СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Т.Сатылганов "Жеңижокту жоктоо"

Нажмите, чтобы узнать подробности

Токтогул Сатылганов "Жеңижокту жоктоо"

Просмотр содержимого документа
«Т.Сатылганов "Жеңижокту жоктоо"»

Тема: Токтогул Сатылганов “Жеңижокту жоктоо” 6-класс

Сабактын максаты:

  1. Токтогул Сатылгановдун “Жеңижокту жоктоо” аттуу чыгармасынын идеялык мааниси жана мазмуну менен таанышышат.

  2. Окуучулар берилген маалыматтардын, тапшырмалардын негизинде өз ойлорун толук, ирээттүү айтышат, сөз байлыктары өсөт, чыгармачылык ой жүгүртүүсү өнүгөт, туура, көркөм окууга машыгышат.

  3. Ырдын мазмунун түшүнүү менен мекенди сүйүүгө, мекенге кызмат кылууга, жаратылышты сактоого адептүүлүккө, эмгекчилдикке тарбияланышат.

Сабактын тиби: Жаңы материалдарды окутуп үйрөтүү

Сабактын ыкмасы: Интерактивдүү: “Адабият китепчеси”, “Билим көөкөрү”, “Билим өргөөсү”, кластер, Венндин диограммасы, пирамидалык стратегия, сандар сүйлөйт

Сабактын жабдылышы: Окуу китеби, ватман, маркер, стикер, сүрөттөр, ноутбук,проектор, адабият китепчеси, карточка, таркатма материалдар

  1.   Сабактын жүрүшү:

Сабактын этаптары

Мугалимдин ишмердүүлүгү

Окуучулардын ишмердүулүгү

  1. Уюштуруу

Саламатсыңарбы?

Мен силерге сабагымды арнайын,

Анан дагы жакшы маанай каалайын.

Адегенде саламдышып алалы,

Угуп, көрүп анан оюңарды баалайын.

Балдар, сабакка активдүү катышканга аракет кылабыз. Анда сабагыбызды баштоодон мурда бири-бирибизге жагымдуу маанай тартуулап алалы .



Саламдашат. “Манас” гимнин айтышат

Топтогу окуучулар беш манжаларын тийгизип ар бир манжага жакшы сөздөрдөн айтышат. Акырында мугалим менен чогуу “Сабакка активдүү катышабыз!” деп айтышат

  1. Алтын эреже

Келгиле балдар биринчиден “Алтын эреже” кабыл алып алалы. Илинген алтын эреже менен тааныштырат.

1.Сабакка активдүү катышуу

2.Бири-бирибизди сыйлоо

3.Убакытты туура

пайдалануу ж.б.

  1. Топторго бөлүү

Балдар, келип бул жердеги жоолуктардан алып мойнубузга салабыз.

Жоолуктун түстөрүнө карата жазылган топтун аттарын таратат.

Партада турган ак, көк, кызыл, жашыл түстөгү жоолуктарды алып, өңдөр боюнча топторго бөлүнүп отурушат.

Топ башчы шайлашат.

  1. Баалоо критерийлери менен тааныштыруу

Доскадагы жаратылыш төркө бөлүнгөн. Ал бөлүнгөн жериңерге жооп берген сайын гүлдөрдү, куштарды алып жаратылышка чаптай беребиз. Ал эми өз ара, бири-бирибизди баалоодо гүлдөрдү өзүбүзгө алып отуруп, сабактын аягында санайбыз да чаптайбыз. Алтын эреженин аткарылышына да бал берилет.


Ар бир баага мүнөздөмө беришет.

  1. Билим өргөөсү”

“Билим өргөөсүн” боз үйдүн ар бир бөлүгүндө тапшырмалар бар, ал тапшырмаларды аткарган сайын доскадагы жаратылыштын бетине илип өргөөнү тигебиз. Боз үйдүн бөлүктөрү таратылат.

Берилген тапшырмаларды аткарып, ватманга чапташат.

  1. Үйгө тапшырманы кайталоо

1-тапшырма: Ар бир топко бирден суроолуу карточкалар таркатылат.

Карточкадагы суроолорго жооп беришет.

  1. Жаңы теманы ачуу

Экрандан Т.Сатылгановдун ырларынан угузулат жана Т.Сатылгановдун сүрөттөрү көрсөтүлөт. Кана балдар, бул слайддын негизинде бүгүнкү темабыз эмне болот деп ойлойсуңар? Доскадагы жаратылыштын сүрөтүнүн үстүнкү бети ачылат да

“Билимдүүлүк - адамды улуу кылат,

Адептүүлүк - адамды сулуу кылат” учкул сөз жана тема жазылып калат. Токтогул Сатылганов “Жеңижокту жоктоо”

Теманы болжолдоп айтышат.

Тема ачылган соң 1-топтон баштап өз аттарын хор менен айтышат “Токтогул , Композитор, Жеңижок, Төкмө” деген ат угулат.

  1. Сабакка максат коюу

Доскада жабылган максатты ачып, толуктайт.

Сабактын максатын айтышат.

  1. Жаңы тема түшүндүрүү

Т.Сатылгановдун өмүр баяны боюнча слайт кетет. Жеңижок боюнча маалымат берилет.

Окуучулар түшүнүп, кластер түзүп отурушат.

  1. Топторго тапшырма

2-тапшырма: Ырдын үч куплетин көркөм окуп берүү, түшүнгөндөрүн айтуу.

3-тапшырма:

1-топко: “Жеңижокко” кластер түзүү.

2-топко: “Токтогул, Жеңижок” Венндин диограммасын түзүү

3-топко: “Токтогулдун Жеңижокко баа бериши”деген темада пирамидалык стратегия түзүү.

4-топко: Сүрөттүү макалды табуу

“Билим өргөөдө” бештен тапшырма болот, ал тапшырмаларды аткарып улам өргөөнү тигишет.

  1. Окутуудагы дифференцияланган багыт

Карточкадагы суроолор таркатылат.


Карточкадагы суроолорго жооп беришет.

  1. Бышыктоо

4-тапшырма: “Сандар сүйлөйт” оюну


Карточкада сандар жазылган, ал сандарды чечмелеп беришет.


  1. Топтордун жалпы тартибине баа берүү

5-тапшырма: Алтынт эреженин аткарылышына өзүңөргө бал бергиле.

Алтын эреженин аткарылышына өзүлөрүнүн тобуна өздөрү бал беришет.

  1. Рефлекция

“Адабий китепчени” ачып, теманы толук түшүндүм дегендер сүрөттөрдү алып эр жигитке тиешелүүлөрдү боз үйдүн эр жагына, ал эми аялдын нерселерин эпчи жагына илишет. Сабакка түшүнгөн жокмун дегендер илишпейт.

Боз үйдүн эр жагына жана эпчи жагына өздөрүнө тиешелүү сүрөттөрдү чапташат.

  1. Баалоонун жыйынтыгын чыгаруу.

Топтордун жыйынтыгы чыгат, баа коюлат.

Топтун жана ар бир баланын упайларын эсептешет. Күндөлүктөрүнө баа койдурушат.

  1. Үйгө тапшырма берүү

Ыр жаттап келүү жана китептеги тапшырмаларды аткарып келүү

Күндөлүктөрүнө жазып алышат