СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарбиялык саат Ч.Айтматов

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык саат Ч.Айтматов»

Сабактын темасы: Ч. Айтматов адабияттын баба дыйканы. (саякат сабак).

Сабактын максаты: а) Ч. Айтматовдун өмүр чыгармачылыгын билишет жана чыгармачылыгынын урунттуу учурлары менен тааныша алышат.

б) Ч. Айтматовдун чыгармаларын терең окуп, үйрөнүү менен жаңы табылгаларга ээ болушат.

в) Ч.Айтматовдун каармандары аркылуу балдардын жан дүйнөсүндө адамкерчиликти, аруулукту,тазалыкты сактап калууга үйрөнүшөт.

Сабактын тиби: Саякат сабак Сабактын усулу: Көркөмдүүлүк. Сабактын жабдылышы: Ч. Айтматовдун сүрөттөрү, китептери, буклеттер жана планщет, карточка. Сабактын жүрүшү: а) Уюштуруу. б) Алтын эрежени кабыл алуу. в) Үйгө берилген тапшыраны суроо.Чыңгызга арналган ырларын айтып беришет.

Мугалим: Балдар, коомдук турмушубуздун, искусствонун,сахнанын,экрандын,өз жылдыздары болот. Бул көрүнүш адабиятыбызга да таандык. Биз акындар поэзиясынын жылдызы катары Барпыны, Токтогулду мыкты таанысак, ал эми бүгүнкү күндө адабияттын асмандагы жаркыраган Чолпон жылдызы катары Чыңгыз Айтматовду жакшы билебиз.

Кыргыз элинин арасында “Төрөкулдун Чыңгызы, кыргызымдын жылдызы деген наамга тете болгон, кара сөздүн устасы, кыргызымдын туткасы, адабияттын баба дыйканы Чыңгыздын өлкөсүнө аруу балалык сезим менен саякатка чыгабыз. Бүгүнкү сабагыбызга Айтматовдун каармандары да конокко келишкен.

Чыңгыз ким, Чолпону го кыргыздын, Жөпжөнөкөй бир уулу го кыргыздын. Чыгып жаткан чыгармаларын окусаң, Философдук ырлар жатат тымызын.

Ч. Айтматовдун өмүр жолуна токтолуп кетели.

1- окуучу: Дүйнөгө белгилуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматов 1928-жылдын 12-декабрында Талас өрөөнүндөгү Шекер айылында туулган. Атасы Төрөкул Айтматов көрүнүктүү партиялык кызматкер болгон. Сталиндик режим учурунда репрессияга учурап атылып кеткен. Анын сөөгү 1990- жылы табылып ошол эле Ата – Бейитке көмүлгөн. Чыңгыз Айтматов орус, кыргыз мектептерде окуган. Айтматовдун адабиятка болгон шыгы эрте ойгонгон. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов 2008- жылы 10-июнда дүйнөдөн кайтты. Мугалим: Улуу жазуучубузга таазим кылып жаттап келген ырларыңарга көңүл буралы. 2-окуучу: Өзгөчө катардагы кыргыз кетти, Кыргыздын чыгаан уулу Чыңгыз кетти. Ааламга кыргыз нурун чачып турган, Асмандан орду толус жылдыз кетти.

3-окуучу: Кыргызымдын маңдайынан жарык кетти, Жазылбай дагы улам тарых кетти. Жазганга үлгүрө албай жанган жылдыз, Көп нерсе жарык көрбөй карып кетти.

4- окуучу: Опол тоодой эмгектерди жаратып, Өлбөс-өчпөс мурастарды калтырып. Чыгармачылыгы гүлдөп турган учурда, Арабыздан кете берди Чыңгыз ата аттанып.

5-окуучу: Чыңгыз ата өттү деген кабар угулганда, Чыдай албай солк этти жер шаары да. Аттиң арман, улуу адамдан айрылып, Кала берди калың элим кайгыда.

6-окуучу: Өтсөң дагы элесиң эл көзүндө, Эмгектериң элибиздин жүрөгүндө. Сакталып жашай берет түбөлүккө, Кылымдардын көчүн улап дүйнөдө.

7-окуучу: Даңазалап, даңктап келдиң элиңди, Көкөлөтүп, көтөрдүң эне тилиңди. Адамдыкты, өлбөстүктү даңктап жазып, Дүйнөгө өлбөс-өчпөс из калтырдың.

8-окуучу: Чыгармаңыз бир-бирине байланышып, “Ак кеме”,”Бетме-бет” дүйнөдөгү. Которулган ар түрдүү элинде, Орусча жана түрк тилдеринде.

