СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарбиялык сабак. Тема: "Чыныгы достук"

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык сабак. Тема: "Чыныгы достук"»

Жалал-Абад областы , Сузак району, №4 Б.Шамшиев

атындагы гимназия класстары бар орто мектептин

кыргыз тили жана адабияты мугалими

Атабева Назира .

Сабактын темасы: Чыныгы достук.

Максаты: Көрсөткүчтөрү

1. Дос жана достук ,анын мааниси ,кадыры жөнүндө түшүнүктөрүн тереӊдетишет.

1. Дос жана достук жөнүндө түшүнүгү болсо,анын кадыр-баркын түшүнүшсө.

2. Дос ,достук жөнүндө өз ойлорун айтышат, макалдарды ,ырларды көркөм окушат.

2. Достук,жана өз достору жөнүндө ой-пикирин кеӊири түшүндүрө алса ,ырларды көркөм окушса,макалдар билишсе.

3. Теманы талкуулоо аркылуу мамилелешүүгө,эркин сүйлөөгө өз пикирин билдире алууга,ынтымактуулукка, достукка тарбияланышат.

3. сабактын жүрүшүндө бири-бири менен эркин баарлашса,өз ойлорун коргой алышса,бирин-бири уга билишсе,ынтымактуу болушса.

Сабактын усулу : интерактивдүү

Сабактын тиби: стандарт эмес,жомок сабак.

Сабактын жабдылышы:жомок каармандардын сүрөттөрү,синквейн, кроссворд,маркер,ж.б.

Сабак аралык байланыш: адабият,кыргыз тили , биология.

Сабактын жүрүшү: 1. Уюштуруу

Саламдашуу: Амансыӊбы ,кайрымдуу асман ата?!

Амансыӊбы , мээримдүү жер эне?!

Амансыӊбы ,жаркыраган алтын күз?!

Амансыздарбы урматтуу мугалимдер?!

Саламатсыӊарбы балдар?!

Маанайыӊар кандай?!

Кана , эмесе бүгүнкү тарбиялык сабагыбызды баштаардан мурда ар бирибиз өз маанайыбызды жакшы,сулуу бир нерсеге окшоштуруп ,салыштырып айтып беребиз.

Мисалы : менин маанайым асмандай ачык, меники ачылып турган кызыл гүлдөй,ж.б.

2. Класстагы катышууну кароо,санитардык абалына көӊүл буруу.

3. Үйгө берилген тапшырманы эске алуу.

Өтүлгөн темабыз” Ден-соолугуӊду жашыӊдан сакта” –деген тема болчу,тема боюнча сүрөт тартуу макалдар,ырлар даярдоо.Окуучулар өздөрү даярдаган сүрөттөрүн көрсөтүшүп, сүйлөп беришет.

4. Жаӊы сабак:

Балдар , бүгүн силер менен дос, жана достук жөнүндө сөз кылмакчыбыз.” Дос” деген сөздү ар кимибиз өзүбүзчө түшүнөбүз ,ошол түшүнүктөрдү толуктап, ортого салып, талкуулайбыз.

Баарыбыз “досум,досум” –деп күндө көп жолу айтабыз,бирок, ощол сөздүн маанисин түшүнөбүзбү? Кимдин досу ким? – деген суроо менен кайрылам. Эмне үчүн ? (балдардан жооп алам)

Келгиле , силер менен бүгүн жомоктор дүйнөсүнө саякат жасайбыз.Биз жомокторду укканды жакшы көрөбүз,туурабы? Бүгүн силерге мен бир мүмкүнчүлүк бергим келип турат, азыркы жомогубузда өзүӊөр катышасыӊар. Мен да силер менен катышам албетте. Анда келгиле баштасак.

“Жомок ачкыч көӊүлгө

Жомок барбайт төгүнгө

Чындык дайым билгени

Жомок билим өмүргө.

Илгери деп айтпайын

Анда сөздү баштайын

Ак кар баскан Ала-Тоону мекендеп,

Жашап келет анда “кыргыз”-деген эл

Берекелүү жерлеринде жердешип

Жети дубан жайгашыптыр элдешип.

Сөз кылабыз мында силер менен биз

Жалал-Абад жергесине барабыз

Анда бардар Сузак деген району

Буларды биз айтпай койсок болобу?

Бек –Абад деген айылы дагы бар

Анда мектеп жаркыраган эӊ сонун

№4 Бурханали Шамшиев

Гимназия класстары бар

Бул мектепте бир класс

Аз эмес,көп эмес 38 саны бар

Ынтымактуу , жакшы достор алар.

Ушул класс жөнүндө сөз кылабыз:

Бир күнү алар, барышыптыр эс алууга

Көӊүл ачып, чер жазып дем алууга

Калыӊ токой ичинде аралашып,

Гүл теришип , ыр ырдап көӊүл ачып.

Ойношту,куунашты жаратылыш койнунда

Күн кайтып, үйгө кайтар мезгил келди

Чогулушуп , кетүүгө камынышты

Эжекеси карап көрүп,санап көрүп ,

Караса бирөөсү жок---ал ким?

Эми эмне кылабыз?

Аны кайдан табабыз?

Таштап кетсек болобу?

Издөөгө баары камынып,

Турушкан кезде шашылып,

Дал ошондо пайда болду күз ханышасы.

КҮЗ ХАНЫШАСЫ :

Мен билем досуӊар кайда экенин

Досум,досум дейсиӊер

Достугуӊарды сындан өткөрөйүнчү

Билимиӊерди таразалап көрөйүнчү.

