Кыргызстан”, 16-март, 1965-жыл). Ушул эле пьесадагы Нурдин, Масадык эки достун бир топ перипетиялардан соң жолугушуу сценасын келтирип, советтик белгилүү адабиятчы И.Вишневская: “...Бул сцена мейли күтүлбөгөн жерден, мейли таң калаарлык, мейли күлкү келтирээрлик болсо да мында адамдардын жаңыча жорук-жосундары, жаңы мамилелердин өсүшү бар”, – деп жазат [25].

Совет Өкмөтү жаңы курулган кезде анын эл аралык принцибин белгилеп келип, В.И.Ленин мындай деген экен: “Биз эч нерсеге жана эч кимге чыккынчылык кылганыбыз жок, бир дагы калп айтканыбыз жана жаап-жашырганыбыз жок. Кырсыкка учураган дос­тун жана жолдоштун бирине да колдон келген жардам көрсөтүүдөн баш тартканыбыз жок...” (В.И.Ленин, 36-том, 80-бет). Лениндин бул осуятынан эмне деген кең пейилдүүлүктүн, жолдоштук камкордуктун, кыскасы, адамга тийиштүү бардык жакшы сапаттардын үлгүсүн көрүүгө болот [24].

Элементы народной киргизской драмы заложены в песнях-состязаниях акынов (айтышах), играх и обрядах. Пьесы на киргизском языке появились лишь после Октябрьской революции.

Кыргыз адабий сынынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири К.Бобулов драматургдун чыгармачылыгы тууралуу: “В конце 40-х годов драматурги Киргизии обращаются к созданию пьес на совр. темы: "Песчаное предгорье" (1947) об освоении природных богатств Республики и "Современники" (1948) о жизни и труде заводских рабочих Т. Абдумомунова. Преобразованиям киргизской деревни посвящено пьесы "Мой аил" Шукурбекова (1948), "Мы не те, что были" Маликова и Куттубаева (1951). В пьесах "Узкое ущелье" Абдумомунова (1953) и "Сердце бьётся" Маликова (1957) показан самоотверженный труд советских людей, теме бдительности посвящается пьеса А. Токомбаева "Следствие продолжается" (1962), о сов. молодёжи рассказывают пьесы "Расправляют крылья" Ш. Бейшеналиева (1953), "Дочь Атабека" Абдумомунова (1955). Драматурги Киргизии разрабатывают и историч. темы; события гражданской войны в Киргизии в первые годы Сов. власти отражают пьесы "На высокой земле" Маликова (1955), "Каныбек" Джантошева (1956); пьесы "Певец народа" Джантошева (1950) и "Мечта акына" Шукурбекова (1962) посв. великому кирг. акыну Токтогулу. В 60-е гг. появляются пьесы молодых драматургов: драма "Судьба отца" Б. Джакиева (1960) - о борьбе за мир, муз. комедия "Холостяки" Ш. Бейшеналиева (1960) - о передовой советской молодёжи, его же драма "Кычан" (1961) - о кирг. пионере, повторившем подвиг Павлика Морозова, и др. В 1963 Т. Абдумомунов написал драму "Обжалованию не подлежит", посв. вопросам морали. Кинодраматургия является основой репертуара киргизских профессиональных театров, а также театр самодеятельных коллективов республики” – деп ошол учурдагы автордун чыгармаларынын эл арасында жайылып, театрларда байма-бай коюлуп тургандыгын баса белгилейт [11]. Ал эми адабиятчы М.Тойбаев Т.Абдымомуновдун “Абийир кечирбейт” аттуу драмасын жаштар күтүү менен көрүшүп, андан этикалык-моралдык тарбия алгандыгын мындайча эскерет: “Үчүнчү ирет сахналаштырылган бул спектаклди Улуттук драма театрынын эң жаш актерлору ойношту. Достук, махабат, ишеним, кыянаттыктан улам талкаланган тагдыр. Мына ушуларды баяндаган “Абийир кечирбейт” чыгармасы жигиттин абактан чыгып, жанындагы аксакалга өз тагдырын баяндап берүүсү менен башталат. Чыгармадагы башкы каарман Нурдин кесиби боюнча дарыгер. Аны келечеги кең, кесипкөй адис деп эсептешет. Профессор наамын алам деп турган Нурдиндин жеке турмушу да өз нугунда өтүп жаткан. Анын сүйүктүү адамы Шайыргүл актриса, экөө үйлөнүү тоюна кам көрүп жүрүшөт. Нурдиндин эң жакын досу да бар. Ал - Масадык.
Нурдин Шайыргүлгө үйлөнүү камын көрүп жатканда агасы Нияз бузук салып, Шайыргүл Масадык менен көңүлү жакын деп, тойду токтотууга үндөйт:Москвада жүргөнүңдө Масадык менен Шайыргүл Кудайдын куттуу күнүндө сенин машинаңа түшүп алып, жоогазын терип кетишчү.
Аны Нияздын айтканы менен болгон 
Сейит аттуу айдоочусу тастыктап берет: - Нурдин мырза, сиз Москвада жүргөнүңүздө сиздин машинаңызда Шайыргүл менен Масадыкты тоого алып барып жүрдүм. Шайыргүл менен Масадык сиздин башыңызды аттап жүрдү. Кечириңиз, мен капканга түшүп калдым. Ошентип, той башталбай, Нурдин бушайман болуп турганда Масадык менен Шайыргүл Нурдинди издеп жүрүшөт:- Шайыргүл, сен конокторду кетирбей кармап тур. Мен Нурдинди таап келем.- Масадык, сен болбосоң менин көргөндөрүм эмне болор эле?- Шайыргүл, эсиңен эч чыгарбачы, мен сени менен өмүр бою биргемин, эсиңен чыгарба. Ачууга алдырган Нурдин тойдон баш тартып, жолун тоскон Масадыкты машинеси менен сүзүп кетет. Акыры беш жылга эркинен ажыратылат. Бакытын, достукту, сүйүүнү, келечегин ушак талкалаганына Нурдин беш жылдан кийин араң ишенбеске аргасыз болот. “Абийир кечирбейт” драмасы бул ирет өңчөй жаштар ойногондугу менен өзгөчөлөндү. Шайыргүлдүн ролун ойногон  Гүлнара Сатарова:
Бул менин биринчи ролум, биринчи чыгышым. Оор эле болду, бирок режиссердун жардамы менен ойнодум десем болот. Шайыргүлдүн ролун ойногон кыйын болду. Анткени мындай Шайыргүл жок да.
Ал эми Нурдиндин ролундагы 
Жеңишбек Исманов чын жүрөгүнөн ойногонун айтты:- Бир жеринде түрмөдө отурганда Шайыргүл келет эмеспи, ошол жери татаалырак, сөз сүйлөбөсөң да. Бирок мындай нерсе актерго керек. Негизи бул актердун иши да, ушуну менен нан табасың. Мен бул ролду чын жүрөгүм менен алдым, ушуга жеткирдим. Режиссерубуз Аман агай менен иштешип, ушуга жеткирдик. Спектаклдин бет ачаарына келген тажрыйбалуу актерлор, театр ишмерлери жаштардын дымагын жогору баалоо менен бирге, алдыда дагы көп иштөө милдети бар болгонун белгилешти. "Абийир кечирбейт" деген сыяктуу ушул абийирибиз тазардыбы? Абийирибиз кандай? Адам катары бири- бирине болгон көз карашыбыз кандай? Мына ушул суроо мени көптөн бери түйшөлтүп келет. Токтоболот Абдумомуновдун чыгармасына кайрылганым да ошол болду. Бүгүн коомубуз улам бир өзгөрүүлөргө, кубулуштарга кадам шилтеген сайын адамдардын бири бирине болгон мамилеси, сыйы бизден четтеп бара жатат. Негизи театр күйөрмандары ушундай спектаклдерди абдан сагынып калышканбы, айтор, театрга толгон көрүүчүлөр спектакль аяктагандан кийин да көпкө чейин кол чаап, чыгармачыл топту кетирбей турушту. Театр көрөрмандарын, көрөрмандар театрды сагынганын ушундан билиңиз - сахна гүлгө толуп турду [27].

Соңку мезгилде чыгып турган “Киргизская советская драматургия” аттуу гезитте “С 15 августа 2017 года в фойе Национальной библиотеки Кыргызской Республики имени А.Осмонова представлена книжно-иллюстративная выставка «Драматургия чебери» посвященная 95-летию со дня рождения народного писателя и общественного деятеля Кыргызской Республики, лауреата государственной премии им. Токтогула Токтоболота Абдумомунова. Творчество Токтоболота Абдумомунова – одна из самых ярких страниц современной кыргызской литературы. Вместе с зачинателями письменной национальной литературы ему посчастливилось быть у самых истоков профессиональной кыргызской драматургии, а затем он не жалел сил для ее дальнейшего развития. Уже герои его первых пьес о жизни рабочего класса “Куумду чал” и «Современник» сразу стали любимыми образами кыргызского зрителя и читателя. Последующие драматургические произведение «Борбаш», «Узкое ущелье», «Дочь Атабека» ознаменовали рост художественного мастерства писателя. Драматург стремился не просто изображать героев современности, людей труда, но и глубоко проникнуть в их сложный духовный мир, показать изображаемые характеры в динамике и росте.

В 1967 году за драмы «Любовь и надежда» и «Совесть не прощает» Т.Абдумомунов был удостоен звания лауреата Государственной премии им Токтогула. Перу драматурга принадлежат также пьесы «Малика», «Маширбек жениться», «Милые мои старики» и др.  Наиболее удачные пьесы драматурга, переведены на русский язык, языки народов СНГ и дальнего зарубежья, долгое время с успехом ставились на сценах театров. Так, например, пьеса «Обжалованию не подлежит» ставилась в сорока театрах Советского Союза, а пьеса «Узкое ущелье» шла на сцене Государственного академического театра им. Е.Вахтангова в Москве. Самобытность и многогранность дарования Т. Абдумомунова проявились также в создании ряда интересных прозаических произведений (Сборник очерков и рассказов «Хорошие люди», роман «Под голубым небом «, повесть «Джукеш»» и др).  На книжно-иллюстративной выставке представлены книги, газетные и журнальные статьи, иллюстрации, отражающие жизненный и творческий путь Т.Абдумомунова”- деген маанидеги көлөмдүү макала жарыяланган[14]. Мында Т.Абдымомуновдун 95 жылдыгына карата Республикалык деңгээлдеги иш-чаралардын уюштурулгандыгы, А.Осмонов атындагы китепканада белгиленгендиги жана театрларда бир нече чыгармалары коюлгандыгы ачык айтылган.

