СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарбиялык саат "Учурашуу адеби"

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык саат "Учурашуу адеби"»











Тарбиялык саат

Тема: «Учурашуу адеби»

5-класс



Иштеп чыккан А.С.Пушкин

атындагы гимназия-мектебинин

мугалими Даербекова А. Д.

Тарбиялык сааттын планы

Предмет: класстык саат

Класс: 5-класс

Сабактын темасы: «Учурашуу адеби»

Билим берүүчүлүк максаты:

    1. Окуучулар учурашуу адебинин жол жобосун үйрөнүшөт, кайсыл учурда кандай таризде саламдашуу керек экенин билишет.

Өнүктүрүүчүлүк максаты:

    1. Окуучулар сөз байлыктарын күчөтүшөт жана өз алдынча иштөөгө үйрөнүшөт.

Тарбиялык максаты:

    1. Окуучулар ыймандуулугун, адептүүлүгүн арттырышат, туура учурашууну адатка айландырышат.

Сабактын тиби: Жаңы билимге ээ болуу

Сабактын формасы: топто иштөө, кырдаалдар боюнча иштөө,

Сабактын ыкмасы: интерактивдүү

Сабактын жабдылышы : Ватман, маркер, сүрөттөр, макал-лакаптар жана ырлар жазылган карточкалар,








Сабактын жүрүшү

1. Уюштуруу мезгили:

а) Учурашуу

- Саламатсыӊарбы балдар!

б) Класска жагымдуу жагдай түзүү

- Келгиле балдар бири-бирибизге жагымдуу маанай, жылмаюу тартуулап алып, бүгүнкү сабагыбызды баштайлы.

2. Тема менен тааныштыруу

- Бүгүнкү биздин тарбиялык сааттын темасы «Учурашуу адеби». Сыйга сый, сыр аякка бал демекчи, Сый мамиле жылуу учурашуудан жана жагымдуу жылмаюудан башталаары айдан – ачык белгилүү. Элибиз эзелтен бери балдарына мыкты таалим тарбия берүү максатында Улуу Мурасты ооздон-оозго, муундан-муунга, атадан-балага өткөрүп, каада-салтын, нарк-насилин, макал-лакап, таалим-тарбия сыяктуу көөнөрбөс улуу маданиятын даӊазалап, Манас атабыздын жети осуяты, Жети акенин акылдары, Калыгул, Арстанбек олуялар, Токтогул, Барпы өӊдөнгөн акындарыбыздын насааттары Маданиятыбыздын бийик экендигин айгинелеп турат.

-Балдар айткылачы, силер үзбөй салам айтып, саламдашып, ал-жай сурап учурашканды унутпайсыӊарбы?

- Азаматсыӊар балдарым! Ал эми кантип учурашасыӊар?

- Туура! «Ассалоомалейкум», «Саламатсызбы», «Кандайсыз?», «Иштер кандай?», «Кандай жаңылыктар бар?», «Эмне кеп-сөз бар?». «Ал-жайың кандай?», «Жакшы турасыңарбы?», «Бала-бакыра аманбы?» ж.б. ушул өңдүү учурашуу, ал –жай, амандык сурашуу – жашоо турмушубузда арбын айтылып, кеңири кездешип жүргөн даяр сөздөрүбүз. Бул өңдүү сөздөрүбүздү эч кандай кыйынчылыксыз, кынтыксыз эле оңой нерседей көрүнөт…. Бирок, тилекке каршы, ушундай »жеңил-желпи», «оңой» эле экендигине карабай, күндөлүк жашоо-турмушубузда, пикирлешүү-баарлашуу практикабызда оркойгон эле осолдук, оройлукка жол берип, кеп адебинин талап-мүдөөсүн так орундатпай коюп жүргөндүгүбүздү кантип жашырабыз. Учурашуу, амандашуу, ал-жай, акыбал сурашуунун тигил же бул лексикалык, грамматикалык формалары колдонулат. Маселен, Саламатсызбы, Саламатсыздарбы, Кандайсың, Кандайсыңар, Ассолоомалейкум, Алейкума ассалоом, Алексалам – сыяктуу учурашуу, Алик алуу сөздөрү айрым бир турк тилдеринде аялга, эркекке карата бирдей айтыла берсе, кыргыз тилинде бул сөздөр жалаң гана эркекектердин кеп-сөзүндө колдонулуп жүргөнү байкалат. Кеп адебине, кептешүү - сүйлөшүү этикетине тийешелүү кептик каражаттардын бир тобу коштошуу-узатуу кырдаалы менен байланыштуу маселен, күн сайын кездешип, күн сайын учурашып жүргөн кызматташ адам менен коштошуп жатып «Жакшы барып келиңиз», «Көрүшкөнчө саламатта болуңуз», «Аман-эсен барыңыз» деген таризде кеп адебине анча шай келбейт.. Андай адамга « Жакшы калыңыз», «Саламатта калыңыз», «Жакшы эс алыңыз» - деген кош айтышуу жетишээрлик.

