СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Кириш\\.Борбор боюнча маалымат бер\\.
Кыргыз Республикасынын жалпы орто билим берүүчү уюмдарындагы «Кыргызстан тарыхы жана дүйнөлүк тарых» боюнча предметтик стандарт Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндөгү» Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014- жылдын 21- июнундагы № 403 - Токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын жалпы мектептик билимдин Мамлекеттик билим берүү стандартынын» негизинде иштелип чыккан жана жалпы билим берүүчү уюмдарда «Кыргызстан тарыхы жана дүйнѳлүк тарых» предметин окутуунун негизги багыттарын аныктайт. Предметтик стандарт окутуунун жалпы стратегиясын аныктайт, мектепте жогорку 10- 11-класстардын окуучуларын тарбиялоо жана өнүктүрүүдө – «Кыргызстан тарыхы жана дүйнѳлүк тарых» предметинин окутуу каражаты, «Социалдык» – билим берүү областынын максатына шайкеш келип, мамлекеттик милдетүү билим берүүнүн мазмунуна, мектептеги окуучулардын жана бүтүрүүчүлөрдүн тарыхый билиминин даярдыгынын деңгээлине талаптарды коет. «Кыргызстан тарыхы жана дүйнѳлүк тарых» боюнча 10-11-класстар үчүн предметтик стандарт негизги жалпы билим берүүнүн базистик окуу планы, жалпы билим берүү уюмунун окуу планы, негизги жана кошумча жалпы билим берүүчү программалар, окуу китептери жана окуу-методикалык колдонмолор менен комплексте колдонулат. Мамлекеттик стандартта бөлүп көрсөтүлгөн бардык окуучулар үчүн үйрөнүүгө милдеттүү нормалар жана мамлекеттик стандарттын базасында вариативдүү программалардын түзүлүшү инсанга багытталган билим берүүнү жүзөгө ашырууну, ар бир окуучунун муктаждыктарын эске алган окутуу чөйрөсүн түзүлүшүн шарттайт. Стандарт компетенттүүлүк багытында жазылган бардык окуучулар үчүн күтүлүүчү натыйжалардын деңгээлин белгилейт. «Кыргызстан тарыхы жана дүйнѳлүк тарых» боюнча стандарт окутуу жараянынын – окутуу, баалоо жана предметтик ѳзгѳчѳлѳнгѳн белгилүү компетенцияларды ɵнүктүрүү негизги элементтеринин призмасы аркылуу сапаттуу билим берүүнү камсыздоого салымын кошот. Дал ушул компетенциялар бүтүрүүчүгѳ коомдук жашоого активдүү аралашуу (интеграциялануу), жашоонун реалдуу, ɵзгɵрүлмѳ шарттарына ылайыкташууга мүмкүнчүлүк берет. Негизги билим берүү программаларынын алкагында бардык билим берүү уюмдарынын окутуу формасына карабастан Мамлекеттик билим берүү стандартына дал келиши керек. Стандарттын жоболору төмөнкү уюмдар тарабынан колдонууга жана сакталууга тийиш: -тибине жана түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мамлекеттик же жеке менчик уюмдарында; -башталгыч жана орто кесиптик билим берүүчү уюмдарында; - эл аралык билим берүүчү жана башка мамлекеттик, өкмөттүк эмес билим берүү уюмдарында; -Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде -Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлигинин лицензиялоо бөлүмүндө; -Улуттук тестирлөө борборунда; 4 -Кыргыз Билим берүү Академиясында жана башка мамлекеттик илимий изилдөө институттарында; -билим берүү системасындагы кызматкерлерди кайра даярдоо жана билимин жогорулатуу институттарында (борборлордо, курстарда); -мамлекеттик билим берүүнү башкаруунун аймактык органдарында; -жергиликтүү мамлекеттик башкаруучулук жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдар.
Компетенттүүлүк – адамдын ар түрдүү билимдердин, билгичтиктердин элементтерин жана иш-аракеттин ыкмаларын белгилүү бир кырдаалда (окуу, инсандык, кесиптик) өз алдынча колдонууга болгон интегративдик жөндөмдүүлүгү. Компетенция – (лат. competere – ээ болуу, шайкеш келүү, туура келүү) – окуучунун белгилүү бир кырдаалда (окуу, инсандык, кесиптик) натыйжалуу, майнаптуу иштөөсү үчүн зарыл болгон билим даярдыгына карата алдын ала коюлуучу социалдык талаптар (нормалар, стандарттардын тизмеси). Мектептик тарыхый билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты – билим берүүнүн программалык мазмунун (сабактын концепциясы, негизги билим берүүнүн милдеттүү минимум мазмуну, окуу жүктөмүнүн максималдуу көлөмү, бүтүрүүчүнү даярдоо деңгээлине талап, адистик, окуу-методикалык, материалдык-техникалык камсыздоо ж.б.) аныктаган ченемдик-укуктук документ. Мектептик стандарт – билим берүү уюму иштеп чыгып, бекиткен жана конкреттүү билим берүү уюмунун компетенциясынын чегинде окуу-тарбиялоо процессин уюштуруу боюнча анын өзгөчөлүгүн чагылдырган документ. Мектептик тарыхый билим берүүнүн базалык мазмуну – тарыхый билим алууну улантуу тепкичинде мектепте окутулууга милдеттүү сабактын мазмунун түзүлүшүнүн жана курамынын тизмеси. Мектептеги базалык тарыхый билим берүү мазмунун милдеттүү деңгээли – окутуу жараянындагы иреттүү тарыхый билимди өздөштүрүүгө багытталган ишмердүүлүк, тажрыйба жана жөндөмдүүлүк. Мектептеги тарыхый билим берүүнүн программасы – мектептик тарыхый билим берүү курсунун мазмунун аныктоочу нормативдик документ. Негизги компетенттүүлүктөр – бардык предметтер үчүн жалпы метапредметтик мазмунда ишке ашырылуучу билимдин натыйжалары. Алар көп функционалдуулугу жана предметтен кеңирилиги менен мүнөздөлөт. Алар: · автономдуу жана рефлексивдүү иштөөгө; · ар түрдүү каражаттарды интерактивдүү колдонууга; · социалдык ар кандай топторго кирүүгө жана алардын ичинде иштөөгө мүмкүнчүлүк түзөт. Негизги компетенттүүлүктөр – окуучулардын өздөрү өздөштүргөн турмуштук иш ыкмаларын теориялык жана практикалык милдеттерди чечүүдө колдонуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат. Предметтин концепциясы – мектептеги тарыхый билим берүү курсун системалык баяндоо, түшүнүү, түшүндүрмө берүү, жетектөөчү идеяларды ачып көрсөтүү, иреттөө жана өнүктүрүү. Предметтик компетенттүүлүктөр – негизги компетенттүүлүктөргө карата алганда жекече болуп саналат. Мамлекеттик билим берүү стандарты өзөктүү компетенттүүлүктөрдүн тизмегин аныктайт, ал эми предметтик стандарттар айрым алынган предметтердин материалында аларды предметтик компетенттүүлүктөр түрүндө конкреттештирет.
Тарых илими жана анын мааниси.
Тарых илими байыртадан эле гуманитардык илимдердин маанилүү тармагы катары эсептелет.
Тарых – адам коомунун өткөндөгүсү жана азыркы учуру, коомдук турмуштун ар кыл формаларынын мейкиндик-убакыт өлчөмдөрүндө өнүгүшүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрү жөнүндөгү илим. Тарыхтын мазмунун адамзат турмушундагы өзгөрүүлөр, сакталып калган тарыхый эстеликтер менен булактардагы маалыматтар түзөт. Алар аркылуу элдердин, мамлекеттердин чарбасын, ички жана тышкы коомдук турмушун, тарыхый инсандардын ишмердиктерин билебиз.