Биринчи бөлүмдү М.Тойбаевдин төмөнкү цитатасы менен аяктоону эп көрдүк: "Абийир кечирбейт" — адам абийири тууралуу, ушак-айыңдын айынан бузулган уя, кыйраган турмуш, талкаланган тагдыр жөнүндө баяндаган драмалык чыгарма. Ал адам жашоосундагы актуалдуу маселелерди козгоп, алардын өз ара мамилесин, сүйүүсүн, күрөшүн, достугун даңазалайт. Карама-каршы пикирлерди — сүйүү менен жек көрүүнү, ишеним менен чыккынчылыкты көрсөтүп берет. Драматург интеллигент жаштардын ички дүйнөсүн, психологиясын, нравалык, адамдык сапаттарын ачууга далалаттанат. Автор көбүнчө моралдык-этикалык тарапка басым жасаган. Драмада жаш врач Нурдиндин психологиясына кеңири анализ берилип, чыгарманын сюжети башкы каарман Нурдиндин кыймыл-аракетине, кылык-жоруктарына, психологиялык толгонууларына тыгыз байланыштуу өнүгөт. Ошону менен катар дарыгерлер Масадык, Нияз, актриса Шайыргүлдөрдүн ички дүйнөлөрү талданат [6].





I I Бап. Кыргыз адабиятын (драма жанрындагы чыгармаларды) окутуунун методологиялык негиздери


Азыркы күндөгү билим берүү процессинде инновациячыл мугалимдин ишмердүүлүгү башкы орунда турат. Прогрессивдүү коомдун өнүгүшүндөгү мугалимдин жаңы технологиялар менен окутуусу, ишке болгон жогорку чыгармачыл жөндөмдүүлүгү, билиминин жогорку деңгээли, жаңычыл көз карашы, окутуудагы жана тарбиялоодогу алдынкы тажрыйбасы, коммуникативдик, маалымат технологияларды жогорку деъгээлде өздөштүрүүсү, окуу процессин жаъы чыгармачыл багыттар менен уюштурушу аркылуу инновациялык ишмердүүлүгү көрүнөт. Окутуу-тарбиялоо процессинде колдонулган методикалар жана аларды колдонуу ыкмалары, алардын мааниси, түрлөрү тууралуу педагогика илиминде окумуштуулардын бир катар теориялык аныктамалары белгилүү. Азыркы учурда бизге тааныш салттуу методдор менен интерактивдүү методдордун окутуу процессинде колдонуудагы берген натыйжасы алгылыктуу болуп келет. Прогрессивдүү коомдогу педагогика тармагына чет элдик педагогикалык ойлордун келип кириши да маанилүү. «Чыныгы мугалим пландоо, үйрөтүү-үйрөнүү процессинде окуучунун көптөгөн талаптарын эске алуу менен, окууда каалаган өзгөрүүлөрдү жарата алат. Эң маанилүүсү - окуучу «өмүр бою» үйрөнүүнүн маанисин түшүнөт. Коомдо ийгиликке жете алуунун, күрөшө билүүнүн жана илгерилей алуунун жалгыз жолу - окууну иш жүзүнө ашыра билүү экендигин аңдайт. Анык мугалим окуучуну аракеттеринде адат болуп калуучу жана каалаган өзгөрүүлөрдүн жүзөгө ашышы үчүн керектүү болгон процессти иш борборуна коёт», - деп жазышат түрк педагогдору Сервет Өздемир жана Х.Ибрахим Ялын [14.24 ].

Бул окумуштуулар мугалимдин мектеп чөйрөсүндөгү ролу, тиешелүү сапаттары, милдеттери, окуу процессин уюштуруу ишмердүүлүктөрүн, жаъычыл мугалимге мүнөздүү талаптарды ачып беришкен. Ошондой эле педагогика илиминин теориясында аныкталган таасирдүү мугалимдин кесиптик өзгөчөлүктөрүн көрсөтүшкөн. Анын шыктандырүүчу жана стимул берүүчү сапаттарга ээ болушу керектигин, сабакта демократиялуу атмосфера түзө билүүсү, окуучуларга жакын мамиле түзө билүү, инсандыгы, окуучуга берген маалыматы, билими, кыймыл-аракети, ишмердүүлүгү, оптимисттик көз карашта болуусу ийгиликке жетүүгө ишенимин, чоң үмщттө болуусун белгилешип: «Таасирдүү мугалими өз предмет тармагында устат, өзүнө ишенген, салмактуу сүйлөгөн, кесибине ылайык жана кесиптик компетенциясын дайыма өнүктүрүүгө аракет кылган мугалим» - деп белгилешкен. Жогоруда белгиленгендей, мугалимдин окутуу процессиндеги окуучуга таасирдүүлүгүн, максатын жүзөгө ашыруудагы изденүүсүн жаъычыл мугалимдин ишмердүүлүгү катары кароого болот.

Адабият сабагын окутуу өзүнчө чыгармачылык менен окутуучу усулдарды талап кылат. Ошондой эле жогорудагы түрк окумуштууларынын эмгегинде окутуу чөйрөсүндө окуучулардын кызыгуусун ойготкон жана муну жүзөгө ашыра алуунун сыры окуучулардын сабакка активдуү катышуусун камсыз кылууда экендигин көрсөткөн адабиятты түшүндүрүүчү төмөнкүдөй окутуудагы ыкмаларды сунушташат:

  • көрүү-угуу материалдарын колдонуу;

  • окуучулардын чечкиндүүлүк сезимдерин алардын суроо берүүгө үйрөтүү менен калыптандыруу;

  • конспектилөө ишине жол көрсөтүү;

  • дискуссияга стимул берүү;

  • окуучулардын ой жүгүртүүлөрүн ачыкка чыгаруу максатында жазуу түрүндө активдүү катышуу;

  • ролдорду аткаруу же окшоштурма техникаларын колдонуу;

  • маселе чечүү сабагын уюштуруу;

  • инсандын эргүү учурун пайдалануу; - жардамчы материалдарды даярдоо;

  • формаланбаган тесттерди пайдалануу;

  • багытталган угуу ишмердүүлүгүнө стимул берүү; - түшүнүк схемасын жаратуу;

  • «үйрөндүм» жана «кызыгуудамын» сөздөрүн окуучулар тарабынан колдонуу.

Кошумча эмгектерге багыт берүү сыяктуу ыкмаларды көрсөтүшкөн. Жогорудагы сунушталган ыкмалардын бардыгын азыркы учурда интерактивдүү методдун турдүү стратегиялары менен мугалимдер сабактарында пайдаланышат. Бизге белгилүү болгондой, учурда Кыргызстандагы билим берүү системасында орто мектептерде окутуу процессинде кеңири колдонулуп, өздөштүрүлгөн ыкмалар болуп саналат. «Билим берүү - бул инсандын өз өмүрүнүн агымы, активдүү аракети аркылуу жашоо үчүн зарыл жана жетиштүү билимдерди жана жүрүм-турумдарды, көндүмдөрдү өздөштүрүү процесси. Билим берүүнүн өзөк мазмунун өздөштүрүлүүчү жүрүш-туруш ишмердүүлүк түшүнүктөрү түзөт. Адам баласы өмүр бою түрдүү ишмердүүлүк тажрыйбасын үзгүлтүксүз өздөштүрүү аракетинде болот. Аларды төмөнкүдөй үч тармакка болүп кароого болот:

- таанымдык тармак (маалымат иштетүү менен байланыштуу акыл-эс же ойлом ишмердүүлугү);

- туюмдук тармак (жекече-кулк мүнөз, ышкы, жугумдуу же сүймөнчүк болуу, чөйрөнү таза сактоо ж.б. менен байланыштуу көндүмдөр);

- кыймылчыл же психомотордук тармак (шык-жөндөм жана курал-жабдыктарды колдонуу, музыкалык аспапта ойноо, чабандестик, уздук, устачылыкка байланыштуу ишмердүүлүк)» [25.143].

Бул адам баласына таандык ишмердүүлүктөрдө белгиленгендей, жеке инсан катары ошол ишмердүүлүктөрдү алып жүргөн, чыгармачылык менен практикада колдоно алган мугалимдин өзгөчөлүгүн аныктоого болот. Ал эми мугалимдин инновациялык ишмердүүлүгүн окутуу прцессиндеги тажрыйбасына ылайык ошол жөндөмдөрүн түрдүү ыкма менен сабагында колдоно алгандыгын көрүүгө болот. Окутуу процессин окуучунун өзүнүн активдүү аракетинин негизинде, майнаптуу, натыйжалуу үйрөнүшүнө ылайык уюштура алган, ага үйрөнүүнүн жолдорун көрсөтүп, өзүн-өзү өркүндөшүн камсыз кылган, окуучулардын жеке өзгөчөлүгүн эске алган, чыгармачыл иш-аракеттерди аткарган мугалим өзүнүн ишмердүүлүгүн көргөзө алат. Учурда педагогика илиминин тармагына этнопедагогика маселеси жана бул терминдин кириши, ошону менен катар этномаданият терминдердин кириши жаъы көз караш, окутуудагы жаъы багытты жаратууда. Элдик педагогика деп элдин жашоо тиричилигинин тартибине сакталган, элдик оозеки чыгармачылыкта, салт-санааларда, үрп-адаттарда, балдар оюндарында ж.б. чагылдырылган педагогикалык маалыматтардын, билимдердин жана тарбия берүү тажрыйбаларынын жыйындысын түшүнүүгө болот. Элдик педагогика элдин миңдеген жылдык тажрыйбасында иштелип чыккан жана бүгүнку күнгө чейин турмуш-тиричилигинде колдонулуп жаткан педагогикалык маданиятын изилдейт. Учурда илим-менен техниканын, маалымат каражаттарынын, коомдун прогрессивдүү өсүшүндө жаштардын аъ-сезиминин, адеп-ахлак, жүрүм-турум нормаларынын өзгөрүшү, кызыгууларынын өзгөрүшү, билим алууга болгон ынтызарлыгынын өзгөрүшү ар кандай маселелерди жаратууда [12] .

Илгертеден элдин элдүүлүгүнүн сакталышы анын түпкү маданиятын кастарлап, баалап келгендиги менен мүнөздөлөт. Элдик акылман нуска ойлор, таалим-тарбиялык мүнөздөгү оозеки чыгармалар, элдик адеп эрежелери, адамдык асыл сапаттар, түпкү элдик маданият, эне тил ата-бабаларыбыздан сакталып келе жаткан руханий улуу баалуулуктар болуп саналат. Учурда келечек муунду тарбиялоодо элдик маданияттын баалуулугун үйрөтүү менен балдардын жан дүйнөсүнө сиңирүү ар бир элдин элдүүлүгүнүн сакталышына, анын өркүндөп-өнүгүшүнө алып келет. Этнопедагогика, этномаданият тармагында илимий иликтөөлөр жүргүзгөн бир катар окумуштуулар белгилүү. Бирок ошого карабастан, этномаданият түшүнүгү 21-кылымдагы кызыгуу жаратып жаткан жаъы илимий тармак болуп саналат. Ал эми педагогика илиминде окутуу процессинде этнопедагогика багытында билим берүү, окуучулардын этномаданий компетенцияларын өркүндөтүү иши жаңы багыт болуп саналат. Бүгүнкү күндөгү жаңычыл мугалим катары инновациялык ишмердүүлүгү мына ушул этнопедагогика багытындагы окуучулардын этномаданий компетенцияларын өнүктүрүү максатында уюштурулган сабагы, мугалимдин чыгармачыл түрдүү ыкмаларды колдонуусу болуп эсептелет деп айтсак, жанылышпайбыз. Окуучулардын бизге окуптаанып билүүчүлүк, коммуникативдүү, чыгармачыл ж.б. компетенттүүлүктөрү белгилүү.Ошол компетенттүүлүктөрү менен катар этномаданий компетенциясын өнүктүрүү маселесин адабият сабагын окутууда мугалимдин ар кандай чыгармачыл ишмердүүлүгүнөн көрүүгө болот. Ошондой эле: «Ар кандай продуктуларды иштетүүдө адамдын чыгармачылык мүмкүнчүлүгү негизги өндүрүмдүү күчкө айланат дагы, инсандын өзүн-өзү жаратуучулук, өзүн-өзү өнүктүрүүчүлүк, өзүн-өзү уюштуруучулук сапаттары бааланат жана анын натыйжасында, инсандын инновациялык ишмердүүлүгү күч алат» [8,26]-деп Н.Асипова белгилегендей, мугалим адабият сабагын окутууда методдорду колдонуу өзгөчөлүгүн менен түрдүү чыгармачыл ыкмаларды жаратууга болот.

