СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарбиялык саат 11-класс

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тамеки чегуу ден-соолукка зыян

Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык саат 11-класс»

№47. А Темирбаев атындагы орто мектеби.





САБАКТЫН ТЕМАСЫ: ТАМЕКИ ЧЕГҮҮ – ӨМҮРГӨ ЗЫЯН





Мугалим: Каратаева Сабира.







САБАКТЫН ТЕМАСЫ: ТАМЕКИ ЧЕГҮҮ – ӨМҮРГӨ ЗЫЯН

Сабактын максаттары:

• адамдардын ден соолугуна зыяндуу экендигин түшүнүшөт;

• жашоодо туура жолду тандоого багыт алышат;

• коомдогу тамеки чегүү көйгөйүн жойгонго аракеттенишет;

• тамекинин мамлекеттин экономикасына гана пайдалуу экендигине ынанышат.

Сабактын жабдылышы: Тамекинин түрлөрүнүн дааналары жана пачкалары, тамеки чеккен жана чекпеген адамдын өпкөсүнүн сүрөтү, тамеки жөнүндө тартылган кыскача тасманын диски, компьютер, китептер, скотч, А-4 өлчөмүндөгү барактар ж.б.

I.Сабакка чейин: Бул сабак эмне берет? - чөйрөнү тааный алышат; - адамдардын ден соолугун тереңирээк билишет; - пайдалуу кеңештерди бергенге үйрөнүшөт. Сабактын өбөлгөсү: Окуучулардын априордук билими. Убакытты бөлүштүрүү: - Саламдашуу, уюштуруу – 3 мүнөт; - Сабактын максатын жарыялоо – 1 мүнөт; - Тамеки жөнүндө минилекция – 2 мүнөт; - Кичи топторго бөлүштүрүү – 1 мүнөт; - Кичи топтордун презентациясы – 17 мүнөт; - Т схемасын толтуруу – 6 мүнөт; - Тамеки чеккен адамдардын ден соолугу тууралуу кыскача тасма көрүү – 4 мүнөт; - Дискуссия – 5 мүнөт; - Сүрөттөргө саякат – 2 мүнөт; - ПСМТ усулу – 2 мүнөт; - Жыйынтыктоо – 2 мүнөт. II.

Сабактын жүрүшү. Уюштуруу;