Тарых өзү окута турган объекттин көлөмү боюнча дүйнө тарыхы (бүткүл дүйнөлүк же жалпы тарых), континенттердин (мисалы, Азия жана Африка тарыхы), айрым бир өлкөлөрдүн, элдердин же элдердин тобунун тарыхы (мисалы, Кыргызстан тарыхы, Россия Федерациясынын тарыхы ж.б.) болуп бөлүнөт.
Тарых азыркы адамзатка кызмат кылып жаткан илимдин дүйнөдөгү эки миңдей тармактарынын ичинен эң байыркысы, нарктуусу жана барктуусу. ЮНЕСКОнун рейтинг таблицасында тарых азыркы илимдердин ичинде төртүнчү орунда турат. Тарых илимдин башка тармактары өзгөчө философия, социология, саясат таануу, психология, укук таануу, адабият таануу, экономика теориясы, ал тургай физика, математика, астрономия, биология өңдөнгөн табигый илимдер менен да тыгыз байланышта өнүгөт. Бирок алардан айырмаланып, тарых коомдун өнүгүү процесстеринин ар кыл жактарын бир тутумда карап, коомдук турмуштун бардык жактарын (экономиканы, саясатты, маданиятты, турмуш-тиричиликти ж. б.) бири-бири менен байланышта талдайт. Илимдин азыркы кездеги тармактары адам коомунун өнүгүшүндө өздөрүнүн тарыхына ээ. Ошондуктан илимдин жана искусствонун бардык тармактарынын (физиканын, музыканын, астрономиянын, кинонун ж. б.) өздөрүнүн тарыхы бар. Тарых менен башка илимдердин ортосунан тарыхый география, тарыхый геология сыяктуу тармак аралык илимдер калыптанып өнүгүүдө.
Тарыхый таанып-билүүнүн функциялары.
Тарых бир катар социалдык функцияларды аткарат. Алар:
1. Таанып-билүүчүлүк функцияны аткарат. Анткени тарыхты окуган адам элдердин, мамлекеттердин өнүгүшүн объективдүү чындыктын негизинде үйрөнүп, адамзат тарыхы боюнча өзүнүн интеллектуалдык деңгээлин байытат.
2. Саясий-практикалык функцияны аткарат. Себеби бул илим тарыхый фактыларды теориялык жактан терең талдоо менен, коомдун өнүгүшүнүн жалпы мыйзам ченемдүүлүктөрүн аныктайт. Бул илимий негиздеги саясий багытты аныктоого, субъективдүү чечимдерден оолак болууга өбөлгө түзөт.
3. Дүйнө таануучулук функцияны аткарат. Тарых өткөндөгү тарыхый маанилүү окуялар, тарыхтын өнүгүшүнө салым кошкон инсандар, ойчулдар жөнүндө документалдуу повесттерди жаратат. Тарых түзгөн объективдүү чындык – окуучунун дүйнөгө, коомго, анын өнүгүшүнүн мыйзам ченемдүүлүгүнө терең түшүнгөн илимий көз карашынын калыптанышына жардам берет. Тарыхты изилдөөдө жана үйрөнүүдө фактылардын ролу өтө зор. Коом жөнүндөгү илим фактыларга таянат. Фактылар тарых илиминин пайдубалын түзөт. Тарыхый жыйынтыктар илимий негизде болушу үчүн тигил же бул тарыхый процесс, окуя боюнча бардык фактыларды чогултуу, аларды терең талдоо зарыл. Ошондо гана объективдүү тыянакка келип, таанып-билүүнүн илимий негиздүүлүгүн камсыз кылууга болот.
4. Тарбиялык функцияны аткарат. Бардык элдердин тарыхын, жалпы тарыхты билүү адамдын жарандык мүнөздөмөлөрүн – патриоттуулук жана интернационалдык сапаттарын калыптандырат; коомдук өнүгүүдөгү элдердин, айрым жарандардын ролун аныктайт; адамзаттын адеп-ахлактык эрежелерин аңдап билүүгө мүмкүндүк берет; адамдык абийир, коом алдындагы милдет өңдүү дөөлөттөрдү баалоого, коомдогу жана адамдардагы жакшы-жаман сапаттарды ажыратууга, билүүгө, жакшы эмес сапаттардын коомго, адамдардын тагдырына тийгизген кесепет-кейирин аңдай алууга мүмкүндүк берет.
Улуу Конфуций: «Келечекти аңдап билүү үчүн өткөн тарыхты үйрөнгүлө», - деген. Анткени тарыхты үйрөнүү тарыхый түшүнүктөр менен ой жүгүртүүгө, коомду тынымсыз өнүгүүдө кароого, учурдагы коомдук турмушту өткөн мезгил, доор менен салыштырып баалоого, келечекке илимий негизде көз жүгүртүүгө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Учурду, өткөн турмушту жана келечекти, тарыхый биримдикте, хронологиялык жана диалектикалык байланышта кароо – тарых илиминин эң негизги милдети.
Тарыхты изилдөө жана үйрөнүү ыкмалары – башкы маселелерден. Мындан эки миң жылдай мурун эле тарыхый ой жүгүртүүдө эки негизги багыт пайда болуп, бүгүнкү күнгө чейин тирешип, талашып, өнүгүп, жашап келүүдө. Алар: тарыхты идеалисттик жана материалисттик түшүнүү.
Тарыхты идеалисттик түшүнүү концепциясын жактоочулар материя менен жаратылышка караганда рух менен аң-сезим биринчи жана маанилүү деп эсептешет. Ушуга байланыштуу алар тарыхый өнүгүүнүн жүрүшүн жана мүнөзүн адамдардын руху жана аң-сезими аныктайт, ал эми экономикадагы ж. б. чөйрөдөгү процесстер экинчи орунда туруп, рухка баш иет дешет. Ошентип идеалисттер тарыхый процесстин негизин адамдардын руханий адеп-ахлактык деңгээли аныктайт, адам коомун адамдар өздөрү өнүктүрөт, ал эми адамдарга андай жөндөмдүүлүктү Кудай берген деп эсептешет.
Тарыхты материалисттик түшүнүү концепциясын жактагандар тескерисинче далилдешет. Бул боюнча адамдардын аң-сезимине карата материалдык турмуш биринчи орунда турат. Экономикалык түзүлүш, коомдогу процесстер жана кубулуштар рухий өнүгүүнү, адамдардын ортосундагы башка мамилелерди аныктайт.
Тарыхты түшүнүүдөгү бул эки концепция пайда болгондон бери адамзат коомундагы не деген залкар акылмандар бул экөөнүн кимиси туура деген маселенин тегерегинде баш катырып, таймашып келет. Бул күрөштүн негизинде коом жөнүндөгү илим да тынымсыз өнүгүүдө. Дүйнө тарыхында XIX к. ортосуна чейин тарыхты идеалисттик түшүнүү үстөмдүк кылып келген. Бул концепция батыштын тарых илиминде азыр да басымдуулук кылат.
Тарыхтын негизги мезгилдерге бөлүнүшү.
Тарых илиминин орчундуу маселелеринин бири – адам коомунун тарыхый өнүгүшүн мезгилдерге бөлүү болуп эсептелет. Коомдук өнүгүүнү хронологиялык тартипте мезгилдерге бөлүүдө дүйнөдөгү бардык өлкөлөргө же алдыңкы өлкөлөргө тиешелүү чечүүчү факторлор негиз болуп келген.
Тарых илими пайда болгондон бери окумуштуу тарыхчылар коомдук өнүгүүнү мезгилдерге ажыратуунун түрдүү варианттарын иштеп чыгышкан.
Алсак, байыркы грек акыны Гесиод (б.з.ч. VIII – VII кк.) элдердин тарыхын беш мезгилге (кудай жараткан, алтын, күмүш, жез жана темир) бөлүп, улам кийинки мезгилде адам-дардын жашоо деңгээли төмөндөйт деп белгилеген. Байыркы грек ойчулу Пифагор (б.з.ч. VI к.) айланпа теориясын жетекчиликке алып, өнүгүү бир гана нукта жүрөт, анын башталышы, гүлдөшү жана өлүмү бар деп эсептеген.
