СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарб саат 8-класс

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тарб саат 8-класс»

2 сабак

ЖАКШЫ ЖАШОО ПРОГРАММАСЫН ТҮЗҮҢҮЗ

(Ата-энелер үчүн өтүлүүчү тарбиялык сабак)

Убакыт – чөлдө аккан сууга окшош. Аны жакшы пайдалансаңыз жашоо табасыз. Кайсы гана белгилүү инсандын жашоосун иликтебеңиз, убакытты чөлдөгү суу сыяктуу кылдаттык менен колдонгондугун көрөсүз.

Зүбейр Гүндүзалп

Сабактын максаты:

Ата-энелер жакшы жашоо тууралуу түшүнүккө ээ болушат. Жашоо программасын түзүүнү үйрөнүшөт.

Мугалим үчүн материалдар:

Артка кайтууга болбогон же ордун толтурууга да болбогон бир гана байге, убакыт болуп эсептелет. «Келечегин куткарууну» каалаган ар бир инсан, убакытты чөлдөгү суу сыяктуу өтө кылдаттык менен колдонушу шарт. Анын бир тамчысы да текке кетпей, чөлдүн ысыктыгы себептүү жутулуп калбашы зарыл. «Ийгиликке жетишүү» туурасындагы бардык көз караштардын орток чекити «убакытты пландуу» пайдалануу жана бул нерсени өмүр бою аткаруу.

Тагыраак айтканда, жашоосун жакшы программалаган жана бул программаларды жүзөгө ашырууда тырышчаактык кылган ар бир инсан өзү каалаган ийгиликке жетише алат.

Бир инсандын жашоо программасында эмнелер болушу керек?

1. Өзүңүз түзүп чыккан программаңызга баш ийишиңиз керек. Ийгилигиңиз мына ушул жолдордон басып өтөөрүнө ишениңиз.

2. Күнүмдүк жашооңузда дүрбөлөңдөн узак туруңуз. Үнсүз, жай жана чечкиндүү болуңуз.

3. Өзүңүздү бир максатка, бир мүдөөгө жана бир идеалга буруңуз. Өтө көп нерсе кылуу, эч нерсе кылбагандык дегендик. Бардык нерсени аткарууну каалаган адам эч нерсе аткара албайт.

4. Үйүңүздө колуңуздан келишинче толеранттуу чөйрө курууга аракеттениңиз. Бейпил бир үй-бүлө, ийгиликтүү инсандарды чыгарат.

5. Үй-бүлөдө бири-бириңерди колдогула, аткарып жаткан жумушуңузду аксатпоого жана бири-бириңерге жардам берүүгө маани бериңиз.

6. Экономикалык күчүңүздү сарамжалдуу колдонуңуз. Акчанын жоктугу ар кайсы программаны аксатат.

7. Бир үйгө эгедер болууга аракет кылыңыз. Себеби, үй-бүлө тынчсыздыгынын маанилүү бир бөлүгү ижарадан улам ортого чыгат.

8. Жумушуңузду өтө жакшы бир деңгээлде аткарыңыз. Ишинде үлгү болгон киши, урмат-сый жана кызыгуу ойготот. Бул ийгилигиңизди арттырат.

9. Достук тобуңузду өтө кылдаттык менен куруңуз. Досторуңуз жумушуңузга колдоо көрсөтүп жардам бериши керек. Убакытыңызды алган жана жумушуңузга тосколдук кылган досуңузду ошол замат таштаңыз.

10. Туруктуу, ыкластуу жана эки жүздүүлүк кылбаган достор менен достошуңуз. Кыйынчылыкта жаныңда болгон дос чыныгы дос.

7



11. Күнүмдүк пландарыңызды бөлмөңүзгө илип коюңуз. Эрте менен уйкудан ойгонгонуңузда эле эмне кыла тургандыгыңызды кыскача конспект кылып жазып алыңыз. Кечинде келгениңизде, күн бою эмне кылгандарыңыз тууралуу өзүңүзгө эсебин бериңиз.

12. Телефон чалууларды, каттарды, зыяраттарды унутта калтырбаңыз. Досторуңуз менен тез-тез кабарлашып туруңуз, аларга маани берип колдоо көрсөтүңүз.

13. Айлана-чөйрөңүздөгү жакыр окуучуга же болбосо студентке жардам бериңиз. Студент окутуу же анын окутулуусуна жардам берүүнү адатка айландырыңыз. Бул жан дүйнөңүздү бейпилдик менен толтурат.

14. Ибадаттарыңызды эч убакта аксатпаңыз. Себеби сиз пендесиз. Бир пенденин эң маанилүү милдети жаратканынын алдында милдеттерин аткаруу болуп саналат.

15. Инсандар менен болгон мамиледе, соода сатыкта, кошуналыкта жана иштериңизде үлгүлүү кыймыл-аракетте болуңуз. Бейпилдикте жашоонун жолу, инсандардын ыраазычылыгын жана батасын алуудан өтөт.

16. Уйкуңузду тартипке алыңыз. Уйкуну кѳзѳмѳл кыла албагандар, кѳзѳмѳлсүз жашоого туура келет. Ийгиликке жетишүү, бир гана уйкуну тартипке салуу менен байланыштуу. Жыйырма жаштагы инсандар үчүн идеалдуу уйку 5 саат.

17. Улууларды тез-тез зыярат кылып, көңүлдөрүн алыңыз. Бул дүйнөдөн көз жумгандарды да тирүүлөр сыяктуу унутпаңыз. Аларды да зыярат кылып туруңуз.

18. Адал акча табыңыз жана адал тамактарды жеңиз. Арамдан тапкандарыңыз адалдан тапкандарыңызды да булгайт. Айрыкча, арам акча жүрөктү жана жан дүйнөнү ырахатсыз кылат, үй-бүлөнүн бейпилдигин кирдетет жана карартат.

19. Ийгиликке жетишкен инсандардын жашоо таржымалдарын окуңуз. Эгерде айлана-чөйрөңүздө жашагандар болсо кабар алып туруңуз. Алардын берген кеп-кеңештерин назарга алыңыз. Себеби, ийгиликтүү жашоо, ийгиликке жетишүүчүлөргө бир канча мүмкүнчүлүктөрдү сунат.