СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарбиялык сабак

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык сабак»

1-декабрь -Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнү

СПИД-деген эмне?
Спид-бул.....



  • АИВ(ВИЧ) деген эмне? 21-кылымдын каардуу вирусун ар бир адам билүүсү керек.АИВ(ВИЧ) деген эмне? Бул адамдын иммунодефициттик вирусу. Имундук системада бизди коргоочу армия бар (Т-лимфо циттер, хелпери ж.б) жөнөкөй тил менен айтканда ал биздин коргоочубуз, ар кандай вирус, бактерия, оорулардан биздин организмбизди коргоп турат. ВИЧ вирусу болсо ошол калкан болгон клеткаларыбызды жок кылат. Теориядан алсак ВИЧ инфекциясы дени соо адамга жукканда анын иммундук системасын талкалап, коргоочу башкармалыгын боштондуруп коет, андан имундук жетишсиздик пайда болот да ВИЧтин акыркы стадиясы СПИДге алып барат.

  • СПИДдин пайда болушу.

  • СПИДтин пайда болушу 2-15 жыл аралык. ВИЧтин акыркы стадиясы СПИДде адамдын коргоочу клеткалары калбай, организм тышкы инфекцияларга, микроб, бактериялардан коргоосуз калат. Мындай учурда туберкулез, малерия, рак, ж.б ар кандай оорулар жугушу ыктымал. Аягында адам сөзсүз көз жумат, кээде жөнөкөй эле гриппен болушу мумкун. ВИЧти жугузган адам 3 айдан 2 жылга чейин эч нерсеге шек келтирбей жүрө бериши жана башкаларга жуктурушу мүмкун.

  • сПИД вирусунун тузулушу



Кандагы Спид клеткалары

Кандай жолдор менен жугат?

  • Колдонулган шприц же бритва

  • Кан куйганда донордон

  • Энеден балага сүт аркылуу

  • Оорулуу эне төрөгөн учурда балага

  • Ар кандай баш аламан жыныстык жолдор менен













Жугуу жолдору:



ВИЧтин белгилери

  1. Ооруну жуктургандан кийин 3-6-9 айлардын ичинде температура 39 ге чейин котөрүлөт.

  2. 1-2 жума тынбай ич өтөт.

  3. Денеге будур ала майда безгектер чыгат

  4. Баш оору

  5. Тез арыктоо

  6. Лимфотикалык узелдкрдин чоңоюшу

  7. Тез тез оору(грипп, лихорадка, ОРВИ)







Ооруган адамдын абалы

ВИЧтин вирусу каерде көп...

  • Оорулуу адамдын канында, денеден чыккан ар бир суюктукта (учук, гной, ириң), эненин сутундө эң көп ВИЧтин вирусу болот.

Кыргызстандын СПИД борбору маалымдайт..

  • Официалдуу түрдө ВИЧ менен ооругандар 5.5 миң адамдан ашат. Булар катталгандар гана... катталбай ооруну жугузуп жүргөндөр канча?

  • СПИД 974 кыргызстандыктын өмүрүн алды, а дүйнөдө 35 миллион адам көз жумду.

негизи....

  • ВИЧ менен 15-49 жаштагы адамдар жуктуруп алышы мүмкун. Ошондуктан өздүк гигиенаны так туура аткарып, ар кандай медициналык приборлорду колдонгондо сөзсүз анын жаңы жана таза экендигин текшериңиздер! Тиш дарылоочу жайларга, чачтарачкана барганда ар бир инструменттин тазалыгына көңүл бургула.

  • Наркотикадык заттардан жана ар кандай жаман уят жолдордон алыс болгула.



СПИД...

  • ВИЧти жуктуруп алсаң жашооңдун бүткөну, анда сөзсүз тынымсыз кымбат дарыларга өмүрүн байланып, өзүндүн жашоого болгон көз карашың өзгөрүп күнумдүк жашооңдо өлүмүңду күтүп , аркаңдан тукум, туяк улай албай тирүүлөй өлуккө айланасың!

  • Ошондуктан ЭТИЯТ БОЛ, ТАЗА ЖҮР, БИРӨӨГӨ ЖАМАНДЫК ТИЛЕБЕ,,,,

Биз баарыбыз биргеликте жеңебиз





















Бүгүн биз 21-кылымдын чумасы болгон СПИД жана ВИЧ жонундо маалымат берип кетмекчибиз. Келгиле анда шашпай, төкпөй-чачпай атып берели, муну билип алуу ар бир адамга керек.