Немец окумуштуусу Бруно Гильдебранд (1812 – 1878-жж.) чарба жүргүзүүнүн түрлөрү боюнча адамзат коомун натуралдык чарба, акча чарбасы, кредиттик чарба деп үч мезгилге бөлгөн.
Орустун географ жана социолог окумуштуусу Л. И. Мечников (1838 – 1888-жж.) тарыхты суу жолдорунун өнүгүшү боюнча дарыя жолдорунун (байыркы цивилизация), Жер Ортолук деңиздик (орто кылымдар) жана океандык (жаңы жана соңку доорлор) жолдордун мезгили деп бөлөт.
XIX к. ортосунда К. Маркс (1818 – 1883-жж.) тарыхты материалисттик түшүнүү принцибинин негизинде адам коомун беш коомдук-экономикалык формацияга бөлгөн. Анын негизин өндүрүш ыкмалары – өндүргүч күчтөр менен өндүрүштүк мамилелердин конкреттүү биримдиги түзгөн. К. Маркстын формация концепциясы боюнча адам коому бири-бирин ырааттуу алмаштырган беш коомдук-экономикалык формациялар (алгачкы жамааттык, кул ээлөөчүлүк, феодалдык, капиталисттик жана коммунисттик) боюнча өнүгөт.
К. Маркстан айырмаланып, батыштын окумуштуулары XX к. тарыхый процесстер, аймактык цивилизациялар айланпа боюнча бири-бирин алмаштыруу принциби менен өнүгөт деген теорияны негиздеген. Алардын көрүнүктүү өкүлү А. Тойнбинин (1889 – 1975-жж.) пикири боюнча адамзат тарыхында цивилизациянын 13 түрү бири-бирине көз карандысыз жашап келген. Алардын ар бири пайда болуу, гүлдөө жана кыйроо доорун баштарынан өткөрөт деген. Анын пикири боюнча азыр дүйнөлүк цивилизациянын 8 түрү жашап жатат.
Америкалык окумуштуу У. Ростоу (1916-ж. туулган) XX к. 60-жылдарында экономикалык өнүгүү стадияларынын теориясын иштеп чыккан. Ал экономикалык өнүгүүнүн беш стадиясын (салттуу коом, өткөөл коом, «учуу» жана акырындап жылуу мезгили, бышкан мезгил, жогорку массалык керектөө эрасы) көрсөтөт. 70-жж. У. Ростоу буларга алтынчы стадияны кошуп, аны адамдын турмуш шарттарын сапаттуу жакшыртуунун жолун издөө мезгили деп атаган. А. Тойнби менен У. Ростоунун теориялары батышта колдоого алынган.
Байыркы доор.
Эң байыркы доор
Кыргызстандын аймагында байыркы адамдардын Орто-Азия чөлкөмүндө табылган эӊ эски турактарынын бири болгон Оӊ-Арча үӊкүрү жайгашкандыгы белгилүү. Бул үңкүрдүн тарыхый эстеликтери дүйнөлүк тарыхтын маанилүү парчасы болуп саналат.
Бул мезгилде төмөнкү доорлор өткөн:
Палеолит (4.5млн.жыл-12мин жыл илгери)
Мезолит (12.000 жыл-7.000 жыл илгери)
Неолит (7.000-5.000 жыл илгери)
Эрте коло доору (б.з.ч.III мин жылдыктын соӊу – II миӊ жылдыктын башы)
Орто коло доору (б.з.ч. XVI-XII кылымдары)
Соӊку коло доору (б.з.ч. XII-IX кылымдары)
ТЕМИР
Байыркы элдер
Сак урууларынын биримдиги (б.з.ч.VI-II кылымдар)]
Сактар
Андан кийинки тарых Кыргызстандын жергесинде жана жамаатташ жайгашкан аймактарда биздин заманга чейинки VIII-II кылымдарда жашаган сак урууларынын тарыхы менен байланыштуу.
Акыркы кездеги археологиялык изилдөөлөргө караганда, сактардын этногенези кеч коло доорундагы ар кыл – карасук, бегазы, херексур, бугу таштары өңдүү борбордук азиялык маданияттар менен байланыштырылууда. Б.з.ч. тарыхый жазма булактарда биринчи кездешкен көчмөн калк катары белгилүү болгон сактар тууралуу кабарларды грек авторлору Геродот, Страбон, Ктесий, Квинт-Курций жана персиялык Дарий биринчинин учурундагы жазуулар (Персеполись, Бехистун), ошондой эле кытай жазма булактары (Ханьшу, Шицзи) беришет.
Б.з.ч. VIII-VII сактар күчтүү Ассирия, Урарту мамлекеттерине коркунуч келтирип турган. Сактардын Зарина аттуу падышасы Мидия падышачылыгы менен азыркы Ирандын территориясында Парфиядагы бийлик үчүн ийгиликтүү салгылашып турган. Б.з.ч. 558-жылы бийликке келген перс падышасы Кир 20 жылга жетпей Кичи Азияны, Закавказьени, Сирияны, Палестинаны, Орто Азияны басып, күчтүү держава түзөт. 543-539-жылдары Кир аскерлерин түндүк-чыгышка карай багыттап, болжолу сактарды багынткан. Кир сактар менен согушпастан гана, кээде жардам сураган учурлары болгон; Лидия падышасы Крез менен согушканда сактар жардам берген. 530-жылы Падыша аял Томиристин колунан жеңилген Кирдин өлүмүнөн соң сактар көзкарандылыктан бошойт. 522 жылы бийликке келген I Дарий кайра 519-ж. сактардын жерин басып алат. Айрым сак уруулары убактылуу I Дарийдин бийлиги астында болгону менен, катуу басмырланбаган. Сактарга ишеним көргөзүлүп перс падышасынын тандалма аскерлеринин катарында перс падышасынын гвардиясында, "он миң өлбөстөр" гвардиясында кызмат өтөшкөн. Грек-перс согушунда сактар перстер тарапта согушкан. 518-жылы I Дарий масагеттерге каршы жортуулга чыгып жеңишке жетише алган эмес Алар сактар
Хуннулар
Негизги макала: Хуннулар
Б.з.ч. III кылымдын акырында негизделген хуннулардын Улуу дөөлөтү, Мете (Модэ) шанүйдүн мезгилинде, 203-201 жылдары түндүктү карай багытталган жортуулдарында хуньюй, кюеше, динлин, гэгунь (кыргыз), цайли калктарын баш ийдиргени белгилүү.
Метенин мураскору Лаошандын тушунда б.з.ч. 177-жылы хунну аскерлери юэчжилерди, Чыгыш Түркстандагы ээликтерди баш ийдирет. Кийинки чабуулда юэчжилер алыс батышка кетип, эки ордого бөлүнгөндө, анын бири болгон чон юэчжилер өз жеринен Ганьсу аймагына, Теңир-Тоонун түндүк тарабына келишип, бул жердеги сактарды талкалап, баш ийдиришкен. Юэчжилерден кийин, «Улуу көч доорунда», б.з.ч. 160-158 жылдары Жети-Сууга Ганьсудан усундар келет. Б.з. I кылымынын ортосунда Борбордук Азиядагы Хуннулардын державасы эки ордого бөлүнөт. Кийинчерээк түндүк хунндары тышкы душмандардын кысымдарына жеңилип, бир бөлүгү сянбилерге багынып, бир бөлүгү батышка кеткен. Теңир-Тоодо, Жети-Сууда жашаган сактарды жана юэджийлерди багындарган усундар өздөрүн «хуннулардын вассалдарыбыз» деп эсептеп келишкен.
