СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарбиялык саат Н.Исанов

Нажмите, чтобы узнать подробности

Насирдин Исановдун өмүр жолу.,ишмердүүлүгү

Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык саат Н.Исанов»

Текшерилди:

ОРГ: А.Курманалиева

29-март 2023-ж.

Тема : Коомдук ишмер Насирдин Исанов .

Сабактын максаты:

1.Коомдук саясий ишмер Н.Исановдун өмүр жолу,ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат алышат.

2.Патриоттуулукка,ата-мекен үчүн кызмат кылууга тарбияланышат.

Насирдин Исанов (1943-жыл, Көкбел айылы, Ноокат району, Ош облусу – 1992, Бишкек) – коомдук-мамлекеттик ишмер. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри (1991–1992). Экономикалык илиминин кандидаты, СССР инженердик академиясынын академиги (1991).

Насирдин Исанов

Кыргызстандын 1-чи премьер-министри

21-январь — 29-ноябрь 1991

Туулган жери: Көк-Бел айылы, Ноокат району, Ош облусу, Кыргыз ССРи, СССР

Каза болгон жылы:

Каза болгон жери: Бишкек, Кыргызстан

Билими: Москва инженердик-курулуш институту

Илимий даражасы: кандидат наукКалып:Категория только в статьях

Сыйлыктары: «Ардак Белгиси» ордени Эмгек Кызыл Туу ордени

Өмүр таржымалы Москва курулуш трестинде жумушчу (1960–61). 1965-ж. Москва инженердик-курулуш институтун бүтүргөн.

1965–70-ж.ж. «Ошшааркурулуш» трестинин 3-курулуш монтаж башкармалыгынын прорабы, участоктун начальниги, башкы инженери.

1970–74-ж. Кыргызстан КП Ош обкомунун курулуш бөлүмүнүн инструктору, «Нарынсууэнергиякурулуш» башкармасынын парткомунун катчысы.

1974–83-ж. Кыргызстан ЛКЖСМ Ош обкомунун 1-катчысы, курулуш жана шаардык чарба бөлүмүнүн башчысы.

1983–86-ж.ж. Кыргыз ССРинин Мамлекеттик курулуш комитетинин төрагасынын орун басары, Кыргыз ССРинин министри (1986–88).

1988–90-ж. Ысык-Көл облустук Советинин аткомунун төрагасы.

Кыргыз Республикасынын вице-президенти (1991).

Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.министри. Эгемен Кыргызстандын биринчи өкмөт башчысы болуп саясатчы 1991-жылы январь айында шайланган. Кыйын кезеңде ал өлкөнүн базар экономикасы боюнча концепциясын иштеп чыгып, мамлекеттин демократиялык жол менен кетүүсүнө өз салымын кошкон. Замандаштары Исановдун калыс, кесипкөй жана принципиалдуу жетекчи болгонун эскерип келишет.

Комуз чертип, ырдап… Саясатчы комуз, мандолинде ойноп обон созуп, ыр жазган. Ошондой эле кесиби куруучу болгондуктан үйдөгү курулуш иштерин башка адамга карматчу эмес. Мындан сырткары, ал лыжаны мыкты тепкен.

Эмгекчил уул-кыздын атасы. Саясатчы өмүрлүк жолдошу менен бир уул, бир кызды тарбиялап өстүргөн. Учурда тун кызы Мария Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо бөлүмүн жетектейт. Ага чейин IV чакырылыштын депутаты болуп, президенттик администрацияда дагы иштеген. Ал эми уулу Алмаз Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо агенттигинде эмгектенет. Анын уул-кызы атасы жумуштагы маселени үйгө айтып келбеген, балдарга кол көтөрбөй, мыкты тарбия берген үй-бүлө башы болгонун эскеришти.



Каргашалуу жол кырсыгы… Аткаминер 1991-жылы 29-ноябрда Ош — Жалал-Абад унаа жолунда автокырсыктан каза болгон. Тергөөнүн расмий маалыматы боюнча 48 жаштагы Исанов бараткан унааны ЗиЛ-130 жүк ташуучу унаасы сүзгөн. Бирок каргашанын чоо-жайы азыркыга чейин ачыкталбай, саясатчынын жакындары тергөө иштерине ынанбай келет.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!