СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарбиялык сабак: Акелерибизди ардактай билели

Нажмите, чтобы узнать подробности

Баткен аймагындагы улуу инсандарды окуучуларга тааныштыруу максатында жазылган.

Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык сабак: Акелерибизди ардактай билели»

Акелерибизди ардактай билели
мектеп окуучулары үчүн даярдалган
Сабактын темасы: Баткендеги улуу инсандар.
Билим берүүчүлүк максаты: Окуучуларды берилген темада ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү.
Өнүктүрүүчүлүк максаты: Мекенди сүйүү, киндик кан тамган жерди, көлдү коргоо жана сүйүү ар бир атуулдун парзы экенин, анын ыйыктыгын түшүндүрүү.
Тарбиялык максаты: Окуучуларды патриоттук сезимге тарбиялоо, намыскөйлүккө, чечкиндүүлүккө, эр жүрөктүүлүккө ак эмгек менен кызмат кылууга көнүктүрүү.
Тарбиялык сабактын жабдылышы: Баткендин картасы тартылган плакат, автобус, окуучулар өз колу менен тартышкан көлдүн пейзаждык сүрөттөрү. Акелердин сөздөрү жазылган плакат.
Сабактын жүрүшү: Уюштуруу иши (класска жагымдуу жагдай түзүү). Окуучулар менен саламдашып, өтүлүүчү тарбиялык сааттын темасы, максаты менен кыскача тааныштыруу.
XVII кылымдан XX кылымдын башталышына чейин кереметтүүБаткен жергесинде бир топ акылман акелер жашап өтүшкөн экен. Акелер бүт өмүрүн эл кызматына арнап, адилеттүүлүктү, калыстыкты, адамгерчиликти ыйык тутуп, калк арасында тынчтыктын тиреги болушкан. Анткени акелер жер жүзүндөгү баа жеткис байлык, тынчтык, бейкут жашоо экендигин билишкен. Ушундай кадырман акелер баткендин тегерегинде жетөө болгон. Саякатка чыгабыз. Баткенди тегеренип келебиз. Жети акеге саякат жүрүшкө чыгардын алдында жети санынын ыйыктыгын дагы билип алалы. Кана, балдар, жети санын ыйык дейбиз. Кимдин ою кандай?
- Асмандагы жетиген жылдызы! Класстагы парталардын жети жерге коюлганы асмандагы жылдызды түшүрүп койгондой. Окуучулар төрттөн бөлүнгөн. 7х4=28 окуучу. Манаста 7 осуят бар. 6-осуяты - Табият менен таттуу мамиледе болуу. Демек,Баткендин жаратылышын сактайбыз. Бир бак кыйылса, канча бак отургузуш керек?
- Жетини.
Асмандагы жети керемет
1. Египет пирамидасы
2. Вавилондогу Семирамиданын алма багы.
3. Артемиданын храмы
4. Галикарнастагы мовзолей
5. Грециядагы Зевстин статуясы
6. Родос аралындагы Родостун колосу
7. Александриядагы Маяк
- Сүрөттө 7 боек түс, Күндүн желеси
- Курандагы 7 парз
- Жети кишинин бири кыдыр
- Жети өлчөп бир кес
- Жети атаңды бил
- Музыкада 7 нота бар
- Кыргызстанда 7 область бар
- Көлдүн тегерегинде 7 борбор.
1- бала: - Ак ниеттен жол тартсаң,
Өз жолуң шыдыр болот,
Жолдошуң Кыдыр болот,
Жолуңдан үзүр болот.

1-кыз: - Аппаз аке төрөлөрдө,
Кызыр алей салам болгон,
Кыдыр деп атын койгон,
Касиет калган ушул бойдон.


2- кыз: - Көл айлана Бугу уруусу,
Кыргыз-казак элин билген,
Кайтарып эки жолборс,
Ээрчий кошо жүргөн.

1- кыз: - Аппаз акемди карачы,
Калк ичинде даңкталган.
Калыстыгы касиет,
Кара кылды как жарган.

2-кыз: - Ай ааламга билинип,
Арык элин билгизип,
Айкелдеп күмбөз коюлду,
Айтарлык берип тоюңду.

1- Бала : -Аппаз Жайнаковдун омур чыгармачылыгы боюнча айтып отот.



