Лекция -3
Тема: Кан жана жүрөк кан тамырлар системасынын курак өзгөчөлүктөрү.
План:
1.Кандын көлөмү,курамы жана физико-химиялык касиеттери.
2. Гемодинамика.
3.Журөк –кан тамырлар системасынын курак өзгөчөлүктөрү.
4. Кандын кызматы,формендик элементтери.
Кандын мааниси. Кандын кан тамырларындагы тынымсыз аракети жүрөктүн автоматтык жумуш иштөөсүнүн негизинде камсыздалат. Кан кишинин жашоосу, өнүгүшү, жумуш жөндөмдүүлүгү үчүн негизги турмуштук мааниге ээ.
1. Организмдеги кандын саны жашка жараша болот. Жаңы төрөлгөн баллада ал денесинин массасынын 15%тин түзөт. 1 жаштагы баланыкы денесинин массасынын 11%тин, 14 жаштагы өспүрүмдө 9%, 70 кг болгон чоң кишинин организминде 5-5,5 л кан болот.
1мм3 канда 4-5 млн, адамдын бүткүл канында болсо- 25 трлн. эритроцит эсептелет. Жаңы төрөлгөн баланын 1мм3 канында 4,5 ден 7 млн. го чейин эритроцит болот. Балдарда жана өспүрүмдөрдө эритроциттердин саны бир топ жекече өзгөрүүлөргө дуушар болуп турат.
Чоң кишинин канында 700-800 гр чейин гемоглобин болот. Скелет булчуңдарында миоглобин деген белок бар. Ал организмдеги кычкылтектин 14%ке жакынын кошуп алышы мүмкүн. Бул кычкылтек жетишпегендеги резерв, ал күч эмгегине чыгымдалат. Каны 1- группадагы адамдардын плазмасында агглютининдин эки түрү тең болот. Эритроциттеринде болсо агглютиногендин эки түрү тең жок болот. 2-группадагы адамдардын канынын плазмасында агглютинин В, эритроцитинде болсо агглютиноген А болот. 3-группадагы адамдардын канында агглютинин А жана агглютиноген В кездешет. 4-группадагы адамдардын канында плазмада агглютинин болбойт, эритроцитинде болсо агглютиногендердин (А, В) эки түрү тең болот.
Чоң кишиде лейкоциттердин саны 1мм3 канда 4-8 миңге чейин жетип, өзгөрүп турат. Канда алардын азайып кетишин лейконемия деп атайт. Кан клеткалары боордо, көк боордо, лимфа түйүндөрүндө, сөөктөрдүн кызыл мээсинде жаралат. Боор кан жасап чыгарууга, бала эненин курсагында өрчүп жаткан учурда гана катышып, төрөлгөндөн кийин катышпай калат. Көк боор кан клеткаларын өмүрдүн биринчи 7 жылында абдан көп жаратат, кийин бул функциясы төмөндөй баштайт. Сөөк мээнин кан жасап чыгаручу бөлүгү болуп сөөктөрдүн кемигинде жана түтүк сөөктөрдүн баштарында жайланышкан. Бала төрөлгөндөн баштап бардык сөөктөрдүн көңдөйлөрү, сөөктүн кызыл мээлери менен толгон болот. 4 жашынан баштап анын жарым жартылайы чучук майы менен алмашат. Чоң кишиде ал сөөк мээсинин жалпы массасынын 50% тин гана түзөт. Акыл жана күч эмгегинде организмде зат алмашуу жогорулайт, ал ички чөйрөнүн кандын өзгөрүшүн пайда кылат. Сабактын акырында кенже класстын окуучуларында интенсивдүү акыл эмгегинин натыйжасында орточо лейкоцитоз пайда болот. Кандын уюу ылдамдыгы жогорулайт. Кандын илээшкектигин өзгөрүү багыты, эритроциттердин тунуу ылдамдыгы, кандагы глюкозанын концентрациясы баштапкы чоңдукка жараша болот. Эгер сабакка чейин алар жогору болсо, кийин алардын төмөндөшү байкалат. Балдардын жана өспүрүмдөрдүн организми чоң кишилерге караганда кычкылтектик муктаждыкка сезгич келет. Кубаттуулугу боюнча бирдей жумуш аткарганда 12-14 жаштагы спортсмендин канында кычкылтек 11%, 16-17 жаштагыда 11,8%, 22-27 жаштагы эркекте 12,5 % ке б.а. дээрлик кирдей чоңдукка төмөндөйт. Мында кандагы өзгөрүү 12-14 жаштагыларда бир кыйла олуттуурак болот. Кычкылтектик муктаждыкка эң жогорку сезгичтик жана эң төмөнкү туруктуулук 12-17 жаштагы өспүрүмдөр менен жаштарды айырмалап турат. Балдардын, өспүрүмдөрдүн жана жаштардын бул өзгөчөлүктөрүн дене тарбия жана спорт практикаларында эсепке алуу керек. Кандын организмдеги кыймылын кан айлануу дейбиз. Аны кан айланууга бириккен атайын органдардын бир бүтүн функционалдык системасы ишке ашырат. Ага жүрөк жана кан тамырлар- толто, артерия, артериолдор, капиллярлар, ичке жана жоон веналар кирет. Жүрөк – кан айлануу системасынын негизги органы. Ал 4 камерадан: ортосу дүлөй аралык тосмо менен тосулган ( оң жана сол) эки дүлөйдөн жана ортосу карынча аралык тосмо менен тосулган ( оң жана сол). Эки карынчадан турган ичи көңдөй булчуң болуп эсептелет. Оң дүлөй оң карынча менен үч айчык клапан аркылуу, сол дүлөй болсо сол карынча менен эки айчык клапан аркылуу байланышып турат.
