СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарбиялык саат Омикрон оорусу

Нажмите, чтобы узнать подробности

 

Омикрон

Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык саат Омикрон оорусу»

Класстык саат « Омикрон » муг:______________

Сабактын максаты:
1. Омикрон оорусу жөнүндө маалымат берүү.
2. Омикрон ооруусун алдын алуу
3. Омикрон дарылоо

Сабактын жабдылышы : Омикрон жөнүндө видеолор жана сүрөттөр

Сабактын журушу:

1. Уюштуруу:
Сабакта колдонулуучу «Алтын эреже» (дидактикалык талап):
1.убакытты баалай билуу;
2.активдуу катышуу;
3.башкалардын пикирин угуу, созун болбоо;
4.жаны идея, тажрыйбаларды каалоо;
5.чыгармачыл тажрыйбаларды аткаруудан баш тартпоо ж.б.

Чүчкүрүү вирустун мурдагы варианттарынын ыктымал симптомдорунун бири катары көрсөтүлгөн

Ковид-19дун омикрон варианты дүйнө жүзү боюнча тез эле жайылып, илимпоздордун оюнча, ал бүгүнкү күнгө чейин вирустун эң жугуштуусу болуп турат.

Бирок коронавирустун бул варианты мурдагы варианттарга караганда жеңилирээк симптомдорго ээ. Ошондуктан аны суук өткөрүп алуу же гриппке окшоштуруп жатышат.

Ошентсе да омикрондун тез жайылышы саламаттык сактоо тармагына басымды күчөтүп, эмдөөдөн өтө элек адамдар жана коркунучка кабылган топтор үчүн коркунуч жаралууда.

Коронавирус менен дем алуу органдары аркылуу жуккан (респиратордук) инфекцияны кантип айырмалай алабыз?

Омикрондун симптомдору

"Биздин оюбузча, омикрондун белгилери эмдөөдөн өткөн адамдарда байкалган жеңил варианттарга окшошуп кетет, мисалы дельтага", - деди Би-Би-Сиге Лондон Королдук коллежинин профессору Тим Спектор. Ал окуу жайдын Zoe коронавирус изилдөө борборун жетектейт.

Профессор Спектор жана анын кесиптештери миңдеген адамдардын маалыматтарын чогултушкан. Адамдар бир колдонмого өздөрүнүн симптомдорун киргизип турушкан. Изилдөөчүлөр дельта жана омикрон варианттарына тиешелүү симптомдорду талдап чыгышкан.

Бүгүнкү күнгө карата төмөнкү беш симптом көп учураган:

  • Мурундун агышы

  • Баш оору

  • Чарчоо (орточо же катуу)

  • Чүчкүрүү

  • Тамак оору

Симптомдордун жеңилирээк болуп калышынын себептеринин бири - көптөгөн адамдардын эмдөөдөн өткөнү же кандайдыр бир иммунитет иштеп чыкканы.


Омикрондун жеңил өтүүсү көп адамдын вакцина алганы же иммунитет иштеп чыкканы менен түшүндүрүлүшү мүмкүн

  • Кыргызстанда коронавирустун "омикрон" штаммы катталды

  • Жаңы жылдык корпоративдер ковидди күчөттү

  • Коронавирустун омикрон варианты дүйнөнү чочулатууда

Азырынча омикрон вакцина ала элек жана иммунитети начар адамдарга кандай таасир этерин айтууга өтө эрте.

Профессор Спектор белгилегендей, омикрон вариантына байланыштуу көптөгөн симптомдор суук өткөрүп алууга окшоп жаткандыктан адамдар өздөрүндө коронавирус бар экенин түшүнбөй деле калышы ыктымал.

Демек, омикрон өтө тездик менен жайылып жаткан аймактарда суук тийгизип алгандай болгон бир кишиге коронавирус жугуп калган болушу толук ыктымал. Мындай көрүнүш Лондондо да болууда.

Эгерде вирус жугузуп алдым деп ойлоп жатсаңыз, анда тез арада коронавируска тест тапшыруу эң маанилүү иш. Жеңил симптом байкалган же эч кандай симптому жок адамдар дагы башкаларды коркунучка кептери бышык.

Коронавирустун мурдагы варианттарынын симптомдорунда дене табы көтөрүлүп, жөтөл пайда болуп, жыт жана даам сезилбей калчу.

Бирок профессор Спектордун айтымында, жаңы инфекцияга туш болгонун кабарлагандарда "классикалык симптомдор" байкалган эмес.

Кайсы симптомдорго көңүл бөлүү керек?

Британиянын Улуттук саламаттык сактоо кызматы төмөнкү симптомдорго көңүл буруу керек деп кеңеш берет:

  • Кокустан эле тынбай жөтөлүү

  • Дене табынын көтөрүлүшү

  • Даам жана жыт сезбей же өзгөрүп кетүү

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Омикрон Лондон шаарында эң көп катталган вариант болуп калды

Бирок айрым адамдардын башы, тамагы ооруп, мурду агып, коронавирус "өтө жаман суук тийгендей" сезилиши ыктымал.

