СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарбия башаты үй-бүлө

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тарбия башаты үй-бүлө»

ТАРБИЯ БАШАТЫ ҮЙ-БҮЛӨ


“Тарбия башаты үй-бүлө” – дегендей баланы тарбиялоодо негизги ролду үй-бүлө же ата-эне аткарат. Ошондуктан мен дагы балдарды туура тарбиялоо, билим сересине жеткирүү ар бир эненин милдети деп ойлоймун. Мен балдарымды туура тарбиялоого аракеттенемин. Алардын жаш өзгөчөлүгүнө карап мамиле жасап, сөз байлыгына да көп көңүл бөлүп, туура сүйлөтүп, маданияттуу өсүүсүнө, бекем ден-соолукта болушуна көп көз саламын. Үйдө тазалыкты баары бирдей сактоосун үйрөткөнмүн. Балдарга жоопкерчилик жөнүндө көп айтамын. Сылыктык, кичи-пейил, боорукерлик жөнүндө мисал келтирип, жомоктордон айтып берип башка бирөөлөрдүн аткарган, же кылган боорукерлиги, сылыктыгы жөнүндө айтып көрсөтөмүн. Ошолордой болууга ынандырамын.

“Башталат турмуш майдадан, байкабайт аны майда адам” – же “Сөз – чакырат, үлгү –көрсөтөт”-дегендей үйдө балдардын сөз байлыгын өстүрүш керек. Сөзгө бай бала, акыл-эске бай бала болоору педагогикада маалым. Мен ар бир балама режим түздүрөм,ошол боюнча окуп, ойнойт.

Ошондой эле китеп эң назик, эң ыйык экендигин айтамын. Ошондуктан туулган күнгө китеп белек кылабыз, китепти көп окуса ой жүгүртүүсү, акыл-эси өсөт. Китепти үн чыгартып окутуп түшүнгөнүн айттырып көрөмүн, суроого жооп таптырамын. Күндөлүк аркылуу же сабактарына катышуу менен класс жетекчилер менен тыгыз байланыштамын.

Үй-бүлөдө балдар тарбиясында амал кылуу зарыл болгон 17 эреже

  1. Үй-бүлөдө жылуу мамиле, өз ара урматка негизделген жакшы моралдык психологиялык климат болуусу зарыл.

Салыштырып айтсак мөмө -бак жакшы өсүүсү учун жылуу климат талап кылынат. Ошондо бактар гүлдөп мөмө-жемиш берет.

  1. Үй-булөдө ар бир бала ата-энелер тарабынан сүйүүгө, кам кордукка бөлүнүп, ошол эле учурда талап дагы болушу керек.

Өзүнө ммэрим, кам кордукту сезген баланын акыл-эси психикасы жакшы өсүп, аларда башкаларды сүйүп, камкордук менен жашайт. Мындай балдар ата-энесин да, бир туугандарын да, Мекенин да сүйүп, кам көрө билет.

  1. Балдар чынчылдык , тууралык , калыстык атмосферасында чоңойсо жакшы болот.

  2. Балдар эркен ойлоого, өз ой пикирин айтууга, өз көз карашын жакшы сөз менен түшүндүрүп ,коргоого укуктуу болуусу. Эркин ойлоп, сүйлой алган балдар өз алдынча болуп өсөт, өзүнүн пикири, коз карашына ээ болот. Башкалардын да сөзүн , пикирин сыйлай уга билет.

Сүйлөшүүдө (аңгеме, баарлашуу) сөз мазмундуу, бир аз эмоционалдык боегу бар болсо башкаларга таасирдүү болот. Балдарды сөздөрдү айта билүү менен бирге ар бир сөздү уга билүүгө, мазмунун талдап, сүңгүп кирип тушүнуп, аткарууга же жооп бере билүүгө үйрөтүү зарыл. Суйлөшүдө үндүн тону, темпи туура, жөнөкөй ошол эле убакта жайдары , иштиктүү, олутуу болуусу зарыл. Эң башкысы сүйлөшүү балдардын ой-кыялын ойготуп, жоопкерчилик сезимин пайда кылса жакшы болот.

  1. Үй-бүлөдөгү мамиледе ач кыйкырык, истерика, уруп-согуу жемелөө какшыктоо, жемелөө ж.б. мүмкүн болсо такыр жок болушу керек

  2. Балдар “ мүмкүн “ ,”керек” ,” мүмкүн эмес” ,” уят” ,”болбойт” ,”болот” ж.б. каалоолорду зарыл учурда чектеген , багыттаган сөздөрдү түшүнуп, аткара билиши. Керек болсо тыюу сала билүү , балдардын обу жок каалоосун чектөө тарбиянын эң манилүү методдорунун бири , -деп айткан В.А. Сухом линкий.

Чындыгында балдардын каалоосу чексиз. Аны чектеп үйрөтпөсөк , эртең каалоосунун баарын аткаруучу эгоист адам болуп чоңоёт . Бирок балдарды мында чектөө же айтып, бир аз мажбурлап болсо да аткартуу анын укугун бузуу эмес, адилеттүү зарылдыктан келип чыгып , өзүнө жана башкаларга пайдалуу экенин билүүсү керек . Мында ынандыруунун мааниси чоң.