Апаз Жайнаков 1960жыл,6март-2013жыл,9октябрь . Бул ысымды укканда орукзарлуу Баткенди элестетерибиз бышык. Ал өрүкзарлуу Баткен жергесинде Орто-Боз айлында 1960-жылы 6 март куну жарык дүйнөгө келген. Апаз Жайнаков-Кыргыз Республикасынын Эл артисти. Обончу жана аткаруучу. Анын гимнге тете ыры Түмөнбай Байзаковдун сөзүнө жазылган “Кыргыз жери” деген ырга жазылган обону. Обончунун андан башка дагы алтымышка жакын элдин журогунон тунок тапкан “Бийге чакыруу”, “Кыргызымдын сулуу кыздары”, “Өрүкзарга кетели”," Аман жар","Сагындым жазды","Кайбереним" жана “Ак гүлүм” сыяктуу обондору бар эле.Акындардан Надырбек Алымбеков,Маркабай Аматов,Биримкул Алыбаев жана Барпы Алыкуловдун ж.б жазган ырларын акарждионду сыбызгытып обон чыгарып ырдап журчу.Баткендин атын алыска чыгарган татыктуу уулдарынын бири жана сыймыгы.Маркум адам катары ото жонокой,бой которбогон,татыктуу мыкты жигиттеринин бири болчу.Козу отсо да, жер устундо обондору оболоп кыргыз элинин эсинде туболуко кала берет.


Керегеташ Күңгөй,
Жерин билсек Аппаздын,
Эштек, торок аралаш,
Кебин билсек Аппаздын.

Сары алтындай сөздөрүн,
Сактап келген эл дечи.
Өз ордун алды тарыхтан,
Калыстан жок теңдеши.
Баткендик акылмандардын,
Аппаз аке кенжеси.

Аппаз акенин арбагына бата кылабыз.
Бала: - Бул бир мисал турмуштагы атанын,
Таамай айткан нечен сөзүн укканмын,
Чечен Искак, калыс Искак,
Искак аке аталып,
Бийик туткан элдин ыйык тумарын.

Кыз: - Атаке сизде болгон улуу
Чындык деп чырылдаган калкка калыс.
Мейли топ, мейли жыйын кайсы кезде,
"Жарк" этип, чагылгандай жанган алыс.

кыз: - Аталар сөз атасы, сөз батасы
Акылдын чалкып жаткан океаны,
Көк теңир, Лейлек жерди ээлеп,
Таркаган чар тарапка даңазасы.

Бала:

Исхак Раззакович Раззаков (25 октябрь 1910, Коросон айылы, Фергана областы, Россия империясы — 19 март 1979, Москва шаары, СССР) — Кыргыз элинин улуу жетекчиси, мамлекеттик жана саясий ишмер. 1918-жылдан Ленинабаддагы балдар үйүндө тарбияланган. Ташкендеги педагогикалык техникумун (1931 ж.), Москвадагы пландоо институтун бүтүргөн(1936 ж.). 1945-1950-жж. Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы, 1950-1961 жж. Кыргыз ССР Коммунистик партиясынын Борбор комитенин биринчи катчысы болуп иштеген.

1945 – 61-жылдары элибизге албан эмгек өтөп, 35 жашында Министрлер Советинин Председатели, 40 жашында Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин Биринчи катчысы болот. Ошентип, Октябрь революциясынан кийин 33 жыл өткөн соң гана Москва республикалык партиялык уюмду, демек Кыргызстанды башкаруу милдетин биринчи ирет кыргыз кулунуна ишенип тапшырган… Төрт Ленин, эки Эмгек Кызыл Туу ордендери, Ата Мекендик согуштун биринчи даражадагы, Кызыл Жылдыз ордендери жана көптөгөн медалдар менен сыйланган.

Ошол кездери мен Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинде инструктор болуп иштеп жүрүп, Исхак Раззаковичтин акылман, ишмер, адилет, эң таза, кадрларга, өзгөчө жаштарга камкор экенин жакындан өз көзүм менен көргөн элем. Кызыгы, чоң-чоң жыйындарда чечендик учкул сөздөрү менен элди сөзсүз 2-3 ирет күлдүрүп, отургандардын маанайын көтөрүп коймой артыкчылыгы да бар эле. Чыныгы Жолбашчы, нукура Көсөм эле деп ошол кишини айтуу керек! Айрыкча, ал элибизди түндүк-түштүккө, урук-урууларга жиктөө, жердешчилик өңдүү эски калдыктарды өтө зыяндуу илдет катары эсептеп, ага каршы күрөшкөнүн баса белгилемекчимин.