3. Текст менен иштөө.

Окуучулар 3 топко бөлүнүшүп текстерди окушат.

1-топ: Саламдашпай сөз баштабайт

Кыргызда саламдашпай сөз баштабайт, айтылган саламды жоопсуз калтырбайт деген жакшы сөз бар. Ата-бабалар балдарды кичинесинен баштап улуулар менен саламдашууга үйрөткөн.
Саламдашуу бул жөн гана баш ийкешип же кол алышып коюу эмес. Көпкө көрүшпөгөн, жакын адамдар гана кол алышып, төш тийгизишип учурашкан. Кол берүү — ажыга барган же аалым адам менен жолукканда гана боло турган. Кол дайыма эле таза болбойт. Ошондуктан кол алышуу терс көрүнүш катары саналчу. Мындан тышкары, антташканда гана кол алышуу шарт болгон. Кол алышкан убададан кыргыз кайткан эмес. Ошондуктан кол кармашып антташууну, убадалашууну кыргыз "кудайдын мөөрүндөй" көрүп, "кол — Кудайдын мөөрү" деп айтышкан.



2-топ: Туура саламдашуунун жол-жобосу

  • Кичүү киши өзүнөн улууга биринчи учурашат. Улуу киши сөзсүз түрдө алик алып, аны жоопсуз калтырбашы керек. Айтылган саламды жоопсуз калтырып, алик албай коюу абдан чеки иш. Мындай адамды "саламдан садага кеткен" деп жаман көрүшкөн;

  • Сырттан кирген киши учурашпай кирбейт. Үйгө сырттан кирип келген киши жашына, даражасына карабай милдеттүү түрдө олтургандарга салам айтып кирүүгө тийиш;

  • Тең курактуу жашташ эркек менен аял кезигип калса, эркек киши биринчи учурашат;

  • Жол жүрүп келе жаткан эки атчан жолукса, күн чыгыш тараптан келе жатканы биринчи болуп салам айтат;

  • Жолдон өтүп бара жаткандар жол жээгинде отургандарга озунуп саламдашкан;

  • Жогору жактан келе жаткан улуу болсо да, кичүү болсо да төмөн жактан келе жаткан адамга биринчи учурашат;

  • Аз киши көп кишиге кайрылып келип, алыс болсо колун бооруна алып саламдашат;

  • Ооруп жаткан адамга соо киши келип учурашып, ал-жайын сурайт.












3-топ: Аялдар кантип саламдашкан?

Тарых илимдеринин кандидаты, тарыхчы Гүлзада Абдалиеванын айтымында, кыргыздын учурашуу салттык этикасы боюнча, аял киши эркек кишиге азыркыдай кол берип, өбүшүп учурашмак тургай үн чыгарып салам айткан эмес.

  • Турмушка чыга элек секелек кыздар улуу адамдарга үн чыгарып "амансызбы, арбаңыздар?" деп гана саламдашып койгон;

  • Келин болуп келгенден тарта акырын гана ийилип, жүгүнүп учурушкан;

  • Жаш курагы өтүп калган апалар абысын-ажын, туугандарына баш ийкеп гана саламдашып, андан соң гана мал-жанын, ал-абалын сурашкан;

Аялдар жашташ болсо баш ийкеп учурашса, кичүүлөр улууларга жүгүнгөн. "Ийилип, жүгүнүп учурашуу салты азыр Ысык-Көл аймагында гана сакталып калды. Келиндин тарсылдап, үнүн чыгарып же кол алышып учурашуусунун ордуна акырын гана ийменип коюу биздин салтта сакталып калган жакшы жөрөлгө деп ойлойм. Негизи ар кимде ар кандай энергия, инфекция болот. Демек, кол алышып, өбүшүп учурашуу гигиеналык жактан туура эмес", — деди Абдалиева. Тарыхчылар кошумчалап кеткендей, учурашкан адамга карата улуулар алкыш, жакшы тилек сөз айтып, жүгүнгөн келиндерге батасын берип, ийилип учурашкан жаштарга жакшы кебин аяган эмес. Жакшы сөз — жарым ырыс. Саламдашкандан кийин кырдаалга жараша жакшы сөздөр да айтылган. Алсак, иштеп жаткан адамга "иш илгери болсун", келин алган адамга "келин кут болсун", жаңы үйлөнгөн адамга "куш боо бек болсун", кырман бастырганга "кызылга береке", той берип жаткан адамга "тоюңар кут болсун", бала төрөлсө "бешик боо бек болсун" деген сыяктуу жакшы тилектер айтылат. Мындай учурда ал адамдын тилегин жоопсуз калтырбай алик алып жаткан адам "айтканың келсин", "рахмат" сыяктуу ыраазычылык сөздөр сөзсүз айтылышы керек. Ал эми жакыны өлгөн адам менен жолукканда "кайрат кыл", "артын берсин", "арты кайырлуу болсун", "жаткан жер жайлуу болсун", "арты той болсун" деген сөздөр менен кайрат айтышкан.
4) Балдар окуган текстердеги саламдашуу адебин, саламдашуунун жол-жоболорун ватманга маркер менен өздөрүнүн фантазияларын ишке киргизип, макал-лакап, ырлар, эрежелер, схемалар же болбосо сүрөт тартуу менен чагылдырышат.

