СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Таатал издөө суроо -талаптары

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Таатал издөө суроо -талаптары»

№ 44 А Сматов атындагы орто мектеби  7-класс Маатова Гулжамал Максатовна

№ 44 А Сматов атындагы орто мектеби 7-класс

Маатова Гулжамал Максатовна

Сабактын темасы: Компьютердик тармактар Татаал издөө суроо- талаптары

Сабактын темасы:

Компьютердик тармактар

Татаал издөө суроо- талаптары

 Сабактын максаты : билим берүүчулүк максаты: Интернет тармагында маалыматты издегенге үйрөнүү жана татаал суроо-талаптарды түзүү эрежелери менен таанышасыңар Өнүктүрүучүлук максаты: алган билимдерин практикада иштеткенге, анын негизинде пайдалуу маалымат алганга уйрөнүшөт Тарбия берүүчүлүк максаты: маалыматтын пайдалуу жана пайдасыз жагын айырмалоого үйрөнүшөт Сабактын жүрүшүндө колдонулган таяныч түшүнүктөр: - интернет, браузер, издөө системасы, суроо-талап; Сабактын жүрүшүндө колдонулган жаңы түшүнүктөр: - татаал издөө суроо-талаптары, гипертексттик шилтемелер;

Сабактын максаты :

билим берүүчулүк максаты: Интернет тармагында маалыматты издегенге үйрөнүү жана татаал суроо-талаптарды түзүү эрежелери менен таанышасыңар Өнүктүрүучүлук максаты: алган билимдерин практикада иштеткенге, анын негизинде пайдалуу маалымат алганга уйрөнүшөт Тарбия берүүчүлүк максаты: маалыматтын пайдалуу жана пайдасыз жагын айырмалоого үйрөнүшөт Сабактын жүрүшүндө колдонулган таяныч түшүнүктөр: - интернет, браузер, издөө системасы, суроо-талап; Сабактын жүрүшүндө колдонулган жаңы түшүнүктөр: - татаал издөө суроо-талаптары, гипертексттик шилтемелер;

Аткарыла турган окуу маселелери: · Окуучулардын WWW жөнүндөгү түшүнүктөрүн жалпылоо жана системалаштыруу · Интернет тармагындагы маалыматты издөө ыкмалары жана издөө системаларынын принциптери жөнүндөгү маалыматтарды системалаштыруу; татаал издөө суроо-талаптарын түзүү эрежелери менен таанышуу.

Аткарыла турган окуу маселелери:

  • · Окуучулардын WWW жөнүндөгү түшүнүктөрүн жалпылоо жана системалаштыруу ·
  • Интернет тармагындагы маалыматты издөө ыкмалары жана издөө системаларынын принциптери жөнүндөгү маалыматтарды системалаштыруу;
  • татаал издөө суроо-талаптарын түзүү эрежелери менен таанышуу.
Сабактын проблемасын түзүү Силер, реферат үчүн материалга керектүү китептин тексттин издөө, тааныш эмес сөздүн аныктамасын, кечки телекөрсөтүүлөрдүн программасын же эртеңки күнгө аба-ырайы жөнүндө табуу үчүн интернет кызматы менен колдонуп көрдүңөр беле?  Керектүү нерсени дайыма эле таба алдыңар беле?  Ал үчүн канча убакыт короттуңар эле?

Сабактын проблемасын түзүү

Силер, реферат үчүн материалга керектүү китептин тексттин издөө, тааныш эмес сөздүн аныктамасын, кечки телекөрсөтүүлөрдүн программасын же эртеңки күнгө аба-ырайы жөнүндө табуу үчүн интернет кызматы менен колдонуп көрдүңөр беле? Керектүү нерсени дайыма эле таба алдыңар беле? Ал үчүн канча убакыт короттуңар эле?

Ушул терминдерди кандай тушунөсүңөр?  Интернет деген эмне?  Браузерчи?  издөө системасын кандай түшунөсүнөр?  суроо-талап деген эмне болушу мүмкүн?

