СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарбиялык саат 6-класс

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык саат 6-класс»

Максатын туура коё албаган кемеге эч бир шамал жардам бере албайт.

Конфуций

Сабактын темасы: Максатыӊыз белгилүү болсун

Сабактын максаты: Окуучулар максат коюунун маанисин түшүнүшөт. Максатка жетүүгө аракет кылууну үйронүшөт.

Мугалим:

Көрүнүп тургандай эле максат – кылынуусу керек болгон бир ишти соӊуна чыгаруу болуп саналат. Мүдөө – болсо бару керек болгон жер. Булл эки термин, бири-бирин толуктаган маанилүү элементтер.

Инсандын каалаган натыйжасына жетүү үчүн томөндөгү эки суроого ачык жана так жооп берүү керек.

  1. Максатымды жана мүдөөмдү туура белгилегенминби?

  2. Жашоомду бул максатка жана мүдөөмө ылайык пландай алганмынбы?

Туура максат жана мүдөө белгилениши керек. Инсан жашоодо эмне боло тургандыгына жана эмнени каалап жаткандыгына чечим чыгаруусу керек. Эмне үчүн окуп жатат? Өзү тандаган окуну бүткөндөн кийин эмне болууну каалап жатат? Өзү каалаган жерге жеткенден кийин бактылуу боло ала тургандыгына канчалык даражада ишенүүдө?

Жогорку суроолор боюнча окуучулардын ойлорун угуп, талкуу жүргүзүү.

Бардык мына ушундай суроолор инсандын башын толтурат, кээ бир убакытта ичинен чыга албай турган даражада депреция жана чечкинсиздикти пайда кылат.

Мындай учурда эмне кылуу керек? Депрецияга түшүүгө жана буларды проблема кылууга эч кажет жок.

1.Алгач өзүӊүздүн талаптарыӊызды белгилөөӊүз зарыл.

2.Бул талаптарыӊыз менен эмнелерди кыла аласыз мына ошого чечимиӊизди чыгарыӊыз. Башкача айтканда кайсыл тармакта ийгиликке жетишишиӊизге ишенесиз? Бул маселеде өзүӊүздүн көз карашыӊызды тактаӊыз. Так илимдерге жетишээрлик деӊгээлде кызыгууӊуз жок болсо, гуманитардык тармактарда чечим чыгаруу керек болот. Гуманитардык тармакта кетүүнү чечим чыгарсаӊыз, дарыгер болууну максат кылууӊуз орунсуз.

3.Тандаган тармагыӊызга тиешелүү каалаган кесиптерди белгилеӊиз.

4.Тармакка тиешелүү максат мүдөөӊүздү белгилеп жатып, төмөндөгү пунттарга көӊүл буруӊуз.

- Тандаган тармагыӊызда иштеген бир ошол кесиптин ээси менен сүйлөшүӊүз.

- Өзүӊүздүн таланттарыӊыздын ошол ишке ылайыктуу болуп болбогондугун жакшы эсептеп чыгарыӊыз.

- Тажрыйьалуу жана өз ишин мыкты билген мугалимдериӊиздин көз карашын сураӊыз.

Тандай турган кесибиӊиз же болбосо өзүӊүз каалаган иш сизге жетишээрлик пайда алып келиши керек. башкача айтканда акча. Ошол ишти кылып жатып өзүӊүз ырахат алышыӊыз жана каалоо менен кылышыӊыз керек. ошол эле учурда ал ишти кылып жатып, коомго пайдалуу болушуӊуз керек.

Окуучуларды эки тапко бөлүп төмөндөгү суроолордун үстүндө талкуу жүргүзүү.

  1. Тандалаган максатыӊызды жузөгө ашыруу жана мүдөөӊүзгө жетүү үчүн эмнелер кылынуусу керек?

  2. Сабак окуунун оор көрүнүүсүнүн кээ бир себептери бар. Алар кайсылыр?

Максатка жетүү үчүн кандай иштердин аткарылышы зарыл?

Сабактын акырында «Туура макса коюу» деген темада слайд көрсөтүлөт жана талкуу жүргүзүлөт.

Тапшырма: Бир жумалык же бир айлык бүтүрө турган иштерди пландаштырып келүү.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!