СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарых 7-класс Жүз жылдык согуш

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тарых сабагы боюнча слайд сабак

Просмотр содержимого документа
«Тарых 7-класс Жүз жылдык согуш»

Дүйнөлүк тарых  7-класс Мугалим: Нурматова Нургүл

Дүйнөлүк тарых 7-класс

Мугалим: Нурматова Нургүл

Сабактын темасы: Франция жана Англия (11-15- к).Жүз жылдык согуш.   Сабактын максаты:   Франциянын биригишинин себептери,Англиядагы королдук бийлик жөнүндө окуп билишет.

Сабактын темасы: Франция жана Англия (11-15- к).Жүз жылдык согуш. Сабактын максаты:   Франциянын биригишинин себептери,Англиядагы королдук бийлик жөнүндө окуп билишет.

Жаңы тема: Жүз жылдык согуш  (1337-1453) - Англия менен Франциянын ортосундагы согуш. Жүз жылдык согуштун башкы себеби: Англия (12-кылымдын орто чени) басып алган Франция жерлери жана бай Фландрия үчүн болгон күрөш. Согуштун 1-мезгилинде (1337-60) англиялыктар деңизде Слейсенин (1340), кургакта Кресинин (1346), Пуатьенин (1356) жанында жеңишке жетишип, Франциянын көп жерин басып алган. Франциянын абалы оордоп, экономикасынын начарлашы элдин кыжырлануусун күчөткөн да, Париж көтөрүлүшүнүн (1357-58) жана дыйкандар согушунун (к. Жакерия) чыгышына алып келген. Француз өкмөтү 1360-жылы Бретанда түзүлгөн келишимдиноор шарттарын аргасыз кабыл алган. Англия басып алган аймактарда улуттук-боштондук кыймыл күч алган. 14-кылымдын 70-жылдарында француздар англиялыктарды дээрлик бүт кууп чыккан, бирок бул ийгилик феодалдардын ич ара талаш-тартышынын кесепетинен андан ары бекемделген эмес. 15-кылымдын башында англиялыктар согушту кайра баштап, Азенкурдагы (1415-жылы 25октябрь) жеңиштен кийин Түндүк Франция менен Парижди ээлеген. Ошондо англиялык баскынчыларына каршы бүт француз эли көтөрүлгөн. 1429-жылы Жанна д’Арк баштаган француздар англиялыктарды кыйратып, Орлеанды курчоодон куткарган. 1436-жылы англиялыктар Парижден куулуп чыгарылып, Шампань (1441), Мен жана Нормандия (1450), Гиень (1453) жана башка шаарлар бошотулган. Жүз жылдык согуш Бордодо (19. 10. 1453) англиялыктардын жеңилиши менен аяктап, борборлошкон Франция мамлекетин түзүүдө маанилүү этап болгон

Капетингдер  (латынча Capetingi, французча Capetiens) – француз королдорунун династиясы (987–1328). Династиянын негиздөөчүсү Гуго Капет болгон. Анын учурунда королдук бийлик шайлануу жолу менен эмес, мурас түрүнө өткөн. 14-кылымдын башында Капетингдер Франциянын аймагын кеңейтип, борбордошкон мамлекет түзүүгө аракеттенген. Карл IV өлгөндөн кийин (уулдары болбогондуктан), француздук таажы Валуа династиясына өткөн. Капетингдер династиясынын өкүлдөрү: Гуго Капет (987– 996), Роберт II (996–1031), Генрих I (1031–60), Филипп I (1060–1108), Людовик VI Толстый (1108–37), Людовик VII (1137–80), Филипп II Август (1180–1223), Людовик VIII (1223–1226), Ыйык Людовик IX (1226–70), Эр жүрөк Филипп III (1270–85), Филипп IV Сулуу (1285–1314), Людовик X (1314–16), Филипп V (1316–22), Карл IV (1322–28).