СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Табият кырсыктары

Категория: География

Нажмите, чтобы узнать подробности

.

Просмотр содержимого документа
«Табият кырсыктары»

Табият кырсыктары, жаратылыш кырсыктары адамзатты кырсыкка жана материалдык бүлгүнгө учуратуучу, ошондой эле чыгымдарга алып келүүчү табигый кубулуштар жана процесстер. Алар бири-бирине көз каранды эмес жана бири-бири менен байланышкан түрдө да пайда болушу ыктымал. Табият кырсыктарынын пайда болуу булагы, масштабы жана өтүү узактыгы түрдүүчө болот. Бир нече секунд-минутадан (жер титирөө, кар көчкү, лимнологиялык апааттар) бир нече саат (сел), күн (жер көчкү), айларга (суу каптоо) чейин coзулушу ыктымал. Айрым кырсыктар көпчүлүк антропогендик учурда иш-чаралардын негизинде пайда болот. Мисалы, токой жана чым көң өртү, тогоон (плотина) курууда, карьер казууда тоолуу аймактагы өндүрүш жардырууларынын кесепетинен көчкүнүн (кар көчкүнүн) ж. б. табият кырсыктарынын пайда болушу эсептелинет. Пайда болуу шарты боюнча табигый кырсыктар төмөнкүчө бөлүнөт: геологиялык – жер титирөө, жанар тоо атылуусу, сел, көчкү (жер көчкү, кар көчкү) ж. б.; гидрологиялык – суу каптоо, цунами, лимнологиялык апааттар; өрттөр – токой өртү, чым көң өртү; метеорологиялык – торнадо (өтө чоң ылдамдыктагы куюн), циклон, бурганак, мөндур, кургакчылык ж. б. болуп бөлүнөт. Ошондой эле болгон жери (кургактыкта, сууда ж. б.) боюнча да айырмаланат. Мисалы., суу акваторияларында кургакчылык, өрт, суу каптоо ж. б., ал эми кургактыкта (жээк тилкеден тышкары) сууда болуучу цунами ж. б. табият кырсыктары дээрлик катталбайт. Адамзат коому илгертен эле табият кырсыктарынан, айрыкча жер титирөөдөн (Чили – 9,5 балл, 1960; Инди океаны – 9,3, 2004; Аляска – 9,2, 1964; Камчатка – 9,0, 1952; Армения – 7,2, 1988 ж. б.), жанар тоо атылуусунан (Исландия, Йемен, Чили ж. б.), цунамиден (Камчатка, 1952; Түштүк Чыгыш Азия, 2004; Япония, 2011 ж. б.), торнадодон (Түндүк Америка), циклондон (Катрина, 2005; Вилма, 2005; Айк, 2008) ж. б. кырсыктан жапа чегип келүүдө. Акыркы 20 жыл ичинде эле табият кырсыктарынын 1,3 млнго жакын адам курман болуп, 4,4 млрд адам кандайдыр бир деңгээлде жаракат алып, экономикалык жактан 2 триллион доллар чыгымга алып келген. Кыргызстандын аймагында жер титирөө (1992-жылы Суусамыр ж. б.), сел (Сузак ж. б.), суу каптоо, кар көчкү, жер көчкү, мөндүр, нөшөр жаан ж. б. табият кырсыктары болуп, адамдарга, эл чарбасына олуттуу кесепетин тийгизүүдө. Кыргыздар мындай кырсыктарды «алаамат», «апаат» деп да коюшат.


Жер титирөө, Зилзала – табигый күчтөрдүн таасиринен жер бетинин термелиши. 

Жер титирөөнүн эпиборбору (1963-1998).

Жер титирөөнүн көбү тектоникалык процесстердин натыйжасында, айрымдары жанар тоолордун атылышынан, чандасы жер көчкүдөн келип чыгат. Жылына Жер шарында Жер титирөөлөрдүн саны жүз миңдеп саналат. Алардын көпчүлүгү анчалык катуу болбогондуктан, адамга анча сезилбейт. Орто эсеп менен жылына бирден кыйратуучу Жер титирөө болуп турат да, шаар-кыштактар талкаланып, адамдар зыянга учурайт. Жер титирөө башталган жер астындагы зона Жер титирөөнүн очогу деп аталат. Мында жер катмарларынын чегинде узак убакыт бою жыйналган потенциалдык энергиянын бошонуу процесси жүрөт. 
Очоктун жер астындагы борбору гипоборбор, анын тик багыт бонча жер бетиндеги тушу эпиборбор деп аталат. Гипоборбор менен эпиборбордон бардык тарапка Жерди титиреткен толкундар таралат. Жер титирөөнүн очогу жер астындагы ар кандай тереңдикте пайда болот, көпчүлүгү 20–30 км, кээде гана жүздөгөн кмге жетет. Жер титирөөнүн күчү 12 баллга чейинки Жер титирөөнү билгизме шкала боюнча аныкталат.