«Метод - бул объективдүү жана субъективдүү бөлүктөргө ээ болгон, анын натыйжалуулугу эки бөлүктүн эриш-аркак, карым-катышта аракеттенүүсү менен шартталган белгилүү бир максатка жетүү процессиндеги мугалим менен окуучунун ишаракеттери, биргелешкен ишмердүүлүктүн ыгы, жолу» [8]. Бизге белгилүү болгон адабиятты окутуунун лекциялык, адабий аңгеме методу, доклад жана сочинение методдору бар. Педагог Кудряшевдин чыгармачылык окуу жана чыгармачылык тапшырмалар методу, эвристикалык метод, изилдөөчүлүк метод, баяндоо (репродуктивдик-чыгармачыл) методдору тууралуу аныктамалары белгилүү. Соңку учурда адамзат улам жаңы илим жана техникага көбүрөөк туш келип, замандын агымы инсандар ортосундагы бетме-бет мамилени алыстатып, компьютер, телевизор, видео менен жакындаткан сайын адамдардын рухий дүйнөсүндө жакырчылык көбүрөөк байкалып жаткандыгы кайра-кайра айтылууда. Адамдар өзүнүн улуттук маданиятын, өткөндөн келе жаткан салттарын, кылымдар бою түзүлүп, калыптанып, элди тарбиялап келген нускалуу дөөлөттөрүн жогору коюшу керек. Мына ошол процессте жаштарды окутууда, тарбиялоодо, улам кеңири майданда каптап келе жаткан массалык маданияттын курмандыгы болуп кетпеш үчүн мектепте үйрөнүлүүчү адабият сабагынын ролу өзгөчө чоң.

Бүгүнкү күндө кыргыз улуту кандайдыр бир дүйнөлүк шериктештикке

кирип, алыс-жакын элдердин оң-терс жактарын өздөрүнө ылгап да, иргебей

да алып жатса, ошол эле кезде бул багытта алар ар кандай идеологиялардын, саясий, диний агымдардын "чабуулуна" туш келишүүдө. Мындай учурда мурдагы кеңеш мезгилдегидей күчтүү идеология болбосо, азыркы жаштардын аң-сезиминдеги боштукту башкалар «толтуруп», аларды ар кандай жолго тартып кетиши мүмкүн. Ушундай чакта кыргыз элинин этникалык тарбиялоо салттары жана улуттук маданияты, анын ичинде эне тили, адабияты өз милдетин өтөлгөлүү өтөп бере алчу күчкө ээ. Рухий көрөңгөнү окуучунун жүрөгүндө, дилинде түнөтүү үчүн сөз өнөрүн мурдагыдай шаблондуу жол менен окута бербей, аны азыркы учурда дүйнөлүк дидактика, педагогика, психология, логика, филология, эстетика,

этнопедагогика сунуш кылган, мектеп практикасында тастыктоодон өткөн

интерактивдүү методдор аркылуу үйрөтүү, тарбиялоо зарыл. Эң башкысы

кыргыз окуучусунун менталитетине жана психологиясына алгылыктуу,

жугумдуу технологиялар менен окутуу процессин уюштуруу мезгил талабы

болуп эсептелет.

Кыргыз адабиятын окутууда акын-жазуучулардын өмүр жолун окутуу, лирикалык чыгармаларды окутуу, поэмаларды, романдарды, ыр менен жазылган романдарды, повесттерди, драмалык чыгармаларды окутуунун жолдору тууралуу педагог Б.Алымов өзүнүн эмгегинде көрсөтүп кеткен [3]. Адабият жанрындагы эпикалык, лирикалык, драмалык чыгармаларды окутуунун көптөгөн жол-жоболору бар. Азыркы күндө фольклордук чыгармаларды, адабий чыгармаларды интерактивдүү методдун түрдүү стратегиялары менен окутууга болот. «Адабият мугалиминин милдети жеке гана окуучулардын эмоциясына таасир этүү эмес, ошону менен бирге эле адабий маселелерди өз алдыларынча чече билүүгө, адабий фактыларды жаъы кырдаалдарга карата колдоно билүүгө, окуучунун жалпы маданиятын жана көркөм чыгарманы талдай билүүгө үйрөтүү болуп саналат» - деп окумуштуу К.Иманалиев белгилеп өткөндөй, адабиятчы мугалим сабагында көркөм чыгарманы талдай билүүгө үйрөтүү менен бирге, анын этномаданий компетенциясын өнүтүрүүчү максаттагы, анын ичиндеги чечендикке, көркөм сөз байлыгын өстүрүүгө, элдик музыканы сүйүүгө, сүрөтчүлүк, ролдорду аткаруучулук, элдик этикет, элдик аң-сезимди баалоого үйрөтүүдө, түшүндүрүүдө окуучунун жан дүйнөсүн калыптандырууга багытталган ар кандай формадагы, типтеги сабактарды уюштурууга болот. Окуучулардын активдүүлүгүн, кызыгуусун, чыгармачыл эргүүсүн жараткан сабактын чыгармачылык этабында колдонулган методдор аркылуу окуучулардын этномаданий компетенциясын өнүктүрүү максатын алып чыгууга болот. Драмалык чыгармалардын эстетикалык ыракат тартууларын сезүү менен адеп-ахлак мамиле, достук, сүйүү мамилени алып чыгууда чыгармачылыкты, аткаруучулук жөндөмдүүлүктү арттыруу менен маданиятка тарбиялоо максаты ишке ашат. Аталган жанрды окутуунун ыкмаларын колдонуу азыркы педагогикада белгиленип келгендей, көп кырдуу зээн теориясына дал келет.

Педагог Ховард Гарднер тарабынан адабий чыгармаларды окутуу боюнча «Көп кырдуу зээн” теориясы 1983-жылы изилденип чыккан. Бул теорияга ылайык, адамдын акыл-парасаты, зээни, сөз өнөрү, эсептөө жөндөмдөрү менен эле чектелбестен, ага кошумча жана аны менен чогуу өзгөчөлүктү ичине камтый тургандыгы белгиленет. Теориянын максаты - адамдын көп кырдуу иштерди аткарууга жөндөмдүү экендигин бекемдөө. Мында жеке адамдын кайталангыс нарк-насили, анын жөндөм мүмкүнчүлүктөрүн терең аңдап-таануу керектиги жана ага шайкеш шарт түзүлгөн учурда үйрөнүү процессинин натыйжалуулугу дагы артары алдыңкы планга чыгат. Анда зээндин түрлөрү төмнкүдөй белгиленет:

- тилдик зээн - (көркөм сөз чеберлери);

- музыкалык зээн

- (музыканы кабылдаган, туя, билгендер, аспаптарда ойногондор, музыканттар ж.б);

- (эсептей билүүчүлөр);

- көрө билгичтик зээн

- (дүйнөнү туура кабылдоо, сүрөттөрдү туура көрүп баамдоо);

- психомотордук зээн

- (спорт жана ритмика жаатындагы оюндарга жөндөмдүү);

- инсандар аралык алака-катыш зээни

- (саясатчылар, мугалимдер, тейлөө жаатындагы адамдар);

- жеке өзүнчөлүк зээни

- (өзүн-өзү башкара билген, ар кандай ишти акыл парасат менен ийкемдүү жүзөгө ашырган адамдар);

- табийгый зээн - табият менен байланыш, кызыгуу;

- бар болуу зээни - (философтор.)

«Кыргыздар табийгый акыл жөндөмдү «дээр», дээринен бүткөн акыл дейт. Ал булактын көзүндөй тунук, акыл тубаса зирек, зээндүү адам өзүнүн акыл көрөңгөсүн ар тараптан өркүндөтсө, кол жеткис бийик сапаттарга ээ боло тургандыгы талашсыз чындык. Адамдын тубаса акыл-эс жөндөмү билим, окуу, үйрөнүү, үлгү сыяктуу жолдор менен ёркщндёйт» - деп жазат. Сабакта мугалимдин да окуучунун да табийгый жөндөмүн ар тараптан өнүктүрүү максатындагы чыгармачылыкка багытталган, эргүү абалды жараткан ыкмалар биргелешкен ишмердүүлщктү негиздейт. Мугалимдин жана окуучунун табийгый жөндөмү, шыгы чыгармачыл сабактын уюштурулушу менен өркүндөйт.

Сабакта окуучулар менен бирдикте мугалим да чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн пайдаланып, эгер мугалим Ырчы болсо, топтогулар Сүрөтчүлөр, актерлор, изилдөөчүлөр сыяктуу аталыштагы иштерди уюштуруп, сабактын чыгармачылык этабын чыгармачылык эргүү абалына алып келүүгө болот. Инновациялык технологияларды жайылтууну алдыкы планга алып чыгуу менен чыгармачыл жүзүн көрсөткөн мугалимдин ишмердүүлүгү кеъеет. Эң негизгиси, көп кырдуу зээн теориясын пайдалануу менен окуучулардын этномаданий компетенциясын өнүктүрүү максатындагы улуттук аспапты, ырларды сүйүү аларды аткаруу, сүрөтчүлүк, актерлук, чечендик өндүү тубаса акыл-эсинде камтылган шык-жөндөмдөрүн алып чыгууга болот.

