СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарбиянын багыттары

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тарбиянын багыттары»



Экологиялык тарбия берүү-жаратылышты коргоого,жаратылышты сүйүүгө,жаратылышка гумандуу мамиле кылууга,жаратылышты сарамжалдуу пайдаланууга жана коргоого багытталган көп жылдык үзгүлтүксүз жүргүзүлүүчү чоң процесс болуп саналат.Экологиялык тарбия берүүдө негизинен экологиялык көйгөйлөрдүн жаралуусуна каршы ар кандай ыкмаларды иштеп чыгууга басым жасалуусу зарыл.







Дене тарбиясы.

Дене тарбиясы адамдын ден-соолугун бекемдеп,дене жагынан жетилүүсүн камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүчү тарбия системасынын бир бөлүгү.

Дене баланын акыл-эси,адеби,жөндөмдүүлүгү,жалпы эле адамдык сапаттары алгач анын ден-соолугунан толук көз каранды болот.Окуучунун ден-соолугуна,саламаттыгына кам көрүү интеллектуалдык,

психофизиологиялык жөндөмдүүлүктөрүн,социалдык жактан өзүн аныктоонун калыптанышына,өнүгүшүнө көмөктөшөт.



Көп маданияттуулукка тарбиялоо

Маданият латын тилинен которгондо-тарбия, «тарбиялануу»дегенди түшүндүрөт.Маданият-бул көп учурда адамдын өзүн-өзү байытууга байланыштуу болгон тигил же бул тармактагы иши.

Маданияттуулуктун түрлөрү.

1.Материалдык маданият

2.Кыргыз элинин сөз маданияты

3.Жан дүйнө маданияты

4.Кыргыз элинин музыкалык маданияты

5.Кыргыз элинин диний маданияты

6.Кыргыз элинин байыркы маданиятынан сабак алуу

Адеп тарбиясы

Адамдын коомдогу моралдык

аң-сезимин жашоодогу максатка жараша калыптандыруу,ызааттуу жүрүм-турум көндүмдөрү,өз элинин үрп-адаттарын сактоого,байытууга жана башка улуттардын дагы үрп-адаттарын урматтоого тарбиялоо.

Адамдын эрки менен рухий байлыгынын шайкеш келиши адеп-ахлакка жатат.Адеп тарбиясы чынчылдыкка,адептүүлүккө жана ар ким өзүнүн жүрүм-турумуна сын көз менен кароого,башка кемчиликтерин адилет сындоого үйрөнөт.

Ал-коомдук аң-сезимдин эң маанилүү формасы.Демек,тарбия башаты-адеп тарбиясы болуп саналат.







Тарбиялоо процессинде педагогдун ролу.



Тарбиялоо процессинде педагогдун милдети инсандын бардык жактан калыптануусуна таасир этүүчү,түрткү берүүчү чөйрөнү,шартты жаратып алуусу!

Окуучунун эстетикалык табитин,көркөм ойлоосун,талантын баалоодо жагымдуу чөйрө

түзүү-педагогдун негизги милдети болуп саналат.









Акыл-эс тарбиясы

Акыл-эс тарбиясынын негизги максаты:Баланын ой-чабытын өстүрүү,сезимталдык,зиректик,

тапкычтык,анализдеп,салыштырып,

айырмалап,окшоштуруп корутунду чыгара билүүгө үйрөтүү.Балдарды бардык тараптан өнүктүрүүдө эс-акылды тарбиялоо маанилүү орунду ээлейт.

Акыл-эс тарбиясынын милдети-окуучулардын эс-акылын,таанып-билүү жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүнү жетекчиликке алуу,алардагы интеллектуалдык ишмердикке болгон кызыгуусун арттыруу.Акыл тарбиясынын мазмунун жаратылыш,коом жана адам жөнүндөгү өндүрүштүн негизиндеги билим түзөт.



Мекенчилдикке тарбиялоо



Ата Мекен-бул биз туулуп өскөн жер.

Ар бир адам-улутуна,тилине,динине карабастан жашап жаткан Мекенин сүйсө,чын дилинен кызмат кылса бул мекенчилдик.

Жаш муундарга чыныгы улуттун руханий баалуулуктары: тарых,улуттук адабият,элдик педагогика,каада-салт жана маданият аркылуу сугаруу жолу менен гана туура тарбия берилгенде өз Мекенин,ата-бабасы тутунган динин саткан жарандардан коомду тазалай алабыз.





Жарандык тарбия.



Жаран-укуктук негизде белгилүү бир мамлекетке таандык,өзүнүн кызыкчылыктарына эмне төп келе тургандыгы жана кайсы саясий тандоосу ага бул кызыкчылыктарды камсыздоого мүмкүндүк бере тургандыгы жөнүндө жеткиликтүү билимге ээ болгон адам.Демек,бүгүнкү күндөгү жаран-жарандуулукка ээ болуу менен гана чектелбей,эртеңки күндө өзүнүн тандоосун жасап,ал үчүн жарандык жоопкерчиликти мойнуна алууга милдеттүү.







Эмгекке тарбиялоо.



Эмгек тарбиясы-мектепте жүргүзүлгөн иштердин курамдык бөлүгү.Бул максатка жетүү үчүн төмөндөгү милдеттерди иш жүзүнө ашыруу керек.Эмгекке тарбиялоодо ата-эненин ролу чоң.

1.Окуучунун акыл эмгеги менен күч эмгегин айкалыштырып,анын интеллектуалдык деңгээлин көтөрүү.

2.Эмгекке аң-сезимдүү,чыгармачыл мамиле жасоого тарбиялоо.

3.Эмгек көндүмдөрүн,билгичтиктерин калыптандыруу.

4.Эмгек маданиятын,эмгекти уюштуруучулук жөндөмүн арттыруу.





Тарбия иштеринин негизги багыттары.



1.Адеп-ахлактык тарбия.

2.Жарандык тарбия.

3.Мекенчилдикке тарбиялоо.

4.Жаратылышты сүйүүгө тарбиялоо.

5.Көп маданияттуулукка тарбиялоо.

6.Эстетикалык тарбиялоо.

7.Эмгекке тарбиялоо.

8.Экологиялык тарбия.

9.Дене тарбиясы.

10.Жыныстык тарбия.

11.Акыл-эс тарбиясы.

12.Тарбиялоо процессинде педагогдун ролу.



Жаратылышты сүйүүгө тарбиялоо.



Адамзат жашоосунун бир бөлүгү-бул жаратылыш.

Жаратылышты коргоо боюнча тиешелүү мыйзамдар менен окуучуларды тааныштыруу.Абанын,суунун,айлана-чөйрөнүн тазалыгы-бул адамдын өзүнө көрүлгөн камкордук экендигин ар бир окуучуга жеткиликтүү түшүндүрүү.

Жаратылышты коргоо аркылуу окуучу кайрымдуулукка,боорукердикке,

өз чөйрөсүндөгү көркөмдүктү сезе билүүгө тарбияланат.





Эстетикалык тарбиялоо.



Табияттагы жана өз турмушундагы кооздукту,сулуулукту сезе жана туя билүүсү баланын эстетикалык тарбияланышына ата-эненин дагы ролу чоң таасир берет.

Эстетикалык тарбиялоодо искусство,театр,стилдүү кийинүү дагы таасир берет.

Эстетикалык тарбия балдардын сезимин ойготуп,ишке,окууга болгон жөндөмдүүлүгүн арттырат.













Тарбия иштеринин негизги багыттары