СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

ТАРБИЯЛЫК СААТ Билимдүүгө дүйнө жарык

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«ТАРБИЯЛЫК СААТ Билимдүүгө дүйнө жарык»

Билимдүүгө дүйнө жарык, билимсиздин көөнү карып.

Сабактын максаты: Окуучуларга билимдин маанисин түшүндүрүү.

Доскага: “Билимдүүнүн күчтүүсү – адамгерчиликтүү”.

“Билимдүүдөн акыл чыгат, акылдуудан накыл чыгат”.

“Билим издеген өсөөр, бүлүк издеген өчөөр”, “Билим – өмүр азыгы” – деген сөздөр жазылат.

  1. Уюштуруу

  2. Жаңы тема. Мугалим: Билим деп – бытиени (турмушту),чындыкты, дүйнөнүн илимий картинасын, реалдуулукту таанууну, практика жүзүндө текшерилген жыйынтыктын аң-сезимдеги чагылдырылышын аташат (Советский энциклопедический словарь. М., 1980).

Иштин жөн-жайын билген менен билбегендин айырмасы бар. Жалпы адамзаттык баалуулуктарды билбесек, башка элдер менен алака мамиле түзүүнүн жол-жоболорун билбей калабыз, булар жөнүндө түшүнүгүбүз болуш керек. Ошону менен бирге өзүбүздүн тарыхый, маданий процесстеги ордубузду максат-мүдөөбүздү так аныктап, менталдык-психологиялык өзгөчөлүгүбүздү, 25 насилибизди сактап калуу үчүн этнопедагогикалык билимди өздөштүрүү керек. Элдик маданий мурастардын негизиндеги таалим-тарбияны, элдин мүдөөтилегин, акыл-оюн, адептик нормаларын билүү – билимдин ушул улутка гана таандык түрү болуп саналат. В.Гумбольд: “Элдин руху тилинде чагылдырылат. Ар түрдүү тилдер бир эле нерсенин ар башкача айтылышы эмес, ошол нерсенин башка жактарын көрүү” – деген. Ата-бабаларынын маданий мурастарын, тарыхын, генелогиясын, тилин, динин билбеген, алар менен байланышы үзүлгөн элдерди этнос-маңкурттар деп коюшат.

Тарбия – жашоо эрежелерин үйрөтүү, а билим – таалим-тарбиянын куралы. Билим берген мугалим менен билим алган окуучу – ырыс-дөөлөт шериктери сыяктуу. Сыркоого тамак, суу, дары бербесе өлөт. Ошондой эле, дилди рухий билим менен азыктандырып турбаса, дил (психика) да сыркоо болот, өлөт – деп айтылып келген элдик педагогикада. Билим – жүрөктүн (дилдин) жашоосун колдоп турган рухий азык. Адамдын рухунун табигаты жөнүндөгү билимден куру калган жүрөк (дил) илдетке чалдыгат, зээндүүлүккө жетпейт, зирек, сезимтал болбойт. Билимсиз адамдын аң-сезими, акыл-эси (интеллекти) өнүкпөйт. Билимдүүнүн башкалардан артыкчылыгы: жөндөмү, шыгы өнүгөт, башкалар ээрчий турган идея табат, илим изилдейт, ачылыш жазайт, жаңы метод, механизм ойлоп табат, адамдын турмуштагы көйгөйлөрүн чечет ж.б.

