СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Табышмактуу 7 саны

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Бул материал сайттан алынган

Просмотр содержимого документа
«Табышмактуу 7 саны»

ТАБЫШМАКТУУ 7 САНЫ



Сабактын темасы: Табышмактуу 7 саны

Сабактын максаты: Окуучулар ички сезимин , эрудициясын, математикалык тʏшʏнʏктɵрʏн ɵнʏктʏрʏшɵт жана кругозорун кеңейтишет. Математикалык шыгын жана демилгесин  ойготушат, ой жʏгуртʏʏ маданиятына жана  улуттук баалуулуктарды эстеп, сактап калууга үйрөнөт.  

Сабактын жабдылышы: Тест, суроо жазылган баракча, кроссворд, 7 саны

жɵнʏндɵ маалымат,  ноутбук,проектор



       Конкурстун жʏрʏшʏ:

Уюштуруучу учуру:

Мугалим:Саламатсыздарбы агай – эжейлер, кымбаттуу окуучулар. Биздин

«Табышмактуу 7 саны» конкурсуна кош келиниздер. Бул конкурска 5-6-класстын эки командасы катышат.(Командалар келип орун алышат)

Командалардын иш аракетин калыстар тобу баалап берет. Калыстар тобу менен тааныштырайын:______________________________________  Урматтуу эжекелер, конкурстун катышуучулары жана кʏйɵрмандар. Биздин бʏгʏнкʏ«Табышмактуу 7 саны» конкурсун ачык деп жарыялоого уруксат бериңиздер

  Конкурстун катышуучулары менен тааныштырып кетейин  :                            

1 – жетилик:

2 – жетилик:

  Анда эмесе , алгач сиздерге 7 саны жɵнʏндɵ маалымат берилет (экранда 7 саны жɵнʏндɵ маалыматты жазып койсо да болот)

Математикада негизги тʏшʏнʏктɵрʏнʏн бири сан тʏшʏнʏгʏ болуп эсептелет. Сандардын ичинен 7 саны ɵзгɵчɵ мааниге ээ. Ушул сан бизге байыркы  ата-бабаларыбыздын саноо системасынан ,  жащоосунан, ишенимдеринен

жана тилинен, дилинен кабар берип турганын байкайбыз. Мисалы: Кыргыз улуттук  жомокторунда  жети ата , жети бир тууган , жети дос , жети каракчы , жети ууру , жети эмчи сыяктуу шарттуу образдар басымдуулук кылат.

«Жетинин бири кыдыр , жети ɵлчɵп бир кес , жети атаңды билип жʏр , жетимдин акысы жети дʏйнɵнʏ курутар» деген макалдарында да 7 санына  ɵзгɵчɵ мамиле кылгандыгы кɵрʏнʏп турат. Эң байыркы адамдардын асман жɵнʏндɵгʏ кɵз караштарында  «Жетиген» жылдыз , «Асан ʏсɵн” жети тʏстɵ болушуна,  ай фазаларынын жети тʏстɵ , жети кʏндɵ орун алмашып туруусуна маани бергендиги талашсыз .  Алар  гана эмес  дʏйнɵлʏк руханий маданиятынын ири ɵкʏлдɵрʏнʏн бири Жусуп Баласагын дагы “Кут даарытар илим” аттуу 13 миң саптан турган чыгармасында да ыйык сан жɵнʏндɵ катып кеткен.

     

 Билгиң келсе ʏйрɵнгʏн татаал эсеп,

       Билим жолу так эсеп жерден ɵтɵ.

       Кɵбɵйтʏʏнʏ , бɵлчɵктʏ бил ,

       Татаал жолду баспасаң келбейт ʏзʏр.



       Жакшы билгин катмардын эрежесин,

       Санактан тамыр чыгар билип ɵзʏң.

       Аянттын ɵлчɵмʏн так чыгарасың,

       Жети катмар ааламды жердей айткын.



       Алгебра жолдорун даана тапкын,

       Евклиддин капкасын катуу каккын.