Жүрөктүн чоңдугу адамдын өзүнө жараша ар кандай келет. Алар жашка, жыныска дененин чоңдугуна, жашоо- тиричиликке жараша болот. Жүрөктүн массасы жашка жараша чоңоёт, 9 жаштагы баланын жүрөгү орто эсеп менен 130-140 гр, 12 жашта 184 гр, 15 жашта 250 гр, чоңдордо 250-300 гр түзөт. 13 жаштагы кыздарда ушул эле жаштагы балдарга салыштырганда чоңураак, эркектердин жүрөгү аялдардыкына караганда 10-15 % ке чоңураак болот. Жүрөктүн көлөмү эркектерде 700-900, аялдарда болсо 500-600 см3 га барабар. Спортсмендерде ал бир кыйла жогору жана 1400-1500 см3 га жетиши мүмкүн. Жүрөктүн жыйрылышын систола, шалдаюусун диастола дейбиз. Дүлөйлөр менен карынчалардын бир мезгилде шалдаюусун пауза дейбиз. Жүрөк иштегенде үн кубулуштары пайда болот. Жүрөктөн чыккан дабышты фонокардиографиянын ( грекче phone-дабыш, kardio-жүрөк, grapho-жазам) жардамы менен изилдешет. Жүрөктүн жыйрылышы ылдамдаганда жана күчөгөндө кандын басымы жогорулайт. Артериялар, капиллярлар тарыганда ал жогорулайт, алардын кеңейишинде болсо- төмөндөйт.
Пульс боюнча жүрөктүн жыйрылуу тездигин текшерүүгө болот. Бул чоңдук жашка, жыныска, организмдин абалына, сырткы шарттарга жараша болот. Жаңы төрөлгөн балада ал бир минутада 130-140, чоңдордо 70-75 болот. Балдарда пульс ошолэле жаштагы кыздарга караганда сейрек келет. 8 жаштагы балада пульстун ылдамдыгынын өсүшү жумуштун биринчи минутасында мурунку чоңдугуна караганда 50%, 17 жаштагыда 725ти түзөт. Жаш өткөн сайын жумуштан кийин жүрөктүн жыйрылуу ылдамдыгынын мурунку деңгээлине чейин калыбына келүү мезгили кыскарат. Жүрөктүн канды түртүп чыгарышы кандын систолалык көлөмү деп аталат. Анын өлчөмү жашка, жыныска дененин күч жагынан өрчүшүнө машыгуу даражасына жараша болот. 6-9 жаштагы балдарда ал орто эсеп менен 32 мл, 10-12 жаш 44 мл, 13-17 жашта 60 мл, чоң кишиде 60-80 мл. Кандын минуттук көлөмү жашка жараша өзгөрүп турат. 1 жаштагы балдарда 1,2 л, 5 жашта- 1,8 л, 10 жашта- 3,2 л, 16 жашта- 3,5 л түзөт. Чоң кишилерде 4-6 л. 8-11 жаштагы балдар жана өспүрүмдөр күч келбегендей жумуш аткаруу менен рационалдуу көнүктүрүшү керек.
Кан айлануу системасы.
Кан айлануу - бул жүрөк-кан тамырлар системасы аркылуу кандын жүрүшү. Кан айлануунун жрдамы менен организмдин ички чөйрөсүндөгү зат алмашуу, жылуулукту жөнгө салуу, ткандарга керектүү заттарды жеткирүү, зат алмашуудан чыккан организмге керексиз заттарды бөлүп чыгаруу ишке ашат жана анын негизинде кандын транспорттук ( ташыгыч) кызматы аткарылат. Байыркы грек окумуштуусу Гален кан жүрөктүн оң жагы менен веналарда кочкул, сол жагында жана артерияларда- ачык кызыл түстө болот деп байкоо жүргүзгөн. 1628-жылы англиялык врач У. Гарвей айбандарга тажрыйба жүргүзүп, кан тамырлар түзгөн туюк тегерек менен тынымсыз жүряп турарын , кан айлануунун негизги закондорун аныктаган. Бирок кан артериядан венага каитип өтөрүн ал түшүнгөн эмес. Бул эки кан тамырды байланыштырып турган капиллярлар экенин М: Мальпиги 1661-ж ачкан.