Температура коронавирустун бирден бир симптомубу?

37,8C даражадан жогору болгондун баары дене табынын көтөрүлүшүнө кирет. Адамдын денеси коронавирус менен эле эмес, кандай гана инфекция менен күрөшпөсүн, температура көтөрүлүп кетет.

Ошондуктан термометрди (градусник) колдонгон оң. Эгерде термометриңиз жок болсо, анда көкүрөгүңүздү же аркаңызды кармаганда ысык болуп-болбогонун текшериңиз.

Эгерде суук өткөн болсо, анда дене табы көтөрүлбөйт.

Температураңыз жогору болсо, анда коронавируска тест тапшыруу сунушталат.



Жөтөлчү?

Эгерде грипп же суук тийген болсо, анда жөтөл жана башка симптомдор да болушу ыктымал.

Грипп көбүнесе кокустан пайда болуп, сасык тумоо болгон адамдын муундары ооруп, чыйрыгып, тамагы-башы ооруйт жана чарчап, мурду агып же бүтүп калат, анан жөтөлөт.

Суук өткөндө ал бара-бара күчөп, өтө катуу болбойт, бирок биз ооруп, өзүбүздү начар сезип калабыз.

Жөтөл менен кошо чүчкүрүү, тамак оору жана мурун агышы мүмкүн. Дене табы көтөрүлүп, чыйрыгып, муундардын жана баштын оорушу сейрек кездешет.

Ковид-19дун жөтөлүндө болсо бир сааттан ашык жөтөл же 24 саат ичинде үч же андан көп жөтөл "чабуулу" кайталанат.


Коронавирустун симптомдору байкалса, негизинен тест тапшыруу сунушталат

Эгерде жаңыдан жөтөл пайда болуп, ал токтобой жатса, коронавируска тест тапшырышыңыз керек.

Даам же жыт сезбей калса эмне болот?

Алар коронавирустун негизги симптомдору, демек коронавируска тест тапшыруу керек.

Жөнөкөй эле суук тийип калган болушу мүмкүн. Бирок вирусту андан ары таратып жибербөө үчүн өзүңүздү жакшы сезип жатсаңыз деле текшерилип коюшуңуз керек.

Эгер чүчкүрсөм, менде коронавирус барбы?

Чүчкүрүү коронавирустун классикалык симтомдоруна кирбейт. Эгерде температура, жөтөл жок болсо, жыт сезип, табитиңиз тартып жатса, анда эч кандай көйгөй деле болушу мүмкүн эмес.

Чүчкүргөндө инфекция бар болушу мүмкүн. Ошон үчүн чүчкүргөндө кагаз же кездеме бет аарчы колдонуңуз жана андан соң колуңузду жууңуз.

Мурдум агып же бүтүп жатсачы?

Алар коронавирустун негизги симптомдоруна кирбейт, бирок изилдөөлөрдө айтылгандай, коронавирус чыккан адамдардын мурду агып же бүтүп калган учурлар катталган.


СҮРӨТТҮН БУЛАГЫ,GETTY IMAGES

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Жеңил симптомдорго карабастан омикрон вакцина албаган же иммунитети начар адамдарга коркунуч туудурат

АКШнын санитардык нускамасында, мисалы, мурун агып же бүтүүсү коронавирустун ыктымал симптомдорунун арасында көрсөтүлгөн.

Ич өтүү (диарея) симптомбу?

Түштүк Африкадан алынган маалыматтарга караганда, омикрондун ыктымал белгиси катары айрым адамдар тамак сиңирүүдө маселе жаралганын айтышкан.

Бирок Британиядагы окуу жайдын профессору Тим Спектордун белгилешинче, омикрон инфекциясы мурдагы варианттарга эле окшош бойдон. Башкача айтканда, ал негизинен дем алуу органдары аркылуу жуккан инфекция.

Омикрон жукса, катуу ооруймунбу?

Омикрон боюнча алынган алдын ала маалыматтарга жана жүргүзүлгөн изилдөөлөргө караганда, ал вариант мурдагы варианттарга караганда өтө катуу тийбейт.

Анын себеби белгилүү бир деңгээлде вирустун мутацияланышы. Бирок баарынан да вакциналардын коргоосуна жана табигый иммунитеттин күчүнө таянабыз.

Кантсе да омикрондун өтө тездик менен жайылышы кыйынчылыктарды жаратып, көпчүлүктү, айрыкча мурдатан оорусу бар адамдарды коркунучка кептеп жатат.

Коронавирус жуктурган адамдардан ар кандай симптомдор байкалышы ыктымал. Ал жеңил же өтө катуу болушу мүмкүн. Айрымдарда эч кандай симптом болбойт, бирок алар вирусту таратып жүрө беришет.

Коронавирус жуккандан кийин эки аптанын ичинде симптомдор байкала баштайт, бирок көбүнесе беш күнгө чейин белгилүү болуп калат. Дем алуунун оорлошуп кетүүсү инфекциянын олуттуу экенинен кабар бериши ыктымал. (EA)



4



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!