Ушул терминдерди кандай тушунөсүңөр? Интернет деген эмне? Браузерчи? издөө системасын кандай түшунөсүнөр? суроо-талап деген эмне болушу мүмкүн?

Интернетте маалыматты тез табуу үчүн издөө суроо-талаптары колдонулат. Издөө суроо-талаптары – бул ЖАНА, ЖЕ, ЭМЕС логикалык амалдарынын белгилери менен бириккен ачкычтык сөздөрдүн топтому. ЖАНА (&) амалы изделген документтердеги ачкычтык сөздөрдүн бир убактагы болушун түшүндүрөт, андыктан табылган маалыматтардын санын азайтат. Канчалык көп ачкычтык сөздөр ― ЖАНА амалы менен биригишсе табылган маалыматтардын саны ошончолук аз болот. Тескерисинче ― ЖЕ (|) амалы болсо, изделген документтерде бир эле ачкычтык сөздүн болушу, табылган маалыматтын санынын көбөйүшүн түшүндүрөт.

Интернетте маалыматты тез табуу үчүн издөө суроо-талаптары колдонулат.

Издөө суроо-талаптары – бул ЖАНА, ЖЕ, ЭМЕС логикалык амалдарынын белгилери менен бириккен ачкычтык сөздөрдүн топтому.

ЖАНА (&) амалы изделген документтердеги ачкычтык сөздөрдүн бир убактагы болушун түшүндүрөт, андыктан табылган маалыматтардын санын азайтат. Канчалык көп ачкычтык сөздөр ― ЖАНА амалы менен биригишсе табылган маалыматтардын саны ошончолук аз болот. Тескерисинче ― ЖЕ (|) амалы болсо, изделген документтерде бир эле ачкычтык сөздүн болушу, табылган маалыматтын санынын көбөйүшүн түшүндүрөт.

Маалыматты издөө үчүн негизинен 3 тип колдонулат: 1. Барактын дарегин көрсөтүү;  2. Гипертексттик шилтемелер аркылуу өтүү; 3. Издөө системаларына кайрылуу. Азыркы учурда Интернеттин орус тилдүү бөлүгүндө төмөнкү издөө серверлери популярдуу: Яндекс(yandex.ru), Google (google.ru) жана Rambler (rambler.ru). Издөө системасы Интернетте маалымат издөөгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Маалыматты издөө үчүн негизинен 3 тип колдонулат:

1. Барактын дарегин көрсөтүү;

2. Гипертексттик шилтемелер аркылуу өтүү;

3. Издөө системаларына кайрылуу.

Азыркы учурда Интернеттин орус тилдүү бөлүгүндө төмөнкү издөө серверлери популярдуу: Яндекс(yandex.ru), Google (google.ru) жана Rambler (rambler.ru).

Издөө системасы Интернетте маалымат издөөгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Издөө системасында суроо-талаптарды түзүү эрежелери 1. Суроо-талаптагы ачкычтык сөздөрдү кичине тамгалар менен жазуу керек . Бул бир эле чоң тамгалардан башталган эмес бардык ачкычтык сөздөрдү издөөнү камсыз кылат. 2. Издөөдө суроо-талаптагы сөздөрдүн формасына карабастан орус тилинин эрежеси боюнча берилген сөздөрдүн бардык формасы эске алынат. Мисалы, эгерде суроо-талапта ― ”билем”  деген сөз көрсөтүлсө, анда “билебиз”,   “билесиңер” , ж.б. деген сөздөр да издөөнүн шартын толук канаатандырат.

Издөө системасында суроо-талаптарды түзүү эрежелери

1. Суроо-талаптагы ачкычтык сөздөрдү кичине тамгалар менен жазуу керек . Бул бир эле чоң тамгалардан башталган эмес бардык ачкычтык сөздөрдү издөөнү камсыз кылат.

2. Издөөдө суроо-талаптагы сөздөрдүн формасына карабастан орус тилинин эрежеси боюнча берилген сөздөрдүн бардык формасы эске алынат. Мисалы, эгерде суроо-талапта ― ”билем” деген сөз көрсөтүлсө, анда “билебиз”, “билесиңер” , ж.б. деген сөздөр да издөөнүн шартын толук канаатандырат.

