СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Талантка таазим

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Талантка таазим»

Даербекова Айнура Даербековна

Талантка таазим ( А.Осмоновдун 100 жылдыгына карата)

Бүтүндөй кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал, атагы алыска кеткен жана таланты таш жарган, белгилүү акын А.Осмоновдун калеминен не деген гана ырлар жаралбады. Алыкул Осмоновду орус элинин даанышман акыны А.С.Пушкинге теңеп, көпчүлүк кыргыздын Пушкини деп да коюшат эмеспи. Акындын ырлары ар бир адамдын жүрөгүнөн түнөк таап, жашап жүргөнү айдан – ачык көрүнүш. Кыргыз элинин залкар акыны, чебер драмматургу, кылдат котормочусу А.Осмонов Панфилов районундагы Каптал-Арык айлында 1915-жылы кедей дыйкандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Жаштайынан ата-энесинен ажырап, томолой жетим калып, бактысыз балалыктын күндөрүн көрөт. Жалындуу жаштыктын жыйырма жаш курак кезинде өзүнүн бактысын сүйүүдөн издейт. Сүйүүдөн да жолу болбойт… Сүйүү акынга керемет жашоону эмес, тескерисинче жылан таштап, уу чачып, заар төгүп, кыскача айтканда ачуу турмушту тартуулайт.

Ал эми кубанычтын жышааны төгүлүп, ай-ааламга ай тийгендей, Жыпар аттуу кызы төрөлгөндө Алыкул өзүн дүйнөдөгү эң бактылуу адамдай сезип, кубанычы койнуна батпай, телегейи тегиз болуп, бөксөргөнү толгондой сүйүнөт. Көп узабай он беш күндөн кийин, ай-ааламды кара булут каптагандай, ажал көзгө көрүнүп калган Алыкулдун Жыпар кызын алып тынат.. Ошол кезде акын А.Осмонов үчүн дүйнө ушунчалык тар да, карангы да көрүнсө керек. Анысы аз келгенсип өзөк дартын куйкалаган, жүзүнүн нурун алган, көздөн жаш куюлткан, өңүнөн аздырган, адам баласын саргартып бүтүргөн оору бир жагынан кыйнайт. Ажал менен алышып, ичээр суусу, көрөөр күнү түгөнгөнүн өзү билип, өзү туюп турду. Ошентип күйүп-өчкөн чырактай болуп 1950-жылы 35 жаш курагында Алыкул Осмонов акыретке сапар алды. Акын бул дүйнөдөгү 35 жаштык өмүрүндө эч кандай жакын адамы болбоду, андан эч ким да кабар албады, убагында кеп-кеңеш да берип турбады, бар болгону анын ыры гана кеңеш бергенсип, кабар алгансыды, ошентип акын ырдан гана бир нерсе күткөнсүдү. Ооба, чындыгында акын өзүнүн Кудай берген 35 жаш өмүрүндө көптөгөн жүрөк ээритээрлик ырларды, көркөм поэзияларды жана көлөмдүү поэмаларды жазды. Албетте, акындын ырлары да, сырлары да өлбөй- өчпөй жашап келди жана жашай берет. Акындын ырларын ар бир адам кызыгуу менен окуп, акындын сөздөрүн, ойлорун жүрөктөрүнө бек сактап, аны урматтап, кумир тутуп келген адамдар толтура. Жүрөгүмдүн тереңинен орун алган сырларыма акындын ырлары түрткү болгонсуйт. А.Осмоновдун чыгармасын окуганымда көлдөй болуп толкуп турган сезимдерим тынч алып, убагында акын көптөгөн эмгегин, чыгармасын талыкпай жазып, бизге калтырганына миң мертебе рахмат айтып жиберээримди жашыра албайм. А.Осмонов аз жашаганы менен көп жазган эмеспи. Андыктан акындын эмгектерин эскерип, ырларына көңүл бөлсөк.

Ак карлуу Ала-Тоонун ортосундагы көйкөлгөн Ысык-Көл - Алыкул Осмновдун шыгына шык кошуп, талантын ташыткан поэтикалык дүрмөтү болуп калды. Себеби көлдүн көркөмдүгү акындын жүрөгүнөн орун алдыбы, айтор акын көлдү бирде тууганындай, бирде жолдошундай көрүп, көпчүлүк чыгармасын көлгө арнап жазды. Мисалы:

«Ысык-Көл сени сүйдүм сени ырдадым,

Ырыма өзүң болдуң бел кылганың.