       Билип ал: азыр дагы келечекте,

       Багынган акыл оюң бʏт эсепте.

       Кутманың эсебиңден ката кетсең,

       Эч качан иш илгери болбойт иште!

Конкурстун 1 – шарты: Саламдашуу

Кезек 1 – жетиликте:

1 – окуучу: Урматтуу эжей , агайлар!

       Атаандаштар калыстар.

       Салам айтабыз сиздерге.

       Биринчи жетиликтин атынан.

2 – окуучу: Ар бир адам саламдашуу,

       Эзелтен кыргыз салты экен.

       Элимдин салтын улантуу,

       Элибиз кыргыз наркы экен.

3 – окуучу:Математика илими ушул кʏндɵ,

       Жайылды жер жʏзʏнɵ , бʏт дʏйнɵгɵ.

       Кызыгат дʏйнɵ эли, бʏт адамзат,

       Математика илимин ʏйрɵнгɵнгɵ.

4 – окуучу:Жер шарынын формасын салыштырдык,

       геометриялык фигурага, сферага.

       Касиеттʏʏ илим менен ɵнʏгʏп,

       тʏшʏнсɵк деп, ааламдын сырларын.

5 – окуучу:Математикада болот жети амалдар,

       Жетɵɵнʏн тең укмуштуудай сыры бар.

       Жеткиликтʏʏ илим менен билимге,

       Жеткирет го биздин эжей агайлар.

Кезек  2 – жетиликте:

1 – окуучу:Салам айтабыз адегенде биз сиздерге,

       Салам айтуу салт экен биздин элде.

       Саламдашпай ɵтʏп кетсең башка кепке,

       Айып болуп калат го, анда бизге.

2 – окуучу:Саламдашпай сɵз баштаба,

       Деген кеп бар кыргызда.

       Демек таазим кылабыз,

       Мугалим эже , атаандаштар, баарыңа.

3 – окуучу:Акылыңды ɵстʏрɵт да , ɵркʏндɵтɵт,

       Маселе иштеп чыгарганды ʏйрɵтɵт.

       Турмуш жашоо тиричиликте колдонулат,

       Баамдап кɵр , ал эмне экен баатырак..

4 – окуучу:Туура айтасың бул алгебра,

       Кыялы кызык ал неме,

       Чыгарсаң такыр чыкпай койчу.

       Убайым кылган кишини кээде.

5 – окуучу:Эзелтеден 7 саны кыдыр экен

       Бул сандын ыйыгында шек жок экен.

       Тʏпкʏ атасы жетɵɵ болот адамдын,

       Касиети ушунда эмеспи бул сандын.



Конкурстун 2 – шарты: 7 санын презентация жасоо

1 – жетилик:

1 – окуучу: Кыргыз элинде 7 деген санга ɵзгɵчɵ кɵңʏл бурулуп келген.

Мисалы:Жетинин бири кыдыр, жети атаны билʏʏ парз, бир жумада жети кʏн бар. Азыркы кʏндɵ жети жашыңда мектепке барасың.

2 – окуучу: Жети дɵɵлɵт: мына ушул 7 дɵɵлɵт жɵнʏнʏндɵ айтып берейин:

Биринчиси бала, экинчиси аял, ʏчʏнчʏсʏ тоок, тɵртʏнчʏсʏ ит, бешинчиси ат,

алтынчысы тегирмен, жетинчиси мал экен.

3 – окуучу: Жетинин бири кыдыр, жолуң шыдыр, жолдошуң кыдыр болсун

дейт.

4 – окуучу: Жолдо кетип бара жатканда жети адам отурса, жети мал кɵрсɵ,

жети жылдыз кɵрсɵ булар жетɵɵ экен, жолубуз болот, тилегибиз аткарылат,

ишибиз оңолот деп ишенишкен.

5 – окуучу: мен жети атаңды бил дегендей жети атамды айтып берейин.