3. Туруктуу сөз байламталарын издөө үчүн аларды тырмакчага алып жазыш керек. Мисалы, “фарфор идиштери”. 4. Сөз формасын өтө так издөө үчүн сөздүн алдына илеп белгисин коюш керек. Мисалы, ― “ сентябрь” деген сөздү барыш жөндөмөсүндө “!сентябрга” деп жазыш керек болот. 5. Бир сүйлөмдүн ичинен издөө үчүн суроо-талаптагы сөздөрдү пробел же & белгиси менен ажыратып жазуу керек. Мисалы, “ жоруктуу роман” же “жоруктуу & роман”

3. Туруктуу сөз байламталарын издөө үчүн аларды тырмакчага алып жазыш керек. Мисалы, “фарфор идиштери”.

4. Сөз формасын өтө так издөө үчүн сөздүн алдына илеп белгисин коюш керек. Мисалы, ― “ сентябрь” деген сөздү барыш жөндөмөсүндө “!сентябрга” деп жазыш керек болот.

5. Бир сүйлөмдүн ичинен издөө үчүн суроо-талаптагы сөздөрдү пробел же & белгиси менен ажыратып жазуу керек. Мисалы, “ жоруктуу роман” же “жоруктуу & роман”

6 .  Суроо-талапта терилген, пробел менен ажыратылган бир нече сөз, алардын бардыгы изделген документтин бир сүйлөмүнө кире тургандыгын билдирет. Эгерде силер суроо-талапта көрсөтүлгөн ар бир сөз кезиккен документтер гана тандалсын десеңер, анда ар бир сөзүн алдына “ + “ белгисин коюп чыккыла. Ал эми тескериинче издөөнүн жыйынтыгынан кээ бир сөздөрдү алып салгыңар келсе, анда ошол сөздөрдүн алдына  “-”  белгисин коюп чыккыла. “ + “ жана “-” белгилерин мурунку сөздөн кийин пробел кошуп жана кийинки сөзгө жабыштырып жазышыңар керек.  Мисалы, “ Волга –автомобиль” суроо талабында “Волга” деген сөздөр бар жана “автомобиль” деген сөздөр жок болгон документтер табылат.

6 . Суроо-талапта терилген, пробел менен ажыратылган бир нече сөз, алардын бардыгы изделген документтин бир сүйлөмүнө кире тургандыгын билдирет. Эгерде силер суроо-талапта көрсөтүлгөн ар бир сөз кезиккен документтер гана тандалсын десеңер, анда ар бир сөзүн алдына “ + “ белгисин коюп чыккыла. Ал эми тескериинче издөөнүн жыйынтыгынан кээ бир сөздөрдү алып салгыңар келсе, анда ошол сөздөрдүн алдына “-” белгисин коюп чыккыла. “ + “ жана “-” белгилерин мурунку сөздөн кийин пробел кошуп жана кийинки сөзгө жабыштырып жазышыңар керек. Мисалы, “ Волга –автомобиль” суроо талабында “Волга” деген сөздөр бар жана “автомобиль” деген сөздөр жок болгон документтер табылат.

7. Синоним же мааниси боюнча жакын болгон сөздөрдү издөөдө, сөздөрдүн арасына вертикалдык сызыкты “|” коюп койсо болот. Мисалы, “бала | бөбөк | ымыркай” деген суроо-талап боюнча ушул сөздөр катышкан каалагандай документтер табылат. 8. Суроо-талапта бир сөздүн ордуна бир билдирүүнү толук койсо да болот. Ал үчүн аны кашаанын ичине алуу керек. Мисалы, “(бала | бөбөк | балдар | наристе) + (кам көрүү | тарбиялоо)”. 9. “~” (тильда) белгисин колдонуу биринчи сөздү гана камтыган, бирок экинчи сөздү камтыбаган сүйлөмдүү документтерди табууга мүмкүндүк берет. Мисалы, “китептер ~ дүкөн” сурамында жанында “дүкөн” деген сөз жок “китептер” деген сөздөрдү гана камтыган (сүйлөмдүн чегинде) документтер табылат.