9-окуучу Чыңгыз өттү, Чыңгыз өттү дүйнөдөн, Эл калбады Чыңгыз үчүн күйбөгөн. Чындыгында бүт жаштардын ааламдын, Чыгармасында келечекке үндөгөн.

10-окуучу: Баары ыйлашты Манас эми өлгөндөй, Манас менен сизди кошо көмгөндөй. Аалам турду жымжырттыкка суз болуп, Чыгармачыл кыяматты көргөндөй.

11-окуучу: Ишенишпейт окурмандар азыр да, Кантип эле Айтматов жок ааламда. Күн да болуп. Ай да болуп асманда, Жаркыраган рухун бизге чачаарда.

12-окуучу: Чыңгыз атам кыргыздардан чыкканбы........ Чыңгыз атын дүйнө эли укканбы.... Окуп көрүп ар бир жазган китебин, Айтматовго дүйнө эли суктанды.

13-окуучу: Чолпон жылдыз чыккан сайын элестеп, Күтөбүз биз бир күнү сизди келет деп. Саманчынын жолун сепкен өңдөнүп, Майлуу- сүттүү берекесин берет деп.

14-окуучу: Чыгармасы көп тилдерде сүйлөгөн, Адамдыкка, адилетке үндөгөн. Христиан, будда жана мусулман, Айтматовду кимдер гана сүйбөгөн.

15-окуучу: Ага классик деген сөздөр жарашты, Ысмы догы Шекспирге жанашты. Кыргыз эмес, бүткүл дүйнө ичинде, Айтматовдой кимдер образ жаратты.

16-окуучу: Адабият айдыңындай кай жылдыз, Болсо болор, болбосо жок бир жылдыз. Ааламында жаркыраган, жайнаган, Айтматовдун чыгармасы бүт жылдыз.

Мугалим: Кана эмесе окуучулар Чыңгыз Айтматов менен Жер Эненин эскерүү маегине көңүл буралы.

Жер- Эне- Эсиңдеби Чыңгыз биринчи жолу жарык көргөн китебиң. Сен аябай кубанып, териңе батпай сүйүнгөнүң. Кийин канчалаган китептериң жарык көрдү. Мага баарынан да мен жөнүндө жазганың жакты. Чыңгыз- Ооба,азыр да эсимде. Согуш жөнүндө бир топ чыгармаларды жараттым. Ошолордун ичинен “Саманчынын жолу” өтө маанилүү, маңыздүү, таасирдүү чыккан.

Толгонай- Турмуштун далай сыноосун, бел байлап, чыдап көтөрдүм. Сырымды төгүп дайыма, Жер Эне менен сүйлөштүм. Кан төккөн согуш какшатты, тоодой азап тарттырды. Жан кубатым Субанкулдан, ажыратып ыйлатты. Чолпондой үч уулумдан, айрылып дагы сыздадым. Наалат айтып согушка, белимди бекем байладым.

Мындан ары дүйнөдө, согуш деген болбосун. Мен сыяктуу зар какшап, боздогон эне болбосун. Төгүлбөсүн жазыксыз адам каны, акпасынчы энелердин көз жашы. Эй адамзат биримдикке келгиле, чыр- чатакты акыл менен чечкиле.

Чыңгыз- Оо кутмандуу Жер Энем, “Бетме- Бет” чыгармамды жазганым эсиңдеби.

Жер-Эне-Ооба эсимде айрыкча Ысмайыл менен Сейденин беттешүүсү эстен кетпейт.

Сейде- Кан күйгөн согуш жылдары, сынады улуу апат адамдарды. Ошондой кыйын күндөрдө, билишет экен адамдын адамдыгы. А дегенде Ысмайылды, аялдык мээрим менен, Жашырып багып жүрдүм, эч кимге билдирбестен.

Ысмайылдын качкындыгын, адамдык сапаттан айрылганын. Билдим эми анын кандай экенин,канкор экен, коргобогон мекенин. Ысмайылдын айбанчылык жоругу,бүлүк салып, жан дүйнөмдү ойготту. Акыры анын жүзүн ачып бердим, беттетип бет пардасын сыйрып бердим.

Ысмайыл- Башымды калкалап, согуштан качып келдим, Элимди ойлобостон, өзүмдү ойлоп келдим. Турмуштун сыноосун, жеңбедим адамча. Мекенимди душмандан, коргой албадым баатырларча. Качып мен согуштан, жашадым үңкүрдө. Ач карышкырларча кол салдым, кошунамдын мүлкүнө.

Жер- Эне- Тиги кызды таанып турасыңбы.......Алтынай эмеспи.....

Чыңгыз- Тааныбай анан, бул Жамила эмеспи!

Жер-Эне- Дал өзү, адашкан жоксун!

