Сабактын темасы:
Мекенди коргоо ыйык милдет
Сабактын максаты: Окуучуларын Ата-Мекенге болгон сүйүүсү күчөтүү. Эр жигиттердин аскерден качпоого,өз журтун коргоого даяр болууга тарбиялоо. Атуулдук сезимин ойготуу.
Сабактын жабдылышы: Керектүү адабияттар, таркатмалар,сүрөттөр.
САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ: Окуучулар сабактын башталашанда " Сен аскерге барууну каалайсынбы?", " Ата-Журтту кантип коргойбуз?" деген суроолорго жооп беришет. Класста жалпы окуучулар талкуулашат. Бүгүнкү күндөгү кыргыз армиясынын абалы жөнүндө да кеп козголот.
9-Май ЖЕҢИШ МАЙРАМЫ-совет элинин эң ыйык, эң улуу майрамы. Анткени бул күнгө жетиш үчүн совет эли 27млн адамынан ажыраган. Бул күн совет элинин 4 жылга созулган эң оор, эң кайгылуу Улуу Ата Мекендик согуштагы фашисттик Германиянын үстүнөн жеңишке жетишкен күн. 1945-жылдын 8-майы күнү саат 22ден 43 мүнөт өткөндө Берлин шаарына жакын Карлхорст шаарында вермахтын атынан генерал -фельдмаршал Кейтель Кызыл Армиянын маршалы Г.Жуковдун жана союздаштарынын атынан катышкан Англиянын авияция маршалы А. Теддердин катышуусунда биротоло жана толлук багынып берүү(капитуляция) жөнүндөгү келишимге кол койгон. Бул мезгилде #Москва шаарында 9 май кирип калган эле И.Сталин ошол замат 9 майды ЖЕҢИШ КҮНҮ деп жарыялаган жарлыгын чыгарып, аны эртең менен саат 6-00 дө радиодон атактуу диктор Левитан бүткүл совет элине жарыялаган. Бул күндөгү , эң биринчи согуш күнүнү майрамдоо болуп көрбөгөндөй майрамдалган. Көчөдө жайнаган эл бирин-бири куттуктап ,ыйлап өөп куттуктап жүрүшкөн. Кечинде саат 22-00 дө Москвада 1000 замбиректен СССРдин тарыхында болуп көрбөгөндөй масштабдагы 30 залп менен ЖЕңиш салюту берилген. 1965-жылы гана Жеңиштин 20 жылдыгында 9- май ЖЕҢИШ күнүн кайрадан жумушчу эмес деп жарыяланып , майрам толук атрибуттары менен майрамдала баштаган Аскердик парад, согуш ардагерлеринин салтанаттуу жүрүшу , Жеңиш салюту СССР дин баардык баатыр шаарларында жана улуттук республикалардын борборлорунда өткөрүлгөн.
Баатырларга гүл десте.
Ардагерлер аталарды согушкан,
Ар жыл сайын эли сыйлап турушат.
Кыз-клини,уул-жигити ийилип,
Кутткташып , кооз гүлдү сунушат.
Жеңиш күндү белгилеп
Майрамдарга эл болсун
Аталар коргоп кан төккөн
Келечегиң,кеңболсун!
Ата-Журтуңду Манастай сүй,
Ала-тооңо Кошойдой күй.
Баатыр бир өлөт, коркок миң өлөт.
Байлык жерден чыгат, Баатыр элден чыгат.
Булбул гүлзарын сүйөт,адам мекенин сүйөт.
Эр энеден туулат, эли үчүн өлөт.
--Эмблема түзүү, аны жактоо
Мугалим ар кандай формадагы барактарды таркатат . Ага топтор сүрөт тартуу менен эмблема жасашат. Аны жактап беришет. Мындан сырткары ар бир топ өз ураанын айтышы керек.
Мугалим
-- Сабагыбызды аяктап жатып апаларыбыздын көз жашы, аталарыбыздын эсепсиз төгүлгөн каны, сансыз өлүмү аркылуу келген мекенибиздин тынчтыгын түбөлүк бек сактайлы . Ал эми Мекенибизди тынч сактоо үчүн биздин уулдарыбыз , ар бирибиздин мекен алдындагы ыйык милдетибиз,парзыбыз экенин унутпайлы.
--Үй тапшырма: "Карегимде Ата- Журт!" -деген темада чакан дил баян жазып келүү.