7. Синоним же мааниси боюнча жакын болгон сөздөрдү издөөдө, сөздөрдүн арасына вертикалдык сызыкты “|” коюп койсо болот. Мисалы, “бала | бөбөк | ымыркай” деген суроо-талап боюнча ушул сөздөр катышкан каалагандай документтер табылат.

8. Суроо-талапта бир сөздүн ордуна бир билдирүүнү толук койсо да болот. Ал үчүн аны кашаанын ичине алуу керек. Мисалы, “(бала | бөбөк | балдар | наристе) + (кам көрүү | тарбиялоо)”.

9. “~” (тильда) белгисин колдонуу биринчи сөздү гана камтыган, бирок экинчи сөздү камтыбаган сүйлөмдүү документтерди табууга мүмкүндүк берет.

Мисалы, “китептер ~ дүкөн” сурамында жанында “дүкөн” деген сөз жок “китептер” деген сөздөрдү гана камтыган (сүйлөмдүн чегинде) документтер табылат.

10. Эгерде оператор бир жолу эле кайталанса (мисалы, & же ~) издөө сүйлөмдүн гана чегинде жүргүзүлөт. Кош операторлор (&&,~~) издөөнү документтин чегинде жүргүздүрөт. Мисалы, “ рак ~~ астрология” сурамы боюнча астрологияга тиешеси жок “рак” сөзүн камтыган документтер табылат.

10. Эгерде оператор бир жолу эле кайталанса (мисалы, & же ~) издөө сүйлөмдүн гана чегинде жүргүзүлөт.

Кош операторлор (&&,~~) издөөнү документтин чегинде жүргүздүрөт. Мисалы, “ рак ~~ астрология” сурамы боюнча астрологияга тиешеси жок “рак” сөзүн камтыган документтер табылат.

Окуучулар учун тапшырма Тапшырма 1.  Таблицада Интернеттин кайсы бир сегментинде сурамдар боюнча издөө сервери таап чыккан ошол сурамдар жана беттердин саны берилген: Шахматтар сурамы боюнча  канча (миң) бет табылат? Суроо –талап (сурам) Беттердин саны шахматтар | теннис 71 700 000 (0,69 сек.) теннис 76 200 000 шахматтар & теннис 91 900 000

Окуучулар учун тапшырма Тапшырма 1.

Таблицада Интернеттин кайсы бир сегментинде сурамдар боюнча издөө сервери таап чыккан ошол сурамдар жана беттердин саны берилген:

Шахматтар сурамы боюнча

канча (миң) бет табылат?

Суроо –талап (сурам)

Беттердин саны

шахматтар | теннис

71 700 000 (0,69 сек.)

теннис

76 200 000

шахматтар & теннис

91 900 000

Тапшырма 2. Таблицада Интернеттин кайсы бир сегментинде сурамдар боюнча издөө сервери таап чыккан ошол сурамдар жана беттердин саны берилген: Москва & (Париж | Лондон) сурамы боюнча  канча (миң) бет табылган? Суроо –талап (сурам) Беттердин саны (миң) Москва & Лондон 255 479 000 000  Москва & Париж 322  333 000 000 Москва & Париж & Лондон 50 246 000 000

Тапшырма 2.

Таблицада Интернеттин кайсы бир сегментинде сурамдар боюнча издөө сервери таап чыккан ошол сурамдар жана беттердин саны берилген:

Москва & (Париж | Лондон)

сурамы боюнча

канча (миң) бет табылган?

