СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тамеки чегүү-ден соолукка зыян

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тамеки чегүү-ден соолукка зыян»

Жалал-Абад шаарындагы И.Сатыбаев атындагы №19 жалпы орто билим берүүчү мектеп-мекемеси



Тарбиялык саат

Тема: Тамеки чегүү-ден соолукка зыян







Мугалим: Б.Дж.Салимбаева

Сабактын тема: Тамеки чегүү-ден соолукка зыян

Сабактын максаты:

1.Окуучуларга тамекинин зыян жактарын түшүндүрүү.

2. Ар бир адам өзүнүн ден соолугуна кам көрүүнү үйрөтүү.

3. Тамекинин коомго тийгизген зыян жана пайдалуу жактарын анализдөө.

Сабактын жүрүшү: Уюштуруу иштери.



Тамеки чегүү Көбүнчө өспүрүмдөрдө чоңдорду тууроодон калыптанат. Тамеки чегүүнүн адатка айланып кетишине андагы негизги таасир этүүчү зат — никотиндин бир аз дүүлүктүрүүчү касиетке ээ болгондугу да түрткү берет. Мунун негизинде тамеки чегүүнүн сергитүүчү таасири бар, интеллектуалдуу активдүүлүктү стимулдаштырат деген ой пайда болот. Бирок мындай физиологиялык эмес стимулдоо акырында адамдын нерв системасын бошоңдотот.


Кызыктуу фактылар Тамекини орточо тарткан адам бир жыл ичинде болжол менен 300 жолу рентгенге тартылганда алган нурланууну алат. Бул тамекинин түтүнүндө радиоактивдүү изотоптордун болгондугу менен түшүндүрүлөт.


Стимулдаштыруу натыйжасына жетүү үчүн ден соолукка зыяндуулугуна карабастан тамекини көп чегүүгө туура келет. Психикалык күчтү талап кылуучу кырдаалда тамеки чеккендер үзгүлтүксүз чегет, натыйжада көп учурда никотинге катуу ууланышы мүмкүн (башы ооруп, оозу кургайт, уйкусу бузулат жана башкалар). Тамекини узак убакыт чегүүдөн никотинге көнүп алат, абалы начарлап, тамеки чекпей калса же аз чексе кыйналат. Таасири



Тамеки чегүү жүрөк-кан тамыр системасынын, дем алуу жана тамак сиңирүү органдарынын ооруларынын, коркунучтуу шишиктин пайда болуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. Айрыкча оорулуу адамдар үчүн тамеки чегүү коркунучтуу


Кытайда орточо 300 млн тамеки чегүүчү адам бар, бул жыл сайын 1,7 триллион тамеки чегет деген сөз. Кытай рекордтордо Кызыктуу фактылар

Тамеки чекпегендерге караганда тамеки чеккендерде өлүм өпкө эмфиземасынан 25 эсе, өнөкөт бронхиттен 21 эсе, жүрөктүн ишемиялык оорусунан 3—5 эсе көп болот. Ичеги-карынында жара бар оорулуулардын абалын абдан начарлатат. Тамеки чегүүдөн баш тартуу — миокарддын инфарктын, облитерациялоочу эндартериитти жана башкалар айрым ооруларды дарылоонун бирден бир шарты


Тамеки таштоого чаралар Ар бир эрки күчтүү адам тамеки чегүүнү таштай алат. Аны дароо таштоо керек, тамекини аз-аздан чегип, акырындык менен таштоого аракет кылуу максатка жеткирбейт, мындай чектөөдөн чегүүгө кумарлануу күчөйт (дароо таштаганда 3—5 күн гана кыйналышы мүмкүн). Тамекини таштоону жеңилдетүүчү медикаменттик каражаттар да бар. Аны пайдаланууну врач менен кеңешүү зарыл.

«Иван Васильевич кесибин өзгөртөт» фильминде Куравлев аткарган ырда Marlboro тамеки пачкасы пайда болот. Натыйжада жашыруун жарнама болду. Мындай эпизод АКШ да болгондо совет актёру компаниядан чоң суммадагы гонорар алмак. Кызыктуу фактылар

Тамекинин кайсы органдарга зыян экенин жаттап алгыла.

1) Мээ,

2) Кекиртек

3) Жүрөк,

4) Өпкө, 

5) Омуркалар,

6) Бөйрөктөр, 

7) Ашказан, 

8) Жыныстык ситемалар.


Тамекиде 4000 ингредиент кездешет,тамеки жандыруу менен 200 ашык химиялык аралашмаларды пайда кылат. Бул аралашмалар өпкөнү сезгентип жабыркатат. Кызыктуу фактылар






Сабакты бышыктоо:


Эсиңерге сактап алгыла!

Тамекиден улам организмдин уулануусу эрте картаюуга алып келет! Жүрөк-кан тамыр ооруларынын келип чыгышын шарттайт. Мисалы, кан басым көтөрүлүп, жүрөк кеңейип, иштөөсү бузулат. Коңурукту, сөөктө морттукту (ос­теопороз) пайда кылат. Сөөк морт болсо, адам жыгылса эле бир сөөгүнөн жарака кетип же сынышы мүмкүн.


Үйгө тапшырма:


Тамекинин зыяндуулугу жөнүндө кластер түзүү.