Билим – адамдын колуңдагы шам чырак сыяктуу. Адам билимине, аңсезиминин абалына жараша коомго көп же аз пайда келтирет, билимсизи зыян келтирет. Турмуштун ар кандай жагдайында (күн тутулса, криминогендик шартта ж.б.) билимсиз адам тынчыздана берет, билимдүүсү өзүн токтоо алып жүрөт. Элдин этикалык билими болсо, коомдун адеби оңолуп,маданияттуулугу жогору болот, билими жок коом түркөй болот. Мындай коомдо көйгөй көп болот. Адамга билим алуу эле маанилүү эмес, кандай билим алуу да маанилүү. Билим үч түрдүү болот: илимий билимдер, диний билим, пайдасыз билим. Илим – бытие, дүйнөнүн сүрөттөлүшү жөнүндө теориялык билимдердин системасы, материалдык дүйнөнүн жаралуусу, жашоосу, кубулуштар баш ийген касиеттердин, объективдүү мыйзамченемдүүлүктөрдүн топтому болуп саналат. Буга физика, химия, математика, география, медицина ж.б. илимдер кирет. Диний билим деп – жалпы эле Ааламдын жаралуусу, жашоосу, өзгөрүүсү, өнүгүүсү ж.б. кубулуштардын болуп өтүүсү жөнүндөгү маалыматтарды, шарият мыйзамдарынын топтомун, Кудайдын өзү жөнүндө адамзатка билдирүүсүн аташат. Пайдасыз билимге секталык, псевдомаданий “окуулар”, cхоластика, оккультизм, спиритизм ж.б. кирет. Адам ар тараптуу өнүгүшү керек. Азыркы балдар илимий билим менен чектелип, адептик-рухий маселелерге жеткиликтүү көңүл бөлбөгөндүктөн, балдардын 95% оорукчал болууда. Илим интеллектти өнүктүрөт. Интеллекти өнүгүп адеп-ахлагы начар калыптанган, ыймансыз коом коркунучтуу. К.Д. Ушинский: “Акылдын билим менен байланышынын пайдасы көп, бирок адепсиз билимдүүлөр коомго зыяндуу айлакерлер болуп калышат” – деген. Акылы өнүккөн, билими терең, бирок адептик аң-сезими өнүкпөй калган ыймансыз коомдо көйгөй көп болот.

Адептик билим насаат аркылуу көбөйөт, ой жүгүртүү аркылуу бышыкталат, жүрөктөн орун алганда адамдын абалы, кылган иштери өзгөрөт. Билимдүүлөр менен жолугушкула жана аларга жакын болгула, себеби акыл оошот, билим жугушат, узак жааган жамгыр жерди тирилткендей,билим жүрөккө, мээге таасир этип, жандандырат.

Кыргыз эли көчмөн эл болдгондуктан башка элдерден айырмаланган билимге ээ болушкан. Элдик билимдерди изилдөөчү А.П. Байбосунов: “Кыргыз сөздүгүндөгү 40000 ден ашуун сөздүн 1000ден ашыгы өсүмдүктөр дүйнөсүнө таандык экендигин белгилейт. Фармаколог изилдөөчүлөр: П.К. Алымбаев, Ж.Нуралиевалар “Дартка даба өсүмдүктөр” (Бишкек. 1994) –деген китебинде аш болумдуу өсүмдүктөрдүн дарылыгы элдик медицинада белгилүү болгондугун белгилешет. Белгилүү кыргыз тарыхчысы, этнографы Б.Солтоноев “Кызыл кыргыз тарыхы” деген китебинде бүркүттөр 65 түргө бөлүнөрү жөнүндө маалымат берет. Кыргыздар географиялык (байыркы кыргыздардын картасы ж.б.), математикалык (чен-өлчөмдөр, сандар ж.б.), астрономиялык (Үркөр, Чолпон ж.б.), тарыхый (санжыра ж.б.) адабий ж.б. билимге ээ болушкан.

Бышыктоо. Суроо: Билим жөнүндө кандай макал-лакаптарды билесиңер?

Жооп: “Билим – жанып турган шам чырак”. “Билимдүү зор, билими жок корболот”. “Билимдүүнүн билими жугат, билимсиздин ириңи жугат”. “Билими бар ар балээден кутулат, билими жок миң балээге тутулат”. “Билим – кенч, эмгек анын ачкычы”. “Билимдүүнүн күчтүүсү – адамгерчиликтүү”. “Билимдүү мээге салат, билимсиз мээден алат”. “Билимсиздин көөнү карып”. “Билимдүүнүн түнү күн, билимсиздин күнү түн”. “Билимсиз адам – мөмөсүз дарак”. “Билимсиздин сөзү билектей, билимдүүнүн сөзү жибектей”. “Билимсизге иш жок, ишсизге аш жок” абалын өзгөртөт, анын өзгөрүшү менен дене мүчөлөрү тарабынан кылынуучу иштер өзгөрөт”. Билимдин негизинде ой жүгүртүү – бардык жакшы нерсенин башталышы.

Суроо: Билимсиздик – рухий илдеттин башаты болсо, эмнеге билимдүүлөрдөн наадан чыгат?