Суроо –талап (сурам)

Беттердин саны (миң)

Москва & Лондон

255 479 000 000

Москва & Париж

322 333 000 000

Москва & Париж & Лондон

50 246 000 000

Тапшырма 3. Таблицада Интернеттин кайсы бир сегментинде сурамдар боюнча издөө сервери таап чыккан ошол сурамдар жана беттердин саны берилген: Фрегат & эсминец сурамы боюнча канча (миң) бет табылган? Суроо –талап Беттердин саны (миң) фрегат | эсминец 3000 фрегат 2000 эсминец 2500

Тапшырма 3.

Таблицада Интернеттин кайсы бир сегментинде сурамдар боюнча издөө сервери таап чыккан ошол сурамдар жана беттердин саны берилген:

Фрегат & эсминец сурамы боюнча

канча (миң) бет табылган?

Суроо –талап

Беттердин саны (миң)

фрегат | эсминец

3000

фрегат

2000

эсминец

2500

Тапшырма 1. Цитата боюнча же так аты боюнча сурамды түзүү. Документтин аты берилген “Персоналдык электрондук эсептөөчү машиналарга болгон гигиеналык талаптар жана ишти уюштуруу” Интернетте документтин толук текстин издөө үчүн суроо талапты түзгүлө. Издөөнүн жыйынтыгын өзүңөрдүн папкаңарда сактагыла.

Тапшырма 1.

Цитата боюнча же так аты боюнча сурамды түзүү. Документтин аты берилген “Персоналдык электрондук эсептөөчү машиналарга болгон гигиеналык талаптар жана ишти уюштуруу” Интернетте документтин толук текстин издөө үчүн суроо талапты түзгүлө. Издөөнүн жыйынтыгын өзүңөрдүн папкаңарда сактагыла.

Тапшырма 2. Татаал суроо-талаптарды түзүү. А) Каалагандай издөө системасында Ыссык-Көлдө эс алуу жөнүндө маалыматты издөө үчүн сурамды түзгүлө. Тейлөө боюнча сунуштарды, пансионаттарды жана башка жарнамаларды катыштырбагыла. Издөөнү көлдүн суусунун жана тоонун абасынын организмге тийгизген таасиринин тегерегинде топтогула. Б) үй мышыктарына кам көрүү боюнча маалыматка татаал сурамды түзгүлө. Издөөдөн ири мышыктарды (мисалы, арстандарды), ошондой эле сатуу, сатып алуу жөнүндөгү сунуштарды, обоилер үчүн сүрөттөрдү ж.б.у.с. алып салгыла. Сурамдын текстин жана издөөнүн жыйынтыгын Word до жасалгалагыла.

Тапшырма 2.

Татаал суроо-талаптарды түзүү.

А) Каалагандай издөө системасында Ыссык-Көлдө эс алуу жөнүндө маалыматты издөө үчүн сурамды түзгүлө. Тейлөө боюнча сунуштарды, пансионаттарды жана башка жарнамаларды катыштырбагыла. Издөөнү көлдүн суусунун жана тоонун абасынын организмге тийгизген таасиринин тегерегинде топтогула.

Б) үй мышыктарына кам көрүү боюнча маалыматка татаал сурамды түзгүлө.

Издөөдөн ири мышыктарды (мисалы, арстандарды), ошондой эле сатуу, сатып алуу жөнүндөгү сунуштарды, обоилер үчүн сүрөттөрдү ж.б.у.с. алып салгыла.

Сурамдын текстин жана издөөнүн жыйынтыгын Word до жасалгалагыла.

Тапшырма 3. Тематикалык издөө. Силерге белгилүү ыкмалардын баарын колдонуп “Интернеттен эсептөө техникасынын өнүгүүсү жөнүндө” маалыматты издегиле. Издөөнү ар кайсы багыт боюнча жүргүзгүлө: тарыхый кырдаал, техника, инсандар. Издөөнүн жыйынтыгын презентация түрүндө көрсөткүлө. Презентацияда гипершилтеме түрүндөгү көп тепкичтүү мазмунду колдонгула.

Тапшырма 3.

Тематикалык издөө.

