СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарбиялык саат Кутурма оорусу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык саат Кутурма оорусу»

Сабак: Тарбиялык саат

Сабактын темасы: Кутурма оорусу

Сабактын жабдылышы: сүрөттөр, слайд ж.б.

Сабактын максаты:

1

Окуучулар кутурма оорусу боюнча маалымат берүү

2

Балдардын өмүрүн жана ден соолугун сактоо;

3

Балдарга үй жаныбарлары менен жүрүм-турум эрежелерин үйрөтүү; Ден-соолукка байланыштуу пайдалуу кеңештер менен тааныштырып, окуучулардын ден соолугун сактоого жана чыңдоого, жаман терс адаттардан арылууга, жүрүм-турум маданиятына тарбиялоого салым кошуу


Сабактын жүрүшү:

Сабактын этаптары

1. Окуучуларды сабакка уюштуруу

Окуучуларды жоктоо. Тема жана анын максаты боюнча түшүнүк берүү.

Баарыбыз үй жаныбарларын жакшы көрөбүз. Бирок алардын зыяны да тийип калышы

мүмкүн. Азыр биз жан жаныбарлардан жукчу коркунучтуу кутурма оорусу менен

таанышалы.

2. Керектүү маалыматтарды берүү.

Кутурма оорусу

Кутурма оорусу адамдан адамга жукпайт

К утурма – бул кутурма оорусунун вирусу аркылуу пайда болуп, адамдын нерв

системасын жабыркатат





Кутурма дартына үй жаныбарларын кармоо эрежелерин туура сактабагандан, малды жана

башка жандыктарды убагында эмдебей жана медициналык жардамга кеч кайрылгандан

улам чалдыгат.

Оору кандайча пайда болот?

  • Оору адамга- ооруга чалдыккан жапайы жана үй айбанаттарынан жугат.

  • Кутурма оорусуна чалдыккан жаныбарлардын адамды тиштеп же тытып алышынан

пайда болот.

  • Кутурма оорусуна чалдыккан жаныбарлардын шилекейи адамдын жаракат алган

тери бөлүкчөсү же ооз көңдөйү ж-а чел кабыкчалары аркылуу организмге түшүүсүнөн

п айда болот.






Оорунун биринчи белгилери:

  • Тиштеген жер жарасы толук айыкса да, ачышып (ооруп, дүүлүгүп, тери сезгенчээк тартып) калат;

  • Тиштеген жер сезгенип, кызарып, шишийт;

  • Дене табы 37,3 градуска чейин көтөрүлөт;

  • Тиштеген учурда биринчи жардам көрсөтүү керек.

Кутурма оорусу менен ооруп калган жаныбарлардагы негизги белгилер:

  • Жаалдуу айбанаттар жоош тартып, жооштор жаалдуу болот.

  • Жарыктан коркуу жана суудан коркуу. Карангы бурчка камалып, чакырсан чыкпайт.

  • Тамак жебейт, желбей турган нерселерди тиштеп, жутуп жиберет.

  • Шилекейинин агышы, үнүнүн чыкпай калышы, арткы буттарынын кыймылы начарлашы.

  • Жүрүм –турумдун (кабанаак, тигтээк, азоо жаныбарлар жоош, жооштору тескерисинче-тиштээк, тебенек боло башаташат) өзгөрүүсү

  • Бара –бара эч нерсе жута албай, шилекейи чубуруп-агын, каап-тиштеп, тепкилеп кутура баштайт (бир өзгөчүлүгү үрбөй-этпей эле каап тиштейт), арткы буттары шалга айланып, өлүмгө дуушарланат




Кутурма оорусунун алдын алуу иш-чаралары.

  • Ит, мышыктарды жыл сайын кутурма оорусуна каршы эмдетүү.

  • Оорунун алгачкы белгилери пайда болоору менен адис мал доктурга көрсөтүү

  • Ооруп калган айбанатка өз алдынча жардам көрсөтпөө.

  • Башка бирөөлөрдүн ит мышыктары менен балдардын ойноосуна уруксат бербөө.

Эгер ит каап алса, төмөнкү чараларды колдонгула:

1. Жаратты сыгып, аябай канды чыгарып туруп, аны самындап жууп-тазоо

2. Врач – хирургга кайрылып, ал дайындаса кутурмага каршы эмдөө алуу.

3. Итке 10 күнгө чейин көзөмөл жүргүзүү

4. Эгер ит өлбөсө, анда ал кутурган эмес

5. Кокус ит өлгөн болсо, анын өлүгүн диагностикалык лабораторияга жиберүү.

Эскертүү!

Дене-бойго кутурманын дарт козгогуч вирусу кирип кеткенде дартка кабылуудан алыс болуу максатында жабыркаган адамды ошол замат алдында ала турган эмдөө болуп саналат.

Эгерде дарттын алгачкы белгилеринин бири «суудан коркуу» пайда болсо анда бейтапты сактап калуу мүмкүн эмес. Учурда дүйнө жүзү боюнча бир дагы кутурма оорусунан өз алдынча айыгуу байкалган эмес. Адамдарга кутурма оорусун жуктурбоо үчүн өз убагында үй жаныбарларын тиешелүү эмдөөдөн өткөзүү керек.



Эсиңерде болсун!

  • Медициналык жардам өз убагында көсөтүлбөсө, адам өлүмгө дуушар болот.

  • А р бир үй айбанатынын ээси баккан жаныбарлары үчүн жоопкерчиликтүү.




3. Бышыктоо. Талкуулоо:

1. Кутурма оорусу боюнча эмнелерди билдиңер?

2. Кутурма оорусунан кантип сактануу керек?

3. Ит тиштеп алганда биринчи эмне кылыш керек?

4. Жыйынтыктоо

“Биринчи байлык ден соолук” өз ден соолугуңарга кам көргүлө!