Күнүмдүн ичкен суудай берекеси,

Бар тура кубанаарым, мактанаарым» .

Ошондой эле акын адамзатты алгачкы орунга коюп, адамды даңазалоочу көптөгөн ырларды жазган. Алсак: «Адамзат», «Тирүүлүк», «Махабат», «Жеңишбек», «Ким болду экен?», «Эшимкандын тереги», «Өлүп тирилгендер», «Адамга», «Майдын түнү», «Толубай сынчы» сыяктуу ырларды, поэмаларды кагаз бетине түшүрүү үчүн далай эмгектерди кылган. Ал эми акын бул ырларында адам баласына бири-бирине жакшылык кылуу, сүйүүгө туруктуу болуу, достукту бекем кармоо, Ата-Мекенди коргоо сыяктуу жакшы максаттарды коюп, ал максаттарды ишке ашыруу үчүн көптөгөн аракеттерди кылууну айтып, түшүндүрүү багытында жазып калырган.

Бар бололу түгөнбөйлү курдаштар,

Узак, узак, узак болсун бул сапар.

Кылым бүтүп, дүйнөдөн жок болсо да,

Кайра кайтып жолугушчу жолдор бар.

Менин күнүм өлбөсүнө түңүлбөйт,

Толкун урса тайызына сүрүлбөйт.

Тирүүлүктө жоктугуна жол бербей,

Жер түбүндө чирисе да бир гүлдөйт.

- Деп залкар акын А.Осмонов өзүнүн көркөм сөз чеберчилиги менен кагаз бетине өчпөс кылып жазып калтырды. Тилибиздин көркөмдүгүн, тилибиздин байлыгын акындын чыгармалары далилдеп тураары жалган эмес.

Соңунда даанышман акын Алыкул Осмоновдун талантына таазим кылып, келечекте бул акынга окшогон ойчул акындар көбөйө берсин деп айтуу менен бирге ойду чакан ыр менен жыйынтыктоону туура көрдүм…


Дүйнөдө Алыкулдай акын барбы?

Көркөмдөп жер сулуусун жазып келген.

Ырлары ушунчалык тамшандырып,

Өмүрдүн балдай таттуу даамын берген.

Ырларын уккан сайын жан жыргатып,

Турмуштун түрлүү-түрлүү күүсүн черткен.


Залкар акын өмүр жолуң карасам,

Оор үшкүрүп терең ойлоп олтурдуң.

Не бир түркүн кереметтүү ырларды,

Саймалатып ак кагазга толтурдуң.

Чет элдердин чыгармасын, жомокторун,

Ырлар тизип, кыргызчага котордуң.


Төрөлгөндөн өлгөнүңчө өмүрдөн,

Ажал менен миң кармашып жеңбедиң.

Ата-энеңен, анан калса, чиркин ай!

Тун кызыңан сен айрылып, не дедиң?

«Бөбөккө»- деп ичтен сызып саргайып,

Сырыңды ырга айлантып кала бердиң.


Бирок сен кайрат кылып, кайра туруп,

Жеңилбестен бекем буудуң белиңди.

Жан дүйнөңдө ырлар уктап жаткандай,

Ырлар жаздың кенен коюп демиңди.

Ажал келип талашса да жаныңды,

Түшүрбөдүң колуңан курч калемди.


Ак сүйүүң чоктой ысык болсо керек,

Сүйүүңө эч бир адам чыдабаган.

Сүйүүңдү көтөр албай Жыпар кызың,

Туулганына бир ай болбой чарчап калган.

Жан дүйнөң сүйүү менен ырга толуп,

А балким сенин сүйүүң ырга арналган.



Поэзиянын дарбазасын өзүң ачтың,

Бизге окшогон калемгерге сөз баштадың.

Кудай берген таланты кадыр барктап,

Өмүрүңдө толгон-токой ырлар жаздың.

Кыргыздын Алыкулу чындыгында,

Көөнөрбөс талант ээси, залкар акын.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!