Ал жер бетиндеги термелүүнүн даражасын көрсөтөт. Жер титирөөлөрдү каттап туруучу дайыма жана убактылуу иштөөчу сейсмологиялык станциялар пайдаланылат. Жер шарында 600, ал эми КМШда 100дөн ашык (анын 11и Кыргызстанда) сейсмологиялык станция бар. Станциялардын көп жылдык байкоолорунун негизинде ири аймактарда Жер титирөөчү райондор аныкталат.

Жер титирөө жер шарынын айрым бөлүктөрүндө болуп, белгилүү бир геологиялык түзүлүштөргө байланышкан. Жер титирөө тоолуу, негизинен жаңы тоо тармактарынан түзүлгөн аймактарда болот, платформаларда дээрлик болбойт. КМШөлкөлөрүндө Жер титирөө болуучу райондор: Закавказье, Орто Азия, Казакстан, Байкалайланасы, Курил, Сахалин аралдары, Камчатка, Тянь-Шань менен Памир тоолору активдүү областтарга кирет. жер шаарында 6 плиталар бар. Алар бири-бири менен кагылышканда жер титирөө пайда болот.

Жер титирөөлөрдү сейсмология илими изилдейт. Жер титирөө эл чарбасына жана адамзатка чоң зыян келтиргендиктен, ага каршы чара көрүүнүн жана анын болушун күн мурунтан билүүнүн мааниси зор.

Экосистеманын гомеостазы, гомеостазис (гр.homoios – окшош, бирдей, stasis – кыймылсыз абал) - биологиялык системанын ар кандай өзгөрүүгө карата туруктуулук жана курамдын же башка касиеттин салыштырмалуу динамикалык туруктуулугун сактоого болгон жөндөмдүүлүгү. Организмдин туруктуулугун камсыз кылуучу абалын жана процесстерин мүнөздөө үчүн 1929-ж. У. Кенон «гомеостаз» терминин сунуш кылган. Бирок, 19-кылымдын экинчи жарымында эле К. Бернар сырткы чөйрөнүн тынымсыз алмашышына тирүү организмдердин көзкаранды эместигин жана ички чөйрөнүн физ. - химиялык шартынын стабилдүүлүгүн карап, организмдин ички чөйрөсүнүн туруктуулугун кармап турууга багытталган физиологиялык механизмдердин болушу жөнүндөгү идеяны айткан. Гомеостаз кубулушу биологиялык уюштурулуунун ар кандай деңгээлдеринде байкалат. Мисалы, физиологиялык гомеостаз жердеги тиричиликтин келип чыгышы, бир клеткалуу организмдердин пайда болушу клеткалардын адистешкен физ.-химиялык шартынын айлана-чөйрөнүн шарттарынан айырмаланып, бүт өмүрүнүн акырына чейин үзгүлтүксүз туруктуу кармалып туруусу менен байланыштуу. Көп клеткалуу организмдерде ар кандай органдардын жана ткандардын клеткалары жайгашкан ички чөйрө пайда болуп, анда гомеостаз механизминин өнүгүшү жана өркүндөшү жүрөт. Эволюциянын жүрүшүндө гомеостазды кармап туруучу кан айлануу, дем алуу, тамак сиңирүү, бөлүп чыгаруу ж. б. атайын адистешкен органдар калыптант. Деңизде жашоочу омурткасыздарда ички чөйрөсүнүн иондук курамын жана рНтын туруктуулугун стабилдештирүүчү гомеостаздын механизми бар. Тузсуз сууга жана кургактыкта жашоого өткөн жаныбарлар үчүн ошондой эле тузсуз суудан деңизге миграция жасоочу омурткалууларда организмдин ички осмостук активдүү заттардын концентрациясынын туруктуулугун камсыз кылуучу осмостук жөнгө салуу механизми калыптанган. Айрым сүт эмүүчү жаныбарда гомеостаз бир кыйла жакшы өөрчүп, алардын айлана-чөйрөнүн ар кандай шартына болгон ыңгайлануу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат.