Борбордук Азиядагы хуннулардын урпактарынын орто кылымдардагы түрк тилдүү калктарынын калыптанышында орду бар. Анткени, хуннулардын боз үй жасоо ыкмалары, аскер куралдары, диний ишенимдери кийинки орто кылымдагы түрк тилдүү калктардын маданиятында уланат.
Давань мамлекети (б.з.ч. IV-I кылымдар
Даван мамлекети
Даван мамлекети фарсы жазма булактарында Паркана, кытай жылнаамаларында Да-юан (Дабан) деп аталган, б.з.ч. биринчи миң жылдыктын акырынан б.з. биринчи миң жылдыгынын башына чейин жашаган Фергандагы мамлекет болгон. Кытайдын хань империясы менен соода байланышы болгон. «Дабан асман аргымактары» менен таанылышкан; ошонун айынан б.з.ч. 104-102-жылдары кытайлыктар согуш ачып, натыйжада Эрши талкаланат. Кийинки борбору Гуйшан шаары болуп, хань бийлигин таануудан баш тартышкан. Б.з. 42-36 жылдары түндүк хуннулардын шанүйү Чжичжи давандыктарга жортуул уюштуруп, баш ийдире алган эмес. Кийин хун жана Кушан империялары бир канча ирет басып алганга аркеттенген. V кылымында Ферганадагы Дабан мамлекетинин ордун түрктөр, эфталиттер басып алган.
Даван мамлекетин падыша башкарып, анын жакын туугандарынан чыккан эки жардамчысы болгон. Бийлик чектелген монархия деп эсептелинет. Аксакалдар кеңешинин ролу жогору туруп, падыша бийлиги элди канааттандырбаса аксакалдар кеңеши анын бийлигин чектей алышкан, ал гана эмес өлүм жазасына тартууга укугу болгон. Кытай жазма булактарындагы маалыматтар боюнча аялдарды мыкты сыйлашкан; аялы эмне айтса, күйөөсү аткарууга тийиш болгон. Мамлекеттин ичинде 70 тен ашуун шаары болуп, калкынын саны 300 миңден ашкан. Дыйканчылык жана мал чарбачылык менен кесиптенишип, күрүч, буудай, беде, пахта эгишкен жана кой, эчки, төө, уй, жылкы багышкан. Даван мамлекетинин борбору болгон Эрши шаары болжолу Араван кыштагынын жанындагы Мархамат шаар урандысы турган жерде жайгашкан. Айрым окумуштуулардын пикиринде Эрши азыркы Ош шаарынын аймагында жайгашкан.
Усунь урууларынын мамлекети (б.з.ч.II- б.з. V кылымдар)
Усундар
Усундар б.з.ч. II кылымда Дунхуан аймагында (районунда) жана Хуанхэ дайрасынын жогорку агымы тарапта жашап, II кылымдын ортосунда (болжолу б.з.ч. 160 жылдары) Чыгыш Теңир-Тоого ооп келип жергиликтүү калкты багындырып Или жана Иссык-Көл, Теңир-Тоо, Алай аймактарынан конуш алган. Археологиялык маалыматтарга карганда жергиликтүү сактардан калган журту усундар менен аралашып жашап кеткен. Б.з.ч. 161-158-жылдардын аралыгында хуннулардан көзкаранды эмес деп жарыяланып, “Усун го” – усундардын мамлекети түзүлгөн. Усундардын башчысы куньмо (күн-бий, күн баг) наамында болгон. Калкы 120 миң түтүн, аскеринин саны 188 800гө жеткен бул мамлекеттин борбору Ысык-Көл аймагындагы Чигу шаары (Чигучен – кызыл өрөөндөгү шаар) болгон. Ал шаардын орду тууралуу учурда Кытайдагы Шаты, Ысык-Көлдөгү Сары-Булуң, Кызыл-Суу, Тоңдогу Кан-Дөбө чеби менен байланыштырылган бир канча пикирлер бар. Б.з.ч. I кылымдын акырында усундардын күн-бийи Унгуйминин кол башчылыгы астында хуннулар менен салгылашып жеңишкен. Негизинен мал чарбачылык менен кесиптенишип, ошону менен бирге эле отурукташып, дан эгиндерин айдап, туруктуу кыштакта жашаган журту болгон. Кийин алар батыш түрк каганатынын элине жуурулушкан.
Сактардын тарыхы аркылуу байыркы кыргызстандыктардын байыркы Иран жана Греция менен болгон байланыштары билинсе, андан кийинки усундардын (б.з.ч. II – б.з. V кк.) тарыхы аркылуу байыркы Хань доорундагы Кытай жана Гунндар менен болгон карым-катнаштарын көрүүгө болот. Усундардын доорунда Кыргызстандын жергеси аркылуу Ыраакы Чыгыш менен Жер Ортолук деӊизинин аймагын байланыштырып турган Улуу Жибек жолу негизделген. Ушул доордо Кыргызстандын жана жамааташ аймактарда жашаган элдердин арасына Индия тараптан буддизм дини кенири жайыла баштап, Кыргызстанга алгачкы жолу башка маданияттардын таасири кучак жая баштаган.
Көктүрктөр доору
Биздин замандын VI кылымынан тарта Кыргызстандын тагдыры даӊазалуу Байыркы Түрк империясынын тарыхы менен тыгыз байланышта болгон. Байыркы Түрк империясынын чек аралары Ыраакы Чыгыштан Жер Ортолук деӊиздин аймагына чейин созулуп, бул кеӊири аймактар Евразиянын Улуу Жибек жолу байланыштырып турган өлкөлөрүн өз кучагына алып турган. Бул доорлордо Кыргызстандын жергесине Византиядан Иран аркылуу Христиан дининин Несториан агымы жана Ирандын өзүнөн Зороастризм дининин Манихеизм агымы келип жайыла баштаган. VI кылымдан тартып X кылымдар аралыгындагы доор Борбордук Азиянын тарыхый-маданий аймагында, анын ичинде Теңир-Тоо чөлкөмүндө кыйла өзгөрүүлөрдү алып келген.
Түрк каганаты
Жужандар талкаланып, I Түрк каганаты негизделгенден кийин Бумын-кагандын иниси Истеми батыш аймактарга карай болгон согуштук жүрүштөрдү жетектеп, анын жортуулу Чыгыш Туркестандын, Теңир-Тоонун түндүк тарабы аркылуу Жети-Сууга, Орто Азияга карай багытталган эле. Теңир-Тоого чектеш аймактарда түрктөр эфталиттер менен кагылышкан. 555 жылы түрк уруулары батышындагы Жети-Сууну, Орто Азиянын талаа тилкесин, Сыр-Дарья, Аралга чейинки жерлерди ээлешет".
Батыш түрк (Он ок) каганаты (603-658
Батыштүрк каганаты
Биринчи түрк каганатындагы 20 жылга жакын созулган ич-ара тартыш 603-жылы империянын биротоло эки мамлекетке бөлүнүшүнө алып келет. Биринчи Түрк каганатынан өз алдынча Батыш түрк каганаты бөлүнгөндөн кийин ал "Он Ок Эли" деген мамлекет болуп атала баштайт. Мамлекеттин согуштук-административдик системасы "Он Ок Будун" деп аталган. Ал "дулу" жана "нушиби" деген ар бири беш уруудан турган канаттарга бөлүнгөн. "Ар бир муундагы башчыга бирден ок берилип, аларды Он Ок деп аташкан. Ар бир "ок" керек болгон учурда 10000 аскер берүүгө тийиш болгон". Андан тышкары алар он жана сол канатка бөлүнүшкөн. Кагандын тактысы Теңир-Тоо аймагында жайгашкан. Батыш түрктөрдүн "негизги ордосу" Жети-Суу жана Борбордук Теңир-Тоо болуп, батыш түрктөр каганатынын курамына Орто Азиянын көпчүлүк бөлүгү, Поволжье, Приурале аймагы Казахстан, Алтай, Жунгария, Чыгыш Туркстан кирген. Ал эми Алтай Батыш түрк каганатынын "чыгыш чек арасы" болгон.
