СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарбиялык саат 6-класс

Нажмите, чтобы узнать подробности

Туулган жердин топурагы алтын

Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык саат 6-класс»

47. А Темирбаев атындагы орто мектеби.









Мугалим:











Тарбиялык саат

6-класс

ТЕМА: ТУУЛГАН ЖЕРДИН ТОПУРАГЫ АЛТЫН

Сабактын максаты: - «Туулган жердин топурагы алтын» деген макалдын маанисин чечмелей алышат; - Ата журттун улуулугун даңазалай алышат; - Мекенге кызмат кылууга тарбияланышат; - Кыргызстандын символикалары менен таанышышат; - бири-бирин сыйлоого үйрөнүшөт; - мекенчил инсан болууга тарбияланышат.

Сабактын жабдылышы: Кооз жерлер чагылдырылган сүрөттөр, желектин, гербдин макеттери, Кыргызстандын географиялык картасы, түстүү стикерлер (желими бар кагаздар) ж.б. Сабактагы негизги иш-аракеттер: Диалог, дискуссия, аңгемелешүү, окуу, топтордо иштөө.

Сабактын жүрүшү: 1-кадам: Уюштуруу иштери. Окуучулар Кыргыз Республикасынын гимнин ырдашат. Окуучулар 2 топко бөлүнүшөт. Ар бир топко бирден ватман, бирден түстүү маркер берилет. Топко «Туулган жердин топурагы алтын» деген макалды чечмелөөгө тапшырма берилет. Окуучулар топто макалды талкуулашып, презентацияга даярданышат. Жактоого ар бир топтон бирден гана окуучу чыгат. Биринчи топко желектин, экинчи топко гербдин макети берилип, аларды негизги белгилерин чечмелөөгө да тапшырма берилет. Ал эми символикалардын кабыл алынган жылы, авторлору жөнүндө мугалим кошумча маалымат бериши керек.

2-кадам: Мугалим окуучуларга «Бала өзүнүн шаарын кантип сактап калды» деген жомокту окуп берет. Жомок окулгандан кийин төмөндөгүдөй суроолор менен окуучуларга кайрылса болот: 1. Эмне үчүн Султанмамыт балага ачуусу келди? 2. Бала төө менен, сакалдуу эчкини эмне кылды? 3. Хан баланын айтканына кантип макул болду? 4. Эгер сен баланын ордунда болгонуңарда эмне кылмаксыңар? 5. Жомоктон кандай таасир алдыңар? Бала өзүнүн шаарын кантип сактап калды Илгери- илгери Жаныбек аттуу каардуу хан жашаган экен. Ал талоончулугу менен, кошуна хандарга тийишип туруусу менен белгилүү болчу.









Бир жолу Жаныбек хандын куралдуу жигиттери Султанмамыт хандын шаарын курчап алышат. Курчоодо калган шаардыктарга душмандары: - Эгерде силер үч күндүн ичинде багынып бербесеңер- анда бизсилердин шаарыңарды түп тамырынан бери жок кылабыз! – деп, жарыя салат. Султанмамыт аксакалдар менен кеңешип көрөт. Аксакалдар көпкө ойлонушуп бул кырсыктан 16 бошонуунун бир айласын таба алышпайт. Хандын берген мөөнөтүнүн акыркы күнү, кокусунан эле аксакалдар чогулган боз үйдүн жанына эски тон кийип, кунан минген бир жаш бала пайда болот. Бала аксакалдар менен учурашып, - мындай дейт: - Жаныбек ханга мени жөнөтүңүздөр, мен аны менен биздин шаарды душмандын курчоосунан кандай бошотуунун сүйлөшүп көрөйүн. Бул сөздөрдү угушуп аксакалдар күлүп калышат, ал эми Султанмамыт болсо ачууланып: - Жогол мындан! – дейт балага. - Сен али жашсың мындай иштерге кийлигишпегин!.. Бирок баланын тыңдыгын бир аксакал байкап калып, ханга мындай дейт: -Менин ханым, «Ачуу душман – акыл дос!» - деген балага болгон бир ачууңузду мага бериңиз, чындыгында эле бул бала биздин шаарыбызды сактап калаар. Келгиле баланы Жаныбек ханга жөнөтүп көрөлү. Аксакалдар ары – бери сүрүшүп, ары ойлонуп, бери ойлонуп жатып акыры баланы Жаныбек ханга жөнөтүүнү чечишет. Анда бала алардан эң картаң бир төө жана өтө сакалы узун бир эчки берүүсүн суранат. Аксакалдар балага таң калышат, бирок сурагандын баарын беришет. Бала төөгө минип, а эчкини жетелеп алат. Ал душмандарга келет. Баланы көрүп ачуусуна чыдабаган Жаныбек хан мындай деп кыйкырат: - Эмне Султанмамыттын хандыгынан сенден чоңураактар, сакалдуулар табылбадыбы? А бала болсо чочуп койбой жайма – жай: - Эгерде сен ханым, эң эле картаң менен сүйлөшкүң келсе, анда төө менен сүйлөш, а эгерде сакалдуу менен сүйлөшкүң келсе, анда бул эчки менен сүйлөш – дейт. Хан баланын тапкычтыгына таңданат. - Сен күчтүү жана акылдуу экенсиң – дейт каардуу хан. - Мен сен эмне айтсаң ошону аткарайын эмнени сурайсың?



