Жооп: Билип кой, адебиңе көңүл бөлбөй, билимдин бир нече түрүн өздөштүрүп чектелсең, наадан болушуң ыктымал, наадандык – рухий илдет, ар бир илдеттин дабасы ар башка. Илдетти пайда кылган себепке карама-каршы келген нерсени колдонуу жолу менен дабалоо керек. Билими жок болсо да, атакдаңкты, жогорку кызмат ордун сүйүүнүн себеби – наадандык. Наадандыкка каршы нерсе – рухий билим. Наадандыкты рухий билим менен дабалоо керек.

Суроо: Анча-мынча билимге ээ болуп, достору мактап койсо, акылына манчыркагандар билимдүүбү?

Жооп: Ал – акылдын тайыздыгы, аларды билимдүү адамдар шылдыңдап күлүшөт, достору капа кылгысы келбей, мактап коѐт, адам канчалык парасаттуу экенин досторунан эмес, аппонентинин (каршылашынын) ага берген баасынан билүүгө тийиш.

Суроо: Кээ бир адамдар санжыраны, тарыхты билип, “биз тектүү элден болобуз”, – деп манчыркашат, бул туурабы?

Мугалим: Алар тектүүлүгү менен сыймыктанышат, тектүү адамдар кечирилет деп эсептешет, бул да – рухий илдет. Алар ата-бабаларынын кылганын кылбай, бабалары ээ болгон сапаттарга ээ болбой туруп, аларга кошулам деп ойлосо, ал өзүнүн кемчилиги бар экендигин билсин. Атабабаларынан өрнөк алсын, билими, адеп-ахлагы, эмгеги ж.б. сапаттары менен бабаларынын катарына кошулсун.

Cуроо: Азыр жогорку билимге ээ болгон жаштардын 75% жумушсуз калышууда. Мындай “билим алууга” мамилеңиз кандай?

Мугалим: Коомдун жашап кетиши үчүн жумушчулар, дыйкандар, кесиптиктехникалык билимдин ээлери көбүрөөк керек, анан атайын-орто (колледждик) билимдүүлөр, анан жогорку (ЖОЖ) билимдүүлөр керек. Бизде плансыз кадрлар даярдалууда. Ата-энесинин кашыктап тапканын чөмүчтөп чачып “билим алгандар” коомго да, өзүнө да пайдасыз болууда. Натыйжада “билимдүүлөрүбүз” көп, коомубуз патологиялуу, экономисттерибиз көп, экономикабыз начар абалда, юристтерибиз көп, криминал “гүлдөп” жатат, 28 жазуучуларыбыз көп, элибиздин адептик-рухий дүйнөсү көйгөйлүү.

Суроо: Пайдасыз билимге ээ болуп, өзү адашып, башкаларды адаштырып жүргөндөр бар, алардын коомго зыяны кандай?

Мугалим: Адамдардын арасында өзүнүн натура көз карашы менен сыймыктангандары да болот. Мисалы, сектанттар. Көз карашы туура эмес адамдар туура эмес ой жүгүртүшөт, аракети туура эмес болот. Алар – зыян табуучулар, натыйжасы депрессия, нервоз, апатия ж.б. Пайдалуу билим издесин, оң жолго түшсүн.

Суроо: Бийликке жеткиси келгендер кандай билим издеш керек?

Мугалим: Саясат менен байланышкан билим алсын, эл менен мамиле түзүүнүн жол-жобосун үйрөнсүн: башкалар ачууланса, ал ийкемдүү болсун, бирөө таарынса, көңүлүн алсын, бирөө айыптаса, чыдасын, бирөөнүн жаңылганын көрсө, оңдосун, алсызга сабыр кылсын, келишпестиктерди, түшүнбөстүктөрдү көрсө адилет болсун, уулуу сөз, негизи жок жоромол укса, аларды кечирсин, чындыгы кандай экендигин түшүндүрсүн, бөлүнгөндү бириктирсин, эринчекти эскертсин, духу түшкөндү кайраттандырсын, бузулганды түзөсүн, ак ниеттүүлүк менен эмгектенсин. Бийликтегилердин иши кыйын, жүгү оор. Күчүң жетпесе, Кудайдан жардам сура, доско жылуу, душманга кайраттуу, акылмандарга туура ой-пикир, сөз айт, тоскоолдуктарды тазала.