  1. Үй-бүлөдөгү традиция, каада-салттар жакшы эмоциялык сезимдер менен коштолуусу керек. Мисалы: туулган күн, дем алыш, майрам мейман күтүү ж.б. жакшы эмоциялык климатта өз-ара түшүнүү, колдоо, сүйүнүү, капалык-кубанычты бөлүшүү, кыйынчылыкты чогуу жеңип, жакшылыкка чогуу жетишүү жана ошол үчүн чогуу сүйүнүп, бирин-бири кучактап куттуктоо балдарда жакшы сезимталдыкты тарбиялайт.

  2. Балдарда кайсыл сапаттарды тарбиялагысы келсе, ата-эне ошонун үлгүсү өздөрүндө көрсөтүүсү зарыл. Мисалы: өздөрү чынчыл болуусу, өздөрү билим, маданиятты, эмгекти сүйүүсү ж.б.

Эн башкысы иштермандык, эмгекчилдик үлгүсүн ата-энеден көрүүсү керек. Үй-бүлөдө бардыгы пайдалуу эмгек менен убаралангандыгын көргөн бала бекерчиликтен, жалкоочулуктан алыс болот.

  1. Үй-бүлөдө жаман адаттардан алыс болуу, жакшы адаттарга көнүгүү. Мисалы: “Сигарет чекпе”, “ичимдик ичпе”, деп кобп ата-энеси өзү ичимдик ичсе болбойт. Ошондой эле артыкча шаан-шөкөт, артыкча жасануу, үй-жайды жасалгалоо, төрөпейилдикке жол бербөө керек. Балдар үй-бүлөдө жөнөкөй, жарашыктуу, жупуну адатты, жашоо образын сезүүсү туура болот.

  2. Үй-бүлөдө балдарды келечекке багыттап тарбиялоо. Мында “Сен болочок студент, өмүр жодош, күйөө, келин, ата-эне, атуулсуң” деп ошого келечектин талаптарын эске алып, өзүңдү –өзүң даярда деп айтып туруу керек. Алысты, келечекти айтып тарбиялоо өтө маанилүү, ал балдарды алга сүрөйт.

  3. Үй-бүлөдө ата-эненин өз ара мамилеси урмат-сыйга, ишенимге негизделип, балдарга үлгү болуусу зарыл. Аларга өз ара мамиленин тазалыгын, сулуулугун, эмгекке жана ишенимге негизделген үлгүсүн көрсөтүү керек.

  4. Үй-бүлөдө бардык иш-чараларда, жашоодо төмөнкү терс көрүнүштөрдөн: жасалмалуулук, көз боёмочулук, эки жүздүүлүк, куйтулук, шылуундук, ачкөздүк, көрө албастык, ашыкча шаңдануу, төрөпейилдик, калпычылык ж.б. оолак болуп, сактануу. Булар вирустай, балдардын психикасына, жан дүйнөсүнө таасир кылып, адаштырып тескери жакка буруп жиберет.

  5. Үй-бүлөдө тез-тез келчү коногу ыйман-ынсаптуу, ак ниет, илим-билимдүү, маданияттуу, эмгекчил жөнөкөй адамдар болуп туруш керек. Аларды сыйлап чакыруу. Балдарды маектешүүгө тартуу, ошол сүйлөшүүдөң тассир алуу, аларды ыраазы кылуу ү-бүлөнүн салтына айланышы зарыл.

  6. Үй-бүлөдө убакытка аяр мамиле кылуу. Бардык ишти өз убагы менен чогуу пландаштырып, эмгек, эс алуу, окуу, саякат, баарлашуу бардыгы өз убагы менен болуп туруусу керек.

  7. Үй-бүлө мүчөлөрү чогуу окуп, талкулоочу китеп, чогуу көрүп талкулоочу телеберүүсү болуу зарыл.

Системалуу бардыгы чогуу отуруп, адабий чыгарманы чогуу окуп, угуп талкулоо эң сонун таасир берет.

  1. Эзелтен чыгышт дасторкон айланасында сүйөшүү эң баалуу болгон. Ошол үчүн дасторкон четинде маектешүүдө күндө тарбиялык бир багытын же бир чыгарма же улуу инсанды сөз кылып, таасирлүү чеги менен сүйлөшүп отуруу эң сонун тарбиялык таасир берет.

  2. Балдар үй-бүлөдө тарбиялык аңгеме, насааттар менен эле тарбия албайт, күндөлүк турмуштан өзүнөн да тарбия алат. Ошол үчүн үй-бүлөдө турмуш, тиричилик, оз ара мамиле, жалпы эле жашоо образы табигый, ыймандуу, келечекке багыт берүүчү жагымдуу болуп үй-бүлөнүн өзүнүн жашоосу менен баланы тарбиялоо.


МЕКТЕП, МУГАЛИМ МЕНЕН СИЗДИН БАЙЛАНЫШЫҢЫЗДЫН МААНИСИ

Ата-энелер бардыгыңыз өз балдарыңыздын мыкты билимдүү, адеп-ахлактуу болушун каалайбыз, ошону өмүрү менен бирге тилейбиз.