- Мага төөнүн терисине баткыдай эле жерди берсе жетишет– дейт бала. Баланын суранычын угуп, улутунган Жаныбек хан төөнүн терисине канча жер батса ошончо жерди берүүгө макул болот. Анда бала картаң төөнү жыга тартып соет, анын терисин ипичке кылып тилип чыгат да, ал тилкелердин баарын бири – бири менен бириктирип, узундан – узун бир кемер токуп, аны менен шаарды айландырып курчап чыгат. Муну көргөн Жаныбек хан баланын алдаганын түшүнүп, берген убадасына өкүнүп калат, бирок башка арга жок эле, хан өз сөзүнө туруш керек болчу. Ошондуктан ал балага курчалган шаарды таштап, жигиттери менен чыгып кетүүгө мажбур болот. Ошентип акылдуу бала өзүнүн сүйүктүү шаарын душмандан сактап калат. 3-кадам: Советбек Байгазиевдин «Ата журтум!» деген ырын мугалим менен бирге окуучулар чогуу окушат. Ырга каалаган обонду салып алып ырдашса да болот. Ыр көрктүү окулуп бүткөндөн кийин мугалим ырдын маанисин сураса болот. Ата журтум! (Балдар хору) Атактуу Соң-Көл – Нарыным – Алдырбас бийик намысым! 17 Жердеген айкөл Манасым, Таласым – менин канатым! Баткеним менин байлыгым – Бактыга бүткөн бар дүйнөм! Ордолуу Ошум – опол тоом! Жалал-Абад – жан биргем! Сыймыктанам, сүйөмүн, Сары Өзөн Чүйүм – тирегим! Ысык-Көл сенсиң – карегим! Соолбос өмүр мүрөгүм! Түндүгүм менен Түштүгүм! Сен барда жарык күн-түнүм! Ала-Тоом – ыйык түнөгүм, Бишкегим – соккон жүрөгүм! 4-кадам: Доскада илинген сүрөттөр боюнча аңгемелешет. 5-кадам: Окуучулар Ата журт, мекен жөнүндөгү макалдарды айтышат. Мугалим алардын айтканын доскага жазат. Мугалим өзү да төмөндөгүдөй макалдарды дептерге жаздырса болот: Мекенден айрылганча – өмүрдөн айрыл. Мекендин бактысы өмүрдөн кымбат. Мекендин кадыры башка жерде билинет. Мекенсиз адам - үнсүз булбул. Мекенсиз турмуш – жаналы турмуш. Ар кимдин туулган жери өзүнө Мисир. Ар бир ит өз короосунда кожо. Ата журт – туулган жерден башталат. Ата журтуң – алтын бешигиң. 6-кадам: Мугалим ар бир окуучуга бирден стикер (желими бар барак) таратып «Сабактан кандай таасир алдыңар? Кыргызстандын кайсы аймагында болгонсуңар? Ал жерлер силерге эмнеси менен жакты?» деген суроолорго жооп жазып, доскадагы геограяилык картанын каалаган жерине жабыштырууга көрсөтмө берет. Убакытка жараша ар бир кагазды окуп, жалпы талкуу жүргүзсө болот. Үйгө тапшырма: «Мекеним – алтын турагым» деген темада билбаян же эссе жазып келишет. 18 №7 сабак КЫРГЫЗ ТИЛИМ – БАЙЛЫГЫМ! Сабактын максаты: - окуучулар кыргыз тили мамлекеттик тил экендигин билишет; - мамлекеттик тилдин мыйзамдагы ролун аныктай алышат; - кыргыз тилине кызмат кылууга, тилдин тазалыгын, тилдин байлагын сактоого
















































Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!