Тема 3. Психоактивдүү заттарды (ПАЗ) колдонууну алдын алуу
“Эмне үчүн ичимдик ичкенден кийин чылым чегишет?” жана “Баңги заттар кандай
таасир этет?” бул темалар видеоролик аркылуу ачылып берилет
Видеороликти төмөндөгү темалар боюнча класстык сааттарды өткөрүүдө пайдаланса болот:
“Чылым чеккендерди алдоо”, “Кимди күнөөлөйбүз, эмне кылабыз?” 7-класста
“Колдо барды баалабай, өкүнгөндөн не пайда?” жана “Көңүл бургула! Кооптуу адамдардын
чөйрөсү” 8-класста
“Пиво туткуну” 9-класста
”ПАЗды колдонуу” жана “Көз карандылык коркунучу” 10-класста.
“Баңги заттар кандай таасир этет?” Видеороликти колдонуу үчүн сунуштамалар
Класстык саат “Чылым чеккендерди алдоо”. 7-класс
Сабак өтүүнүн
баскычтары
Негизги бөлүм.
4-кадам, “Себебин аныктаганды үйрөнөм” ойлонуу үчүн көнүгүүлөр.
Көрүүгө
шыктандыруу
Насвай колдонуунун себептерин талкуулагандан кийин, окуучуларга
берилүүчү суроо: насвай – баңги заттын бир түрү жана эмне үчүн
адамдар баңги заттарды колдонушат?
Окуучулар берилген суроолордун үстүндө ой жүгүртүшөт.
Баңги зат деген эмне?
Баңги зат адамдын ден-соолугуна кандай таасир этет?
Видеороликти көрүү сунушталат.
Видеороликти
көргөндөн кийин
талкуулоо үчүн
суроолор
Окуучулар видеороликке карата болгон ойлору менен бөлүшүшөт.
Мугалим суроо берет:
Видеоролик кандай таасир калтырды?
Кандай жаңы маалыматтарды алышты?
Эмнеси түшүнүксүз болуп калды?
Мугалим көрсөтүлгөн эпизоддордун түшүнүүгө кыйын болгон
бөлүктөрүнүн маани-маңызын түшүндүрүү менен анда колдонулган
терминдердин түшүндүрмөлөрүн берет.
Видероликте айтылгандардын жана көрсөтүлгөндөрдүн ичинен
эң маанилүүсү эмне деп эсептейсиңер?
Баңги зат адамдын ден-соолугуна кантип таасир этет?
Эмне үчүн баңги зат бардык ооруларга дары катары сатылып
келген?
Баңги затты колдонуу адамдын ден-соолугуна зыянбы?
Талкууну
жыйынтыктоо
Баңги затты (насвайды) колдонуунун себептери кайдан келип
чыкты? Сабак жыйынтыкталат.
11
“Ичкилик ичкенде эмне үчүн чылым чегишет?” Видеороликти колдонуу үчүн
сунуштамалар
Класстык саат “Кимди күнөөлөйбүз, эмне кылабыз?” 7-класс
Сабак өтүүнүн
баскычтары
Негизги бөлүм.
4-кадам – ”Сезимдер” көнүгүүлөрдү аткаруу.
Көрүүгө
шыктандыруу
Окуучулар көнүгүүлөрдү аткарып бүткөндөн кийин, адамдарды
ичимдик ичүүгө түрткү болгон себептерди атап беришет
Видеороликти көрүү сунушталат.
Видеороликти
көргөндөн кийин
талкуулоо үчүн
суроолор
Окуучулар видеороликке карата болгон ойлору менен
бөлүшүшөт.
Мугалим суроо берет.
Видеоролик кандай таасир калтырды?
Кандай жаңы нерселерди алышты?
Эмнеси түшүнүксүз болуп калды?
Мугалим көрсөтүлгөн эпизоддордун түшүнүүгө кыйын болгон
бөлүктөрүнүн маани-маңызын түшүндүрүү менен анда
колдонулган терминдердин түшүндүрмөлөрүн берет.
Видероликте айтылгандардын жана көрсөтүлгөндөрдүн
ичинен эң маанилүүсү эмне деп эсептейсиңер?
Ичимдик адамдын организмине кандай таасир этет?
Никотин адамдын организмине кандай таасир этет?
Эмне үчүн адамдар ичимдик ичкенден кийин чылым
чеккиси келет?
Ашыкча чылым чегүү жана ичимдикти колдонуу эмнеге
алып келет?
Талкууну
жыйынтыктоо
“Чылым чегүү жана ичимдик ичүү – ден-соолукка зыян”,
5-кадам, топтордо иштөө.