1955 – 56-жылдар болуу керек. Идеологиялык иштин абалы боюнча Кыргызстан КП БКнын чоң жыйыны өткөн. Ораторлор сөздөрүн бүткөн соң И.Раззаков корутунду сөз менен чыгып сүйлөйт. Ага берилген бир суроону ачык окуп берет. Анда “Эмне үчүн Илимдер академиясында жана партиялык-советтик кызматтарда жалаң эле Түндүк жактан, Ысык-Көлдөн келип иштеп жатышат?” – делиптир. Аягына кол коюлбаптыр. И.Раззаков күлүмсүрөп: “бул суроого жооп бербесе да болот эле. Себеби, ээси жок, колу да жок. Ошого карабастан жооп бербесек болбойт. Анткени, суроо өтө манилүү. Суроону берген адам Кыргыздын тарыхын билбесе керек. Демек, мен бир аз токтолоюн… Падышалык Россия мурда Кыргызстандын түндүк жагын каратып албады беле? Ошондой эле, Советтик бийлик да түндүк жакта мурда болбоду беле? Биринчи техникумдар, жогорку окуу жайлары да мурда пайда болбоду беле? Ошондуктан, кадрларды даярдоо ушул жактан башталбады беле?..Карагылачы, педтехникумду, медтехникумду бүтүргөн 16 –17 жаштагы балдарын путевка боюнча түштүккө кызматка жөнөтүп жатып, маңдайынан сылап, бетинен өөп, узатып жатып “жакшы иштегиле” деген ата-энелерге биз чоң рахмат айтуубуз керек ! -дегенде, залда отургандардын баары дүркүрөтө кол чабышкан. Ошентип, ал балдар окууну бүтүп, түштүк жакка келип, билимин таратуунун натыйжасында, түштүк жактан билимдүүлөр, академик-профессорлор өсүп чыгышына мен толук ишенем”, – деп өз сөзүн бүтүргөн. (“Эркин Тоо”, 13-сентябрь, 2005).

Кийин пенсияга чыкканда да И.Раззаков кичи мекени Кулунду айлына барганда бир жердеши “Сен бийликте турганда кадрларды жалаң Түндүктөн тандоочу элең”, – деп, кычык сөз айтканда Искак Раззаковичтин “Мен үчүн Кыргызстан – бир жер, бир эл !” – деп, берген жообу элибизде учкул сөзгө айланды. Маркумдун бул сөзү бардыгыбыз, айрыкча жетекчи кадрларыбыз үчүн ураан болуп калышы керек!

Эми сөз Кыргызстан КП БКнын Биринчи секретары И.Раззаковдун жана Министрлер Советинин Председатели К.Дикамбаевдин адилетсиздик менен иштеринен кандайча бошотулганы жөнүндө болсун. КПССтин тарыхый ХХ съездинен (ага И.Раззаков, К.Дикамбаев да катышкан) кийин өлкөдө кырдаал жакшы жагына өзгөрө баштады. Съезд союдук жана автономиялык республикалардын укуктарын кеңейтүүнү, жергиликтүү шарттар менен өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен зарыл маселелерди өздөрү чечүү үчүн аларга көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү берүү керектигин белгиледи. Москва көрбөй-билбей келген жергиликтүү көйгөйлөр эми туура чечилет деген үмүт-тилектер да туулду. Кыскасы, өз алдынчалыгыбыз күчөйт деген ойго келдик. А бирок…

1961-жылдын 8 – 9-майында Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин VI пленуму болуп, ал “Эл чарбасын башкарууда жана кадрлар менен иштөөдө кетирген чоң каталары жана кемчиликтери үчүн” партиянын Борбордук Комитетинин биринчи секретары И.Р.Раззаковду, “Министрлер Советинин ишине начар жетекчилик кылгандыгы үчүн” Министрлер Советинин Председатели К.Дикамбаевди иштеринен бошотту. Атайын айтылган официалдуу “себеп” ушул эле. Бирок, бул чечим иштен эптеп кетирүүгө, чыныгы көздөгөн максатты жашырып-жабууга курулай шылтоо гана болгон. Эмесе эл, коомчулук билсин үчүн дал ушул жөнүндө ачыгын айталык.

