Тамеки, электрондук сигарет, насвайдын зыяндуулугу.
Сабактын максаттары:
1. Тамекини, электрондүк сигаретти,насвайды пайдалануу - адамдардын ден соолугуна зыяндуу экендигин түшүнүшөт .
2. Жашоодо туура жолду тандоого багыт алышат жана коомдугу
тамеки чегүү,электрондук сигарет колдонуу жана насвай чегүү көйгөйлөрүн жөнгө салууга аракеттенишет.
3. Тамекинин, электрондук сигареттин , насвайдын ден соолукка, үй-бүлөгө жана коомго тийгизген терс таасирлерин талдашат.
Сабактын жабдылышы:
Адамдын ички органдарынын сүрөттөрү, ар түрдүү картиналар,
таркатмалар, А-3, А-4 өлчөмүндөгү барактар, ватман, маркер,
доска, бор жана ар түрдүү маалыматтар.
Сабактын тиби: Түшүндүрмөлүү сабак
Сабактын усулу (медоду): Баяндоо,изилдөө,талкулоо, аңгемелешүү
Сабактын формасы: Стандарттык класстык жана топ менен иштөө сабагы
Сабактын жүрүшү:
Сабакты уюштуруу: Саламдашуу, тизмени тактоо, класстын тазалыгына көнүл
бөлүү,психоллогиялык жагдай түзүү.
Сабактын максаттарын айтуу:
-Балдар бүгүн силер тамеки чегүүнүн,электрондук сигарет колдонуунун жана насвай чегүүнүн зыяндуулугу жөнүндө түшүнүк аласыңар
-Жашогодо туура жолду тандоого багыт аласыңар.
- Тамекинини, электрондук сигареттин жана насвайдын ден соолукка, үй-бүлөгө жана коомго тийгизген терс таасирлерин анализдейсиңер.
Жаңы теманы түшүндүрүү: Анда алгач тамеки чегүү тууралуу кыскача доклодды угуп, андан кийин сабагыбызды улайлы.
Тамеки чегүү–жашоонун принциптерине, адептүү жүрүш-турушка,
маданияттуулукка ылайык келбеген социалдык дарт.
XXI кылымда жашай турган жаш адамдардар андан качууга тийиш. Тамеки
чегүүчү адамдар тубаса жаралышпайт. Алар өз учурунда эскертүү укпай,
тамекиге сунулган колун өз убагында тартып койбогон адамдардан жаралат.
Тамеки чегүү адамдардын көптөгөн органдарын бузуп, дарылап айыктырууга
кыйын болгон дарттарды пайда кылат. Ашказандын гастрит (язва) ооруларын
жаратса, боордо цирроз оорусун пайда кылып, боордун көлөмүн кичирейтип,
аны чүрүштүрүп катырат, бул – эң оор дарт.
Жүрөктө ар кандай кысылма дарттардын жаралышына шарт түзөт. Айтор,
тамеки терс таасирин тийгизбеген орган жок. Тамекинин курамындагы уулуу заттар эң оболу нерв системасын бузат. Баш мээни атрофияга (көлөмү менен
массасы кичирейет, функциясы начарлайт, алсызданат) учуратат.
Тамеки түтүнүнүн таасири адамдын органдарынын бардыгы үчүн олуттуу
кесепеттерге алып келет. Силер тамеки түтүнүнөн дем алган учурда, ал оозунар
менен тамагыңар аркылуу өтүп, өпкөгө келип түшөт. Түтүндө 4 миңден ашык
химикаттар бар. Анын ичинде ракты пайда кылуучу өтө уулуу заттар камтылган.
Тамеки чегүү сырткы көрүнүшкө да терс таасирин тийгизет. Ал тиштердин жана
тырмактардын саргаяюусун пайда кылат. Ошондой эле бырыштардын санын
көбөйтөт. Тамеки чеккенден кийин андан кутулуу абдан оор. Ошондуктан, эң
башкысы тамеки чегип көрүүнүн кереги жок. Демек, окуучулар “Мен тамеки
тартуу сыяктуу жаман адатка эч качан жолобойм”,- деген бекем ишенимге
келгиле! Ден соолугуңар менен өмүрүңөрдүн бактысы өз колуңарда экендигин
унутпагыла!
Тамекинин зыяндуулуктарын аныктоо:
(доскада ватманда тартылган сүрөт менен иштөө):
1.Баш мээни жана нерв системасын жабыркатат. Эске тутууну
начарлатат,мээнин майда бөлүктөрүн бузуп, ой жүгүртүүнү кечеңдетет.
Өспүрүмдүн физикалык жактан өсүүсүнө терс таасирин тийгизет.
2.Жүрөк жана кан тамырларды жабыркатат. Дем кыстыгууну пайда
кылып, жүрөктүн иштешин начарлатат. Рак оорусунун пайда болуусуна алып
келет.
3.Боорду жабыркатат. Зат алмашуу бузулат, анын натыйжасында боордун
циррозунун өөрчүү коркунучун жогорулатат.
4.Ашказан жана ичегини жабыркатат. Ашказандын былжыр челин
дүүлүктүрүп, ашказандын иштешин начарлатып, гастритке алып келет. Тамакаштын сиңирилишин оорлотот.
5. Адамдын сырткы келбетин жабыркатат. Көзүн жана
мурдун кызартып, шишитип, бетке ар кандай жагымсыз безеткилер
чыгышы мүмкүн жана эрте бырыш түшүрөт.
Топ менен иштөө:
1-топ: Тамеки чегүүгө эмне түрткү болот?
(Сүрөт менен иштөө)
2-топ: Тамекинин коомго тийгизген зыянын аныкташат жана
зыяндан сырткары пайдасы барбы?
(Бул тууралуу ватманга ойлорун жазышат)
3-топ: Тамеки чегүүнүн ордуна эмне кылуу керек?
(Ватманга ойлорун жазышат)
Таркатмалар менен иштөө:
(Тамеки тууралуу айтылган учкул сөздөрдүн маанилерин чечмелешет)
1.Ким чексе тамеки же нас,
ал адам өзүнө өзү кас.
2.Тамеки - дени соо адамды заматта майыпка айландарат.
3.Адам эки жашабайт, бирок, бир жолку өмүрүн татыктуу жашай
албагандар да жок эмес.
4.Тамеки- бул жашоону акырындык менен азапке салган дарт.
Жыйынтыктоо:
Ар бир адам – кайталангыс инсанбыз. Дүйнөгө бир жаралган соң жашообузду
ден соолукта өткөрүүбүз керек. Ар бир адамдын ден соолугу өз колунда.
Ошондуктан тамеки чегүүдөн алыс болуп, туура жолду тандайлы жана улутубуздун
саламаттыгы үчүн, мамлекетибиздин келечеги үчүн биргеликте күрөшөлү.
Үйгө тапшырма:
“Тамеки чегүү – өмүргө зыян” деген темада эссе жазуу