Мугалим: Ким болсо эгер тамекиге ышкылуу, Адат ага өз өпкөсүн ыш кылуу. Ажыратып ачык кызыл түсүнөн, Канын бузат көмүртектин кычкылы. Тамекиден кездешүүчү далай зат, Ууландырат, денебизди оорутат. Коркунучтуу эң жаманы алардын, Эгер билсең никотин жана аммиак, – демекчи, биздин бүгүнкү сабагыбыз “Тамеки чегүү – өмүргө зыян” деген эң актуалдуу темада болмокчу. Анда минилекцияга көнүл бурабыз. Тамеки жөнүндө лекция – 2 мүнөт 104 Тамеки плантациясы биринчи жолу кайсы жерде пайда болгон? Тамеки байыркы заманда эле пайда болгон. Б. з. ч. V кылымда грек окумуштуусу Геродот күйүп жаткан чөптүн түтүнүнүн скифтер сорушканын жазган. Христофор Колумб Американы ачканга чейин ал Европада, Азияда, Америкада белгилүү болгон эмес. Тамекинин биринчи мекени – Америка материги. Европалыктар Американы ачканга чейин эле индээцтер аны өстүрүп, чеге башташкан. Европалык саякатчылар Кубага барышканда жергиликтүү индээцтердин белгисиз бир чөптүн кургатылган жалбырагын ороп чегишкенин көрүп таң калышкан. Ошол ороп түтөтүп чеккендерин алар “табако” жана “сигаро” деп аташкан. Колумбдун матросторунун айрымдары тамеки чеккенди ушул жерлерден үйрөнүшкөн. Колумб жаңы ачылган материкке – Америкага экинчи жолу барганда тамекинин уругун Испанияга ала келген. Ошентип, XV кылымдын аягында Испанияда тамекинин биринчи плантациясы пайда болгон. Кичи топторго бөлүштүрүү – 1 мүнөт Мугалим: Балдар, келгиле анда кызыл, жашыл, сары деген түстөрдүн атын атап, 3 топко бөлүнөбүз. Эми ушул үч топ бүгүнкү тема боюнча ой бөлүшөбүз. Тапшырма беремин. Силерге жогоруда аталган түстөгү таркатмалар берилет. Ал таркатмаларда ар кандай маалыматтар берилген. Окуп, топто талкуулап, ватманга түрдүү усулда сүрөт, жазуу ж.б. жүз ачар кылып беребиз. Кызыл таркатма (Көйгөй) кызыл түстөгү топко. Жашыл таркатма (Уулуу затка ууланба!) жашыл түстөгү топко, Сары таркатма (Тамекинин залалы өспүрүмдөрдө жана аялдарды) сары түстөгү топко. Анда 3 мүнөт убакыт беремин. Бул убакыттын ичинде ар бир топ таркатмадагы маалыматтарды түрдүү усулдарды колдонуп, ватманга түшүрүп, же доскага жазып, жада калса ролдук оюндар менен аткарып түшүндүрүп берсе, эң натыйжалуу болот. Кичи топтордун таркатмадагы маалыматтар менен таанышуусу – 3 мүнөт Кичи топтордун презентациясы – 17 мүнөт Кызыл таркатма “Көйгөй” Кыргызстанды тамеки ылаңы каптоодо Азыркы кезде дүйнө жүзүндө 1,2 млрд адам тамеки чегет жана алардын саны көбөйүүдө. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун билдиргенине караганда, чылым жылына 5 млн. адамдын өмүрүн алып кетет. Адистер бул санды 2030-жылы 10 млн.го жетиши мүмкүн дешет. Окумуштуулар тамеки чегүүнү наркоманиянын бир түрүнө киргизип, андан баш тартуу алкогол менен кокаинден дагы өтө кыйын деп айтышкан. Ал эми Кыргызстан узак жылдардан бери чылым чеккендердин көп саны менен “мактана” алат. Биздин өлкө үчүн кадимки болуп калган көрсөткүчтөр Европалык мамлекеттерде үрөйдү учурчу нерсе. Биздин өлкөдө тамеки тарткандардын үлүшү эң эле аз дегенде 60%ды түзөт. Салыштырмалуу Америка Кошмо Штаттарында бул жаман адатка калктын 35%и эле кабылып, бул сан уламдан улам төмөндөөдө, мындан он беш жыл мурун бул көрсөткүч биздикине жакын болчу. Кыргызстанда ар бир бешинчи өлүм – өлкөнү каптаган тамеки ылаңына байланыштуу. Аны медиктер андан да коркунучтуу – пандемия деген сөз менен аташууда. Баарынан жаманы, тамекиге жалаң чоңдор гана эмес, жаш балдардын да 105 берилип жатканы. Изилдөө учурунда Кыргызстанда ар бир 10-адамдын чеккендиги далилденген. Ал эми аялдардын арасында болсо, ар бир 20-аял чеге тургандыгы маалым болгон. Ушундай көйгөйлөр улам күчөгөндүктөн, 31-майды тамеки чекпөөнүн бүткүл дүйнөлүк күнү деп кабыл алып, дүйнө жүзү тамекиге каршы күрөшүп келүүдө. Жашыл таркатма “Уулуу затка ууланба!” Тамекинин составы Чындыгында, бир тамекинин өлүмгө алып барышын көрсөтүү кыйын. Бирок бардыгы күнүнө 1 тамекиден башталып 20га, же андан да көпкө барат жана ага абдан берилип таштай албай калат. Натыйжада организмдин иштөө процессии бузулат. Күнүнө 2-3 тамеки чегүү менен ал адам өзүн-өзү өлүмгө түртөт. Бир папиростун түтүнүндө 20га жакын уулуу зат бар. Алардын ичинде 6мг никотин, 1,6 мг аммиак, 0,03мг синил кислотасы, 25мг ис газы, бензопирен жана башка көптөгөн уулуу заттар бар. Никотин күчтүү уу! Тамеки тарткан адамдын организми никотинге көнөт, бирок андан анын бардык органдарга көрсөтүүчү зыяндуу таасири азайбайт. Он миңинчи тартылган папирос деле биринчисиндей зыяндуу. Адамды ууктуруучу никотиндин дозасы 0,050 грамм эки пачка папиросто болот. Чылым чегүүдө папиростун түтүнү пайда болуп, андагы 500гө жакын заттардын ичинен 30дан ашыгы уулуу зат болуп эсептелет. Никотин жана анын тобундагы заттар түтүн түрүндө химиялык түзүлүшү өзгөрбөстөн өпкөгө өтөт. Тамекинин ышында никотиндин топторунан тышкары рак оорусун пайда кыла турган “канцерогендик” заттардын эң коркунучтуулары көп санда. Алар: бензопирен, антрацен, мышьяктын кошулмалары ж.