Таш доору
Таш багыр
– адам коомунун өнүгүшүндөгү тарыхый-маданий мезгил. Бул учурда эмгек жана согуш куралдары негизинен таштан жасалып, жыгач менен сөөк да колдонула баштаган. Анын акыркы баскычында карапа идиштерди жасоо өнүккөн. Таш доору – адамзат тарыхындагы узакка созулган доор, ал адамдын айбанаттар дүйнөсүнөн бөлүнүп чыгышынан башталып (мындан 2,5 млн жылдай мурда), металл пайда болгонго (мындан 8 миң жылдай мурда) чейин созулган. Бул доор маданияттын өнүгүш өзгөчөлүктөрүнө ылайык байыркы таш доору (палеолит), жаңы таш доору (неолит) жана бул экөөнүн ортосундагы өткөөл доору – ортоңку таш доор – мезолит деп бөлүнөт. Булар да өз алдынча мезгилдерге ажырайт. Таш доору алгачкы жамааттык түзүлүш доорунун көп мезгилин камтыйт.
Учурунда КСРБнин аймагында таш дооруна таандык 900дөн ашык эстелик изилденген. Алар Орто Азияда, Казакстанда, Арменияда, Абхазияда, Түштүк Осетияда, Украинада, Молдавияда ж.б. жерлерде кездешет. Кыргызстандын аймагындагы Он-Арча жана Кожо-Бакырган-Сай палеолит "устаканасы" таш доорунун эң байыркы эстеликтерине кирет. Неолит доорунун эстеликтери Крымдын үңкүрлөрүндө, Ока, Жогорку Волга, Днепр, Балтика боюндагы жерлерде тараган. Неолиттин аягында мурдагы КСРБнин түштүгүндө, кийин түндүгүндө жез куралдары пайда болуп, энеолит доору башталган. Болжол менен миллион жыл мурун Түштүк Казакстанда, Борбордук Азияда, анын ичинде азыркы Кыргызстандын аймагында адамдардын үйүрлөрү пайда болгон. Кыргызстандагы эң байыркы адамдардын турмушун ошол кезде жасалып, массалык түрдө пайдаланылган таш куралдары аркылуу билебиз.
Байыркы таш доору палеолиттин биринчи баскычы болгон эрте палеолит учурунда Кыргызстандагы адамдар кадимки эле таштарды бири-бирине ургулап эң жөнөкөй кескичтерди, кыргычтарды, учтуу көзөгүчтөрдү, бычактарды ж.б. жасашкан. Кийинчерээк таштардын түрүн пайдалануунун натыйжасында андан жасалган куралдар акырындык менен өркүндөтүлгөн.
Кыргызстандын аймагынан табылган эң жөнөкөй таш куралдары б.з.ч. 800-10 миң жылдыктарга таандык. Алар Нарын областындагы Он-Арча суусунун жээгинен, Ысык-Көлдө Балыкчы шаарына жакын жерден, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы Кожо-Бакырган-Сайдан табылган.
Эрте палеолит доорунда Кыргызстандагы адамдар отту пайдаланууну үйрөнүшкөн. Табигаттын татаал шарттарында, куралдардын жөнокөйлүгүнөн улам адамдар жырткыч жаныбарлардан коргонуу жана ири жаныбарларга аңчылык кылуу үчүн адам үйүрү деп аталган майда топторго биригип жашашкан.
Ортоңку палеолит доорунда таш куралдары бир кыйла жакшырган. Бул доорго таандык эстеликтер Ысык-Көл өрөөнүндөгү Тосор суусунун боюнан, Чүй өрөөнүнүн Георгиевка дөңсөөсүнөн, Ош областынын Араван районундагы Сасык-Үңкүрдөн табылган. Алай тоо кыркасындагы Дангирек-Дере капчыгайынан эн байыркы таш талкалоочу жай табылган. Бул өнөрканада кара, боз, жашыл түстөгү кат-кат кремний таштары табигый издери менен жарылып мурдагыдан миздүү, учтуу куралдар жасалган. Бул мезгилде инстинкт боюнча болуп келген коомдук мамилелер аң-сезимдин негизинде өнүгө баштаган. Кыргызстандын эң байыркы тургундары питекантроп менен синантроп типтериңде болгон. Эволюциялык өнүгүшү боюнча "акыл-эстүү адам" – "гомо сапиенс" деп аталган. Алар негизинен аңчылык менен күн көрүп, ар үйурүндө 25-50дөн киши болгон. Өзбекстандагы Тешик-Таш үңкүрүнөн табылган өспүрүмдүн сөөгүнөн мындан 40 миң жыл мурда өлгөндөрдү жерге жашыруу жөрөлгөсү пайда болгонун билебиз.
Соңку палеолит доорунда, окумуштуулардын пикири боюнча адамдар планетабыздын бардык климаттык алкактарында жайгашып, расалык топтор жана расалар калыптанган. Дал ушул доордо коомдук мамилелердин өркүндөшүнүн натыйжасында алгачкы адам үйүрлөрү эне тарабынан кандык байланышка негизделген уруулук коомдорго биригишкен.
Адам тукумун улантуудагы жана коомдун үй-чарбасындагы ээлеген орду үчүн байыркы адамдарда аял заты өзгөчө аздектелген. Илимде бул коом эне бийлигинин коому – матриархат делип аталат. Энелик урукка негизделген коом мурдагы адам үйүрүнө караганда жогорку баскычта турган. Бара-бара адамдын аң-сезими өскөн. Жаныбарлардын сөөктөрүнөн, жыгачтан эмгек куралдарын шибеге, ийне жасоону үйрөнүшкөн. Бул доорго таандык куралдар Ош аймагындагы Сел-Үңкүрдөн, Исфана өрөөнүндөгү Кожо-Гор булагынын жанынан табылган. Алгачкы коомдо искусствонун пайда болушу ошол кездеги адамдардын дүйнөгө болгон көз карашын айгинелейт. Ысык-Көл аймагындагы бийик тоолуу Сары-Жаз өрөөнүндөгү Ак-Чуңкур үңкүрүндө 10 миң жыл мурун байыркы сүрөтчүнүн жаныбарларды, адамдардын аң уулоо, бийлөө учурун үңкүрдүн бооруна чагылдырган эмгектери сакталып калган. Адамдардын таштан жасалган элестери да ушул мезгилде пайда болгон.
Дал ушул жогорку палеолит доорунда азыркы кебете-кешпирдеги адамдар калыптанган. Алар ойлонууга, оюн айтып түшүндүрүүгө жарап калышкан. Жаңы таш доору (неолит) б.з.ч. V-III миң жылдыктарды камтыйт. Бул учурда адамзат табигатты өздөштүрүүдө ири секирик жасаган. Дыйканчылык менен мал чарбачылыгы өздөштүрүлүп, ал тургай чарба жүргүзүүнүн негизги тармактарына айланат. Албетте, аңчылык менен жыйноочулук көмөкчү кесип катары сакталып кала берген. Орто Азиянын өрөөндүү жерлеринде мал чарбачылыгы менен катар дыйканчылык көбүрөөк өнүккөн. Негизинен тоолуу аймак болгондуктан Кыргызстанда алгач мал чарбачылыгы өнүккөн. Неолит дооруна таандык эстеликтер Ысык-Көлдөгү Сары-Жаз өрөөнүндөгү Ак-Чуңкур жергесинде жана Нарын шаарына жакын Теке-Секирик үңкүрлөрүндө, Чүйдөгү Аламүдүн суусунун боюнан, Чолпон-Ата шаарынын жанынан ж.б. жерлерде табылган. Бул доордо жашагандар кийимди токуп кийгенди, карапа идиштерин жасаганды үйрөнүшүп, айрым жерлерде кен иштетүүнүн алгачкы аракеттери башталган.