Гомеостаз физиологиялык системанын жөнгө салуучу механизми менен ишке ашат. Организмдеги зарыл болгон интеграциялык функцияны БНС жана өзгөчө мээнин кыртышы аткарып, алардын гипофиздин абалына, бөйрөк үстү безине ж. б. эндокриндик ички секрециябездерге эффектордук органдардын өрчүү даражасына симпаттык нерв системасынатийгизген таасири абдан чоң артериалык басымдын оптималдуу деңгээлин камсыз кылуучу система, татаал гомеостаздык система болуп эсептелет. Кан басымынын өзгөрүүсү кан тамырлардын барорецептору менен кабыл алынып, сигнал (белги) кан тамырлуу борборго берилип, абалдын өзгөрүүсү кан тамырлардын тонусунун жана жүрөк ишинин өзгөрүүсүнө алып келип, бир эле учурда нейрогумордук жөнгө салуу системасын камтып жана кан басымы нормага түшүп, кайра артка кайтуучу байланышы менен чынжыр реакциясынын принциби б-ча жөнгө салынат. Гомоестаздык процесстердин негизинде жаткан механизмдердин бузулушу «гомеостаз» оорусу катары каралат. Буга шарттуу түрдө кээ бир биологиялык ритимдердин аргасыздан кайра куруулары менен байланышта болгон организмдин нормалдуу иш аракетинин функционалдык бузулушун кошууга болот. Адамдын гомеостазынын законченемдүүлүктөрүн таанып билүү көптөгөн ооруларды дарылоонун натыйжалуу жана рационалдуу усулдарын тандоодо мааниси абдан чоң.

Өсүмдүк гомеостазын клеткалык деңгээлде кармап туруу үчүн плазмолемма жана тонопласт негизги маниге ээ. Биринчиден сырткы чөйрөдөн клеткага келген сиңимдүү иондордун жана суунун клеткага келишин, ошондой эле клеткадагы ашыкча иондордун Н+, Na+,Са+ бөлүнүп чыгышын, экинчиден вакуолдо запастык заттар ашыкча болгон учурда вакуолдон запастык субстраттардын протоплазмага келишин жөнгө салып турат. Клетканын осмостук потенциалын стабилдештирүү клетканын ичиндеги белгилүү концентрацияны (К+) жана аниондорду кармап туруунун эсебинен ишке ашырылат. Гомеостазды ткандык деңгээлде кармап туруу үчүн плазмодесма катышып, углеводдордун ж. б. субстраттардын клетка аралык ачылышын жөнгө салат. Генет. жана популяциялык гомеостаз салыштырмалуу стабилдүүлүгү жана алмашып туруучу чөйрөнүн шартында генетикалык структурасынын бүтүмдүүлүгүн кармап туруучу популяциянын жөндөмдүүлүгү.





Метаболизм деген эмне?

Метаболизм - бул биздин энергияны жөнгө салуучу система. Бул денебиздин клеткаларында пайда болгон жана тамак-аш аркылуу керектелген энергияны өзгөртүп, жөнгө салуучу химиялык реакциялардын жыйындысы. Бул энергия күнүмдүк жашообузда керектүү нерселердин бардыгын: дем алуу, кыймылдоо жана бардык маанилүү функцияларды аткаруу үчүн керектүү отун болуп калат.

Бул бизге энергияны тигил же бул ыкма менен күйгүзүүгө мүмкүндүк берет, эгерде зат алмашуу тездесе, бизге көбүрөөк энергия берет жана тескерисинче жай метаболизм бизди көбүрөөк чарчатат, чарчап, биз дагы аз салмак кошуп, өрттөнөбүз.

Метаболизм, адатта, кээ бир адамдарда арыктоонун кыйынчылыгы үчүн жооп берет, бул тууралуу кийинчерээк сүйлөшөбүз.

Зат алмашуу эки процесстен турат: организмдин ткандарын жана энергиянын запасын түзүү менен алектенген анаболизм; жана катаболизм, бул ткандардын бузулушуна жана энергияны күйгүзүүгө жооп берет.

Эгерде биздин метаболизмибиз ишке ашпай калса, анда галактоземия, фенилкетонурия, гипертиреоз, гипотиреоз, 1-типтеги диабет жана 2-типтеги диабет сыяктуу зат алмашуу ооруларына чалдыгышыбыз мүмкүн.

Демек, арыктоону каалайбызбы же жокпу, ден-соолугуңуздагы зат алмашууну сактоо ден-соолугуңуз үчүн маанилүү учур болуп калат.