Айыкпас оорулардын бири бул ВИЧ/СПИД оорусу. Бул дарт көп жылдардан бери жер планетасынын чоң көйгөйү болуп, даарысы бүгүнкүгө чейин жок. Ушу себептен БУУ (Бириккен Улуттар Уюму) тарабынан 1988-жылдан тарта 1-декабрь Буткул дуйнолук СПИДке каршы курошуу куну деп белгиленип келет (бул күн жөнүндө өзүнчө макалабыз бар, ылдый жакка шилтеме берилет).

ВИЧ деген эмне?, оору жонундо айтсак көп адамдар ВИЧ менен СПИД оорусун бир оору деп эсептешет, бирок ал андай эмес. Ким ооруп калышы мүмкүн, жана жуктуруп албоо үчүн кандай чара көрүү зарыл? ВИЧ – орус аббревиатурасынан1 келип, “вирус имуннодефицита человека” деп чечмеленелет, кыргызчасы “адамдын имуннодефицит вирусу” (АИВ). Бул вирус адамдын иммунитетин зыянга учуратып, СПИД оорусун пайда кылат. Натыйжада адам иммунитети түрдүү ооруларга туруштук бере албай, каза болот.

СПИД деген эмне? чечмелениши “синдром приобретенного иммуно дефицита”, кыргызча которулушу “кабылданган иммун жетишсиздик синдрому” (КИЖС).

Иммунитет бул ар кандай зыяндуу бактерия жана вирустардан коргоочу адам организминин системасы. ВИЧ иммунитетти басаңдатып, организм түрдүү ооруларга чалдыгып, адам ооруйт. Натыйжада иммунитет өтө төмөндөп СПИД оорусу пайда болот.

Бүгүнкү күндө ВИЧ инфекция менен күрөшүүгө болот, аны антиретровирустук терапия менен дарылайт. Анын ичинде ВИЧ болгон кош бойлуу айымдардын балдарын дагы дарылоо болот. Анти ретровирустук терапия ар бир өлкөнүн анын ичинде Кыргызстанда да өз жарандары үчүн акысыз жүргүзүлөт.

ВИЧ/СПИД кандай жолдор менен жугат ВИЧти жуктуруп алуу жөнүндө көптөгөн маалыматтар айтылып келет, бирок аталган оору 3 жол аркылуу гана жугушу мүмкүн, жыныстык, ийне, энеден балага. Негизи, ВИЧ суюктуктар аркылуу берилет, көбүн эсе жыныстык катнаш жана кан аркылуу, колдонулган баңги ийнелеринен, кош бойлуу баладан энеге, бирок түрдүү учурлар дагы болушу толук ыктымал, алар: таза эмес медициналык куралдардан, кан куюууда, пирсинг жана татуировка жасоодо кокустук болуп кетсе, бирөөнүн сакал алгычын колдонууда.

ВИЧ кандай учурда жукпайт Тиричилик жашоодо саламдашып, бирге тамактанганда, аба аркылуу же жөтөлгөндө, өбүшкөндө, кучакташканда адистер жукпайт дешет.




ВИЧ/СПИДден кантип сактануу керек Жыныстык катнашта презерватив колдонуу, баңги заттан алыс болуу, бир гана адам менен мамиле түзүү. Презерватив бир гана ВИЧ/СПИДден сактабастан башка көптөгөн жыныс ооруларынан сактайт. Албетте, ВИЧ/СПИД оорусун алдын алуу ар бир жарандын жеке милдети же парызы десек ашык болбос. Ал эми каттоодо турган бейтаптар дарыгерлердин көзөмөлүндө болот.

ВИЧ/СПИДдин белгилери же кантип билсе болот Оорунун белгилерин бир гана жол менен аныктоо болот, ВИЧ инфекциясына кан тапшыруу керек, ал үчүн каалаган ВИЧ/СПИД борборуна барып анализ тапшыруу зарыл, негизи бул иш-чара акысыз жүргүзүлөт, ал эми жеке ооруканаларда албетте, акы төлөм алынышы мүмкүн. Ооруну сыртынан же кандайдыр бир белгилер менен билүү мүмкүн эмес. Бирок вирус жуккандан кийин, ал түрдүү ооруларга жол ачат. Эгер адам көп-көп ооруп баштаса, анализ тапшырып коюуу ашык болбойт.

Учурда бул оору менен кармашкандардын саны 47 миллионго жетти (2016). Биздин өлкөдө 2016-жылда алынган статистикалык маалыматка таянсак 6554 адам ВИЧ инфекциясына кабылган. Ал эми каттоодон өтпөгөндөрдү эске алганда болжолуу бул сан 15-20 миң адам болушу мүмкүн.