Силер досуӊарды табуу үчүн

Токойду аралашыӊар керек

Андагы жаныбарлардын

Тапшырмаларын аткарышыӊар керек.

Эгер чыныгы дос болсоӊор

Анда аны тез эле табасыӊар

Баарыӊар биригип,

Үйүӊөргө кайтасыӊар.

Мугалим : Келгиле ,балдар, досубузду издөөгө жол алалы,кеттик анда.

Жолдо баратып 1- коёнго жолуктук.

КОЁН: Дос,достук жөнүндө эмне билесиӊер,аны кандай түшүнөсүӊөр? Айтып берсеӊер андан ары жолуӊарды улантасыӊар.

  • Окуучулар жоопторун беришет, андан ары баратышып, карышкырга жолугушат.

КАРЫШКЫР: Дос,достук жөнүндө макалдар айтып бергиле.

Жүз сомуӊ болгончо , жүз досуӊ болсун.

Дос кыйын күндө билинет. ж.б.

Андан ары кирпини жолуктурдук.

КИРПИ: Менин тапшырмам,досуӊарды табууну кааласаӊар төмөндөгү синквейнди толтургула.

СИНКВЕЙН.

ЗАТ АТООЧ: дос

СЫН АТООЧ: жакшы,бекем,ынтымактуу.

СИНОНИМ: курбу,курдаш,жолдош.

АНТОНИМ: душман ,кас.

ЭТИШ: достошуу.

ФРАЗА: Досуӊа кыянат кылба, убадага бек бол!
Андан ары куу түлкү күтүп туруптур.

ТҮЛКҮ: достук жөнүндө ырлардан көркөм окуп бергиле.

Балдар ырларды көркөм окушат.

Андан ары баратышып, жыланды жолуктурдук.

ЖЫЛАН: Жүз жолу уккандан ,бир жолу көргөн жакшы көрүнүш көрсөтсөӊөр силерди өткөрүп жиберем.

Сахна көрунүш көрүнүш көрсөтүшөт.

Андан ары жолубузду улантып баратып, аюу балбанга жолугуп калдык.

АЮУ: Досуӊарды табууга аз эле калдыӊар, менин да тапшырмамды аткарып көргүлөчү ,кроссворд толтурушуӊар керек болот.

КРОССВОРД: “Чыныгы дос”







Ч

ы

н

д

ы

к







Ы

н

т

ы

м

а

к

м

е

к

е

Н






ч

Ы

л

ы

м


к

ы

р

Г

ы

з


а

л

т

Ы

н





д

у

ш

м

а

н

о

ш

с

у

у







1. Калптын антоними.

2. Ырыс алды.........

3. Туулуп өскөн жер------

4. Тамекинин синоними.

5. Адабий тилибиз.

6. Туулган жердин топурагы...........

7. Дос деген сөздүн антоними.

8. Экинчи борборубуз.

9. Ансыз жашоо жок,ал өмүрдүн булагы.

Мына балдар кроссворду да толтуруп алдык, эми андан ары жол алсак,дегенде алдыбыздан кундуз чыга келди.

КУНДУЗ: силер аябай тапкыч,досуӊарга күйүмдүү балдар экенсиӊер ,ушунча тапшырмаларды унчукпай аткарып келе жатасыӊар, эми менин да акыркы тапшырмамды аткарсаӊар дегем.келгиле достук жөнүндө обондуу ыр ырдайлы.

Обондуу ыр : “Дос менен”.

КҮЗ ХАНЫШАСЫ: Балдар.силер өз тапкычтыгыӊар,билимиӊер, менен досуӊарды таптыӊар.(жоголуп калган баланы жетелеп келет),дайыма ынтымактуу болгула, достугуӊар түбөлүктүү бекем болсун!Рахмат силерге!

Жыйынтыктоочу сөз: Мына балдар , биздин жомогубуз да өз аягына жетип келди, жакшылык, биримдик ,өз билимибиз менен досубузду калыӊ токойдо жалгыз калтырбай таап келдик.Эми үйүбүзгө кеттик.

Үйгө тапшырма: Достук жөнүндө чакан гана эссе жазып келгиле.

БААЛОО: сабакка катышкан окуучуларды аткарган ролдоруна ,ырларына, макалдарына, берген жоопторуна карап бааланат.































2018-ж «Аймактарды өнүктүрүү” жылына арналат.

Гүлдө кыргыз гүлдөгүн

Гүлдөй турган кез келди

Өскүн кыргыз, өсө бер

Өсө турган кез келди.

Ушул жылы жакшы жыл деп аталды

Аймактарды өнүктүрүү каралды

Ааламга жол айылыӊдан башталат

Ар бир аймак өнүгүүгө бет алды.

Жети дубан жетигендей жарышып

Ар биринин алдында чоӊ максаты

Борборум- Бишкек баштады

Боорунда Чуй да жанаша

Тоолуу Нарын толукшуп

Өнүгүүнүн алдында

Талас турса талашып

Өнүгүүгө бет алып.

Ордолуу Ош ошондо

Аймактарын каранып.

Баткен дагы бел байлап

Өнүксөм деп калды да

Жумуштун эӊ жакшысы

Жалал- Абад шаарында

Толкуса Ысык-Көл дагы

Дуйнө элин суктантып,

Агылып келсе эл дагы

Өнүксө Ысык-Көл дагы.

Аймактарды өнүктүрүү жылында

Ар бир аймак жакшылыкка бет алсын!

Ар биринин алдында чон максаты

Так ошондой өнүгушүп кете алсын!






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!