2.1. Драмалык чыгармаларды үйрөтүүдө көркөм окутуунун мааниси

Драма (гр. – аракет) – сахнага коюуга ылайыкталып жазылган чыгарма, өзүнчө бир адабиятын теги. Ал байыркы грек адабиятында пайда болуп, ушул күнгө чейин жашап келе жатат. Драмалык чыгармаларда окуя каармандардын речинде гана өнүгөт, мында прозадагыдай автордук баяндоо жок, каармандын кыймыл-аракетинин мотиви жашыруун, алардын ачык жана купуя сырлар, ички сезимдери менен жан дүйнөсү монолог, диалог, реплика, жаңсоо мимикаларында берилет. Драма: комедия, трагедия, драма болуп үч жанрга бөлүнөт. Окумуштуу-методисттердин арасында драмалык чыгарма сахнада гана жашайт, аны окуу аркылуу угарманга жеткирүү мүмкүн эмес деген пикирди жактоочулар бар. Ал эми экинчи тараптагылар: окуучу драманын текстин окуп жатканда аны кыялында болсо да көргөндөй болот, аздыр-көптүр өзүн аткаруучу катары сезет да тигил, же бул каармандын кулк-мүнөзүн, ой өрүшүн, көңүл жайын тереңирээк өздөштүрөт деген жыйынтыкка келишет. Драмалык чыгармаларды окуп-үйрөнүүдөгү негизги маселелердин бири – драмалык кепти көркөм окуу маселеси. Тилекке каршы, көркөм окуу жөнүндөгү маселе эмдигиче драмалык чыгармаларды окуу менен өтө сейрек байланыштырылып келатат. Драмалык кеп – өзүнүн табияты, милдети боюнча үн чыгарып окууга (айтууга) негизделген тике оозеки кеп. Ал адаттан тыш аракетке ээ. “Көркөм сөз – жазуучу үчүн драманын сюжетин өнүктүрүүчү бирден-бир каражат. Пьесада баары сөздүн жардамы менен ишке ашат”, – деп жазат В. Успенский “Драматургиянын тили жөнүндө кабар” деген макаласында. Ошондуктан пьеса тексттин оозеки айтылышын, сөздүн үндүк интонациялык мүмкүнчүлүктөрү менен байышын, речтин темпи менен ритминин айкалышын, көркөм окуунун сөздөн башка каражаттарынын ишке киришин талап кылат. Тажрыйбалуу окурман үчүн драманын текстин добуштуу окуу окуу процессинде ишке ашат, бирок окутуу шартында бул өтө татаал, дароо эле калыптана койбойт. Драмалык чыгарма, сөзсүз, үн чыгарып окулушу керек. Пьесаны үн чыгарып окуу ансыз окуучуларга автордук ойду жана конфликтини түшүнүүгө, окуунун атайын ыкмаларына ээ болууга мүмкүн болбогон, драмалык окуя менен драмалык мүнөздөрдүн турмуштук чындыгын, маанилүүлүгүн, татаалдыгын көрсөтмөлүү демонстрациялаган талдоонун биринчи этабы, болгондо да, зарыл этабы болуп саналат. Драмалык чыгармаларды көрктүү окууда бир топ туруктуу ыкма – мугалимдин окуусу. Мугалим тарабынан окулган татаал драмалык тексттер окуучулардын тексттин үстүндө аналитикалык иштөөлөрүн жеңилдетип, көркөмдүк-идеялык бүтүндүктө кабыл алынат. Пьесаны ролдор боюнча окуу – кеңири тараган ыкма. Бирок мындай окуу эгер мугалим аны драмалык чыгарма менен таанышуунун биринчи этабында колдонсо, өтө сейрек натыйжа алып келет. Ролдор боюнча окутууда ролдорду бөлүштүрүү да окуучуларды олуттуу даярданууга мажбурлай албайт, себеби маселе көрктүү окуунун техникасында деп түшүнүп, өзүнө ишенет. Натыйжада толук оңунан чыкпай, пьеса жаңырбайт. Yчүнчү, абдан сейрек кездешүүчү ыкма – бир нече каармандар катышкан сценаны бир окуучунун (чтецтин) окуусу. Окуунун бул түрү окууга олуттуу мамиле менен даярдык көрүүгө мажбурлайт жана окуучуларга каармандардын мүнөздөрүн, конфликттүү кагылышуулардын маңызын туура түшүнүүгө мүмкүндүк берет. Мындай окуу кыска сценканы окутуп, андан кийин анын бүтүндөй чыгарма менен карымкатышын талдоо, анын композициялык маанисин баалоого сунушталган учурда окуучулардын билимин текшерүүдө oң натыйжа берет.

Жогоруда аталган көркөм окуунун ыкмаларынын баалуулугун түшүнүү үчүн драмалык кепти мүнөздөй билүү керек. Мында биз сценада жаңырган сөзгө кайрылабыз, дал ошол “сөз аркылуу пьесанын сюжети жана конфликти ачылат; “спектаклдин режиссерунун ою ишке ашат”. Албетте, класстын шартында ролду ойноонун бардык этабын ишке ашыра албайбыз, буга зарылчылык да жок. Актердук аткаруу менен мектептик ролдор боюнча окуу эки башка нерсе. Сөз драмалык текстти көркөм кабыл алууда пьесанын образдарын өзүнчө добушка ээ кылуу, драмалык текстти образдуу, көрктүү кабыл алууну өркүндөтүүнүн методикалык жолу катары экендиги жөнүндө болуп жатат.

Адабият мугалими, баарыдан мурда, өзү көрктүү окуунун теориясын жакшы билип, практикада аны иштей алгыдай болушу керек. Мугалимдин окуучуларга класста көркөм окуусу алардын эмоциясын, эстетикалык сезимин ойготууга жардам берет. Окуучулардын көркөм окуунун техникасын өздөштүрүүлөрүнө мүмкүнчүлүк түзөт. Ошондуктан окуучуларды класста үн кубултуп көрктүү окууга адаттандырууда мугалимге зор роль таандык. Класста үн кубултуп көрктүү окуу – текст менен болгон жумуштардын эң маанилүү бөлүктөрүнүн бири. Көркөм окуунун башкы максаттарынын бири – окуу аркылуу угуучуга таасир калтыруу, ойлонууга багыт берүү, окуп жаткан текстти окуп жаткан адам кандай түшүнсө, угуучунун да ошондой түшүнүүсүнө жетишүү болуп эсептелет. Текстти көркөм окуу ичтен окуунун кандайынан болсо да, артыкчылык кылат. Ал чыгарманын эң жакшы жактарын угуучуга жеткирет. Аны жеткириш үчүн ошол текстти окуучу абалы мурун өзү түшүнүүгө милдеттүү. Ошондуктан көркөм окуунун өзү эле окуучунун чыгарманы түшүнүшүнө, талдай билишине мүмкүнчүлүк түзөт. Текстти көркөм окуу аркылуу окуучунун аны үйрөнө билишине жетиштире алабыз. Көркөм чыгарманын таасирдүүлүгү окуучунун сезимине көркөм окуу аркылуу гана жетет.

Натыйжада, окуучу өзү көркөм текстти талдай билүүгө, аны түшүнүп, баа бере билүүгө жетишет. Ролдорду бөлүштүрүүдө мугалим төмөнкүлөрдү эске алат: Мугалим өзү окуучулардын жөндөмдүүлүктөрүн эске алып, каармандардын образдарын бөлүштүрүп берет. Тандалып алынган ар бир эпизод окутуучу тарабынан реставрацияланып, сюжеттин жүрүшүндө маанилүү роль ойногон диалогдор гана окуучуларга жатка көрктүү окуп келүүгө тапшырма берилет. Кимдин кебин ким окуй тургандыгы белгилүү болгондон кийин, ар бир окуучу-каарман менен жекече аңгемелешип, консультациялар берүү керек. Кыскасы, сахнадан көрүү, комментарийлөө жана ролдорго бөлүштүрүп окуу, радиодон угуу, сахнада актерлор сыяктуу аткарып көрүү, каармандардын тилине кыймыл-аракетине, монолог, диалогдоруна көңүл буруу – драмалык чыгармаларды көркөм окууда аткарылуучу негизги жумуштар. Конфликт – драмалык чыгарманын жаны, “драмалык кыймылдын” өнүгүшүнүн башкы күчү, пружинасы. Окуяларды бири-бирине кынаптап, окурманды пьеса менен, спектаклди көрүүчү менен байланыштырып турган нерсе – конфликт [11.13].

Демек, драмалык чыгарманы көркөм окууда конфликтик жагдайды таап, ага басым жасап, ошол элизоддорду ачып берүүгө аракет жасоо керек. Мис: Нурдин менен Масдыктын ортосундагы конфликттин келип чыгышы.

Драмаларды көркөм окууда анын (чыгарманын) жанры сөзсүз эске алынат. Комедияларды окуу менен трагедиялык чыгармаларды окуу трагедиялык чыгармаларды окуунун айырмачылыгы өтө чоң комедияларды көркөм окууда кыймыл-аракет өтө эркин болуу, мимика мазмунга жараша күлкүлүү, шайыр болуп, үндөрдөн шаңдуулук, көңүлдүүлүк сезилип туруу керек. Трагедиялык чыгармаларда тескерисинче, үндө сабаттуулук, олуттуулук, кайгыруунун оттеноктору берилип, маанай пас болот, кыймыл-аракет да чектелүү келип, мимика да мазмунга жараша өзгөрүп турат. Драмалык чыгармаларды ролдоштуруп окуу өтө натыйжалуу болот. Мында каармандын өзгөчөлүгүнө жараша үндөр, кыймылдар, тандалып алынат. Ар бир окуп жаткан адам ошол каарманды жаратууга аракет жасайт. Драмалык чыгармалар кара сөз түрүндө да, ыр түрүндө да жазылат. Текстти окуу учурунда төмөнкүдөй талаптарды коюу зарыл:



Драмалык чыгармаларды окутуудадагы талаптар

1

Кандай сүйлөсөң (үнүңдү өзгөртпөй, жасалма эмес) так ошондой оку

2

Текстти окуп жатканда тыныш белгилерин сактай бил;


3

Чыгармадагы каармандын айткандарын окуганда өз үнүң менен эмес, ошол каарманды кандай элестетсең ошондой кылып оку


4

Окуп жаткан окуяга карата үнүңдү бийиктете да, акырындата да бил


5

Сөздөрдү так жана даана оку


6

Тексттеги окуяны көз алдыңа элестете бил;


7

Каармандардын өңү-түсүн, кийим-кечесин элестетип оку.

8

Класста бардык окуучуларга угулгандай кылып, уккулуктуу үн менен окуу.



2.2. Драмалык чыгармаларды окутуу боюнча сабактын иштелмеси

Сабак-сахна

Сабактын темасы: «Абийир кечирбейт» – психологиялык драмасындагы “адамкерчилик” маселелсинин чечилиши

Сабактын максаты:

1. Билим берүүчүлүк:

Драма аркылуу окуучулардын кыргыз тарыхы, тарыхый инсандар ата-бабалардын маданий дөөлөтү туурасындагы түшүнүгүн бекемдөө. Бузукулардын залалдары, башкаларга тийгизген таасирлери, турмушта кездешкен бул багыттагы маселелерде жаштарды азыр болууга чакыруу.

2. Өркүндөтүүчүлүк:

Интерактвдүү ыкмаларды пайдалануу менен алган билимдерин өнүктүрүү. Окуучулардын аӊ-сезимин, логикалык ойлоосун өстүрүү. Адамдагы моралдык-этикалык адеп-ахлактык касиеттерди айрымалоого жетишүү.

3. Тарбия берүүчүлүк:

Адептүүлүккө, жоопкерчиликтүүлүккө, достукка бекем болууга, чынчылдыкка, эрктүүлүккө, патриоттуулукка, ыймандуулукка тарбиялоо.

