СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарбиялык сабак "Алтын куз"

Нажмите, чтобы узнать подробности

5-класстар учун тузулгон тарбиялык сабактын планы

Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык сабак "Алтын куз"»

Сабактын темасы : Мекенимде алтын куз

Сабактын максаты:

- окуучулар жыл мезгилдеринини ичинен куздун өзгөчөлүгүн билишет

- Күз берекелерин айта алышат

-Күздөгү аба ырайына мүнөздөмө бере алышат

- Мөмө жемиштердин ар биринин пайдалуу жактарын айта алышат

Сабактын жабдылышы:

Сары жалбырактар, мөмө жемиштер ( алма анар, жүзүм, жангак ж.б

Ватмандар, клей, кайчы, маркер ж.б

Сабактагы негизги иш аракеттер:

Диалог, дискуссия, ангемелешүү, тоитордо иштөө

Сабактын жүрүшү:

1-кадам: Уюштуруу иштери,. Класстагы окуучуларды мугалим 6 топко бөлөт. 1-топ «Алма», 2-топ «Жангак», 3-топ «Ѳрүк» , 4-топ «Жүзүм» 5-топ «Дарбыз» , 6-топ «Коон» деп аталат. Ар бир топко бирден ватман, бир нече жалбырак, клей, кайчы, маркер берилет. Убакытты белгилеп топторго жалбырактардан куз мезгилинин бир көрүнүшүн жана топтун атын чагылдырган сүрөт тартууга тапшырма берилет. Окуучулар жалбырактарды кыркып, ватманга жабыштырып , чыгарма жаратыш керек.

2-кадам: убакыт бүткөндөн кийин топтор өз чыгармаларын жактоого чыгышат. Ар бирине кол чабышып , кубаттап турушат. Эн жакшылары мугалим тарабынан бааланат.

3-кадам: «Күз мезгили силерге эмнеси менен жагат?» деген суроо менен окуучуларга кайрылам. Окуучулардан жооптор алынып , кызуу талкуу жүрөт.

4-кадам: Мугалим куз жөнүндө ырды окуп берем. Окуучулар да көрктүү окушат. Эмне үчүн күздү жоомарт дешет?

Окуучулар өз ойлорн айтып жооп беришет

Жоомарт күз

Жоомарткуз берекесин төгүп турат,

Жер эне балдарына белек сунат

Элимдин курсагы ток бейкутчулук

Жаш балдар көнүлү шат оюн курат



Мээримге берекеге толгон күзүм

Коон, дарбыз, анар, алма, албан түшүм

Тандырга апам жабат ысык нанын

Айылды өрдөп кетет ачуу түтүн



Кочушу толуп кызылга атакем жүрөт кубана

Жайлата баккан эгиндин түшүмүн жыйнап убара

Боекчу күзүм баарына жаны түс берди карачы

Алтын түс алып заматта өзгөрдү жашыл тукаба.

5-кадам: Улукбек Оиокеевдин «Кеч күз» деген ыры менен сабак жыйынтыкталат

Кеч куз

Кээде ачык, кээде асман түнөрүнкү

Тоо жактан суук тарткан илеп келет

Кун дагы баштагыдай ачууланбай

Мемиреп жылуу салкын нурун төгөт



Чокулар аппак кардан калпак кийип,

Сарыга алмашылган жашыл кымкап

Куураган бак башында жалбырактар

Дирилдеп чакыргансыйт колун булгап



Тунжурап тиктеп койуп алды жактан

Аралап бара жаттым калын бакты

Кечээ эле көк шиберди араласам

А бугун кечип барам жалбыракты



Аппак кар жака көздөй энкейишип

Айлана суук тартып барат улам

Шамалга кайып учкан жалбырактын

Тушумун сугум арта карап турам



Конур куз уста белем бак –даракты

Түркүн түс бойокторго боеп койгон

Күрөнү , кызылы бар кээси сары,

Кээ бири саргая элек жашыл юойдон.

Уйго тапшырма: окуучулар мөмө жемиштер жөнүндө ырларды , табышмактарды жазып жаттап келишет











































КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ

«АК ЧЫЙЫР» БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМУ







ТАРБИЯЛЫК САБАК







Тема: Алтын күз

6-класс







Мугалим: Савыржан кызы Самара

ТББ: Маматова Венера Галжигитовна





Исфана 2018-жыл