1.ɵз атам: Кенжебек 2. Чон атам:Бекболот 3.Бабам:Отунчу 4. Бубам: Сары 5. Кубам:Миңдик 6. Жотом: Курманкожо 7. Жетем: Мамыт.

6 – окуучу: Математикада да амалдардын ʏстʏнɵн жети амал жʏргʏзʏлɵт:

кошуу, кемитʏʏ, кɵбɵйтʏʏ, бɵлʏʏ, даражага кɵтɵрʏʏ, тамырдан чыгаруу,

логарифмдɵɵ.

7 – окуучу: Музыкада жети нота бар: до, ре, ми, фа, соль, ля, си.

Кезек  2 – жетиликте:

1 – окуучу: Жетинин бири кыдыр деген кеп илгертеден кыргыз элинде айтылып келет. Ата-бабаларыбыздын эң ыйык кɵргɵн саны катары атадан балага уланып , элибиздин калың катмарына сиңип келген. Бул сɵздɵ калет жок.

2 – окуучу: 7 теңге адамдын оору сыркоодон сырткары болушу ʏчʏн дубанага же дербишке берилет.

3 – окуучу: Биз асылдуулук алган кʏндʏн желеси да жети тʏстɵн турары ,эл ичинде 7 тʏндɵ азыраак бас деген сɵзʏ да бизди тартипке, максатсыз эле тентип баспоого тарбиялайт.

4 – окуучу: ʏйго келген конокко да 7 тʏрдʏʏ даам таттыруу , 7 атаны билʏʏ ар бирибиз ʏчʏн парз.

5 – окуучу: Дыйкан эгин эгердин алдында 7 айтым айткан: Ошондо эгини мол, берекелʏʏ болот деген: Мына септин ʏч убак , жылуу жерден кочуштап, бул жетим- жесирге, мунусу алыстагыга, мунусу карып-мискинге, кочуш ач арыкка, бул курт-кумурска, куштарга, бул сурамжыга, бул тилемчиге.

6 – окуучу: Умай эне, Адам атадан таркалган касиеттʏʏ сан Манас бабабыздын осуятынын жетɵɵ экендигине да далил.

7 – окуучу:Манас бабабыздын 7 осуятын айтып берейин:

  1. Эл журттун ажырагыс бʏтʏндʏгʏ жана бир жакадан баш чыгарган ички биримдиги.

  1. Улуттар аралык ынтымак, достук, кызматташтык.

  1. Улуттук ар намыс, атуулдук ариет.

  1. Арыбас мээнет, алдыңкы ɵнɵр, билим аркылуу бакыбат дɵɵлɵткɵ умтулуу.

  1. Гуманизм , айкɵлдʏк , кечиримдʏʏлʏк.

  1. Табият менен таттуу мамиледе болуу.

  1. Кыргыз Мамлекетин кɵздʏн карегиндей сактоо.

Конкурстун 3 – шарты: Сандар катышкан макал-лакаптарды, накыл сɵздɵрдʏ жазуу. (ар бир жетиликке ак барак таратылат)

1 – жетилик:

  1. Нысаапсызга кашык салсаң 5 ууртайт;

  1. Жигитке жетимиш ɵнɵр аздык кылат;

  1. Кыздын кырк чачы улуу;

  1. Билеги кʏчтʏʏ бирди жыгат, билими кʏчтʏʏ миңди жыгат;

  1. Жакшыга бир сɵз, жаманга миң сɵз;

  1. Болор бала он экисинде баш, болбос бала кырк жашында жаш;

2 – жетилик:

  1. Беш кол тең эмес;

  1. Эки эрдин достугу бир белден ашырат, эки элдин достугу миң белден ашырат;

  1. Жаман деген бир ат бар жууса кеткис, жакшы деген бир ат бар кууса жеткис;

  1. Жакшы атка бир камчы, жаман атка миң камчы;

Конкурстун 4 – шарты: ɵнɵрʏң болсо ɵɵргɵ чап.

Ар бир жетилик ɵз ɵнɵрʏн кɵрсɵтʏшɵт.