Сабактын жабдылышы: Сүрөттөр, ватман, маркерлер, окуу-методикалык китептер, сөздүктөр, карточкалар, А-4 кагазына чыгарылып көбөйтүлгөн нускалары.

Сабактын тиби: Сабак-сахна

Сабактын жүрүшү:

  • Уюштуруу

  • Жаны сабак:

  • Чакыруу этабы:

  1. Т.Абдымомунов деген ким?

  2. Драма дегенди кандай түшүнөсүнөр?

  3. Адабияттын тек, жанрлары тууралуу эмне билесинер?

  • Ойлонуу этабы:

Окуучуларга дептерлерине жогоруда аталган суроолордун тегерегинде 5 мүнөттүк эссе жазуу сунушталат.

  • Түшүнүү:

  1. Кошуналары менен жазган эсселерин талкуулашат.

  2. Окуучуларга мурдатан даярдалган драмадан алынган үзүндү таратылат, окуп чыгуу сунушталат:

Даярдалган текст: Окуучулар топ-топторго бөлүштүрүлөт. Мында окуучулар драманы ролдоштуруп окушат. Тексттер мазмунуна карата темаларга бөлүштүрүү тапшырмасы берилет. Драмадагы чакан үзүндүлөрдү макал-лакап аркылуу жыйынтыктоо тапшырмасы берилет.

1-топ:

К а р ы я. Доктурсунбу, уулум?

Ну р д и н . Ооба. Көзгө көрүнбөгөн микроб менен күрөшүп жүрүп, микробдон да коркунучтуу адамдардын бар экенин байкабаптырмын!

К а р ы я. Душманы жок да адам болчу беле!

Ну р д и н . Жүрөгүмдүн толтосун кыйып, шыйбылчагымды чаккан душманым болгон жок... көзүмдүн карегиндей көргөн эң жакын досум болду!.. (кейиштүү күрсүнүп) Досум!..

К а р ы я , Ал үйүң күйгүр, үстүңдөн ушак айтып, жалаа жапкан го дейм, болгондо?..

Н у р д и н. Жок, мени сотгогондо... адилет соттошту... мен аны машинам менен тепсетип кеттим! •

К а р ы я. Өлтүрүп койгон турбайсыңбы?

Нурдин. Угушумда, тирүү калган имиш. (Башын жерге салат). Карыя. Кыябы, жаман иш кылган көрүнөт анын. Жаныңа батса керек!.. Ошентсе да бетке айткандын заары жок... акылыңды ачууңа бийлеткениң чеки болуптур, уулум!

Н у р д н н. Таап айттыңыз. Ачууга бийлетип, жаман жорукка берилгенимди кийин түшүнүп, кийин өкүнүп калдым!.. (кайрадан даракка барып сүйөнөт) Нечен жыл бою мени кыйнаган бнр гана суроо болду. Өзүндүн бейтаалай болушуна, балким, сен өзүң айыптуудурсун, Нурднн, деп өзүмдү өзүм кысымга алып, жооп издеп жүрдүм! Азыр да менн кыйнаган ошол! (Алы с бир жакка көз чаптырат).

Карыя. (П аузадан кийин). Күйүттүү иш болгон экен, уулум. Бирок күйүткө күйүт эм боло албайт. Өткөндү эстөөчү болбо. Келечегиң жөнүндө ойлон.

Нурдин. (Кызуу) Келечегим жөнүндөбү?.. Кайсы келечегим жөнүндө?.. Бир кездерде телегейим тегиз эле... Сүйгөнүм бар эле... Мени адам көрүп, мага урмат кылган курбу-курдаштарым зар эле... Курбу-курдаштарым!.. Азыр алар кандай көз менен карап , кандайча тосуп аларын билсем, мынчалык күйбөс элем. Бирок мен үчүн бардыгы туңгуюк!..

Карыя. Курбу-курдаштын ишенямине кирип, урмат алыш өтө кыйын, андан ажырап калыш текейден арзан. (Узак паузадан кийин) Ач кенедей жабышып алдым... Ошентсе да... айып көрбө, айланайын... бирдеңке сурасамбы дедим эле... (Уялгандай жер карап, сакалын сылай) Менин сурайын дегеним... а... ким... А... Нурдин. (Карыянын сөзун бөлүп) Досумду эмнеге майып кылганымды билсем дейсиз го?

Карыя. Ооба.

Н у р д и н. Бул туурасында эч кимге айта элек элем. Эч качан!.. Жадегенде, сотко да айткан эмесмин.

К а р ы я. (М урдагыдан катуу уялы п) Атаганат, көрүнөө зордогонсуп... Тилиң менен кургурдуи тили, ай!..

Н у р д и н. (Карыяны кейиштүү карап) Өзүңүздү өзүкүз жекнрип... эмнеге антесиз, жарыктык?.. Кыйла убакыт өттү.„ Сизге окшоп мени менен чечилип сүйлөшкөн эч ким болбоду!.. (паузадан кийин) Айтып берейин... тыңдап турукуз... (Эстеп жаткандай. ойлоно калып) Бул окуя май айларынын алдыңкы күнү отузунчу апрелде болгон эле... Ала-Тоо этегинде жоогазын гүлдөп... Ал эми досум экөөбүз турган бөлмөдө болсо... Ж акындап келаткан машинанын жарыгы коюу карацгылыкты кош найзадай жиреп өтөт.

К а р ы я. Машина келатат! Нурдин. Тез!.. Өтүп кетелегинде, кол көтөрөлү... Куржунду маа бериниз...

Карыя. Жок, айланайын, жөн эле кой... оор...[3.46].

1-топтун жообу: Бул үзүндүдө карыя менен Нурдиндин ортосунда диалог болуп, анда каармандын өкүнүчү, адашуусу, улуу арманы айтылды. Карыяга өзүнүн башынан өткөн оор окуянын айрымдарын баяндап берди. Бирок, карыя бардыгын төкпөй-чачпай айтып берүүнү суранды. Нурдин ага сотто да жашырып, айтпаган маалыматтарын ачык айтып берди. Бул эпизод “Жаман болуу бир паста, жакшы болуу аз-азда”- деген макалды эстетет экен. Адам канчалык кайгылуу, кыйчалыш кырдаалда болсо дагы, сабырдуулукту сактоо керек экен.

2-топ.

Нурдин. (Куржунду алып) Мындан оорду да көтөрүп көргөм... Жүрүңүз!.. Карыя менен Нурдин чыгат. Жарык өчүп, круг акырын айланат. Экинчи сүрөт Нурдин менен Масадык туруучу бөлмө. Ачылуу терезеден шынгоо теректүү шаар, алыстан ак карлуу тоолор караят. Терезеннн түбүндө жоогазын салынган ваза. Ж аз. Магнитофон тумбочканын жанында. Нурдин динамиктен угулган Шайыргүлдүн үнүн тыңшап, ойлуу.

...Жайдын бир толук кезинде,

Адырлуу тоонун бетинде.

Сан гүлдөн тандап бирди үзгөн,

Жайдары селки эсимде.

Эшик акырын ачылып, Масадык көрүнөт. Шайыргүлдүн ырдаганын тыңшап, бир нече секундага босогодо туруп калат. Нурдин. (Масадыкты көрүп кубанынтуу) Масадык!.. Коргошун болуп эрип кетип жүрбө... Эмнеге далооруйсуң, кир батыраак...

М а с а д ы к. (Кейиштүү күлүмсүрөй) Шайыргүл ырдаганда жандуунун баары коргошун болуп эрийт. Ж е жалгыз эле мен дейсиңби? (Нурдинди карап, жарк зтип күлүп) Байкашыма караганда тоюндун калгылгасы көңүлдөгүдөй.. жалгыз гана... күйөөдөн башкасынын бардыгы даяр!.. Ай, ушу сакалыңдын азабы өттү Да... Дүйнөдөгү көсөөлөрдүн ырыскысын чогултуп туруп сага берген окшойт... тишиң менен көзүңдүн карегинде гана кыл жок... Кантип аман калганына таңым бар!.. Бияк жаагыңды кыргыча тыягың бапсыя түшөт, биягыңды кыргыча тиягың...

Н у р д и н. Сакалыма дайыма суктанчу болдун... Ушундай ырыскыдан бир аз кемчил болгонуңа ичан күйсө керек, ээ, Масадык?.. Распы?

Ойноп сүйлөсөн да ойлоп сүйлө деген, Нурдин. Ээгимде туп-туура беш кылым бар. Бол, батыраак кырын, кечигебиз... Нурднн. Каргаша болуп, электр устара.бузулуп калыптыр... А муну менен болсо... Өмүрү алып көргөн эмесмин... Масадык. Ах, Нурдин! Куру айткан менен болобу... Ырысың тоодой... мендей досуң бар... Мен жок болсом кантип күн көрөт элен? (Нурдиндпн сакалын самындап). Буга окшогон артык баш өсүмдүктү... кудай алсын, көз ачып жумгандын ортосунда жулуп таштайбыз! (Ичинен кыңылдап ырдап, артисттик кыймыл менен устараны тартат). Нурдин. (Чочугандай башын чулгуп) Он!.. Эмне кылып жатасын?

М а с а д ы к. Досумдун сакалын алып жатам. Өткөн замандагыдай кабагымды салып мурчуйбастан, бүгүнкү күндүн талабына ылайык жадырап-жайнап... жөнөкөй тилди безеп... (мурдагыдай эле ырдап, Нурдиндин сакалы н кырат).

Н у р д и н. Же ырдагын, же сакалды алгын.

М а с а д ы к. Эч качан антүүгө болбойт! Космос доорунда пайдалуу иштердн бири менен бирии айкалыштыра билүү керек!..

Н у р д и н. Берой устараны! Масадык. Абайлагын, Нурдин! Устара — оюнчук эмес! (Нурдиндин ээгин колу менен сыйпап көрүп) Шайтан алгырдыкы, төрөлгөндө эле чачтарач болуп төрөлгөн окшойм, кайдан жүрүп врач болуп калганымды билбейм!.. Чымын консо, сөзсүз тайгаланып кетип бутун сындырат!.. Анан калса, адамдыкынан (башкача сакалың бар экен... кактустун тикенегнне окшоп... Сазайыңды Ш айыргүл берсин, шашпа!.. Нурдин. (Ээгин сыйпап көрүп) Сакал катуу, мүнөз жумшак... Жибекпиз да! (Приборду алып, күлгөн бойдон сыртка чыгат). Масадык магнитофонду жүргүзөт. Динамиктен Шайыргүлдүн үну угулат.

Кылайып тоодон так аткан,

Суюлуп жылдыз бараткан,

Калдыгой бекен эсинде,

Кыйышпай көнүл карашкан-..

Масадык. (М уңдуу) ...Кыйышпай көнүл карашкан..:

Нурдин. (Сырттан кирип тамашалай) Жалынсыз күйгөн жаш бозой деп ырдашканда, жалынсыз күйгөнү кандай болот деп таңданчу элем... Көрсө сендей болот тура.... Күйүп-бышып ырдаганыңды укканым ушул... Өтө муңдуусун!.. Арманда калтырган бирөөнү эстей калсан керек. Мүмкүн, растан эле мен айткандай болуп жүрбөсүн, я? [3.67].

