СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Табиятты суйуу жана аны коргоо

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тарбиялык саат

Просмотр содержимого документа
«Табиятты суйуу жана аны коргоо»

Табиятты сүйүү жана аны коргоо.


А: Окуучуларга суроолор.


  1. Биздин табиятыбыздын азыркы абалы кандай?

  2. Адам факторунан улам бузулуп бараткан жерлерди билесиңерби?

  3. Бузулуп бараткан жерлерди канип кайра калыбына келтирсек болот?


Б: Теманы түшүндүрүү.


Кылымдар бою адамзат өзүнүн ар-түрдүү муктаждыгын табияттан чыгарып, камсыздап келген. Учурубузда да эң жөнөкөй муктаждыктан тартып эң заманбабына чейинкиси жерден чыгарылат. Жеген наныбыздан тартып машинага куйган бензинибиз да жерден чыгат. Негизи эле бизди курчап турган табият жалгыз гана адамзат үчүн иштеп жаткандай. Мисалы бир даракты алып көрөлү. Шагында бышкан алмасы көзүбүздү кызартат, жалбырактары бөлүп чыгарган кычкылтек өпкөбүздү сүйүнтөт, көлөкөсү денебизди сергитет, куураган шагы тамагыбызды бышырат, чириги көмүр болуп үйүбүздү ысытат. Бир эле бактын ушунчалык пайдасын көрүп жатсак жалпы жаратылыштын адамзатка тийгизген пайдасын элестетип көрүңүздөр. Адам баласы жерден алган азыгын, муктаждыгын алып, пайдаланып, таштандысын кайра жерге таштайт. Мисалы: тамак бышырганда жерден казып алган картошка, сабиздердин кабыктарын кайра эле жерге таштайт, казып алган кеңдерден телефон, телевизор, идиш сыяктуу түрдүү металдык, пластикалык нерселерди жасайбыз жана өмүрү бүткөндө таштандыга таштайбыз. Кээ-бирлери бат эле чирип топуракка аралашса, кээ-бирлери чирибестен көп жыл туруп калып, айлана-чөйрөнүн кооздугун бузуп, зыяндуу зат чыгарганга чейин барып, биздин ден-соолугубузга терс таасирин тийгизип жатат.

Дүйнөдө элдин саны барган сайын көбөйүп ошого жараша таза сууга, таза абага, бак-даракка жана ушул сыяктуу жаратылыш ресурстарына болгон муктаждык өсүп баратат, бирок тилекке каршы колубузда болгон бул эбегейсиз чоң байлыктын кадырын билбегендиктенби, айтоор жакшы коргобой жатабыз. Ал аз келгенсип таштандыларды туш келди таштап, жаратылышты бир топ булгап жана алсыздандырып жатабыз. Биз таштаган таштандылардан улам, суулар жана аба булганып, ден-соолукка зыян микро-организмдер менен курчалып баратабыз. Азыртадан кол-кабыш кылып жаратылыш ресурстарын сактап жана айлана-чөйрөнү таза кармап калуу үчүн биздин колубуздан эмне келет? Көйгөйлүү маселелердин баарын мамлекет тарабынан чечилишин күтүп жата бербестен, өзүбүздүн жарандык салымыбызды кошуп кетүү биздин милдетибиз экенин эч-ким таңбаса керек. Ар-ким өзүнүн айлана-чөйрөсүн таза кармаса айылдарыбыз, шаарларыбыз, мамлекетибиз таза болмок. “Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот”, деген мамлекеттик ишмер И. Раззаковтун аябай маанидар сөздөрү бул багытта да бир мисал катары айтыла турган нерсе. Ошондой элке ойчул Конфуцийдин “Караңгыда наалыгандан көрө бир шам жак” деген сөзү бизге көп нерсени түшүндүрөт.