Республикалык СПИД борборунун 2016-жылкы расмий маалыматы боюнча: Бишкек шаарында – 1029 адам Ош шаарында – 996 Облустар боюнча: Ошто – 1247 Жалал-Абадда – 775 Баткенде – 164 Ысык-көлдө – 172 Нарында – 120 Таласта – 95

ВИЧ/СПИДден жабыр тарткан адамдардын организми гана жабыркабастан, инсандын ички дүйнөсүнө дагы зыян алып келет. Мындай адамдын психологиясы өзгөрөт. Бүгүнкү күндө СПИДди дарылоо мүмкүн болбогондуктан, күн сайын оорулуулар саны өсүүдө. Буга байланыштуу ар бир инсан ооруну жуктуруп алуудан сактанса, ал анын жеке коомго кошкон салымы болоор эле.

ВИЧ инфекцисы менен жашап келе жаткан адамдар 2018-жылдын маалыматтары боюнча, көптөгөн америкалык белгилүү адамдар антиретровирустук терапия кабыл алышып, бүгүнкү күнгө чейин жакшынакай жашап келишет:

ВИЧ/СПИД менен жабыркаган адамдарга кандай мамиле жасоо керек Албетте, бул оорунунун купуялуулугун сактоо абдан маанилүү, ооруканалардагы дарыгерлерге купуялуулукту сыртка чыгарууга мыйзам тарабынан тыюуу салынган. Бирок, кээде адамдын дарты кандайдыр бир себептер менен ачыкка чыгып кеткен учурлар болот. Мындай учурда, кырдаалды ого бетер курчутпай, ар бир адам жоопкерчиликтүү болуш керек. Анткени, ооруган адам ансыз деле начар абалда болуп, биздин ар бир айткан сөзүбүз андай адамдын ден-соолугуна ого бетер зыян келтирип, ал гана эмес, өлүмгө учуратышы мүмкүн. Эгер, адам ооруга кабылганын өзү айтып жатса, андай адамга өтө кылдат мамиле жасап, ар бир айткан сөздү талдап сүйлөө керек. Аябай боор тартуунун дагы кереги, антпесе, адам өзүн байкуш сезет. Адамдан “оорукчан” экен деп качуунун дагы кереги жок, анткени, айтылгандай эле, оору сүйлөшкөндө, өбүшкөндө, кол кармашканда жукпайт. Оору менен күрөшүүгө чакыргыла, ВИЧ менен көп жылдар бою жакшынакай жашап келе жаткан адамдар жөнүндө эсине салып койгула. Досторуңарга, жоро-жолдошторунарга маалыматты жайылтпагыла. Бирде болбосо да, кээ бири билбестиктен же атайылап кемсинтип коюуусу мүмкүн.

Антиретровирустук терапия деген эмне ВИЧ жонундо маалымат айтууда дарылоо жөнүндө айта кетели. Айтылгандай эле антиретровирустук терапия (АРТ) менен ВИЧ инфекцияны атайын даары каражаттары аркылуу көбөйүүсүн басаңдатат. Дарылар вирусту өлтүрбөйт, болгону басаңдатат. Вирустун өнүгүүсү төмөндөгөндө, ВИЧ оорусунун дагы өнүгүп-өрчүүсү төмөндөйт.

ВИЧ инфекциясынын вирустары көбөйүп бөлүнө баштаганда, анын жаңы копиялары мутацияланган болушат, алгачкы вирустан айырмаланып турат. Кээ бирлери АРТ даарыларын кабыл алып жатканда деле мутациясын уланта берет. Мындай учурда даары жардам бербей калат. Бул даарыга болгон “резистентүүлүк” деп аталат, башкача айтканда даарыга каршылык көрсөтүү мүмкүндүгү пайда болот. Бир дары каражатын колдонгондо, вирус организмде өзүн жеңил сезет десек болот. Эгер дароо эки даары колдонсо мутация эки даары менен бир мезгилде күрөшүүгө мажбур болот. Үч даары колдонгондо, мутациянын пайда болуусу өтө төмөн болот. Ушуга байланыштуу учурда антиретровирустук терапия дароо 3 даары менен жүргүзүлөт.

Миграция жана ВИЧ Учурда көптөгөн адамдар миграцияга чыгышып, ВИЧ инфекциясын чет өлкөлөрдөн жуктуруп алышууда, же тескерисинче ВИЧ инфекциясы менен башка өлкөгө барып ал жакта иштеп жаткандарга зыян келтирүүлөр аз эмес. Айрыкча кыргыз жарандары Россия өлкөсүнө көп барышат. Россияга же, деги эле башка өлкөлөргө чыгууда эмнелерди билип алуу керек?