Ден-соолукка пайдалуу зат алмашуу кандай?

Бул зат алмашуу Күнүгө энергия берет, ачка болгондо гана тамак сурайт жана гомеостазда кармайт. Гомеостаз - бул ар бирибизге ылайыктуу дене курамы же салмагы. Бул салмак биз каалагандай эмес, бирок биз өзүбүздүн абалыбызды кабыл алышыбыз керек. Is ар бир адамдын өзгөчөлүгүнө ылайык оптималдуу жана туруктуу салмакта жана формада болуу.

Биз энергияны кайдан алабыз?

Адамдар Бизде эки энергия булагы бар: глюкоза жана кетон денелери же май кислоталары. 

Булчуңдар менен боордун ортосундагы глюкозада болжол менен 2000 калорияны сактай алабыз. Бул глюкоза түгөнгөндө, организм кетондордон энергия алат. Май түрүндө биз 20000ден ашык калория топтой алабыз, бул глюкозага салыштырмалуу бир топ узак жашоого мүмкүнчүлүк берет. Глюкозаны организмибиз тез ичет.

Идеалдуу зат алмашуу ийкемдүүлүгүнө ээ болуу, бирок, глюкозаны кыянаттык менен пайдалануу жана майсыз мода менен, көптөгөн адамдар зат алмашууну бузушкан. Тамактануу стилин ден-соолукка өзгөртүп, зат алмашуу ийкемдүүлүгүн калыбына келтире аласыз.


Калкан бези зат алмашууну жөнгө салат. Бул биздин айлана-чөйрөдө болуп жаткан окуялардан кабардар болуп, көбүрөөк энергияны күйгүзө алабызбы же кандайдыр бир коркунучка кабылганда, аны сактап калуубуз керектигин баалоо биз үчүн жооптуу. Мисалы, туруктуу диета кармагандар, ар бир тамактан калорияларды эсептешет, аз же жаман жешет, кардио көнүгүүлөрүн көп жасашат ж.б. Алар сиздин калкан безиңиздин денеге коркунучтуу сигнал жиберишине алып келет жана биздин организм аман калуу үчүн энергияны үнөмдөй баштайт. Бул жараян бир нече жуманын ичинде чарчап, чарчап, чарчап-чаалыгып, чарчап-чаалыгууну сезбей башташыбыз мүмкүн. Кооптуу абал аз энергияны күйгүзүп, көп топтоого алып келет.

Бул эл, диетаны токтоткондо, тамакты катуу кармабаңыз же ашыкча кардио жасоону токтотсоңуз, анда зат алмашуу жай жүрөт Жана дагы бир жолу кадимкидей тамактануу менен, алар ушул убакка чейин метаболизмди кандайча бузушкандыктан, көп салмак кошушат.

Бул жерде токтоп, белгилеп кетишибиз керек, диета жөнүндө сөз болгондо, тез арыктап кетүү үмүтү менен жасалган зыяндуу диеталардын айрым түрлөрү жөнүндө сөз болуп жатат. Кайсы биз оптималдуу диетага жетишишибиз керек, анда шекер же сезгенүү азыктары сыяктуу ден-соолукка пайдалуу тамактарды азыраак жебейбиз.

Май, белок жана пайдалуу заттардан аз тамактануу менен, зат алмашуу азайып, энергия запасы аз болот.

Адатта, кардио менен машыгып жатканда, денебиз качып бараткандыгыбызды түшүнүп, коркунучка туш болуп, сергек болуп калат. Гормоналдык өзгөрүүлөр болуп, овуляция токтошу мүмкүн, энергияны үнөмдөө үчүн зат алмашуу жайлайт ж.б. Эгерде сиз көнүгүүнү эң жакшы аткарсаңыз, бул функционалдык көнүгүү, мисалы, басуу, салмак ж.б.

Метаболизмге таасир этүүчү факторлор 

Ар бир адамдын зат алмашуу ылдамдыгы ар кандай, анткени көптөгөн факторлор биздин денебиздин энергияны канчалык тез (же жай) колдонгонуна же айланышына таасир этиши мүмкүн.

жашы 

Жаш өткөн сайын метаболизм басаңдайт. Кээ бир изилдөөлөр бул биздин дененин курамы жаш өткөн сайын өзгөрүп турат деп болжолдойт. Биз акырындык менен арык массаны жоготобуз жана май булчуңдарга караганда азыраак калорияларды күйгүзгөндүктөн, зат алмашуубуз жайлайт. Органдарыбыздагы куракка байланыштуу өзгөрүүлөр зат алмашуу ылдамдыгын да жайлатышы мүмкүн.