1956-жыл Кыргызстан үчүн ыңгайлуу болду. Ошол жылы пахтадан, кант кызылчасынан жана башка өсүмдүктөрдөн жогорку түшүм алынды, эт, сүт өндүрүү да бир кыйла артты. Айыл чарбасын өнүктүрүүдө жетишкен бул ийгиликтери үчүн Кыргыз ССРи 1957-ж. Ленин ордени менен сыйланды.

Бала: "Отурчу, балам – Искак садагасы
Түш көрсөм бийик терек чынар башы
Ошол кылда учунда олтурупмун
Балдарым жете албады мага баары"
Искак акенин арбагына бата кылып, Кадамжайга көздөй жол тарттык. Жолдо карата автобус менен баратып көл жөнүндө обондуу ыр менен көңүлдүү барабыз.
Хор:
Атың жакшы Ысыккөл,
Ата-бабам сыйлаган.
Айланасы жашыл төр,
Сулуулукту жыйнаган.
Көрбөй калсам сагынып,
Куса болуп, куса болуп кыйналам.
Бала: - Баткендеги оля аке көзү ачык, олуя чалыш, согуш тактикасын мыкты билген, адамды бир көрүп сын берген, айтканы эки чыкпаган, мүнүшкөр саяпкер, батакой касиеттүү инсан, аба ырайын кандай болоорун да алдын ала айта турган тубаса астроном болгон.
Кыз: - Кыргызда "Жети атасын билбеген жетесиз", "Тегин билбеген тексиз" деген сөз бар, мунун маанисин ата-бабаңды, элиңдин өткөн тарыхын, ким экендигин билип унутпай жүр, жакшыларынан таалим ал, жамандыгы болсо кайталаба дегенди түшүндүрөт, дегеле кыргыз баласы жети атасына чейин жаңылбай билүүгө милдеттүү, мойнундагы парз. Демек, билбегенибизди билип алсак жаман болбойт деп улуу-кичүүгө акыл кылып айткандан тажачу эмес экен.
Бала: - Сабатар Атакандын денеси жара басып дары дегендерден айыкпай коет. Оля аке келип көрүп: "Мунуң жылдан өтүп кетиптир, сазда солкулдаган ак тикендин бойго жетип, бышып турган кези, бир боодой түбүнөн кесип келип, казанга салып жаш козунун эти бышкыдай убакыт кайнатып, кабыгын аарчып үч маал бергиле, жума өтпөй айыкпаса мага келгиле", - дептир. Атакан чын эле төшөгүнөн турат.Оля акенин арбагына бата кылып жол тарттык. Автобуска түшүп "Ысыккөл вальсы" хор ырдалат.
Жай-кышы бийлеп, сайран куруп,
Толкундар жээкте ойногон.
Аккуудай канат жайган булут,
Кылоолоп көлдү бойлогон.

Эрлан: - "БулАбдыкадыр аке тилинде мөөрү бар, таңдайында сөөлү бар, оң жагында бөгүп жаткан бөрү бар" (Эл сөзүнөн).
Айтканы аңыз кепке айланган, аткарган элдик иши унутулбай адамдардын жүрөгүндө сакталган "Акелердин" бири Абдыкадыр аке.

Атыркүл: - Абдыкадыр акенин айтканы айткандай төп келген, жекече касиет жылоологон, качан болсо калыс кебинен жүргөн адам, элинде кадыры чоң болгон. Ошол доордогу "атка минерлер" катары таанылган.

Мирлан: - Сөзүнөн бал таамп, уккан адамдын бүйүрү кызыйт: "Дүйнөдө жети жетим бар, тыңшабаган сөз, чөп чыкпаган жер, багылбаган мал, кемпири жок чал, бойго жетип эр албаган кыз, элинен кеткен эр, башчысы жок эл жетим дейт.


Азыркы Баткен облусу, Кадамжай районунун Охна кыштагында туулган.

1907-1916-ж наабайчыга жалданып иштеген.

Түркстандагы жумушчу кыймылына катышкан.Кыргызстанда Совет бийлигин орнотууга жана чыңдоо үчүн күрөшкөн, атуулдук (граждандык) согуш мезгилинде катардагы жоокердне отряд командирине жана саясий жетекчиге чейин көтөрүлгөн.