Жамила- Капаска түшкөн куш сымал,азапка түштү жан дүнөм. Турмуштан издеп бактымды,жаңыча таштадым кадамды. Чечкиндүүлүк адамдагы, улуу сапат билгенге. Ушул сапат мендеги, тоскоолдуктарды бут жеңди.

Тагдырдан мен издедим,таалайымды, бактымды. Жашоого мен эңсеп келдим,жаңыча, эркин жашашты. Эңсеп-эңсеп издедим өз бактымды,тагдыр мага жолуктурду Даниярды. Кол кармашып экөөбүз түбөлүккө, бирге бастык татаал турмуш көчүндө.

Данияр- Жамила менин бактым.Жамила аткан таңым. Өмүрдөгү жарык шамым, ардактаган сүйгөн жарым. Түбөлүк кол кармашып, сен менен бирге бастым. Анткени Жамила! сен, Жүрөгүмдү ээлеп алдың.

Жүрөгүм менин дайым, Жамила! сен деп согот. Жамила сенин таза, сүйүүң арналды мага. Азапка алдырбайбыз, артка эми кайрылбайбыз. Жашоодо дайым алга, өмүрлөш сапарлашпыз.

Жер- Эне- Оо улуу жазуучум “Кызыл жоолук жалжалым” же “Делбирим”деген чыгармам эсиңдеби.....

Чыңгыз- Эсимде, бул менин чыгармачылыкка баш отум менен кирген убагым.

Асел- Өз бактым үчүн күрөшүп, аттандым турмуш сапарга. Бакытка балкып а дегенде,бейкапар, таттуу жашадым. Арадан өттү жылдар, бактым учту куштай. Жүрөгүм муңга толду,көңүлүм кусаа болду.

Буга ким кунөлүү,күн сайын ойлой берем. Эч качан, эч ким мен сыяктуу, жаңылып адашпаса экен. Эч ким мен сыяктуу, багынан айрылбаса экен. Айтарым мага окшоп, жашоодо жаңылбаса экен.

Иляз - Адашып аттиң ай,бактымдан айрылдым. Көңүлүм бөксөрүп, арылбайт арманым. Жаңылган бактым,кайрылып келсе экен. Шам болуп жанымда, жаркылдап турса экен.

Беш күндүк бул дүйнөдө, эч ким, эч качан жаңылбаса экен. Каңгырап мен сыяктуу, капага кайрылбаса экен. Адамзат жашоодо,адашып жаңылбаса экен. Өз бактысынан айрылып, кусалыкка чалдыкпаса экен.

Жер –Эне- Эсиңдеби Чыңгыз “Биринчи мугалимди”жазганың.

Чыңгыз- Ооба, Жер- Эне! Бул чыгармамдагы Дүйшөндүн образы, өзүмдө да чоң таасир тийгизген.

Дүйшөн- Эң алгачкы мектепти ачып айылда, билим бердим талыкпастан балдарга, Ак дилимден, ак эмгегим жасадым, мен адамдык милдетимди аткардым. Жолумда канчалаган тоскоолдуктар болду,бай- манаптар шылдыңдап кордошту. Бирок асыл максатымдан тайбадым,ак эмгегимди эл журтума арнадым.

Келечегин балдардын, ойлоп ишти баштадым. Канча тоскоол болсо да, алгач мектеп ачканмын. Эмгегимди эл билсин, эскерип дайым жүрүшсүн. Канча жылдар өтсө да, өрнөк болсун эмгегим адамзатка.

Алтынай- Бул жалган жашоодо, арманым көп болду. Жетимдик караңгылык,жолумду тороду. Ошондой кыйналган учурда, билимди мен самап турганда. Дүйшөндөй акылман бактыма,шам болуп жагылды, турмушта. Жөлөк болуп Дүйшөндөй улуу инсан, билим алдым Москвадай чоң шаардан. Билимдүү болуп элге арнадым эмгегим, бирок унутпаймын Дүйшөндүн ак эмгегин.

Чыңгыз- Күн да кечтеп калды. Эми кайталы, эртең кайра келербиз.

Жер- Эне- Ооба, эртеңда да, келечекте да сенин чыгармаларың аркылуу биз дайыма элдин арасында болобуз.Элибиз сени эч качан унутпайт,жыл өткөн сайын кадыр- баркың аша бермекчи, себеби,сен өз окурмандарыңдын жүрөгүндө өз өлкөңдү-Чыңгызстан өлкөсүн түптөп кетпедиңби.

Окуучу: Чындыгында Чыңгыз талант кыргызда, Чыгармасы чыгып жетти жылдызга. Кайда барсаң атын атап баркташат, Бешиги бар, үйү да бар кыргызда.

