Тактооч.
4-класс
Сабактын максаты:
- Тактооч с өз түркүмү, алардын түзүлүшү менен таанышып, түшүнүшөт.
Тактооч кыймыл-аракеттин ар түрдүү кырдаалын билдирерин билишет.
- Кабыл алуусу, ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгү, сүйлөө речи өнүгөт.
- Көптү билүүгө, бири-биринин пикирин сыйлоого тарбияланышат .
Тактооч
Кыймыл-аракеттин ар т үрдүү кырдаалын, сын-сыпатын, сан-өлчөмүн, ордун, мезгилин көрсөтүп, кандай? Кантип? Канча? Кайда? Кайдан? деген суроолорго жооп берген сөз түркүмү тактооч деп аталат.
Мисалы: дайыма, мурда, көп, мол ж.б
Сын атооч заттын ар кандай белгисин көрсөтсө, тактооч кыймыл-аракеттин ар түрдүү кырдаалын билдирет.
Тактооч
Маанисине карай т өрткө бөлүнөт
Т үзүлүшүнө карай экиге бөлүнөт
Орун тактооч
Кыймыл-аракеттин ордун, багытын билдирип, кайда? кайсы жерде? кайдан? деген суроолорго жооп берет. Мисалдар: жогору , т өмөн, өйдө, алыс, ары-бери, кийин, алга, жакын, ыраак, илгери, артка, ылдый.
«Бир»-колду алга сунабыз,
«Эки»- өйдө болуп турабыз.
«Үч»- ылдый көздөй ийилип,
Ден соолукту чыӊдайбыз.
Мезгил тактооч
Кыймыл-аракеттин мезгилин билдирип, качан? кайсы убакта? деген суроолорго жооп берет. Мисалы: эрте, кеч, азыр, б үгүн, эртеӊ, кечээ, быйыл, анан, эртеӊ менен,түштө, кечинде
Б үгүн мен эрте турдум. Кечээ кечинде саат тогузда жаткам.
Азыр жуунуп, анан тамактанам.
Сын-сыпат тактооч
Кыймыл-аракеттин сын-сыпатын билдирип, кандай? кантип? деген суроого жооп берет. Мисалдар: жай, ылдам, тез, бат, акырын, шашып, дароо, кокустан,ара ӊ
Б үгүн күн жылуу. Биз шашып көлгө келдик. Дароо сууга түштүк. Эмир баарыбыздан ылдам сүзөт.
Сан- өлчөм тактооч
Кыймыл-аракеттин санын, иретин билдирип, канча? канчанчы? деген суроолорго жооп берет. Мисалдар: көп, аз, ашык, мол, аз-аздан, көп-көптөн, толо , бөксө , артык, кем, анча-мынча
Кенже к үнүгө эки жолу сууга барат.
Ал чакага толо суу алат. Бирок үйгө жеткенче суу аз-аздан төгүлүп, бөксө болуп калат.
Ж өнөкөй тактооч
Кыймыл-аракеттин ар түрдүү кырдаалын бир гана сөз менен билдирген тактоочтор жөнөкөй тактоочтор деп аталат.
Биздин класста Мээрим жакшы окуйт.
Жаз эрте келди.
Татаал тактооч
Эки же андан к өп сөздөн турган тактоочтор татаал тактоочтор деп аталат. Татаал тактоочтордун ортосуна дефис (-) белгиси коюлуп жазылат. Мисалдар: бат-бат, тез-тез, ары-бери, аз-аздан, көп-көптөн , анча –мынча.
Илгери-илгери м үнүшкөр болуптур…
Автобустар бат-бат каттап турат.
Чын курандын 17си
Тактооч
2-к өнүгүү 128-бет
Балдар, биз сейил бактарга барганда каруселге дайыма т үшөт эмеспизби. Кызыгы, ал мурда балдардын оюну эмес, жоокерлердин таймашы болгон экен. Илгери XII кылымда испан тилинде бул оюнду «carosella» деп атап коюшкан. Өйдө жагына алтын шакектерди тизип, аны кылыч менен чаап түшүрүү үчүн аттарды айланта жүгүртүп, таймаш өткөрүшкөн
5-к өнүгүү 129-бет
Кыймыл-аракеттин кырдаалы
тактоочтор
Сын- сыпаты
Сан-өлчөмү
акырын,…
Орду
көп,…
Мезгили
алыс,…
илгери-илгери,…
Тексттер менен ишт өө:
Китептеги «Карусель», «Гербарий» деген тексттерди окуп түшүнүп алгыла.
Жыйынтыктоо:
1.Тактооч деп кандай с өз түркүмүн айтабыз?
2.Тактооч кыймыл-аракеттин кандай кырдаалдарын билдирет?
3.Тактоочтор түзүлүшүнө карай кандай топторго бөлүнөт?
4.Татаал тактоочторго мисалдарды келтиргиле.
5. Татаал тактоочтор кандай жазылат?
Үйгө тапшырма
4- к өнүгүү 131-бет
Мисалы: Жазында талаа жумуштары башталат .