2-топтун жообу:

Бул бөлүмдө Шайыргүл, Масадык, Нурдин үчөөнүн ортосундагы достук мамилелердин орун алышы, бейкапар өмүр сүрүшү, бири-бирине болгон ыйык ишенимдери баяндалат. Эч кимисинин оюнда жамандык жоктой элес калтырат. Мында “Дасторкондун үстүндө бардыгы дос, досуңдун ким экендиги башыңа иш түшкөндө билинет” – деген макалды элестетет.

3-топ:

Масадык. (кейиштүү күлүмсүрөй) Адамдар эмнелерди айтпады... Нтодин досундун колу Ш айыргүлгө караганда жылдызга батыраак жетет деп шылдың кылгандар да болду... мунун чындыгы бар. Шайыргүлдүн адамкерчилигн жылдыздан да бийик! (Нурдинди тике карап) Шайыргүлгө арзыш кыйын эле... С е н арзыдын! (Нурдинди кучактап) Төбөм көктө!.. Ж амандыкта азапташ, жакшылыкта ырысташ курбуңмун, Нурдин. Тилегим ак. Душман күйүнгөндөй, дос сүйүнгөндөй ынтымак менен өмүр сүрөрүңөргө ишйгем! (Чөнтөктөрүнөн. столдун я игинен бирдеңке издей баштайт).

Н у р д и н. Эмне издеп жатасың? Масадык. Портсигар эле... Нурдин. (Пачкалуу сигаретти сунуп) Ошого убараланып... түтүндөн көп эмне бар... '

Масадык. (Чегип) Рахмат. (Кайрадан издей баштайт). Кайда коюп койдум?.. Жоготуп жибердимби?.. Бол, Нурдин, батыраак кийин... Кечигебиз...

Нурдин. Жаңы костюмумдун шымынын багалеги... ар бири эки аялга юбка чыкчудай... Акыркы модага ылайыктап тарытңп берейин деп Белек аке алып кеттн эле... Азыр келет...

М а с а д ык. Кээде ушинтип баладан да жаман иш кыласың! Аздан кийин тоюң болгон жатса... машинечй менен тегирменчи экөөңө да адам, ишенеби?!

Нурдин. Белек-аке абийирдүү адам... уятка калтырбайт. Анын үстүнө Нияз да келе элек...

Масадык. Нияз, Нияз деп, эч качан оозуңан түшүрбөйсүң... Келсе келет, келбесе жок... Же ансыз той өтпөй калмак беле?

Нурдин. (Капалуу) Менде ата да жок, эне да жок... Жатындаштан да айтпаптыр... (күрсүнүп) меиин тоюмда бардыгынын ордун басуучу жакыным жалгыз гана Нияз. (Сахнадан карайт). Бая эле келиши керек эле... Эмнегеднр кечигип жатат!.. Түшүнбөйм!

М а с а д ы к. Кейибе. Башка бирөөнүн эсебинеи тойлогонду, Нияз жакшы көрөт... Азыр эле жетнп келет...

Н у р д и н. Качан болбосун ушул... Дайыма чымчыйсың... Бекерге ошентесиң, Масадык... Адамдыи жүрөгүн кандатып, жаның кейитүүнүн эмне кереги бар?.. Нияз курч... өкүм жигит!..

М а с а д ы к. Менимче, өтө эле курч... өтө эле өкүм! Нурдин. (Тигинин какшыгын байкоос албастан) Мунун; туура. (Тамеки чегет) Менин балалык курбалым бүт бойдон Нияздын үйүндө өттү... Күндөрдүн биринде кыздар менеи мелдеше кетип, алатоолук эр ж.үрөк жигит момундай болот деп, бийик аскадан секирип, бутун сындырып алды.... Ойносо чын көрөсүн, өпкө-бооруң үзүлүп кетсе эмне болот элең деп, эси чыккаң кыздар чөкө тааидай чурулдашканда... Нияз кебелген жок... «Коркок болуп күн көргөнчө, баатыр болуп өлгөн артык!» деп, жылмайып туруп жооп берди... Жакшы жигит!..

М а с а д ы к. Мүмкүн.

Н у р д и н. Күмөнүн барбы? Масадык. (Паузадан кийин). Кандай - десем... Мурда мен дагы жакшы жигит деп ойлоочу элем... Бирок бир жолку окуядан кийин... Нурдин, Эмнеге уичукпай калдың?.. Айта бер...

М а с а д ы к. Азыр эмес...

Н у р д и н. Баштагандан кийин бүтүргөнүң дурус, Нияз экөөбүз эң жакын тууганбыз... Анын ийне-жибине чейин билишим керек!

М а с а д ы к. (Кыйыктангандай) Кыстабасаң болот эле... кыстаган соң, арга барбы... (паузадан кийин) Биздин айылдын өйдө жагында Кептер-Сай деген капчыгай бар... Нияз экөөбүз ошону өрдөп атчан кетип бараттык эле... Зооканын боорундагы коңулдарда кептер уялайт... Ошондой уя-коңулдун биринде моюн жүнү жылтылдаган татынакай короз кептер өзүнүн муңайым жана назик мекиянына ашыктыгын айтып, өздөрүнүн дудук тилннде сайрап жаткан экен. Мүмкүн, ошол кездеги гүлдөгөн мезгил, мекиянына жалбарып, эркелетип жаткан короз кептердин туңгуч сүйүүсүнүн туңгуч жазы чыгаар... Токтой калып кулак түрдүм... Ошол зам ат артымдан мылтык атылып, көгүчкөндүн бири жалп этип шиберге сайылды... Аттан ыргып түшүп колума алдым... карасаы, жаңкы короз кептер экен... Салмактанып бараткан башын зорго көтөрүп асманды тиктеди... ким билет, мүмкүн мага ошондой көрүндүбү, айтор, айланып учкаи топ көгүчкөндүн ичинен өзүнүи жубайын вздеп жаткансыды... Жаш ылданган тегерек көзүндө чексиз кайгы,. канбай калган кумарлуу сүйүү, муңдуу коштошуу... карай албай тескери бурулдум. Бнрок, ошол учурд амылтык үнү дагы жаңырып, ага удаа бир нече кептер жерге түштү. Чыдай алганым жок. «Жырткыч!» — деп Ниязды жекирип кыйкырдым. Нияз болсо кебелбейт. «Олдо, досум, ая!.. Менин көзгө атарлыгымды мактап, кумардан чыгат экен десе, кайдагы бир кептер үчүн күйүп-бышып трагедйя уюштурасың да!» — деп сумсая карап, өлгөн кептерлерди буту менен тээп жиберди!

Н у р д и н. Шайтаң алгырдыкы! Бул эмне деген жорук?.. Ушундай да айбанчылык болобу?.. Жок, жок! Мындай жырткычтыкка.... Нияз өлсө да барбайт! (Тамекини үстөмөндөтө соруп, тынч алалбай наркы-терки басат). Дүйнөдөгү сулуу ж ана асыл нерселердин бардыгын барыктап, сүйө билиш керек... Адам баласынын адамкерчилиги, асылдыгы ошоидо деп кан какшап жүргөн Нияз, канткенде ошондой ншке барат?.. Мүмкүн эмес!..

М а с а д ы к. Акылдуу адам, мен акылдуумун деп эч качан жар салбайт. Анын сыңары, адамкерчиликтүү жана боорукер адам өзүнүн адамкерчилиги жөнүндө кулагыңдын кужурун алып, мээңди чиритпейт!

Н у р д н н. Мен десең, мындай сөздү угузбагын, Масадык!.. Макулбу?..

М а с а л ы к. Түшүнбөйм, Нурдин!.. Нияз тууганыңа дайыма балалык курбалыңдагы наристе көзүң менен карайсың... Ушул кезге дейре ошондой... эмнеге антеснң?.. ишенип кой... Нияз жердешнң таптакыр сен ойлогондой эмес!..

Нурдин. (Күлүмсүрөй) Кыябы, Ниязга күпүлөйт окшойсуң, ээ, Масадык? Масадык. Уялсаң боло ошентип айткандан!..

Н у р д и н. Кууланба, Масадык, көрүнүп турат... мении бир көзүмдөн экинчи көзүндүн артыкчылыгы жок, экөө тең кымбат. Сйлер да ошондойсуңар!.. (Масадыкты кучактап) Эх, Масадык! Муштумдай жүрөктө бир доско эмес, миң доско жетерлик сүйүү бар экенин билбейсинби!,. Масадык. (Күлүп) Болуптур, Нурдин, койдум... Бир гана айтарым: суйүүнүн баркына' жеткен да бар, жетпеген да бар... Кой, бул сөзүбүз ушул жерде эле калсын... Унуттук дейли... Баса, машинечнң жоголду го? Нурдин. Рас эле!.. Жоголгондо да дайынсыз жоголду!..

Н у р д и н. Эжелешпей сүйлөшсөк кантет! Шайыргүлгө үйлөнбөйсүң... антүүгө акын жок! Нурдин. Эмне?! Ага үйлөнсөн, маскара болуп, абийириңден айрыласың!

Нурдин. Эмне деп тантырап жатасың, Нияз?.. Шайыргүлсүз менин күнүм жок, ал эми Ш айыргүл болсо...

Н и я з. Аныңдын Масадыксыз күнү жок.

Н у р д и н. Сага жин тийсе керек!

Н и я з. М асадык менен Ш айыргүл экөөиүн көңүлү көптөн бери жакын...

Н у р д и н. Бас жаагынды!

Н и я з. Макул, менин жаагымды бастың. Бирок биздин айланабыздагы тил башыңдагы чачындан да көп.

Н и я з (Нурдиндин сөзүн бөлүп, кыжырдуу) Талант! Талант! Үчөөбүздүн ортобузда талант бөлүштүргөнгө али эрте. Кимдин ким экенин мезгил көрсөтөт. (Нурдинди карап) Бирок билип койгун; Шайыргүлдүн күйөөсү ким болот —Масадыкпы же башкабы. профессор үчүн баары бир эмес!

Н у р д и н- Койсоңчу!

Н и я з. Масадык Шайыргүлгө үйлөнсө профессор партбилетинен айрылып, окумуштуулук карьерасынаи биротоло кол жууйт...

Ну р д и н. Жок! Жок! Жок! Жакын досторумдун бири Масадыкка ишенбесем, анда кимге ишенем?

Н н я з. Адамга ишенүү керек. Бирок бутунан басып, мурдунан тынгандардын бардыгын адам катарына кошсок кечирилбес жаңылыштык болор эле!

Н у р д и н. Жетет, Нияз! Масадык — адам. Жүзүкаралык кылуу анын колунан келбейт.

Н и я з. Жаңылышасың, Нурдин! Жүзүкаралык кылуу эшектин мээсин жеген көкмээлердин гана колунан келбейт.

Ну р д и н . Нияз!

Н и я з. Болуптур. Эң жакын тууганың мага ишенбесең... Кош!

(Эшикти тарс жаап чыгып кетет). Нурдин тынч алалбай наркы-терки басып, андан кийин орундукка отурат да башын мыкчый кармайт. Үтүктөлгөн пиджакты алып Белек кирет.