Социалдык жактан неолит доорунда өндүрүш каражаттарына карата жалпы менчикке, коллективдүү эмгекке негизделген уруулук жамаат өнүккөн. Бул мезгилде уруулар жана уруу бирикмелери түзүлүп, ага бир уруктан тараган жана бир типтеги чарба жүргүзүүчү бир нече ири же майда уруктар бириккен. Бул мезгилдеги Кыргызстандагы неолит уруулары өздөрүнүн чарба жүргүзүүдөгү жана маданиятындагы өзгөчөлүктөрүн сактоо менен коңшу аймактагы уруулар менен тыгыз байланышта болгондугун тарыхый эстеликтер айгинелейт.
Таш доорунун акыркы этаптарында таштан жасалган өндүрүштүк куралдар бир кыйла жакшырып, кой, уй, жылкы сыяктуу айбандар колго үйрөтулө баштаган. Бара-бара дыйканчылык менен мал чарба өндүрүшү бир кыйла өнүгөт. Эмгек куралдары негизинен жез, коло сыяктуу металлдардан жасалган. Коомдо аялдарга караганда эркектердин ролу тездик менен жогоруланган. Ошентип, аталык уруулук түзүлүш – патриархат энелик доорду (матриархат) алмаштырган. Темир доору мезгилинде илгерки үйүр топтук никелешүүнүн ордун үй-бүлө байланыштары ээлеген. Бул мезгилге ар бир уруулар энеге карап бөлүнбөй, атага карап бөлүнүп, ал уруулар эркектин наамы менен атала баштаган. Өндүрүштө эркектердин негизги орунга өтүшү менен өндүрүштүк каражаттарга болгон жеке менчиктүүлүк жана адамдарды адам эзүү мезгили башталат.
Коло доору
Коло доору (Кытайда).
Коло доору — болжол менен биздин заманга чейинки 4-миң жылдыктан 1-миң жылдыктын башына чейинки тарыхый маданий мезгил. Бул учурда маданий борборлордо колодон, эмгек шаймандарын жана согуш куралдарын жасоо өнүккөн. Түштүк Иран, Түркия жана Месопотамиядан биздин заманга чейинки 4-миң жылдыкка таандык эң байыркы коло куралдар табылган. Кийинчерээк коло куралдары Египетте (биздин заманга чейинки 4-миң жылдыктын аягынан), Индияда (биздин заманга чейинки 3-миң жылдыктын аягынан), Кытайда (биздин заманга чейинки 2-миң жылдыктын ортосунан) жана Европада (биздин заманга чейинки 2-миң жылдыктан) пайда болгон. Америкадагы Коло доорунун өзүнчө тарыхы бар. Перу жана Боливиянын аймактары кийинки тиуанаку маданияты деп аталган (биздин замандын 6-10-к.) металлургиянын борбору болгон. Биздин заманга чейинки 1-миң жылдык ченде Африкада да коло иштетүү болгондугу шексиз. Коло доорунун калдыктары КМШнын бардык аймагында кездешет. Бул жерлерди мекендеген уруулар Батыш Европадагыдай эле алгачкы коомдук түзүлүштө жашаган. Орто Азиянын түштүк-батышында отурукташып, дыйканчылык менен кесип кылган уруулар коло иштетүү жагынан жогорку деңгээлге жетишкен. Коло доору Казакстан, Сибирь, Орто Азиянын мал чарбачылык жана дыйканчылык менен кесип кылган урууларында биздин заманга чейинки 17-14-кылымда тараган. Чүй өрөөнүнүн Сокулук, Садовый кышаарынан, Кочкордун Шамшы коктусунан табылган коло куралдар жана «кенч» буюмдар Кыргызстандын аймагында биздин заманга чейинки 12-8- кылымда Коло доорунун өзгөчө күчтүү өнүккөндүгүн айгинелейт.
Кыргызстандагы коло доору — Кыргыз Республикасы ээлеген аймактын коло доорундагы тарыхы. Кыргызстандагы коло доору б.э.ч. III (II) миң жылдыктан – I миң жылдыктын башы аралыгындагы мезгилди
камтыйт.
Кыргызстандагы коло доорунун эстеликтеринен металлды өздөштүрүү, көчмөн мал чарбачылыктын калыптанышы, отурукташып жер иштетүүнүн өнүгүүсү, диний ишенимдер менен байланыштуу каада-салттардын татаалданышы менен байланыштуу маалыматтар табылган. Кеңири өздөштүрүлгөн металл болгон колодон тиричиликке керектүү куралдар гана эмес аскер куралдары, кооздуктар жасалган. Металлдан жасалган жаныбарлар скульптуралары аркылуу кийинки темир доорундагы айбанаттар стилине чыйыр салына баштаган. Ошондой эле чопо идиш бетине түшүрүлгөн оюулар ага чыгармачыл мамиле жасоо аркылуу жетишишкен. Азыркы мезгилдеги орчундуу маселелердин бири Кыргызстандагы эстеликтердин Борбордук Азиянын чыгышындагы афанасьев, окунев, карасук өңдүү археологиялык маданияттар менен болгон байланыштарын талдоо болуп саналат. Аталган археологиялык маданияттардын эстеликтери Кыргызстан аймагында табылбаганы менен алардын кийинки эрте темир доорундагы байыркы көчмөндөр маданиятынын түптөлүшүндө жалпы андрон, чуст, бегазы-дандыбай маданияттарындай эле салымы болгон. Коло доорунун акырында Кыргызстан аймактарына чыгыштан херексур жана бугу таштарын алып келген көчмөн калктардын маданияттары тарап, Теңир-Тоо жана ага чектеш аймактардагы эрте темир доорунун калктарынын калыптанышына күчтүү таасир тийгизишкен.
Байыркы мамлекеттер.
Дүйнөдө шаарлар мамлекеттери өкүм сүргөн доордон миңдеген жылдар өттү. Бирок адамдар байыркы заманда жараткан көптөгөн нерселерден бүгүн да күндөлүк турмушубузда пайдаланып келебиз. Булар эмгек шаймандары, чопо буюмдар, дөңгөлөк, чопо ноолор, кездемелер, жазуулар жана башкалар. Байыркы замандын авторлору жазып калтырган чыгармалар азыркыга чейин адамдарга билим жана тарбия берип келет. Окумуштуулар Жер жүзүндө бир кездерде болуп өткөн окуяларды кайрадан калыбына келтирүү үчүн кыйла күчаракеттерин сарпташкан. Алар байыркы шаарларды табышып текшерди, териге, чопого, ташка, ошондой эле тыйындарга жазылган сырдуу жазууларды окушту. Сен эми археологиялык табылгалар эмнелер жөнүндө кабар беришин билесиң. Байыркы жазууларды үйрөнүү менен эпиграфика, ал эми тыйындарды изилдөө менен нумизматика деген атайын илим алектенет. Адам баласы өтө жөнөкөй эмгек шаймандарынан кол өнөрчүлүк буюмдарын жасаганга, жөнөкөй туракжай кургандан шаарларды жаратканга чейин болгон алыс жолду басып өттү. Эң байыркы шаар, жана, мамлекеттердин пайда болуш доорун окумуштуулар баштапкы цивилизация деп аташат. Алардын цивилизация тарыхы Байыркы Чыгышта, андан кийин Грециядагы Крит аралында башат алган болчу. Байыркы цивилизациялар дүйнөнүн көптөгөн 6 өлкөлөрүндөгү сыяктуу, Орто Азияда, ошонун катарында Өзбекстандын аймагында да пайда болгон. Жер жүзүндө адам баласы пайда болгондон биздин замандын 476-жылында Батыш Рим империясы кулаганга чейин болуп өткөн окуялар тарых илиминде Байыркы дүйнө тарыхы деп аталат. Бул тарых ар түрдүү археологиялык жана жазма булактардын негизинде үйрөнүлөт. Байыркы дүйнөнүн тарыхы Байыркы Чыгыш, Греция жана Рим сарай өкүлдөрү менен падышаларынын түрдүү жылнаамаларында (окуялардын жылдар боюнча жазылышы), мыйзамдар жыйнагында, өмүр баяндарында чагылдырылган. Аларда жортуулдар жана салгылашуулар, чиркөөлөр, сарайлар жана чептердин курулушу, кол өнөрчүлүк жана дыйканчылык, байыркы илим жана көркөм өнөр жөнүндө баяндалат. Окумуштуулар окуган байыркы тексттер, мисалы, «Пирамида тексттери» менен «Маркумдар китеби» египеттиктердин тарыхы жөнүндө, «Ригведа» – индилердин, ал эми «Авесто» болсо Орто Азия элдеринин тарыхы жөнүндө баяндайт. Нил өрөөнүндөгү Египет пирамидаларынын комплекси, Тигр жана Ефрат аралыгындагы Вавилон, Инди өрөөнүндөгү Мохенжодаро, Ирандагы Персеполь, Греция, Рим жана Орто Азиянын көптөгөн шаарларындагы казуу иштери бүткүл дүйнөгө белгилүү. Бирок байыркы дүйнө тарыхына тиешелүү али ачыла элек сырлар аз эмес. Балким кимдир бирөөң аларды ачарсың. Тарых бизди көп нерсеге үйрөтөт. Аны “улуу мугалим” деп бекер аташпайт. Ошол себептүү ар бирибиз Мекенибиздин тарыхын билүүгө жана башка өлкө элдеринин тарыхы менен маданиятына урмат менен мамиле жасоого тийишпиз. Бул окуу китебин окуп жатып түшүнүүгө кыйын болгон көптөгөн сөздөргө, тарыхый термин жана сөздөргө туш келесиң. Аларды жаттоо жана эсте тутуу керек болот.
