Табышмакчы Чынара
Жазуучу Шүкүрбек Бейшеналиев 1928-жылы 25-октябрда азыркы Ак-Талаа районундагы Куртка айылында туулган. Ал балдар ү ч ү н бир топ кызыктуу аңгеме, повесттерди жазган. Алар: «Ак тайлак»,
«Чыныгы достук», «Алкыш», «Кычан», «Аманат», «Ат жалында секелек», «Табышмакчы Чынара» жана башка чыгармаларды жараткан.
Табышмакчы Чынара
I . Жакшы чоң эне
Бакыраң к ө з, сексек чач Чынара деген кыз бар. Ал Кыргызстандын борбору, бак-шактуу Фрунзе калаасында беш кабаттуу жаңы имаратта жашайт. Чынаралардыкы болгондо да бешинчи кабаттагы бешинчи ү й.
Ал тургай Чынаранын жашы дагы беште. Байкагылачы, бардык жагынан кандай сонун бап келген.
К ү нд ө рд ү н биринде атасы, апасы эк өө бирдей, Москвага сапар чегишти. Ү йг ө , тээ алыстагы айылдан атайын келген чоң энеси эк өө гана ээлик болуп калышты.
Т ү шк ө маал Чынара чоң энесинин колунан жетелеп, ээрчитип, ү й ү н ү н маңдайындагы бакка барды. Ал жерде, кыргыз, орус балдары томполоңдошуп карды томолоктошуп ойноп жатышыптыр.
Чынара да аларга аралашты. Чоң эне скамейкага олтуруп кичинекейлерден к ө з ү н айрыбайт. Антпегенде кантет, картаң эне кар томолоктоп ойномок беле.
Д ү к ө нг ө ээрчишип кирип, чоң эне небереси менен бир стакандан ж ү з ү м шербетин ичкенде аябай жарпы жазылды.
- Сен жакшы энесиң! – Чынара аны мактай кетти. – Атам, апам эк өө тең ж ү з ү м шербетин жаман к ө р ү ш ө т. Дайым эле томат шербетин ичиришет, ал татту эмес, кычкыл.
II . Чоң эненин табышмактары
Чоң эне биринчи табышмагын баштады: - «Кырдан кызыл к ө йн ө к кыз чуркап келатат». Бул эмне, сексегей? Чынара ийнин куушуруп, ууртунан бырс этти: Чоң эне бырыш баскан с өө м ө й ү менен ө з мурдун черткилеп: Мобу мурун, кырдай болуп коңкойуп турабы? – Ооба… - Мындан аккан кан кыпкызыл к ө йн ө к кыздай ылдый чуркайбы?
«Кырдан кызыл к ө йн ө кч ө н кыз чуркады» деген мурундун каны экени т ө г ү нб ү ? - Азыноолак уйуп, элдир-селдир элестете баштаган небересине эне он кайталап жатып табышмакты жандырмагы менен т ү ш ү нд ү рд ү.
Анан экинчи табышмагын айтты: - «Айланасы таш, ортосунда бышкан аш». Бул эмне, сексегей? Чынара ары ойлоду, бери ойлоду такыр таппады. Акыры чоң энесине келип жалбарды. – Чоң энекебай, ушуну эле айтып берсең. Кийинкисин ө з ү м табам. Алтын энекебайым! Чоң эне ашканага кирди да к ү йп ө л ө кт ө п ж ү р ү п, уучуна бирдемени чеңгелдеп келди: - Ме, сексегей, кармап к ө рч ү ?
- Ихи, кана ташы, кана ашы?
- Мына сексегей, быягы да, тыягы да, бардык айланасы таштай катуу бекен? «Айланасы таш» деген ушул.
- Э…..эй кызык, чын эле, - деди Чынара эрдин чормойто. Чоң эне бычактын учу менен жаңгактын с өө г ү н чакты да ичиндеги уюл-уюл данегин алып, а дегенде, бысмылда деп ө з оозуна салып, анан небересине берип:
- К ө рд ү ңб ү , сексегей. «Ортосунда бышкан аш» деген ушул. Таштай болгон кабыктын ичинде ө з ү н ө н- ө з ү бышып калган ү ч ү н дароо эле чагып жеп жатпайбызбы.
III . Чынара табышмакчы кыз болду
Ошондон баштап Чынаранын бийге да, жомокко да табияты мурункудай тартпастан, ар нерсени кармалап, ө з алдынча чоң энесине табышмак айтууга далалаттанды. Анын эң алгачкы табышмагы бул: ү йд ү н боорундагы чоң к ү зг ү д ө н ө з ү н к ө р ү п, ары бери секирип ойноп жатты да:
- Караса ө з ү н к ө р ө т бул эмне? – деп айтарын айтып алып борсулдап к ү лг ө н боюнча, энесинин тизесине арта салынды. Кытылдап к ү лк ү сун тыйбай кубанган небересин чоң эне бооруна кыса кучактап тура калды:
- Акыл-эсиңден айналайын сексек! Кана, кайра айтчы табышмагыңды? – Чынара башын к ө т ө рс ө , энесине эк өө алиги к ү зг ү д ө н даана к ө р ү н үү д ө . Апакай колун тепеңдетип, тигине дегенсип, к ү зг ү г ө карай шилтеди.
Ага эми чыны менен табышмактан сонун эч нерсе жоктой сезилди. Энеси эк өө отурганда, жатканда эң кызык эрмеги табышмак. К ө з ү н ө к ө р ү нг ө н нерсе ж ө н ү нд ө бат эле табышмак айта салат. Кийинки к ү нд ө рд ө электр шамы ж ө н ү нд ө « ө з ү эле илинип турат, ү йд ү жарык кылат», телефон ж ө н ү нд ө «чыр-чыр этет, колума алсам Москвадан атам с ү йл ө ш ө т», телевизор ж ө н ү нд ө «энем эк өө б ү з ү йд ө театр к ө р ө б ү з» ал эмне?..
Айтор чоң энесинин бардык табышмагы т ө ртт ө н ашпай кайра-кайра башынан т ү ш ө берсе, Чынараныкы к ө б ө йг ө нд ү н ү ст ү н ө к ө б ө й үү д ө … Чоң эне менен небере эртели-кеч бош кездеринде табышмак айтышып отурушуп, бир айдын кандай тез ө тк ө н ү н да сезбей калышты…