СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарбиялык саат күз берекеси

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык саат күз берекеси»

31 Казат Чодошев атындагы орто билим берүү мектеби









"Күз берекеси"

Тойтуева Анара

4а-класс

Сабактын темасы : Күз берекеси

Сабактын максаты:

- окуучулар жыл мезгилдеринин ичинен күздүн өзгөчөлүгүн билишет

- Күз берекелерин айта алышат

-Күздөгү аба ырайына мүнөздөмө бере алышат

- Мөмө жемиштердин ар биринин пайдалуу жактарын айта алышат

Сабактынжабдылышы:

Сары жалбырактар, мөмө жемиштер ( алма ,анар, жүзүм, жангак ж.б сүрөттөрү)

Сабактагы негизги иш аракеттер:

ангемелешүү, көркөм айтуу,ролдоштуруу

Сабактын жүрүшү:

Уюштуруу иштери

-Айлана бүт алтын түс,

Айтчы билсең,бул ...?

«Күз мезгили силерге эмнеси менен жагат?» деген суроо менен окуучуларга кайрылам. Окуучулардан жооптор алынып ,кызуу талкуу жүрөт.

Күз жөнүндө ырды окуп берем. Окуучулар да көрктүүокушат. Эмне үчүн күздү жоомарт дешет?

Окуучулар өз ойлорун айтып жооп беришет

Жоомарт күз

Жоомарт куз берекесин төгүп турат,

Жер эне балдарына белек сунат

Элимдин курсагы ток бейкутчулук

Жаш балдар көнүлү шат оюн курат

Мээримге берекеге толгон күзүм

Коон, дарбыз, анар, алма, албан түшүм

Тандырга апам жабат ысык нанын

Айылды өрдөп кетет ачуу түтүн



Кочушу толуп кызылга атакем жүрөт кубана

Жайлата бакан эгиндин түшүмүн жыйнап убара

Боекчу күзүм баарына жаны түс берди карачы

Алтын түс алып заматта өзгөрдү жашыл тукаба.

Хор: Жардам бердик

Жеке ыр:Бүлдүркөн

Табышмак айттыруу

Ак болуп гүлдөйт,
Жашыл болуп салаңдайт,
Кызыл болуп түшөт.

(Алма)

Чоң ата отурат тонун кийип,
Тонун чечкендин баары ыйлайт.

(Пияз)

Бутакта шарлар турат илинип,
Ысыгында күн табы көгөрүп кетет чыдабай.

(кара орук)

Тааладан чаар сызыктуу топ келди.

(Дарбыз)

Жашылы бар, кызылы бар,
Бутакта өсөт жай бою.
Тоголок болуп топтолуп,
Баары аны жактырат.

(Алма)

Макал-лакаптар: Адал эмгек — абийир таптырат, арам эмгек — азабын тарттырат Адал эмгек астыңа ат, үстүңө тон

  1. Адал эмгек нурдантат арам эмгек кырдантат.

  2. Адал эмгек элге жеткирет, арамдык элден кетирет.

  3. Адам эмгеги менен даңктуу (таанылат).

  4. Адам эмгек менен адам.

  5. Адамга тубаса акыл бүтпөйт, эмгек менен заман жасайт.

  6. Адамды акылга бай кылган — эмгек, төрт түлүктү шай кылган эмгек.

  7. Адамдын эмгектен улуу тиреги жок.

  8. Азаматтын даңкын чыгарган — эмгек, арамзанын жанын чыгарган — эрмек.

  9. Ак ойлоп, адал иште.

  10. Ак эмгек азаптан коргойт, карылык жолуңду торойт.

  11. Ак эмгектин наны таттуу, жалкоонун жаны таттуу.

  12. Акак көркү берметте, азамат көркү эмгекте

  13. Акылыңдан адашсаң — эмгек менен дарылан.

Ролдоштуруу: Түлкү менен кумурска

Бий: Кыздар

Жеке ыр: Карагат

Ролдоштуруу: Чамгыр жомогу

Бышыктоо: КҮЗ — жылдын өзүнчө бир кереметтүү маалы эмеспи. Бул маалда мээлүүн алкактуу өлкөлөрдө асман көпкөк болуп, табы кайта түшсө да, күн жаркырап тийип турат, ал эми түнкүсүн аба салкын. Дөбө бетин бербей өскөн токойлор күн өткөн сайын боёк дегендин түркүн түрүнө: мала сарыдан, чымкый сарыга, кызгылтымдан кара кочкулга өтүп боёло берет. Күзүндө жайы-кышы жашыл ийне жалбырактуу карагайлар кызыл-тазыл кийип «жасанган» «курбуларынын», күбүлмө жалбырактуу бак-дарактардын, көркүнө көрк кошуп гана далдаада калат.

Күздү Корея, Япония сыяктуу чыгыш өлкөлөрүнүн тургундары өзгөчө жакшы көрүшөт. Ал кезде япониялыктар «күзгү боёкко мергенчилик кыла» башташат. Алар жаратылышка чыгып, табияттын сулуулугуна суктанып, сейилдеп келишкенин ошентип атап коюшат.

Ар нерсеге кызыккан адам жалбырактын түсү эмнеге өзгөрөрүн да билүүнү каалайт. Жалбырактын кызыл же сары түскө боёлушун эмне шарттайт?

Жалбырактардын өңүнүн алмашылышы — бактардын кышка даярдана баштагандыгынын белгиси. Күзүндө күн кыскарып, бактын ички сааты жалбырактарга суу жана азык заттар менен камсыздоону токтотор убак келгенин билдирет. Натыйжада ар бир жалбырактын сабагынын түбүндө ажыраткыч катмар пайда болот. Ал тыгын сымал заттан турган катмар жалбырактын бактын башка бөлүгү менен туташкан зат алмашуу жолун жабат да, акыры жалбырактын түшүшүнө алып келе

Алтын куз аталбаптыр бекеринен,
Куз келсе кубанышат баардыгы тен.
Элимде бул мезгилде тойлор болот,
Элимдин бул мезгилде ырысы кен.

Ар мезгилдин оз, озунчо кооздугу бар,
Жаз келсе жашылданат, а кышта кар.
Жайында жер жемиштин баары бышып,
Кузундо учуп тушот жалбырактар.



Уйготапшырма: Күз берекеси” кыскача эссе жазып келүү