Силерге белгилүү ыкмалардын баарын колдонуп “Интернеттен эсептөө техникасынын өнүгүүсү жөнүндө” маалыматты издегиле. Издөөнү ар кайсы багыт боюнча жүргүзгүлө: тарыхый кырдаал, техника, инсандар. Издөөнүн жыйынтыгын презентация түрүндө көрсөткүлө. Презентацияда гипершилтеме түрүндөгү көп тепкичтүү мазмунду колдонгула.

Тапшырма 4 Электрондук энциклопедияда пингвиндер, тотукуштар, страустар жана өрдөктөр жөнүндөгү маалыматты автоматтык түрдө табуу мүмкүнчүлүктөрү каралган. Төмөнкү сурамдарда ушул айтылган канаттуулардын кайсынынсы жөнүндө маалымат берилгендигин аныктагыла: учушпайт, сүзүшбөйт, учушат ЖАНА сүзүшөт, учушат ЖЕ сүзүшөт, учушат жана сүзүшпөйт, сүзүшөт жана учушпайт, учушпайт жана сүзүшпөйт. суроо талап алынган маалыматтар учушпайт сүзүшбөйт учушат ЖАНА сүзүшөт учушат ЖЕ сүзүшөт учушат жана сүзүшпөйт сүзүшөт жана учушпайт учушпайт жана сүзүшпөйт

Тапшырма 4

Электрондук энциклопедияда пингвиндер, тотукуштар, страустар жана өрдөктөр жөнүндөгү маалыматты автоматтык түрдө табуу мүмкүнчүлүктөрү каралган. Төмөнкү сурамдарда ушул айтылган канаттуулардын кайсынынсы жөнүндө маалымат берилгендигин аныктагыла: учушпайт, сүзүшбөйт, учушат ЖАНА сүзүшөт, учушат ЖЕ сүзүшөт, учушат жана сүзүшпөйт, сүзүшөт жана учушпайт, учушпайт жана сүзүшпөйт.

суроо талап

алынган маалыматтар

учушпайт

сүзүшбөйт

учушат ЖАНА сүзүшөт

учушат ЖЕ сүзүшөт

учушат жана сүзүшпөйт

сүзүшөт жана учушпайт

учушпайт жана сүзүшпөйт

Жыйынтык чыгаруу Рефлексия. - Силер сабактын темасын атай аласыңарбы? - Силерге жеңил эле болдубу же кыйын болдубу?  - Эмнени силер катасыз жакшы аткара алдыңар? - Кайсы тапшырма эң кызыктуу болду жана эмне үчүн? - Өзүңөрдүн ишиңерди силер кандай баалайт элеңер?

Жыйынтык чыгаруу Рефлексия.

- Силер сабактын темасын атай аласыңарбы?

- Силерге жеңил эле болдубу же кыйын болдубу?

- Эмнени силер катасыз жакшы аткара алдыңар?

- Кайсы тапшырма эң кызыктуу болду жана эмне үчүн? - Өзүңөрдүн ишиңерди силер кандай баалайт элеңер?

Үйгө тапшырма Ар бир берилген тапшырма боюнча аткарган иштериңерди, презентация, тексттик формат же скриншот жасап maatova1981@gmail.com электрондук почтасына же ватсап аркылуу жөнөтсөңөр болот Мөөнөтү: 28.03.2020 саат 21.00 гө чейин,  Ушул убакта тесттик тапшырмалардын ссылкасын жөнөтөм

Үйгө тапшырма

Ар бир берилген тапшырма боюнча аткарган иштериңерди, презентация, тексттик формат же скриншот жасап [email protected] электрондук почтасына же ватсап аркылуу жөнөтсөңөр болот

Мөөнөтү: 28.03.2020 саат 21.00 гө чейин,

Ушул убакта тесттик тапшырмалардын ссылкасын жөнөтөм

Баарыңарга бекем ден соолук, өзүңөрдү этият кылгыла,  өздүк гигиенаны туура сактагыла  Кийинки онлайн сабакка чейин

Баарыңарга бекем ден соолук, өзүңөрдү этият кылгыла, өздүк гигиенаны туура сактагыла Кийинки онлайн сабакка чейин


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!