б. Рак оорусунун 90%ы тамеки чегүүнүн натыйжасында пайда болгон. Тамекинин түтүнүндө никотинден тышкары 4000ден ашык уулуу заттар кездешет, анын 43ү рак оорусуна алып барат. Бул заттар биринчи өпкөгө барып, анан кан аркылуу бүт организмге тарайт. Тамекинин түтүнүнөн жүрөк кан тамырлары катуу жабыркайт. Ошондой эле тиштер саргайып, жаман ооруга чалдыгат. Чегүүчү адамга тамекисиз ойлонуу өтө кыйын. Тамеки чегүүнүн натыйжасында пайда болгон оорудан дүйнөдө күнүнө 11 миң адам өлөт. Сары таркатма “Тамекинин залалы өспүрүмдөрдө жана аялдарда” Адамдарды бакубат ден соолукка жеткирүүчү сергектик жашоого кедерги боло турган терс адаттарга тамеки кирет. Медициналык эсептөөлөр боюнча 10-15 жыл илгери тамекиге кумарланган өспүрүм балдардын эң жогорку деңгээли 14-15 жаш курагында байкалса, азыр бул көрсөткүч жашарып, 10-12 жаштагы өспүрүмдөргө туура келүүдө. Эгерде боюнда бар аял темеки тартса, кан менен тамекинин уулууу заттары курсактагы балага да барат. Алардын айы-күнүнө жетпей төрөлгөндөрү 11% болсо, салмагы 160-300 грамм кем төрөлгөндөрү 14% түзөөрү медицинада белгилүү. Чылымчы аялдардын жүзүн бырыш эрте басып, сымбатын бузат, тиши саргаят. Жыныстык оорулардын өсүшү, ошондой эле бойдон түшүү чылымчы айымдардын арасында арбын. 106 Окумуштуулардын изилдөөлөрү боюнча зыяндуулугу жагынан никотинден өтүп кеткен, тамекинин радиоактивдүү изотобу палоний 210 аныкталган. Ал заттар тамекинин жалбырагына караганда анын түтүнүндө арбын. Чылым түтүнүнүн газдык бөлүгү: 10% кислород, 0,046%дын ордун 9,5 көмүр кычкыл газы, 5% ис газынан турат. Операция кылган дарыгерлер тамеки чеккен адамдын өпкөсүнүн кандай болорун жана дарылоого 3 жылдан 5 жылга чейин убакыт керек экендигин айтышат. Т схемасын толтуруу – 5 мүнөт Мугалим: Тамеки жөнүндөгү маалыматтарды аз да болсо билип алдык. Эми тамекинин пайдалуу жана зыяндуу жактарын Т схемасы аркылуу толтурабыз. Доскага бир окуучу жазып турат. Отургандар жеке оюбузду айтабыз. Тамекинин пайдасы Тамекинин зыяндуулугу кээде нервди эс алдырат чөнтөктүн шору бизнес кылса болот рак менен оорутат Тамеки чеккен адамдардын ден соолугу тууралуу кыскача тасма көрүү – 4 мүнөт Тасма көрсөтүлгөндөн кийин мугалим окуучуларга төмөнкү суроолор менен кайрылат. 1. Бул тасманы көргөндө кандай сезимдер пайда болду? 2. Көргөнүңөр чындык деп ойлойсуңарбы? 3. Ушундай абалга туш болгондорду билесиңерби? 4. Аларга кандй жардам бере аласыңар? Дискуссия – 5 мүнөт Окуучулар жогорудагы суроолордун тегерегинде өз ой-пикирлерин айтышат, далилдешет, аныкташат. Сүрөттөргө саякат – 4 мүнөт Мугалим тамеки чеккен жана чекпеген адамдардын, алардын ички органдарынын сүрөттөрүн көрсөтөт. Окуучулар ал сүрөттөргө саякат жасап айырмачылыктарын айтып беришет. ПСМТ усулу – 2 мүнөт П – позиция; С – себеп; М – мисал; Т – тыянак. Окуучулар өз ойлорун ушул усулга салып, айтып беришет. Жыйынтыктоо – 2 мүнөт Мугалим: Ар бир адам – кайталангыс инсанбыз. Дүйнөгө бир жаралган соң, жашообузду ден соолукта өткөрүшүбүз керек. Ар бир адамдын ден соолугу өз колунда. Ошондуктан тамеки чегүүдөн алыс болуп, туура жолду тандайлы. “Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндөгү” мыйзамдын 12-беренесинде 18 жашка жетпеген балдарга күркө, дүкөңдөрдөн тамеки сатууга тыюу салынат деп айтылат. Ал эми 7-беренесинде 107 айтылгандай, коомдук тамактануучу жайларда чалкалап папирос тарткандар да мыйзам алдында жооп беришет. Ал эми Италия сенаты коомдук тамактануучу жайларда тамеки чегүүгө тыюу салган мыйзам чыгарган. Мыйзамга баш ийбегендер үчүн 2000 доллар өлчөмдө айып салынат. Мындан башка тыюу салынган жерде чеккендерге 25 доллар айып салынат. Ушундай мыйзамдар да Кыргызстанда кабыл алынса, эң жакшы болмок. Эмесе балдар, “Баарыңарга камкордук, ар бириңерге ден соолук” каалаймын. Үй тапшырма: Айылыбыздагы чылым чегүүчүлөр сандык көрсөткүчтө” деген темада изилдөө жүргүзүп, аныктап келебиз. III. Сабактан кийин: ❖ окуучулар тамекинин көп жактуу өтө зыян экендигин билишет; ❖ жекече жана топтордо иштөөнү өздөштүрөт; ❖ тамеки келечектеги глобалдык проблемага айланарынын а






















Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!