Конкурстун 5 – шарты: 7 тест

  1. Математикада кайсы чоңдук    Х   тамгасы менен белгиленет?

А) амалкɵй

Б) жашыруун

В) белгисиз

Г) каалагандай

2. Теңдеме деген эмне?

А) пирогду барабар бɵлʏккɵ бɵлʏʏ;

Б) белгисизи бар барабардык;

В) тараза таштары менен;

Г) кандай айырмасы бар;

3.1 кг алма 10 сом турса. 5 кг алма канча сом турат?

А) 5 сом

Б) 50 сом

В) 100 сом

Г) 2 сом

4. Узундук бирдиктери:

А) саат,минут,убакыт

Б) т, кг, г

В) км, м, см

Г) км2, м2, см2

5. Квадраттын аянтынын формуласы.

а) S = a2

б) S = a . b

в) S = a

г) S = a3

6.Эгерде кандайдыр бир санга 12ни кошуп,алынган сумманы 3 кө көбөйтсө,анда 96 келип чыгат. Ал кайсы сан?

А) 44

Б) 60

В) 20

Г) 30

7. Латын алфавитинде канча тамга бар?

А)33

Б)23

в)26

г)10

Конкурстун   6-шарты: 7 суроо –жооп

Ар бир жетиликке 7 ден суроо берилет.

Биринчи жетиликке:

  1. 0,7; 2,33; 0,009 – кандай сандар? (ондук бөлчөктөр)

  1. Оң жана терс сандардын чегин билдирүүчү сан? (нөл)

  1. Эки катыштын барабардыгы. (пропорция)

  1. Сандардын суммасын кошулуучулардын санына бөлгөндөн чыккан тийинди. (арифметикалык орто сан)

  1. Эң кичине натуралдык сан. (1)

  1. 6-класстын математикалык китебинин автору. (И.Бекбоев, А.Абдиев)

  1. Айлананы сызуу үчүн колдонулуучу курал.(циркуль)

Экинчи жетиликке:

  1. Саноодо колдонулган сан. (натуралдык сан)

  1. Бирдиктери 7, жүздүктөрү 3, миңдиктери 4 болгон сан. (4307 саны)

  1. Экиге калдыксыз бөлүнгөн сандар. (жуп сандар)

  1. Дурус жана буруш бөлчөктөр жалпысынан кандай айтылат? (жөнөкөй бөлчөктөр)

  1. кандай бөлчөк?

  1. 1 дм2 та канча см2 бар? (100 см2)

  1. Тик бурчтуу параллелепипедтин канча граны бар? (6 граны)

Конкурстун   7-шарты: Кроссворд толтуруу

Ар бир жетиликке кроссворддун суроолору берилет, алар доскада илинген ɵздɵрʏнɵ тиешелʏʏ кроссвордду толтурушат.

Кроссвордду туура толтурсаңар, ортоңку мамычада математикалык түшүнүктү билдирген сөз пайда болот.


Б


1




2





3








4






5




р

1.Көп бурчтуктагы кесиндинин аталышы.

2.Квадраттын төрт ... бар.

3.31 күндөн турган ай.

4.35,40,45 мүнөткө созулган окуу иши.

5.Негизги математикалык түшүнүктүн бири.

Мугалим окуучулардын жоопторун компьютерде жазып, экранда чагылдырып турат.    Алып баруучу сɵз кезегин калыстар тобуна берип , жыйынтыгында

_______жетилик жеңишке ээ болгонун билдирди.

Мугалим: Урматтуу эжекелер,окуучулар интеграциялык конкурстун жети шарты аткарылып бʏттʏ .   ”КЫДЫР” деген номинацияга 1-жетилик татыктуу болду. 2-жетиликке дагы ийгиликтерди каалайбыз.Экрандагы 7 атаны бардыгыбыз чогуу окуйбуз: 1.Ата  2.Чоң ата  3.Баба  4.Буба  5.Куба   6.жото 7.Жете.  7 атабыздын арбагы колдосун деген ниетте конкурсту аяктайлы.