Тарыхый эстеликтер.
Орто кылым.
Орто кылымдар тарыхы – бүткүл дүйнөлүк тарыхтын, бүткүл дүйнөдөгү элдердин тарыхынын бир бөлүгү. Силер бүткүл дүйнөлүк тарыхтын биринчи бөлүмүн – байыркы дүйнөнүн тарыхын үйрөнүү менен мындан миңдеген жана он миңдеген жыл мурда адамдар кандай жашаганын билесиңер.
Ал эми орто кылымдарда элдердин көбүндө кул ээлөчүлүк эмес, феодалдык түзүлүш болгон. Бул түзүлүштө негизги бири-бирине кас таптар кул ээлөчүлөр жана кулдар эмес, феодалдар жана көз каранды дыйкандар болушкан.
Силер феодалдык түзүлүш кандай пайда болгонун, анын кандайча өнүккөнүн, андан соң феодалдык мамиленин бузулганын окуп үйрөнөсүңөр. Орто кылымдардын тарыъын үйрөнүү менен феодалдык түзүлүштөгү элдердин жашоо-турмушун, көз каранды эместиктерин коргоо үчүн эзүүчүлөргө каршы согуштарын жана дүйнө элдеринин орто кылымдагы маданиятын билесиңер.
«Орто кылым» түшүнүгүнүн келип чыгышы жана аны окуп, үйрөнүүнүн мааниси
Орто кылым – бүткүл дүйнөлүк тарыхтын байыркы дүйнө тарыхы менен жаңы тарых аралыгындагы мезгили. Бул түшүнүк илимге XV – XVI кылымдарда италиялык гуманист-тарыхчылар тарабынан киргизилип, XVIII кылымда калыптанган. Тарых илими орто кылымды феодализмдин пайда болуу, өнүгүү жана кыйроо доору катары карап, байыркы дүйнөнүн тарыхы менен орто кылымдардын тарыхынын чегин кул ээлөчүлүк Рим империясынын кулашы (476-жыл), ал эми орто кылым тарыхы менен жаңы тарыхтын чегин XVII кылымдагы Англиялык буржуазиялык революция деп эсептейт.
Орто кылымдардын тарыхын окуп үйрөнүү эң зор мааниге ээ. Элдин көпчүлүгү басып өткөн узакка созулган феодалдык коомдук түзүлүштүн тарыхын билбей туруп, жаңы замандын жана соңку жаңы замандын тарыхын билүүгө мүмкүн эмес. Ушул коомдун мезгилинде капиталисттик коомдун негизги таптары буржуазия жана пролетариат калыптана баштаган. Азыркы Европа элдеринин улуттарынын басымдуу көпчүлүгү ушул орто кылым мезгилинде калыптанган. Европа элдеринин революциялык-боштондук жана чиркөөнүн эзүүсүнө каршы күрөштөрү дал ушул мезгилге таандык.
Кул ээлөчүлүк коом кулап, феодалдык мамиле орнойт. Феодалдык коомдук түзүлүштүн негизги таптары болгон феодалдар жана көз каранды дыйкандар калыптанат. Феодалдык жер ээлөө жана шаарлар пайда болот. Кол өнөрчүлүк өнүгөт. Соода жайылтылат. Акча-товар мамилелери өнүгүп, капитализмдин элементтери пайда болот. Дыйкандардын көтөрүлүштөрү күч алат.
Орто кылымдардын хронологиялык чектери
Орто кылымдардын тарыхы 3 мезгилге бөлүнөт:
1. Алгачкы феодалдык мезгил. (476-жылдан XI кылымга чейинки мезгил);
Бул мезгилде феодалдык коомдук түзүлүш калыптанып, эмгектин өндүрүштүк мамилелери түзүлгөн. Феодалдык коомдун негизги таптары:
1. Феодал
2. Көз каранды дыйкандар пайда болгон.
2. Өнүккөн феодалдык мезгил (XII – XV кылымдар аралыгындагы мезгил). Бул мезгил феодалдык мамилелердин өнүгүшү, тап күрөшүнүн курчушу менен мүнөздөлөт. Шаарлар, соода пайда болот. Шаарлар кол өнөрчүлүктүн борбору катары эсептелет. Шаарлардын пайда болушу менен тыгыз байланышта акча-товардык өндүрүш эсептелет.
3. Соңку феодалдык мезгил (XVI – XVII кылымдын биринчи жарымына чейинки мезгил). Бул мезгилде өнүккөн феодалдык мамиле бузулат. Капиталисттик коомдук түзүлүштүн элементтери пайда болот. Акча-товар мамилелери өнүгө баштайт. Дыйкандардын көтөрүлүштөрү күч алат.
Окумуштуулар орто кылымдардын тарыхын кандай булактар
боюнча изилдешет?
Дүйнөнүн көптөгөн музейлеринде орто кылымдардагы дыйкандар жана кол өнөрчүлөр иштетишкен эмгек куралдары, курал-жарактар тыйындар эмеректер, идиш-аяктар жана башка буюм эстеликтери сакталып турат. Бирок, орто кылымдардын тарыхы байыркы дүйнөнүн тарыхына караганда биздин мезгилге жакын. Ошондуктан анын «издери» жер үстүндө көп сакталып калган. Бирок, сакталган буюм эстеликтери адамдардын турмушу жөүндө баарын айтып бере албайт. Орто кылымдардын тарыхы боюнча окумуштуулар документтер сакталуучу жайларда – архивдерде сакталып турган көптөгөн тарыхый жазма булактарды пайдаланышат. Адамдар жерин же баалуу буюмдарын тартуулаганда, мураска калтырышканда, сатып алышкан учурларда, документтерди түзүшкөн. Бул документтер ошол доорду изилдеп үйрөнүүдө чоң роль ойнойт.
