Талааларда эмне өсөт?
(оюн-викторина)
Алып баруучу: Бүгүн биздин класста,
Балдар-кыздар мелдешет.
Ким көбүрөөк таба алат,
Талааларда эмне өсөт?
Балдар-кыздар: Буудай, картошка, жүгөрү, сабиз ...
Дарбыз, таруу, помидор ...
Алып баруучу: Туура. Бирок, аталган өсүмдүктөр негедир аралашып кетти. Өсүмдүктөрдү түргө бөлүп атап көрөлүчү?
1 бала: Таттуу өсүмдүктөр. Ачуу өсүмдүктөр.
(баары күлүшөт)
Алып баруучу: Кандай дейсиңер, туура айтыштыбы?
Балдар-кыздар: Жок, жок!
1 кыз: Дан өсүмдүктөрү жана жашылчалар болуп бөлүнөт.
(буудай баштаган дан өсүмдүктөрү келишет)
Алар: Айрып-таанып биле албай,
Кээ бир балдар чаташат.
Бизди болсо илгертен
Аштык эгин аташат.
(түрдүү эгиндердин сүрөттөрүн көтөргөн балдар-кыздар кезектеше жар салышат)
Мен – буудаймын!
Мен – сулумун!
Мен – таруумун!
Мен – күрүчмүн!
Мен – арпамын!
Мен – жүгөрүмүн!
Алып баруучу: Кана эмесе, балдар-кыздар, ким айтат. Бул өсүмдүктөрдөн кандай тамактар даярдалат?
Жооптор: Буудайдан – нан.
Таруудан – көжө.
Күрүчтөн – палоо.
Алып баруучу: Арпа, сулу, жүгөрүдөнчү?
Жооптор: Бул өсүмдүктөр негизинен төрт түлүк малга тоют катары колдонулат.
1 кыз: Бирок, кара буудай, арпа, жүгөрүдөн нан даярдоого да болот.
(Көкүрөктөрүнө жашылча өсүмдүктөрүнүнүн сүрөттөрүн тагынган окуучулар келишет)
Ыр угулат: Талаа көркү жайкысын,
Ар бир жанды суктантат.
Шилекейди куюлтуп,
Мөмө-жемиш бышкан чак.
1 бала: Бирок ошол силерди ошентип кулпунткан ким?
Жашылчалар: Албетте, дыйкан!
(ийинине кетмен көтөргөн дыйкан кирет)
Дыйкан: Табияттын касиеттүү кубаты болбосо мен эгин-тигинди, мөмө-жемишти өстүрө алмак эмесмин. Алар эмнелер экенин өзүңөр айткылачы, балдар.
Балдар-кыздар: Күн! Суу!
Дыйкан: Туура таптыңар.
Ыр угулат: Эгер булар болбосо,
Өмүр кантип гүл ачмак.
Кудурети түгөнгүс,
Күнгө, сууга ырахмат.
Ачкан адам ушу экен,
Жашообуздун башатын.
Баарыбызга бак берген,
Баба дыйкан жашасын.
Т.Самидинов
Адам өсүмдүктөн эмне алат?
Өткөн темаларда жашылчалар, мөмө-жемиштер жөнүндө окугансынар. Нан, күрүч, талкан кайдан алынарын, пахтадан кийим-кече жасаларын билгенсинер. Таттуу мөмөлөр, жашылчалар, нандын түрлөрү, таттуу печеньелер, айрым кийимдерибиз өсүмдүктөрдөн даярдаларын билгенсиңер.
Трактор менен жер айдап, үрөн себилет. Ар бир өсүмдүктүн үрөнүнөн кайрадан ошол өсүмдүк өсүп чыгат. Өсүмдүктү сугарып, анын түбүн жумшартып бакпасак, алар куурап жок болушат. Ошентип адам эрте жаздан күзгө чейин бапестеп баккан өсүмдүктөр күзүндө түшүмүн бизге – адамдарга тартуулайт. Эмгектенсең түшүм мол болот. Ошол себептен бизде “Эр эмгегин жер жебейт” деп коюшат. Адам кам көрүп, багып өстүргөн өсүмдүктөрдү маданий өсүмдүктөр деп аташат. Ал эми адам кам көрбөстөн эле жер бетин каптаган өсүмдөктөр табигый (жапайы) өсүмдүктөр деп аталат.