Кан тамырлар аркылуу кандын жылышы жүрөктүн кагуусуна байланыштуу. Кан айлануунун чоң жана кичине тегереги бар. Чоң кан айлануу тегереги жүрөктүн сол карынчасынан башталып, кан толтого андан кийин артериялар аркылуу бардык органдарга таралып, алардан вена системасы аркылуу жүрөктүн оң дүлөйчөсүнө куюлат. Андан кичине тегерегинде канн оң карынчадан чыгып, өпкө артериясы аркылуу өпкөгө барат. Анда газ алмашуу жүрөт: көмүр кычкыл газы бөлүнүп чыгып, кычкылтек канга өтөт .
1. Кандын транспорттук мааниси. Ашказан, ичегилерде сиңирилген азык заттар (белоктор, майлар, углеводдор, минералдык туздар, витаминдер, суулар) кан жана лимфа тамырларына сорулуп, кан аркылуу клеткаларга жеткирилет. Ошондой эле, кан өпкөдөн кычкылтекке азыктанып, клеткаларга жеткирет. Клеткалардагы зат алмашуунун натыйжасында пайда болгон ашыкча заттар (уу заттар) жана карбонат кислота канга өтөт. Бул заттар кан аркылуу бөлүп чыгаруу жана дем алуу органдарына жеткирилип, алар аркылуу сыртка чыгарылып жиберилет.
2. Кан организмди коргоо (иммунитет) функциясын аткарат. Кандын курамындагы лейкоциттер (ак кан денечелери) организмге кирген микробдорду жутуп, майдалап жана ээритип жиберүү жөндөмдүүлүгүнө ээ. Мындан башка, кан плазмасында белок денечелери (антителолор) болуп, микробдорду бири бирине жабыштырат жана эритип жиберет. Ошентип, кандын иммунитеттик функциясы организмди ар түрдүү жугуштуу оорулардан сактоого жардам берет.
3. Кан – организмдеги температуранын салыштырма туруктуулугун сактоодо катышат. Кандын үзгүлтүксүз аракетинин негизинде зат алмашуунун натыйжасында пайда болгон жылуулук энергиясы дененин көпчүлүк бөлүктөрүнө таралып, алардагы температуранын туруктуулугун сактайт .
2. Кандын формендик элементтери.
Кандын формендүү элементтерине эритроциттер, лейкоциттер жана тромбоциттер кирет. Алар кандын коюу бөлүгүн түзөт. Эритроциттер (кызыл кан денечелери). Эритроциттер кан иштеп чыгаруучу органда –жиликтин кызыл чучугунда түзүлөт. Ал эми кызыл чучук сөөктөрдүн кемирчек бөлүгүндө пайда болот.1 мм канда 4 – 6 млн. орточо 5 млн даана эритроцит болот. Эритроциттердин пайда болушу жана саны, нормада болушу, кишинин саламатчылыгына, тамактануусуна, дене тарбиясы менен машыгуусуна, күндүн ультрафиолет нурларынан пайдалануусуна байланыштуу. Айрыкча, тамактын курамында белоктор, темир заты, В группасына кирүүчү витаминдер жетишерлик даражада болушу шарт. Эритроциттер 120 күн тегерегинде жашайт. Андан кийин алар боорго же көк боорго бөлүнөт.Эритроциттердин негизги милдети организмдин бардык клеткаларын кычкылтек менен камсыздоо болуп эсептелет.
Лейкоциттер- ядролуу ак кан денечелери болуп, 1мм канда 6 – 8 миң даана лейкоцит болот. Лейкоциттердин санынын көбөйүүсү – лейкоцитоз,азайып кетиши лейкопения деп аталат. Лейкоциттер сөөктөрдүн кемирчегинде жана кок боордо пайда болушат. Лейкоциттердин негизги кызматы– организмди жугуштуу оорулардан сактоо болуп эсептелет. Алар организмге кирген микробдорду жутуп, эритип жиберет. Бул кубулуш фагоцитоз деп аталат.
Тромбоциттер (кан пластинкалары). Тромбоциттер сөөктөрдүн кемирчегинде жана көк боордо пайда болот. Ядросу болбойт. 1 мм канда 300 – 400 миң даана тромбоцит болот. Алар лейкоциттер сыяктуу 2 – 5 күн жашайт. Тромбоциттердин негизги кызматы кандын уюшуну камсыз кылат. Тромбоцит курамында серотонин заты болуп, ал кан тамырларды тарытат жана кан кеткен учурда аны уюшун тездетүү касиетине ээ.