1920-1923-ж айылдын,болуштун,райондун революциячыл комитеттерин башкарган.

1924-1925-ж Ош округдук эмгекчилер советинин жер бөлүмүнүн башчысы, катчысы болгон.Кыргыз областтык жумушчу,дыйкан жана солдат депутаттар советинин уюштуруу сьездине делегат болуп, анда Кыргыз областтык аткомунун төрагалыгына шайланган.

1925 жылдын 31 мартында Кара кыргыз автоном облусунун биринчи уюштуруу курултайында Кара кыргыз автоном облусунун Председателдигине (төрагалыгына) депутаттар трабынан шайланган. Ошентип, бүгүнкү эгемен Кыргыз мамлекетинин биринчи Президенти Абдыкадыр Орозбеков богон десек акыйкат кеп болот.

1926 жылы Кыргыз АССР Борбордук Аткаруу Комитетинин Төрагасы болуп депутаттар тарабынан шайланган. Жусуп Абдрахмановду Кыргыз АССР Эл комиссарлар Советинин председателдигине дайындоо жөнүндөгү Указга кол койгон. Кыргыз АССР Конституциясын иштеп чыгууга чоң салым кошкон. Касым Тыныстановду Эл агартуу министри кылып дайындаган. Төрөкул Айтматовду( Чынгыз Айиматовдун атасы) Жалал Абадга аким кылып дайындаган.


1936-ж Кыргыз ССР Борбордук Аткаруу Комитетинин төрагасы болуп депутаттар тарабынан шайланган.

Ошентип, чыгаан инсан Абдыкадыр Орозбеков 1925 жылдан 1937 жылдын октябрь айыны чейин Кыргызстандын мамлекет башчысы, азыркыча айтканда Президенти болуп абирдүүлүк менен иштеген.

Сталинизм доорунда жалган айып менен камалып, атууга өкүм кылынган. 1938-жылы аттырылган.

1956-ж 21-майда партиялык жагынан акталган.

Анын айткан сөздөрүнөн

Эгемен Кыргызстан маалында Орозбековдун эстелиги ар кывл жерлерде орнотулду. Анын ишмердиги иликтенүүдө. Ал айткан осуят сөздөр кайра таразаланууда."Акыйкат акыры жеңет""Ажал бизди алып кетсе, эл эмгектен эскерет""Бул дүйнөдө ким карып? Карышкырдан кайыр күткөн кой карып, Каркчыдан кайыр күткөн калк карып"


Кайдадыр бир күйүү сезим агылып,
Бүт дүйнөгө мончоктору чачылды.
Эң биринчи бул дүйнөдө үн катып,
Ким койду экен Баткен деп атыңды,


Көбүнчө Абдыкадыр акенин
Калууда аты аталбай
Көп урук Баткен элине
Кадырлуу экен Бакайдай

Кыз: - КеменгерАбдыкадыр акебиз,
Жашаган кылым карыта.
Жашоодо айткан нускасы,
Кылымдар менен жарыша.

Бала : - Ашуусу бийик белдеймин
Агыны катуу селдеймин.
Эми эле табылбайт
О-о Абсамат сендейим .


"Асыл сөз сурасаң, Абсамат акеге бар

Күңгөй, Тескей Алатоону курчаган,
Тоолорунда жайлоолор көп сандаган,
Кадимки эле Көкөтөйгө аш берген
Көлдүн башы Каркыраны жайлаган,
Калка болуп элин сактап жоосунан.
Калың топто Абсамат сайраган.

Кыз: - Тириликте ар пенденин жолу бар,
Абсамат ааламда жок чечен болгон,
Ташка түшкөн журт тагдырын чечишкен,
Туюктурган кыйын кезде, тайгак жолдон.
Туура сүйлөп башка элдерге кадырлуу,
Тууган элге болуптур бекем коргон.



Үйгө тапшырма: "Батендеги жети акеси" жөнүндө чакан дилбаян жазып келүү. Синквейн, кластер, Венндин диаграммасы түзүлөт. Каалоочулар ыр жазып, элестетип сүрөт тартып келүүгө уруксат берилет. Сабактын соңунда окуучулардын билимдери бааланат.


7