СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Табылга... кудуңдап койдум!

Нажмите, чтобы узнать подробности

Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жөнүндөгү маалыматты иликтөө ийгилиги жөнүндө.

Просмотр содержимого документа
«Табылга... кудуңдап койдум!»

ТАБЫЛГА... КУДУҢДАП КОЙДУМ!

Бүгүн 9-Май – Жеңиш күнү. Бардыгыңыздарды майрамыңыздар менен куттуктаймын! Мен – Нарынбек Өскөналиев.

Атам Өскөналиев Абыл – Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу, 2-топтогу майып. 1941-1943-жылдары согушта советтик армиянын катарына чакырылып, Калинин фронтунда 973-артилериялык полкунда аскердик кызмат өтөп, Мекенин коргогон. 1943-жылы жарадар болуп, май айында айылга кайтып келген. Кызыгы, өзүнүн бир тууган иниси Өскөналиев Жакыбакун экөө бир күндө келишиптир. Ыраматылык Алмабүбү апам: “Анда азыркы айылыбыздын өйүзүндөгү кара кыштакта жашар элек. Үстү балык жон жабылган үйдүн үстүнөн жолду карап турдум эле. Кайнатам: “Ким көрүнөт, балам?”- деп сурап калды. “Билбейм, ата, солдат кийим кийген эки кишиден бөлөк киши деле көрүнбөйт,” – деп койдум. Этибарга деле алган эмес экенмин, чогуу кайтары ал кишинин деле түшүнө кирбесе керек. Экөө ээрчишип кирип келип атпайбы! Кайнатамдын сүйүнгөнүн айтпа!..” – деп калар эле. Байкуш чоң атам, башка күтүп жаткандырынын келбей каларын анда сезбесе деле керек...

Кашайгыр согуш 50 миллиондон ашык адамдын башын жутпадыбы! Кыргызстандан жөнөтүлгөн 365 миң аскердин 160 миңи согушта курман болгон. Боору бүтүн үй-бүлө жоктой: Атам иниси, атасы менен бир тууган эки агасы менен фронтко аттанып, эки агасы согушта курман болушкан. Көрсө, бул ар бир бүлөгө тиешелүү көрүнүш болгон тура. Айылыбыздан, Ат-Башы районунун Казыбек (мурдагы Пограничник) айылынан, кеткен 209 адамдын 145и согуштан кайтпай калат деген эмне?!

Демек, Жеңиш жеңил олжо катары колго тийген жок. Аталардын кан кечкен эрдиги менен, алардын аккан каны менен тийди. Өздөрү кесерип ачка, күн-түн дебей талаада, ишканаларда иштеген тылдагы аялдардын, кары-картаңдардын, өспүрүм балдардын кажыбас эмгеги менен тийди.

Кайда өлгөнү, кайда көмүлгөнү билинбей, жашыруун сыр катары жабылып келген аталарыбыздын дайынын аздыр-көптүр билүүгө бүгүн жетишип калдык. Сүйүнгөнүм, архивдик материалдан Молдояров Самтыр атабыздын Украинада курман болгону жана жашырылган көрүстөнү белгилүү болду. Ал эми, Молдояров Кожомбай атабыздын дайыны али белгисиз. Молдоярга тиешелүү Эсеналы уулунун баласы Усупбай согуш баштала элегинде эле, май айында, Армияга чакырылып, 1941-жылдын октябрында курман болуптур. Тиешелүү дегеним, Акмат уулу Турдубек каза болгондо аялы Дилдени бир тууган иниси Молдоярга баш байлайт. Эки баласы Абдырахман, Абдыкерим Молдоярдын баласы катары анын жоопкерчилигинде эс тартып чоңоюшкан. Сөз ошол Абдыкеримдин уулу Эсеналынын уулу Усупбай жөнүндө баратат. Бул киши боюнча эч ким тарабынан сөз кылынчу эмес. Согуш мезгилиндеги эски сүрөттүн аркасына өз колу менен Эсеналиев Усупбай деп жазып, кол койгон экен. Ошол аркылуу архивдик материалдан издеп таап алганым чоң олжо болду. Чынында, аябай кубандым! Аскер комиссариатынын каттоо китепчесинде 1918-жылкы экендиги көргөзүлүп, энеси Абдыкеримова Сыйнат деп жазылыптыр. Атын угуп, билгендер бар болсо, чоң энебиздин төркүндөрү да табылып калар деген жакшы үмүт-ой келди оюма.

“Өлбөс полк” жүрүшүндө неберелерим менен калгандарынын портретин көтөрүп чыгып жүрсөк: “Эми, буюрса, Эсеналиев Усупбай атабыздын сүрөтүн алып чыгабыз!” - деп кудуңдап койдум.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!