Демек, табиятты коргоо жана айлана-чөйрөнү таза сактоо бир гана мамлекеттик көйгөй катары эсептебестен, ар-кимибиздин жарандык жа милдетибиз экенин унутпашыбыз керек. Биз, бир жаран катары, бул багытта эмне жасай алабыз, ошолордун тизмесин чыгарганга аракет кылалы:

  • Таштандыларды туш келди таштабастан урнага салуу

  • Таштандыны жерге таштагандарды эскертүү

  • Ишембилик сыяктуу тазалык акцияларына активдүү катышуу

  • Чөйрөбүзгө жаратылышты коргоонун маанилүүлүгүн түшүндүрүү

  • Кайра иштелип чыгуучу таштандыларды керектүү жерлерге тапшыруу

  • Көчөт отургузуу

  • Таза сууну жана энергияны (электр жарыгы, бензин, ж.б.) үнөмдөө

  • Пикникке чыкканда көрүнгөн жерде от жакпоо

Биз табиятты сүйүп, аны көзүбүздүн карегиндей сактасак, абабыз таза, суубуз тунук, тамагыбыз витаминдерге бай, чөйрөбүз кооз болот. Табиятыбызды сактап калуу биздин өзүбүздүн гана колубузда.

Качандыр бир заманда бир шаарда акылман адам өзүнүн шакирттери менен бирге жашаган экен.Ал өтө кыраакы жана бардык нерсеге маани берген адам болгондуктан, айткандарынын баары туура чыга турган. Бир күнү шакирттеринин арасынан зиректиги менен айырмаланган бирөөсө устатынын жаңылган күнү болор бекен деген ойго келет. Анан ал оюн текшерип көргүсү келет да, устатынын жанына келет. Эки колунун алакандарынын ортосуна салган көпөлөктү аяр кармап туруп устатына суроо узатат: «Айтыңызчы, устатым, менин колумда кандай көпөлөк бар, тирүүбү же өлүкпү?» Устаты шашпай өз ишин уланта берет. Тирүү десе, ошол замат устатынын сөзүн жокко чыгарып, өзүнүн оюн далилдеш үчүн колдору менен көпөлөктү басып өлтүргөнгө даяр шакирти дагы бир жолу суроосун кайталайт. Ошондо устаты шакиртинин колун колун карабастан көзүнө тике карап туруп: «Баары сенин колуңда, балам. Кандай кааласаң, ошондой болот», - дейт.

Жашоодо биз көп нерсени башка себептерден улам болгонуна ишенебиз. Ошол эле учурда жашообуздун ар бир мүнөтүндө, ар бир кадамында өзүбүздүн кабыл алган чечимибизден да көп нерсе көз каранды экендигин бербейбиз. Жогорудагы икаяда айтылгандай көп нерсе биздин эле колубузда. Биз эле чечип коебуз. Ар кимибиз чөйрөбүздү таза кармап, бири-бирибизге жардам берип колдосок коомубуздун, чөйрөбүздүн жана табиятыбыздын тазаланганы ошо.

Бакта бышкан алма тим эле мени же деп кызарып турса, адырдан жашыл шиберге тоюп келгенден малдын берген сүтү менен уюган айран мени ич деп турса, жайдын ыссык табынан качып жайлоонун төрүндө салкын жел менен кулундардын кубалашып ойногонун тамаша кылып жатканда уурттаган кымыз тамагыбыздан сызылып агып ичибизди жылытып жатса, кандай керемет...


В: Накыл сөздөр.


Адамдын оюнда кандайдыр бир максат пайда болсо, аны ишке ашыруу убакытка гана көз каранды. Чечкиндүү адамдын иши алгач оюнда калыптанат. (Лиллиан Уайтинг)

Башканын милдетин жакшы аткаргыча, жаман да болсо, өзүңдүн милдетиңдин өтөөсүнө чык.

Жакшы кылсаң да, жаман кылсаң да өзүңө. (Макал)

Тазалык - ыймандын жарымы.

























Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!