Убактысынан мурун гүл ачылбайт, көйгөй мөөнөтүнөн мурун чечилбейт, мындайда сабыр маанилүү. Улуттун этнопедагогикалык билими болот, атабабалардын билимине далыңды салба. Коомду башкарган да билим, аны жандуу кылып кармаган да билим. Билимдердин эң маанилүүсү адамдын, напсинин табигатын билүү, адамдын чоң душманы – өзүңдөгү напси.

Өлкөнүн байлыгы бийликтегилердин бөлүп алчу мүлкү эмес. Мурдагылардын жаңылыштыгын кайталаба, бир мезгилде биз чоң мамлекет болгонбуз, ошол бойдон сакталып, жашай албаганбыз. Бир мезгилде мамлекеттүүлүгүбүздү жоготуп, башка мезгилде кайра түзгөнбүз, советтик системада да жашаганбыз.

Билим да көп окусаң, көлдөй толот, билимсиз турмушунда карып болот.

Унутпа өткөнүңдү талдай билгин, урпактын насаатчысы тарых болот. Мамлекет бытыраса, оңой менен чогула албайт, “отурса” оңой менен тура албайт. Киши кыймылдабаса, каны уюп, былжырап калат, мамлекет өнүгүүгө 29 аракет кылбаса, “былжыраган” саясат башталат. Мамлекеттин досу бөлүнөт, касы ажыдарга айланат. Андай өлкөнүн иши оңолбойт. Ишиңдин натыйжасын кагаз бетине калтыр, адамдын күчү түгөнөт, сенин билимиңдин кийинки муунга пайдасы тийсин. Бийликтен кеткен жаман эмес, артында жакшы из калтырбай кеткен жаман, наадан катары тарыхта калган жаман. Кийинкилер калтырган жеринен улоо керек.

Азыр кылыч менен маселе чечилбей калган. Согушту кыргыз сүйбөгөн, кан агызуудан ырахат албаган. Кишиге кылыч көтөрүү – кылмыш. Ажо мамлекеттен жогору эмес, согуш ажо үчүн жасалбайт. Саясат деле – күрөш, бирок күрөштү билимдин негизинде, элин сүйүп, жүргүзүш керек, сүйүү болсо, жымжырттыкта бакырып сүйлөбөйт. Өтмүштү билбеген, келечекти биле албайт, кайдан келгенибизди кайда барарыбызды билиш керек. “Билим гана адамды эркин жана бийик (улуу) кылат” (Ж.Баласагын).

Дан сыяктуу болсоң, кушка жем болосуң, гүл сыяктуу болсоң үзүшөт, б.а. билинүүдөн, көрүнүүдөн (показухадан) кач. Жооштук менен кичи пейилдиктин ичинде жаша. Ошондо жаман көздөн, ашык сөздөн кутуласың. “Сулуулугун ачыкка чыгарган аял, ийгилигине маашыркаган ажо балээге эшик ачат” (Руми). Алар көрө албастыкты өзүнө тартат. Досу, душманы эки башка жол менен аны жок кылууга аракеттенишет. Бири кызганып, бири ашыкча мактоо менен зыян келтирет. Дос-душманга “көрүнбөй” эмгектен, адамдын түбүнө эки нерсе жетет: напсинин арзуулары, мактоону (алкыш алууну) сүйүү.

Жыйынтыктоо. Элдик педагогикада: “Билимдүү киши айнектей, билимсиз киши тумандай”. “Элдин көркү – билим, жердин көркү –эгин”. “Билимсиз өмүр – кунарсыз жашоо”. “Элдин өнүгүүсүнүн зарыл шарты – билим алуу”, – деп айтылчу [20]. Келечегибиз кең болуп, бактылуу жашоо үчүн мектеп курагында кандай билимге ээ болуу керектиги жөнүндө ойлонгула. Ден соолугуң чың болуш үчүн дене тарбия боюнча билим, аракет керек. Байлык кызыктырса, жакшы сапаттагы өндүрүм (продукция) өндүрүү боюнча билим изде, байлык топтоо жөнүндө ойлон, акча керек болсо, сооданын, коммерциянын жолжобосун үйрөн. Туура көз карашта жашоону кааласаң, пайдасыз билимден оолак бол, өзүңө керектүү билим алууга жатык бол, дилгир бол, кунт коюп оку, изден, аракет кыл. Билимдүү болгула, бактылуу жашагыла.






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!