3-топтун жообу:

Бул үзүндүнү чыгарманын кульминациясы деп атасак да болот. Каармандардын тагдырын талкалаган портсигар чыгармадагы чечүүчү деталь катары сүрөттөлөт. Нияз Масадык менен Нурдиндин ортосуна чок салгандыгы, атайын уюштурулган былык иштери чагылдырылат. Мында Нияздын “Жаңылышасың, Нурдин! Жүзүкаралык кылуу эшектин мээсин жеген көкмээлердин гана колунан келбейт” –деген сөзү каармандын ички дүйнөсүнө түбөлүктүү бүлүк салып, жашоосун тозокко айландырды. Кыргызда “Вазир жакшы кан жакшы” деп бекер айтылбаса керек [3.78].


4-топ:

Б е л е к . Нурдин, жакшына уулум!.. Кечирип кой... Кубанычыңдын үстүнө кубаныч кошуунун ордуна кайгыртып койдум... Жаным кейип турат!

Ну р д и н . (Ордунан туруп) Кызыксыз, Белек-аке... Болбогон бир нерсе үчүн ушунчалык кейип-кепчип... мен небак кечиргем.

Ш а й ы р г ү л д ү н үнү; ' '

...Кылайып тоодон т ак аткан,

Суюлуп жылдыз бараткан,

Калдыгой бекен эсинде,

Кыйышпай күлүп харашкан...

Нурдин кандайдыр жеңил дем алып, санаага баткан ойчул жүзүндө жылмаюу пайда болот. Сирендин бутагына колун созуп баратып кайра тартып алат.. Үйгө бет алат. Бирок ошол учурда Медерди ээрчитип Каный-

па кирет. Медердин ийнинде арта салынган куржуну бар.

-К а н ы й п а. О, кудай, шерменде кыла көрбө! (Чөнтөктөрүнөн бирдеңке издеп) Үйдөи чыгарда жүрөгүм болк-болк этип... Кырсык болорун билип... сары майдан чөнтөгүмө салып койдум эле...Ме, чоң-чоң сугунуп жибер (Медерге май берет). Ушундай ырыстуу күндө үнүңдүн бүтүп калганын көрчү...

Н у р д и н. (Тынчсызданып) Кармалып калдык, апажан... Мага уруксат этинизчи... Ырсыз эле кире берейин...

Ну р д и н. (Оозун зорго кыбыратып) Кечиресиз, апа... Шайыргүлгө мен үйлөнгөнү жатам... Масадык эмес...

К а н ы й п а. Шайыргүлгө мен үйлөнгөн жатам дедиңбн?.. Сенби?!.

Н у р д и н . (Акырын) Ооба.

К а н ы й п а. (Үрөйү учуп) О, жараткан! (Нурдинге кайрылып) Менин бейиши болгур агам өзүнүн Масадыгына Шайыргүлдү кудалап койгонун кулагын укпай жүрдү беле, я?.. Менин бейиши болгур агам Шайыргүлдүн атасы менен апасынын үстүнө кымкаптан чепкен жаап баталашып койгонун билбей жүрдүң беле, я?.. Сулаймандын улуу кызын башкага берет деген эмне!.. Батаны бузганды бата уруп кетсни!.. (Нурдинге) Сен... досуңдун колуктусуна үйлөнгөнү жаткан турбайсыңбы!.. Достукту бузган уятсызды... достуктун кусуру урсун!.. Бейиши болгур агамдын арбагы менен балдардын көз жашы сага да, сенин каргыш тийген кайнатаңа да тынчтык бетин көрсөтпөсүн!...

Ме д е р. (Үнүн сынап) Э-э-эй!.. (Каныйпаны кубанычтуу карап) О, кудай, үнүм ачылды... ырдайынбы?

К а н ы й п а. Ырдабай ымыран кал! (Медерди колунан алып). Бул үйдү желкемдин чуңкуру көрсүн!..Жүр!..

М а с а д ы к. Шайыргүлгө үйлөнгөн жоксун дегениң кандай?.. Эмне үчүн мен үйлөнүшүм керек эле?.. Нурдин. Ушунчанын баарынан кийин... Сенин карьераң, Шайыргүлдүн намысы менен сүйүүсүнөн да кымбат болуп кеттиби?!

М а с а д ы к. Бул эмне дегениң, Нурдин?

Н у р д и н. Кытмырланбагын! Масадык.

(Пауза) Шайыргүл экөөбүз кыйышпас дос болобуз... Нурдин. (А чуулу) Бар болгону ошол дечи?!

М а с а д ы к. (Паузадан кийин) Чындык керек болсо уккун... айтайын... Мен Шайыргүлдү сүйгөм... Жаным менен сүйгөм... (терең күрсүнүп) Бирок турмуш кээде өтө ташбоор... сен сүйгөн адам, көп учурда сени сүйбөйт... менин нарнсте сезимим Шайыргүлдүн жүрөгүнөн жооп таппады!.

Нурдин. (Жини келип) Эй, адамзат! Эч жок дегенде бир жолу чың айтып өлсөң боло!..

М а с а д ы к. Мен мындан ашкан чындыкты билбейм. Нурдин. Тилдин сөөгү жок, кайда бурса кете берет. Мен той болор күнү эле уккам... Шайыргүл экөөң...

М а с а д ы к. Эмне?! Нурдин. (Какшыктап) Жаңы төрөлгөн ымыркайдан бетер эчтеме билмексен болуп...Түшүнбөй жатасыңбы? Масадык. (Өзүн зорго токтотуп) Шайыргүлдөн сүйүү таппаганым менен, сүйүүдөн кем эмес достукту тапкам. Аны эч кимге булгаткым келбейт. Жаман сүйлөбөгүн, Нурдин!

Н у р д и н. Ошондойбу?! Кылаарын кылып, кыл жип менен бууп коюп эми сүттөн ак болуп чыга бергиң бар экен го!.. Мен бардыгын билем!..

Масадык. (Ачуусу келип, столду муштап) Нурдин!.. Жок жерден кордодуң, майып кылдың... Аныңды кечирген элем, унуткан элем... бирок Шайыргүл экөөбүздүн таза достугубузга шек келтиргенинди... мунуңду унутууга да болбойт, кечирүүгө да болбойт!..

Н у р д и н. Ак ниет адамсынып күрпүлдөп коесуң ээ, Масадык! [3.90].

4-топтун жообу: Жыйынтыктоочу бул бөлүмдө Масадык менен Нурдиндин ортосундагы түшүнбөстүктөр айкындалат. “Сен... досуңдун колуктусуна үйлөнгөнү жаткан турбайсыңбы!.. Достукту бузган уятсызды... достуктун кусуру урсун!.. Бейиши болгур агамдын арбагы менен балдардын көз жашы сага да, сенин каргыш тийген кайнатаңа да тынчтык бетин көрсөтпөсүн!”-деген Каныйпанын каргышы чыгарманан тулку боюн туюндуруп тургандай болот. “Бирөөгө көр казба, өзүң түшүп кетесиң”-деп айтылган сөз бекеринен эмес да.

Класстагы ар бир топтун текссти талдагандан кийинки анализдүү жооптору угулат.

1-окуучу:

Чыгармада башкы үч каармандын ортосундагы үч бурчтук схемасы түзүлөт. Аны төмөнкүдөй белгилөөгө болот.



Нурдин

Шайыргуль

Масадык








Нурдин кандай гана кырдаалда, илимде, жолдошчулукта болбосун өзүнүн жөндөмдүүлүгүн көрсөткөн, доско да, улууга да, кичүүгө да ак дилинен кызмат кылган мыкты жигит.Ошондой болсо да, айтканынан кайтпаган, кемчиликтерди бетке айткан өткүр адам.Ал Шайыргүлдү чексиз сүйөт. Андан биротоло ажырагандан кийин да, ошол эле калыбында кала берет. Сүйүүнүн күчү ушунча экен, түрмөдөн чыккандан кийин да, Нурдин Шайыргүлүн көрүүгө, анын тагдырын билүүгө дилгирленип үйүнө барат.

2-окуучу:

Масадык экөө турмуш курду го деп ойлогон. Көрсө, ал жаңылышыптыр. Шайыргүл өзү анча деле үзүлүп түшүп сүйбөгөн, кайдыгер эле бир Омор деген жигитке турмушка чыгыптыр. Нурдинге бул эң катуу сокку болду. Эми Нурдин табышмактын жандырмагын билиш үчүн Масадыкты атайын издеп барып жолукту. Ушул Масадыктын улуу адамгерчилик сапаты ачылат.масадык өз позициясында бекем турган, адамга жакшылык кылууну, аны туура баалоону билген, жолдоштуктун ыйыке сапаттарын таза сактаган, эмгекчил, адамгерчилиги бийик адам. Ал Нурдин Москвада жүргөндө, анын сүйгөн кызы Шайыргүлгө чыныгы жолдоштук мамиле жасап, Нурдиндин жоктотпой дайыма аны менен бирге болуп, кез-кез тоого алып чыгып сейилдетип, таза, чын ыкластуу жолдоштук, адамгерчилик сый-сыпатын көрсөтөт.

3-окуучу:

Пьесада адамдын абийири негизги проблема катары коюлуп жатат. Ниязда андай сапаттын кыпыны да жок. Ал эми Нурдиндин зилинде абийир, ар-намыс, адамдык касиет бар. Бул экөөнү айырмасы ушунда. Бирок Нурдин абийирдин алдында күнөө кылды. Эң биринчи кезекте өзүн, андан кий1ин кыйбас жакын адамдарын (Шайыргүл менен Масадыкты) бактысыздыкка учуратты. Масадык чолок болду, Шайыргүлдү сүйүүдөн өксүттү, өзү чексиз сарсанаага, беймазага батты.

Мугалим: Жогоруда силер Т.Абдымомуновдун “Абийир кечирбейт” драмасын окуп чыгып, проблематикалык, идеялык талдоо жүргүздүңөр. Бир нече каармандардын образын талдадыңар. Айрымдары боорукер, ыймандуу чынчыл болсо, айрымдары таш боор, эки жүздүү, калпычы, ыймансыз, жоопкерчиликсиз, кенебес экендигине күбө болдуңар. Каныйпа эки достун ортосундагы бузук мамилени көрүп аябай таң калса, Нияздын ичинде кара таруусу бар кытмыр адам. Силер каармандардын жүрүш-турушунан, бири-бирине жасаган мамилелеринен үлгү алгыла. Алардагы терс мүнөздөрдү кайталабоого аракеттенгиле жана мыкты касиеттерди өзүңөргө кабыл алгыла.

  1. Окуучулар текстти окуп чыгышат жана мугалимдин жалпылоосунан кийин, аны өздөрү жазган эсселери менен салыштырышып, “Абийир кечирбейт” жөнүндө кошумча маалымат алышат.

