СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарбиялык саат Энинин таманы бейиш

Категория: География

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык саат Энинин таманы бейиш»

Темасы: “ Ар бир кесип ардактуу”.

Сабактын максаты: Окуучуларга ар түрдүү кесиптерди окутуп үйрөтүү.

Өнүктүрүү: Окуучулардын ойлоо сезимин, сүйлөө речин өнүктүрүү.

Тарбиялоо: Окуучуларды патриоттуулукка жана эмгекти сүйүүгө тарбиялоо.

Сабактын формасы: Тарбиялык саат.

Сабактын жүрүшү: 1.Уюштуруу.

2.Үй тапшырмасын суроо?

3.Корутундулоо.

Жаңы сабак:

Мугалим : Бул жашооңдун пайдубалын тургузса,

Ар бир кесип ардактуу бул турмушта

Сен жактырган, ардактаган кесипке,

Талбай окуп жетүү керек унутпа,

Ооба балдар, ар ким эле кичинекей кезинен баштап, келечекте кимболом

деп ойлонот. Бардык адамдын өзү жактырып,өзү каалап сүйгөн кесиби

болот эмеспи. Бала кезден кыялданып, ал кыялдарга чулганып, ошол

кыялымдагы кесипке жетсем деген аруу тилекти көздөгөн кыялкеч

жаштарыбыз көп.

Акыл калчап иш кылып, алга карай умтулуп, талыкпай

изденген адам ийгилик сырын ача алат. Акылдуу адам чыныгы билимди

топтоп, азыраак сүйлөп, көп тыңшап, илимди издейт. Бүгүнкү мезгил

талабына ылайык, учурда кесиптер көп, ошонун ичинен биз өзүбүз сүйгөн

каалаган кесибибизди туура тандап, пайдубалын түптөшүбүз зарыл.

Мугалим: Бул турмушта эмнелерди самайсың,

Баалап билип, кайсынысын санайсың?

Сага жакын, жүрөгүңдү жылыткан,

Кесиптердин кайсынысын каалайсың?..

Хор айтышат: Баарысынан салмактуу,

Кайсы кесип ардактуу?

Ойлонолу тезирээк...

Кесиптерди тандайлы.

Чындыгында ойлонсом,

Ар бир кесип жараштуу.

Мугалимби, врачбы,

Түйшүгү бар бир жактуу.

Инженер: Жашым жетип күчкө толом,

Жакшы ойду толгоном.

Чөлгө барып канал салып,

Суу инженер мен болом.

Мугалим: Окуучуларга терең билим берүүгө,

Шашыламын мен мугалим болгонго.

Илим- билим болуп мага көпүрө,

Мен мугалим болом окуум бүткөндө.

Дарыгер: Калк саламат болсун деген тилекте,

Дарыгерлик кыялымда, жүрөктө.

Ак халатчан эже- агайдай болууга,

Умтуламын ушул күндөн, эмитен.

Учкуч: Ак булутту аралап,

Учкум келет сабалап.

Жолун жолдойм өскөндө,

Эр Гагарин аганын.

Архитектор: Көрөсүң сен, чоңойсом мен,

Атакеме болом тең.

Көп кабаттуу үйлөр куруп,

Архитектор болом мен.

Сүрөтчү: Көргөн адам таң берип,

Көрмөзмөгө эл келет.

Сүрөттөрү мыкты экен деп,

Эмгегиме баа берет.

Спортсмен: Чуркап келем шашылып,

Спорт менен машыгып.

Суктанышат дүйнө эли,

Балбан шер деп ашыгып.

Милиционер: Тартипти сактап күнү – түн,

Элиме кошом үлүшүм.

Милиция ишин так билип,

Иштесем дегем үмүтүм.

Жоокер: Кыргыз элин барктаймын,

Душманга берип сатпаймын.

Жоокер болом эр жетип,

Мекен чегин сактаймын.

Уз: Кыргыздын салтын барктаймын,

Шырдактын түрүн жасаймын.

Тикмечи болсом уз чебер,

Кыргызымды даңктаймын.

Мугалим: Мына балдар, силер айткан кесиптердин баарысы тең ардактуу.

Өзүңөр каалап, жүрөгүңөр эңсеп турган кесипке жетүү үчүн талыкпастан

терең билим алышыңар зарыл. “ Тили гана адамды бийик кылат” – дегендей,

билимдүү адам көп ийгиликтин формуласын чечмелеп,турмушта өз жолун

туура тандап алат.

Мугалим: Кана балдар, билим тууралуу кандай макалдарды билесиңер?

1-окуучу.” Билим- жашоо чырагы,

Өнор – элдин курамы”.

“Билим карыбас, өнөр арыбас”.

2-окуучу.”Билимдүү баарына түшүнөт,

Билимсиз өз ишине күбүлөт”.

3-окуучу.Билимсиз адамдын сөзү билектей,

Билимдүү адамдын сөзү жибектей.

Билимдүүнүн белгиси, билгенин келет бергиси,

Акылдуунун белгиси, акылын келет бергиси.

Мугалим: Азаматсыңар бардар, силер тандаган кесиптер эмнеси менен кызык?

Ырчы: Мукам ырлар ырдап кыргыз эли үчүн,

Эл ырчы болсом деген үмүтүм.

Жоокер: Элимдин эркиндиги мага кымбат,

Коргоймун эли- жерди абдан кылдат.

Архитектор: Көп кабаттуу үйлөр куруп,

Өз ишиме бекем туруп,

Эл алкышын алам мен.

Тикмечи: Оймо-чийме, кыргыз көйнөк даярдап,

Аздектеймин өнөрүмдү аярлап.

Мугалим: Окуучуга көп нерсени билдирем,

Билим берип эли-жерин сүйдүрөм.

1-окуучу. Келгиле балдар, терең билим алалы,

Жалкоолордун тийбей бизге залалы.

Жаркын жашоо келечекке умтулуп,

Билим менен алга карай баралы.

2-окуучу: Билимдүүго ар бир кесип жылмаят,

Турмуш жолу билинбеген жылгаяк.

Тоодой болгон тоскоолдукту жеңгенди.

Эли баалап, сыйлык менен сыйланат.

Сабакты жыйынтыктоо: Мына балдар, айта берсең кесиптер абдан көп. Ар

бирибиз кесиптердин баркын билип,терең ой жүгүртө билүүбүз зарыл.

Келечекте бир кесиптин ээси болуш үчүн акыл-эстүү, эмгекчил, жакшы

окуган, үлгүлүү балдардан болушуңар керек.

Үйгө тапшырма берүү: Өз кесиптериңер жөнүндө ыр жазып келгиле.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!