2-топ

3-топ


1-топ




5) Макал-лакап айтышып жарышка чыгуу

  1. Кылычынан ткан тамганды, тилинен бал тамган жеӊиптир.

  2. Саламдашпай сөз баштабайт, айтылган саламды жоопсуз калтырбайт.

  3. Тил элчинин кылычы.

  4. Тили боштун дили бош, өзү түздүн сөзү түз

  5. Сөз кылычтан өткүр, балдан таттуу.

  6. Жакшынын сөзүнө өсөсүӊ, жамандын сөзүнө өчөсүӊ.

  7. Айтыла элек сөз сенин кулуӊ, айтылып кетсе сен анын кулусуӊ.

  8. Жакшы адам ачык сүйлөйт, сөз тамырын казып сүйлөйт,

Адептүү сылык сүйлөйт, амалкөй былык сүйлөйт

  1. Буттан чалынган турат, тилден чалынган турбайт.

  2. Тартибиӊ тайкы болсо, тартканыӊ кайгы болот.

6) Жети акенин айткан акыл кептери, учкул сөздөрү

Жаш сурасаӊ – Карга акеге,

Бата сурасаӊ – Мойт акеге,

Акыл сурасаӊ – Сарт акеге,

Айла сурасаӊ – Тилекмат акеге,

Чындык издесеӊ – Садыр акеге,

Калыстык сурасаӊ – Карач акеге

Касиет сурасаӊ – Кыдыр акеге бар эл ичинде бекеринен айтылбаган чыгаар...

Ырыс алды-ынтымак,

Ынтымагы бар элдин,

Айсыз кара түндө да,

Асманында кун турат.

Ынтымагы жок элдин,

Балдары иттей ыркырап,

Ачык-жарык күндө да,

Асманында түн турат. (Мойт аке)

“Аткан сөз – абага учкан чымчык, ойлонбой сүйлөгөн – кырсык” (Карга аке)

“Колуӊдагы камчыдан кыйын курал жок, Койнуӊдагы катындан кыйын тууган жок”. (Сарт аке)

“Суучулдун өлүмү – суудан, мергендин өлүмү – тоодон, хандын өлүмү – ага-туугандан”. (Тилекмат аке)

“Өлгөндөн туяк калган артык, атанын ысымы өчпөйт. Элге пайдасы тийбеген падышанын ак сарайынан, кембагалдын жаман алачыгы артык. Элдин эмгегин жеп кажыган жолборстон, жөргөлчычкан артык”. (Садыр аке)

Урушпай ажырашсаӊ, уялбай учурашасыӊ”, “Туура бийде тууган жок, тууганга тартсаӊ ыйман жок” . (Кыдыр аке)

Окуучулар жети акенин айткан сөздөрүнүн маанилерин чечмелешет.

7) Учурашуу боюнча кырдаалга жараша ролдоштуруп оюн аткаруу

1-топ Кичүү адам улуу адам менен кантип учурашса болот? Практика жүзүндө көрсөтүп бергиле!

2-топ Оорулуу адам менен кантип учурашуу керек? “Сурап койгон, суу бергенге барабар” Орукчан адамдан ал-жайды кантип сурайт элеӊер?

3-топ Аял заты кантип учураша алат? Жүгүнүү жана анын мааниси. Аял затынын учурашуу адебин көрсөтүп бергиле!

8) Манастын жети осуяты.

  1. Эл-журттун ажырагыс бүтүндүгү жана бир жакадан баш, бир жеӊден кол чыгарган ички биримдиги;

  2. Улут аралык ынтымак, достук жана кызматташтык;

  3. Улуттук ар-намыс жана атуулдук ариет;

  4. Арыбас мээнет, алдыӊкы өнөр-билим аркылуу бакубат дөөлөткө умтулуу;

  5. Гуманизм, айкөлдүк, кечиримдүүлүк:

  6. Табият менен таттуу мамиледе болуу:

  7. Кыргыз мамлекеттүүлүгүн чыӊдоо жана аны көздүн карегиндей сактоо:



9) Сабакты жыйынтыктоо

а) Балдардын эмгегин баалоо

б) Үйгө тапшырма берүү

в) Балдар менен коштошуу