Бирок көпчүлүк балдарыбыз билим тарбия алуучу эң ыйык жер мектеп менен байланышууга, барып кабар алууга тиричилик, иш деп убакыт таппайбыз, же кээ бирибиз такыр эле кызыкпайбыз. Биздин балдарыбыздын окууга кызыкпагандыгын, тартибинин начардыгынын бир себеби дал мына ушунда болушу мүмкүн.

Анткени, Сиз ата-энелер мектеп, билим алуунун абалына кызыкпасаңыз, маани бербесеңиз, мектепке келбесеңиз, анда силерди көрүп балдарыңыз “Мектептен, билим алуунун анчалык деле зарылчылыгы жок экен, ошон үчүн ата-энем кызыкпайт, сурабайт, барбайт дагы”деп ойлоп, мектепке,окууга урмат, кызыгууну жоготот же төмөндөтүп жиберет.

Сиздер билесиздер, балдар ар дайым улууларга карап, коргонуп жасашат.

Демек, Сиздин мектеп, мугалим менен байланышыңыз эң биринчи балаңыздын таалим-тарбиясына, өзүңүзгө керек. Анан ошол таалим-тарбияны жакшы ишке ашыруу үчүн мугалимге керек. Ал – мугалимге кубат, дем берет. Сиздердин активдүү колдооңуз, кызыгууңуз менен гана мектепте билим-тарбия берүү толук болуп, максатына жетет.

Ансыз баары жарым болуп кала берет, б.а. эптеп сабакка барат, эптеп күн өтөт.


Жыйынтыктап айтсак, сиздин мектеп, мугалим менен байланышыңыз эмне берет?

  1. Мектеп, билимге, балаңыздын келечегине кызыгууңуздун үлгүсүн көрсөтөт.

  2. Мектепти урматтоо белгиси болот.

  3. Мугалимдин эмгегине ызаат-урмат болот.

  4. Сабактарга даярдануу, катышуу, жакшы окууда балаңыздын жоопкерчилигин жогорулатат, кызыгуусун өстүрөт.

  5. Мектеп турмушун жакындан билесиз, кемчилигин оңдоого сунуш айтасыз.

  6. Өтүлүп жаткан сабактардын сапатын, класста башка балдарга салыштырмалуу балаңыздын билимин, тарбиясын өз көзүңүз менен көрөсүз.

  7. Үйгө барып балаңыз менен мектеп, билим жөнүндө сүйлөшүүгө даяр болосуз.

  8. Мектептин, мугалимдин абийири.

  9. Өзүңүздүн абийириңиз, урматыңыз мектеп, мугалимдер, өз балаңыз алдында өсөт.

  10. Келечекте балаңыздын бир кесип тандап алуусуна, анын жөндөмүн, кызыгуусун көрүп багыт бересиз, даярданасыздар.

  11. Балаңыздын дос – жоролору ким экенин мектепте болуп билесиз.

  12. Балаңызды окутуп, тарбиялоодо мугалимге жардам бересиз.

  13. Балаңыздын билим алуудагы, тарбиялануудагы кемчилигинин себептерин билип, оңдоого мүмкүнчүлүк аласыз. Ийгилигин бекемдеп өстүрүүгө болот.

  14. Класста жана класстан тышкары эмнелерди үйрөнүп жүргөнүн билесиз (кружок, секция, кече, конкурс, кошумча сабак).


АТА-ЭНЕЛЕРГЕ ЖОЛДОМО

Алган билим баланын акылына акыл кошушу мүмкүн, бирок жан-дүйнөсүн түшүнүп, жагымдуу мамиле жасаган эң жакын жана сүйүктүү адамдары ата-энелери гана баланы бактылуу кыла алат. Демек, урматтуу ата-эне баланын мектепте мыкты окушу үчүн шарт түзүүгө гана эмес классташтарынын арасында өзүнүн татыктуу ордун ээлөөгө мектепте өзүн жакшы сезишин мүмкунчүлүк берүүчү жагдайды тузүү сиздердин колуңуздан келет. Ал үчүн төмөнкүлөр ар дайым эсиңизде болушу керек.

  1. Колуңуз бошобогонуна карабастан балдар үчүн убакыт табуу зарыл

  2. Өз башыңыздан өткөргөн жагымдуу окуялар жөнүндө балаңызга ар дайым айта жүрүңүз.

  3. Окууда жетишпегендиги үчүн баланы тилдебеңиз. Андан көрө тек гана артта калуусунун себебин түшүндүрүп коюу алда канча пайдалуу.

  4. Баланы тарбиялоодо өзүңүз үлгү болууга тийишсиз. Жакшы жактарыңызды көрсөтүүгө аракеттениңиз. Сиз өзүңүздөн улууга урмат менен мамиле жасасаңыз, балдар сизди урматтап турушат.

  5. Баланын жолу болбой калганда же татаал жагдайга туш болгондо өзүн кармай билүүгө үйрөтүңүз.

Урматтуу ата-энелер сиздерге ийгилик!