Россияга же көптөгөн башка өлкөлөргө келгенде сиздин ВИЧ инфекцияңыздын жоктугу жөнүндөгү анализдерди талап кылышат. Бүгүнкү күндө Россия мамлекетинде ВИЧ менен ооругандардын саны 850 миңден ашык (2016), саат сайын 11 адам дартка кабыл болот.

ВИЧ инфекциясы дүйнөдөгү жуктуруп алуусу боюнча 5-орунда турат. Украина, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан, Молдова, Азербайжан, Армения мамлекеттеринен Россияга келген мигранттар арасында 2015-2017-жылдары 15 миң адам ВИЧ инфекциясы менен катталган. Башка өлкөлөргө барганда жыныстык катнаштан колдон келишинче алыс болуу керек. Россиянын мыйзамына ылайык ВИЧ инфекциясы бар адамдарга жумуш патент берилбейт, берилген патент жараксыз болот. Ушу себептен каалаган адамды Россиядан департация кылышы мүмкүн.

Россияда ВИЧ инфекциясын билүү максатында каалаган клиникага акысын төлөп кайрылса болот. Ал эми акысыз анализди атайын СПИД оорусуна каршы борборлордо билүү мүмкүн. Россияга чыгуунун алдында, бардык анализдерден өтүп алсаңыз ал жакта жеңилирээк болот, анткени бул адамдын убактысын жана акчасын үнөмдөйт. ВИЧ жонундо маалымат ушундай достор, дагы сизди кызыктырган суроолор болсо жазып койгула.

Аббревиатура – бул сүздөрдүн шарттуу кыскартуулары, мисалы: КИЖС – кабылданган иммундук жетишсиздик синдрому.












Биз баарыбыз биргеликте жеңебиз


8-Б класс

Класс жетекчи:Жолдошбаева

Гулазим Абдырахмановна.






















ВИЧтин белгилери

  1. Ооруну жуктургандан кийин 3-6-9 айлардын ичинде температура 39 ге чейин котөрүлөт.

  2. 1-2 жума тынбай ич өтөт.

  3. Денеге будур ала майда безгектер чыгат

  4. Баш оору

  5. Тез арыктоо

  6. Тез тез оору(грипп, лихорадка, ОРВИ)


негизи....

  • ВИЧ менен 15-49 жаштагы адамдар жуктуруп алышы мүмкун. Ошондуктан өздүк гигиенаны так туура аткарып, ар кандай медициналык приборлорду колдонгондо сөзсүз анын жаңы жана таза экендигин текшериңиздер! Тиш дарылоочу жайларга, чачтарачкана барганда ар бир инструменттин тазалыгына көңүл бургула.

  • Наркотикалык заттардан жана ар кандай жаман уят жолдордон алыс болгула.










СПИД-деген эмне?
Спид-бул.....


  • АИВ(ВИЧ) деген эмне? 21-кылымдын каардуу вирусун ар бир адам билүүсү керек.АИВ(ВИЧ) деген эмне? Бул адамдын иммунодефициттик вирусу. Имундук системада бизди коргоочу армия бар (Т-лимфо циттер, хелпери ж.б) жөнөкөй тил менен айтканда ал биздин коргоочубуз, ар кандай вирус, бактерия, оорулардан биздин организмбизди коргоп турат. ВИЧ вирусу болсо ошол калкан болгон клеткаларыбызды жок кылат. Теориядан алсак ВИЧ инфекциясы дени соо адамга жукканда анын иммундук системасын талкалап, коргоочу башкармалыгын боштондуруп коет, андан имундук жетишсиздик пайда болот да ВИЧтин акыркы стадиясы СПИДге алып барат.

СПИД деген эмне? чечмелениши “синдром приобретенного иммуно дефицита”, кыргызча которулушу “кабылданган иммун жетишсиздик синдрому” (КИЖС

Иммунитет бул ар кандай зыяндуу бактерия жана вирустардан коргоочу адам организминин системасы. ВИЧ иммунитетти басаңдатып, организм түрдүү ооруларга чалдыгып, адам ооруйт. Натыйжада иммунитет өтө төмөндөп СПИД оорусу пайда болот.


























негизи....

  • ВИЧ менен 15-49 жаштагы адамдар жуктуруп алышы мүмкун. Ошондуктан өздүк гигиенаны так туура аткарып, ар кандай медициналык приборлорду колдонгондо сөзсүз анын жаңы жана таза экендигин текшериңиздер! Тиш дарылоочу жайларга, чачтарачкана барганда ар бир инструменттин тазалыгына көңүл бургула.

  • Наркотикадык заттардан жана ар кандай жаман уят жолдордон алыс болгула.
























Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!