Тема боюнча зарыл болгон маалыматтарды берүү ( 10 мүнөт) | Түгөлбай Сыдыкбеков — ХХ кылымдагы кыргыз адабиятындагы реалисттик прозаны калыптандырууга жана өнүктүрүүгө чоң салым кошкон Кыргыз эл жазуучусу, академик, Кыргыз Республикасынын Баатыры. Сыдыкбеков 1912-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Кең-Суу айылында туулган. 1928–1931-жылдары Фрунзе шаарындагы (азыркы Бишкек шаарындагы) айыл чарба техникумунда, 1931-жылы Ашхабад шаарындагы Орто Азия зооветеринардык институтунда окуган. Өзүнүн чыгармачылык аракетин адегенде ыр жазуу менен баштаган. 1930-жылы 1-май күнү "Ленинчил жаш" гезитине "Булар кимдер?" деген ыры жарыяланган. Андан бир аз өтпөй "Чал комузу" аттуу поэмасын жазып, "Чабуул" журналына бастырган. Алгачкы "Күрөш" аттуу ырлар жыйнагы 1933-жылы жарык көрүп, "Баатырлар" (1936), "Акын-булбул" (1938) аттуу ырлар поэмалар, жыйнактары жарыяланган кезде эле автор, проза жанрында активдүү иштей баштаган. | Поэтикалык чыгармаларында Түгөлбай Сыдыкбеков калемдештери сыяктуу эле ошол учурдагы кыргыз жергесине, элдин турмушуна кирип жаткан жаңылыктарды, социалисттик коомдун артыкчылыгын, жаңы түзүүчүлүк эмгегин, жаңы мамилелерин чагылдырууга аракеттенди. | Калыптандыруу-чу баалоо Оозеки баалоо Кайтарым байланыш | НК-1-2-3 | ПК-2-3 |