Ким билбейт улуу Чыңгызды, тааныткан көпкө кыргызды. Дүңгүрөтүп дүйнөнү, Таластан жанган жылдызды. Ааламдан кеткен учурда, Ала-Тоо турду түнөрүп. Жомокко аты айланып, ал жашай берет түбөлүк.

Мугалим: “ Мээге чабуул” жасап алалы. Суроолор. 1- Чыңгыз “Кыргыз эл баатыры” деген ардактуу наамды качан алган.. 1997-жыл.

2- Чыңгыздын чыгармаларындагы айбанаттардын аттары. “Ак кеме”повестиндеги -Бугу Эне. “Гүлсарат” повестиндеги -Гүлсары.”Кыямат”романындагы Акбара, Ташчайнар.

3- Чыңгыздын аты канчанчы жылы кайсы театрга коюлган...... 2008-жылы Бишкек шаарындагы орус драм театрына коюлган.

4- Чыңгыздын кайсы драмасы бар..... “Фудзиамадагы кадыр түн”



Мугалим: Чыңгыз деген сөзгө фонетикалык талдоо жүргүзүү

Чыңгыз- 6-тамга, 6-тыбыш, 2-муун, 2-жабык муун. Ч- үнсүз, уччул, каткалаң, түгөйсүз. Ы- үндүү, жоон, эринсиз, кууш, кыска. Ң- үнсүз, түпчүл,мурунчул, уяң, жумшак, түгөйсүз. Г- үнсүз, түпчүл. жылчыкчыл, жумшак, түгөйлүү. Ы- үндүү, жоон, эринсиз, кууш, кыска. З- үнсүз, уччул, жылчыкчыл, жумшак, түгөйлүү.

Мугалим: Синквейин түзүү. Зат атооч: Чыңгыз Айтматов. Сын атооч: улуу, жөнөкөй. Этиш: жазат, ойлонот, эмгектенет. Синоним: жазуучу. Сүйлөм түзүү: Чыңгыз Айтматов кайталангыс талант.

Мугалим: КРОССВОРД толтурабыз: 1“Биринчи мугалим” повестиндеги атактуу академик болгон кыз. 2. Сүйүү жөнүндөгү “эң сонун баян” деп кайсы чыгарма айтылат. 3. “Саманчынын жолу” повестиндеги 3 баласынан, күйөөсүнөн, келининен ажыраган аял ким.......... 4. Чыңгыздын апасынын аты. 5. Ал атадан калган жалгыз туяк экенин биле элек бала. 6. Өз энесине жаа аткан, Найман эненин баласын ким деп атайбыз........ 7. “Ак кеме” киносундагы терс каарман. 8. 12- декабрда Ч. Айтматов жарык дүйнөгө келсе, кайсы атактуу акын 35 жаш курагында дүйнөдөн кайткан....


А

Л

Т

Ы

Н

А

Й



Ж

А

М

И

Й

Л

А









Т

О

Л

Г

А

Н

А

Й

Н

А

Г

И

М

А











А

В

А

Л

Б

Е

К

М

А

Ң

К

У

Р

Т













О

Р

О

З

К

У

Л

О

С

М

О

Н

О

В


Сабакты бышыктоо: Кыргызымдын Чыңгызы, кылымдардын жылдызы болгон улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов чыгармалары менен дүйнө элине таанылды. Анын чыгармалары 60 мллион нускада чыгып, 170тен ашык тилде которулду. Мындай жазуучу кылымда бир келер кубулуш.

Улуу жазуучубуздун чыгармаларын сүйүп окуп,жан дүйнөңөргө чоң таасир алып, урматтап жүргүлө. Ала-Тоодон ааламга үн салган улуу жазуучубуз ар дайым биз менен жана биздин жүрөгүбүздүн түпкүрүнөн орун алат. Чыңгыз Айтматовдун кудурети күчтүү руху эл арасында нур чачып, Ата Журт менен ааламдын алкагында жүрө берет.

Анын экинчи өмүрү болгон чыгармалары да дүйнөнү дүңгүрөтүп. Аалам аралап жашай берет.

Кымбаттуу окуучулар! Ар дайым адамдык асыл сапаттарга ээ болуп, өз өлкөңөрдүн баркын билип , намыстуу, кайраттуу, эмгекчил болгула!

Саякат сабагыбызга жигердүү катышып бергениңер үчүн чоң ыоахмат!



Үйгө тапшырма берүү: Каармандардын сүрөтүн тартып келүү жана Ч. Айтматов боюнча эссе жазуу.

Баалоо: Окуучулар каармандарды аткарган жөндөмдүүлүгүнө,ырларды көркөм айтууларына карата бааланат.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!