Пабыл 

Эркектерде көбүнчө аялдарга караганда метаболизм жогору. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, бул аялдардын энергияны үнөмдөөсүнө жана майларды эркектерге караганда натыйжалуураак сактоосуна байланыштуу болушу мүмкүн, бирок ар кандай гормондордогу айырмачылыктар да роль ойношу мүмкүн.

дене курамы 

Арык булчуң массасы, денеңиз эс алып турганда да, майга караганда көбүрөөк калория күйөт. Ошентип, булчуңдарыңыз канчалык көп болсо, күн ичинде ошончолук көп калория күйүп, метаболизмиңиз ошончолук жогору болот. Семиз адамдарда сезгенүү энергиянын чыгымдалышына таасир этиши мүмкүн.

Дене өлчөмү (бой) 

Сиздин боюңуз денеңиздеги зат алмашуу ылдамдыгына да таасир этиши мүмкүн, бирок бир аз татаал жол менен. Узун бойлуу адамдардын BMR деңгээли жогору болушат (анткени алар чоңураак), бирок кээ бир изилдөөлөр көрсөткөндөй, алар кыскараак адамдарга салыштырмалуу көнүгүү учурунда азыраак калорияларды күйгүзүшөт.

дене температурасы 

Температураны туруктуу кармап туруу үчүн организм өзүнүн жалпы энергия чыгымынын 40%ке чейин колдонот. Ошондуктан, эгерде сиз экстремалдык температурага дуушар болсоңуз, анда денеңиз көбүрөөк иштөөгө туура келет. Талыкпаган эмгек зат алмашууну жакшыртат.

Семиз адамдардын дене температурасы төмөндөшү ыктымал, ошондуктан кээ бир изилдөөчүлөр бул алардын зат алмашуусун төмөндөтүп, алгачкы салмак кошуусуна салым кошкон болушу мүмкүн деп божомолдошот.

Кофеин же стимуляторлорду кабыл алуу 

Эгер сиз өтө көп кофе же өтө көп энергетикалык суусундуктарды ичкен болсоңуз, балким, сиз өзүңүздүн метаболизмиңиздин күчөшүн байкагандырсыз. Себеби кофеин сыяктуу стимуляторлор зат алмашуу ылдамдыгын жогорулатат. Бирок, алардын тобокелдиктери алардын пайдасынан жогору болушу мүмкүн, андыктан бул метаболизмиңизди тездетүүнүн эң коопсуз жолу эмес.

гормондор 

Калкан безинин гормондору организм тарабынан туура өндүрүлбөсө, метаболизмиңиз көбөйүшү же азайышы мүмкүн. Калкан бези гормондорду жетиштүү деңгээлде чыгарбаса (гипотиреоз) зат алмашуу жайлап, салмактын көбөйүшүнө алып келет. Ал эми калкан бези өтө көп өндүрөт (гипертиреоз), ал, адатта, салмак жоготууга өбөлгө түзөт.

Метаболикалык ылдамдыкты эсептөө 

Учурдагы зат алмашуу ылдамдыгын аныктоо үчүн, алгач BMRди же денеңиздин туура иштеши үчүн канча калория керек экендигин эсептеп чыгышыңыз керек. Муну жасоонун эң туура жолу – аны лабораторияда текшерүү. Кээ бир ден соолукту чыңдоочу клубдар ошондой эле зат алмашуу тесттерин сунуштайт (акы үчүн).

Дагы бир вариант - болжолдуу BMRди өзүңүз эсептөө. Онлайн эсептегичтер бар, же сиз бул санды кол менен эсептегиңиз келсе, Харрис-Бенедикт теңдемесин колдонсоңуз болот:

  • адамдар:  88.362 + (13.397 х кг салмак) + (4.799 х см бийиктикте) - (5.677 x жаш курагы жыл) = BMR

  • аялдар: 447.593 + (9.247 х кг салмак) + (3.098 х см бийиктикте) - (4.330 x жаш курагы жыл) = BMR

Сиздин BMR болгондон кийин, сиз жалпы зат алмашуу курсун аныктай аласыз. Бул сан сиздин BMR жана көнүгүү жана башка күнүмдүк кыймылдар сыяктуу процесстер үчүн колдонулган калориялардын жыйындысы. 

Колдонулган адабияттар

  1. Биология: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4

  2. Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8