  2. Окуучулар чакан топтору менен биргеликте окуп чыккан тексттин маанисин түшүндүрүп беришет да «Билем, Билгим келет, Билдим» тесттине жооп беришет. Бул аларга таратылган текстке белги коюу (Мисалы, «Билем» - «*», «Билгим келет» - «?», «Билдим» - «!» деген сымалдуу белгилерди коюп чыгышат) аркылуу жүргүзүлөт. Мугалим аларды чогултуп алуу менен көз жүгүртүп, окуучулар кийинки тапшырманы аткарып жаткан учурда жыйынтык чыгарууга тийиш. Мында ал окуучулардын «Билдим» жана «Билгим келет» деген түшүнүктү билдирген белгилерине көнүл коюп, ага жараша жооп берүүгө аракеттенет.

  3. Бул учурда окуучулар “Абийир кечирбейт” драмасынын өзгөчөлүгү жөнүндө өз билгендерин дептерлерине жазышат.

  4. Мурдатан түзүлгөн чакан группаларда бул маалыматтар ортого салынып, окуучулар өздөрү менен өз ара пикир алышышат. Мугалим окуучуларга эмне түшүнүксүз жана али белгисиз билим тууралуу алардын дебаттарынан улам маалымат алгандан кийин “Абийир кечирбейт” аттуу текстти кайрадан окуучуларга таратып берет. Чакан группаларда талкуулангандан кийин, ар бир группа өздөрү түзгөн долбоорун жакташат. Мугалимдин жетекчилиги жана жардамы аркасында окуучулардын бир айтылган ойлору кубатталып мисалдар менен толукталып турушу зарыл (М.: дос, тууган, күнөө, адамкерчилик, сүйүү, акыл, өч, ушак, каргыш, ишенич деген сыяктуу сөздөргө талдоо жүргүзүү ж.б.)

Мындан кийин мугалим адамкерчилик, ортого от коюу деген терминдерди талдатып, түшүндүрүп берет.

Ушундан кийин окуучулар бул толугураак маалымат алгандан кийин, топтор өздөрү алгач берген маалыматтар менен жыйынтыктын дал келиши же келбеши тууралуу өздөрү корутунду чыгаруулары тийиш. Мында топтордун бири-бирине жана өздөрүнө сын пикир билдирүүсү практикаланышы керек.

  1. Драмадагы каармандарды эске салуу, кайталоо жана бышыктоо максатында «ромашка гүлү» методикасы колдонулат, тапшырма мурдатан даярдалган ватманга маркер менен иштөө аркылуу ишке ашат. Анда каармандардын аттары жазылат дагы, ар бирине мүноздөмө берилет.Мугалим тарабынан тексттин аты жана анын түзүлүшү чийилип даярдалып коюлат. Ал болжолдуу түрдө төмөндөгүчө болот:





Окуучулардын топтору схемадагы каармандарды өз ара байланыштырып, сүйлөп беришет, аны талдашат.

Түшүнбөгөн сөздөрдү бөлүп алып таблицага жазуу менен анын маанисин жана бүгүнкү күндөгү көбүрөөк колдонулган синонимин табууга аракет кылышат. Мугалим кыйынчылык туулган учурларда жардамга келет да түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.

Сабакты жыйынтыктоо: Мугалим «Билем, Билгим келет, Билем» драманын жыйынтыгы менен окуучулардын маалыматына басым жасайт. Окуучулардын билимин баалоо: Мугалим студенттердин эмгектерине жараша сабакта активдүү катышкандарды жекече баалоо менен артыкчылык кылган топту атайт.

Үйгө тапшырма берүү: Чыгармадан үзүндү алып андагы образдарга талдоо жүргүзүү, керек жеринен бөлүп алып, аны сахналаштыруу.

Мугалим: Т.Абдымомуновдун “Абийир кечирбейт” драмасы каармандардын психологиялык абалын, конфликттердин чечилишин баяндаган баалуу чыгарма. Анда сүйүү, үй-бүлө, достук, көрө албастык, кызмат, саткындык, ишээнчектик маселелери козголду. Силер дагы курбуларыңардын достугуна, сүйүүгө бекем болууга аракеттенгиле. Чыгармада берилгендей адамдын кичинекей кетирген катасы бүтүндөй келечегиңерге доо кетириши мүмкүн.










Корутунду

Көрүнүктүү драматург көрүү­чүлөрүнө адамгерчиликтүү адамдардын образын тартуулап, көп сандаган пьесаларды жазган. Алар социологиялык-психологиялык: “Абийир кечирбейт”, “Каркыралар кайтканда”, сатиралык: “Тар капчыгай”, “Эч кимге айтпа”, “Жыгылган оогонго күлөт”, лирикалык комедиялары: “Борбаш”, “Алдар көсө”, “Жарыктык карыларым”, тарыхый драмалары: “Ашырбай”, “Оптимисттик трагедия”, “Сүйүү жана үмүт”, балдар үчүн: “Карагул ботом” драмалары ушул кезге чейин театр сахнасынан түшпөй коюлуп келүүдө. Т.Абдумомунов Октябрдын 40 жылдыгына карата “Алыскы тоолордо” кинофильминин сценарийин жазган кыргыздын тунгуч кинодраматургу катары да белгилүү.

Улуу адамдардын мындай асыл идеясы драматургдун чыгармаларынын рационалдык негизин түзүү менен, советтик гуманизм идеяларынын иш жүзүнө ашып жаткан күбөсү катары жаңырат. Ооба, көрүүчү катары биздин көңүлгө айрыкча Жыпаргүл менен Омордун жүрүм-туруму өтө жагымдуу. “Мен турмушта кокус ошолордун акыбалына түшүп калсам сөзсүз ошолордой иштээр элем” деген пикирди ошол өз учурунда көп эле угуп жүргөнбүз. Ошол Омор, Нурдин, Масадык жана Жыпаргүлдүн образдарын кантип түзгөндүгү туурасында: “Мен ошолордой жакшы адамдарды турмуштан көп көрөм. Татаал психологиясын, дүйнөдөгү эң таза, эң жакшы ой-санаасын ошолордун жалпыланган мү­нөздөрү аркылуу элге жеткирүү, көрүүчүлөрдү да ошондой болууга чакыруу.

Т.Абдумомунов коомдук иштердин да активдүү катышуучуларынан болгон. Ал СССР Жогорку Советинин депутаты, Кыргыз ССР Жогорку Советинин жетинчи, сегизинчи чакырылыштарынын депутаты болгон. 1959-жылы жана 1966-жылдары Кыргызстандын чет өлкөлөр менен маданий достук байланыштар коомунун башкармасынын мүчөсү, Кыргыз театрлар коомунун президиумунун төрагасы, Кыргыз ССРинин маданият министрлигинин коллегия мүчөсү, Кыргыз ССРинин мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу комитетинин мүчөсү жана республиканын Ленин комсомолу сыйлыгы боюнча комиссиясынын төрагасы болгон. Шум ажал аны 67 жаш курагында биздин арабыздан  алып кетти. Ал эми анын өлбөс-өчпөс  чыгармалары  биздин  арабызда муундан-муунга өтүп, кылымдап жашай бермекчи.

Квалификациялык ишибизде биз азыркы учурдагы интерактивдүү усулдарды анын ичинен “Кластер”, “Ромашка гүлү”, “Таблица”, “Инсерт”, “Топ-топ менен иштөө” стратегияларын пайдалануу жолдорун аргументүү түрдө көрсөткөнгө аракеттендик.

Практикалык талдоолордон кийин драманы интерактивдүү ыкма менен окутуу окуучулардын көркөм окуу жөнүндө маалымат алуусуна, чыгарманын сюжетинин өнүгүүсүн талоосуна, чыгармаларды тегине, жанрына, көркөм окуу өзгөчөлүктөрүнө карайт ажырата билүүсүнө, мугалимдин жана окуучулардын көркөм окуу чеберчиликтерин талдай жана баалай алууга жетишүүсүнө өбөлгө болоору аныкталды.

Жыйынтыктап айтканда, чыгарманын жаштарды тарбиялоодогу орду жана ролу зор десек жаңылышпайбыз. Драматургдун мындан башка чыгармаларын дагы окутуу боюнча усулдардын иштелип чыгышы келечектин иши болууга тийиш.










Пайдаланылган адабиятар:

  1. Абдымомунов Т. Кумдуу чап. Фрунзе.1947.

  2. Абдымомунов Т. Замандаштар. Фрунзе. 1949.

  3. Абдымомунов Т.Абийир кечирбейт. Фрунзе.1969

  4. Абдымомунов Т. Жарыктык карыларым. Фрунзе. 1980.

  5. Артыкбаев К. ХХ кылымдагы кыргыз адабиятынын тарыхы. Бишкек. 2004.484-б).

6.“Абийир кечирбейт”: Өзүңдөн кайда качасың? 02-май, 2012

7. Алымов Б. Кыргыз адабиятын окутуунун методикасы. –Ф.: Мектеп, 1984. 8. Асипова Н. Билим берүү философиясы. –Б., 2010.

9.Афанасьева А.Б. Этнокультурное образование. -Санкт Петербург: Академический вестник Института образования взрослых Российской академии образования (интернет сайттагы материалдар).

10. Байгазиев С. Улуу «Манас» - улутубуздун дил жана тил бешиги. –Б., 1995.

11. Борбугулов М., Пути развития киргизской советской драматургии, Фрунзе, 1958.

12. Шарапова Н.Д. Ысык-Көл облустук билим берүү институту. Орто мектепте адабиятты этнопедагогика багытында окутуудагы мугалимдин инновациялык ишмердүүлүгү. Вестник Иссык-Кульского университета, №38, 2014.

13. Кыргыз адабияты энциклопедиялык окуу куралы. –Бишкек . 2004.

14. Киргизская советская драматургия, М., 1959

15. Мехмет Ташпынар, А.Алимбеков. Окутуунун жалпы методдору. –Б., 2004.

16. Муратов А. Кыргыз эл педагогикасы, табияты. Таралышы жана тарыхы. -Б., 2008.

17. Нездемковская. Этнопедагогика. –М., 2001.

18. «Окуучунун дилбаяны», Б.1999, 2005, 201

19. Педагогические теории, системы, технологии. /Под ред. Смирнова С. –М., 2006.

20.Полат Е.С., Бухаренко М.Ю. Современные педагогические и информационные технологии в системе образования. –М., 2010.

21. Рахимова М.Р., Панкова П.В., Калдыбаева А. Педагогикалык ойлордун жана билим берүүнүн тарыхы. –Б., 2002.

22. Сервет Өздемир, Х.Ибрахим Ялын. Мугалимдик кесипке киришүү. –Б., 2002.

23. Советбек Байгазиев, Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти. 

24.Тойбаев Мырзабек Кыргыз эл жазуучусу, филология илимдеринин  кандидаты, КРнын маданият ишмерлерассамблеясынын коомдук бирикмесинин президенти, «Кыргыз Туусу», 15.08.2012-ж. 27.08.2012

25. “Театр”, №12, 1963-жыл, 24-бет

26. Чыманов Ж. Кыргыз тилин окутуунун методикасы. –Б., 2007. 

27.Эрматов Э. Балдар адабиятына олуттуу көңүл буруу керек. Азаттык. 20.08.2011

28. www.bizdin.kg

29. https://sputnik.kg/culture/20160618/1026699115.html





20