Орто кылымдардан көптөгөн тарыхый чыгармалар, хроникалар (хроникалар орус летописинин эле өзү) сакталып калган. Аларда окуялар кандай болуп өтсө, ошондой ырааттуулукта берилет. Авторлору баяндап эле тим болбостон, окуяларды топтоштурууга жана түшүндүрүүгө аракет кылган тарыхый чыгармалар да жаралган. Ошондой эле орто кылымдардан бизге чейин көркөм адабий чыгармаларлын жана окумуштуулардын эмгектеринин бир тобу келип жетти. XV кылымдын орто ченинде китеп басуу ойлонуп табылганга чейин барпдык документтер кол жазма түрүндө болгон.
Адамдардын турмушу жөнүндө искусство чыгармалары: китептердеги жана килемдердеги сүрөттөр, храмдардагы картиналар жана статуялар көп нерселерди айтып бере алат. Адамдар ырларда, жомоктордо, уламыштарда дүйнө жүзүндөгү өз түшүнүктөрүн чагылдырышкан. Ал тургай архитектуралык курулуштар да кыраакы окумуштууларга орто кылымдагы адамдын ойлору менен сезимдерин ачып беришкен.
Окумуштуулар адамдардын турмушу жөнүндөгү маалыматтарды көптөгөн булактардан чогултушат. Анан аларды салыштырышып, алар да белгилүү бир мезгилдеги турмуш канчалык туура чагылдырылгандыгын айкындашат, андан соң тыянактарды чыгарышып, тарыхтын айрым окуяларына жана бүтүндөй бир мезгилдерине түшүндүрмө беришет.
Байыркы Кытай.
Кытай (кытайча 中国 Zhōngguó — Ортодогу мамлекет, кызыл-суулук кыргыздар Жуңго дешет), Кытай Эл Республикасы (КЭР; кытайча: 中华人民共和国; пиньинь: Zhōnghuá Rénmín Gònghéguó) — Борбордук жана Чыгыш Азиядагы мамлекет. Чыгышынан жана түштүк-чыгышынан Тынч океандын Сары, Чыгыш Кытай жана түштүк Кытай деңиздери (жээк сызыгынын узундугу 18 миң кмден ашуун) менен чулганат; жээктей көптөгөн аралдар жайгашкан; алардын ирилери: Тайвань, Хайнань. Кургактык менен өткөн чек арасынын узундугу 22,8 миң км. түндүк-чыгышынан КЭДР жана Орусия, түндүгүнөн Моңголия, түндүк-батышынан Орусия, Казакстан жана Кыргызстан, батышынан Тажикстан, Ооганстан, ошондой эле Пакистан, түштүк-батышынан жана түштүгүнөн Индия, Непал жана Бутан, түштүк-чыгышынан Мьянма, Лаос, Вьетнам менен чектешет. Аянты 9,6 млн км2 (дүйнөдө Орусия жана Канададан кийинки 3-орунда). Калкы 1,3 млрддан ашык (2014, дүйнөдө 1-орунда). Борбору — Пекин. Расмий тили — кытай тили. Администрациялык-аймактык жактан 23 провинцияга, 5 автономия районго, 4 борборго баш ийген шаарга (чет жакасындагы ири шаарлар менен кошо, аны курчаган зор аянтты камтыйт), 2 өзгөчө администрациялык районго бөлүнөт.
Кытай — БУУнун (1945), ЭВФтин (1945), Эл аралык реконструкция жана өнүгүү банкынын (1945), Азия-Тынч океан экономикалык шериктештигинин (1991), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (2001), Шаңхай кызматташтык уюмунун (2001) мүчөсү Администрациялык-аймактык бирдиктери (2007:
Мамлекеттик түзүлүшү
Кытай — унитардык мамлекет. Конституциясы 1982-жылы 4-декабрда кабыл алынган. Башкаруу формасы советтик типтеги республикалык Мамлекеттик бийликтин жогорку органы Эл өкүлдөрүнүн бүткүл кытайлык чогулушу (ЭӨБКЧ), 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Чогулуштун сессиялары жылына бир жолу чакырылат, сессиялардын аралыгында мыйзам чыгаруу укугуна ээ болгон туруктуу комитет (155 депутат) иштейт. ЭӨБКЧ мыйзам чыгаруучу жогорку орган, мамлекеттик бюджет жана экономикалык өнүгүү пландарын ишке ашырат. ЭӨБКЧ мамлекет башчысын КЭРдин төрагасын (ыйгарым укугу 5 жыл, дагы бир мөөнөткө кайра шайланууга укуктуу) жана анын орун басарларын ж. б. дайындап, КЭРдин аткаруучу жогорку органы Мамлекеттик кеңештин (өкмөт) курамын бекитет. Мамлекеттик кеңеш ЭӨБКЧнын аткаруучу жана мамлекеттик жогорку администрациялык органы, ага бардык мамлекеттик башкаруу органдары баш иет. КЭРдин Мамлекеттик кеңеши мыйзам чегинде нормативдүү актыларды кабыл алуу укугуна ээ. КЭРдин бийлик органдарына Кытай Коммунисттик партиясы (ККП) жетекчилик кылат. ККП өкүлдүк органдары аркылуу мыйзам чыгаруу ж. б. чөйрөлөрдө өзүнүн саясатын жүргүзөт. КЭРде көп партиялуу система орун алган. ККПден тышкары 8 саясий партия (жалпы саны 600 миңдей) бар.
Байыркы Индия.
Индия (хинди тилинде – Бхарат), Индия Республикасы – (Бхарат Ганараджья) Түштүк Азиядагы мамлекет, Индстан жарым аралында. Батышынан Инди океанынын Араб, түштүк-батышынан Лаккадив деңиздери, чыгышынан Бенгал булуңу менен чулганып, түштүгүндө Маннар булуңу менен Полк кысыгы Индияны Шри-Ланка аралынан бөлүп турат. Түндүк-батышынан Пакистан жана Афганстан, түндүгүнөн Кытай, Непал жана Бутан, чыгышынан Бангладеш жана Мьянма өлкөлөрү менен чектешет. Индиянын курамына Лаккадив аралы (Лакшадвип союздук аймагы), Андаман жана Никобар аралы кирет. Аянты 3,3 млн км2. Калкы 1129,7 млн (2007; дүйнө калкынын 17%и); элинин саны боюнча дүйнөдө (Кытайдан кийинки) 2-орунда. Борбору Нью-Дели (Дели улуттук борбордук аймагынын курамына кирет). Расмий тили хинди жана англис тилдери. Акча бирдиги Индия рупийи. Административдик-аймактык жактан 28 штатка (федерация субъектилери болуп саналат), борборго баш ийген 6 союздук аймакка жана Дели улуттук борбордук аймагына бөлүнөт; Таблицаны кара. Индия БУУнун (1945), Түштүк Азия өлкөлөрүнүн аймактык кызматташтык ассоциациясынын (СААРК; 1985), Ынтымакташтыктын (1947), ЭВФтин (1945), Эл аралык реконструкция жана өнүгүү банкынын (1945), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), ШКУнун (2005-жылдан байкоочу) жана башкалар эл аралык уюмдардын мүчөсү.
Тарыхы
1590-1595.
Археологиялык маалыматтарга караганда Индияда адам баласы таш доорунан эле жашай баштаган. Инд дарыясынын өрөөнүндө отурукташкан элдер биздин заманга чейинки 3-миң жылдыктын 2-жарымы 2миң жылдыктын 1-жарымында жогорку деңгээлдеги Хараппа маданиятын түзгөн. Биздин заманга чейинки 2-миң жылдыктын орто ченинде Индияны арий уруулары каптап келе баштаган. Биздин заманга чейинки 1-миң жылдыкта аймакта Куру, Панчала, Кошала, Таксила, Гандхара, Магадха сыяктуу бир катар кул ээлик мамлекеттер пайда болот. Андан ичкери Магадха айрыкча жогорулап, Маурья династиясынан чыккан Ашок падышанын тушунда (биздин заманга чейинки 268-232) ал бүткүл Индияны камтыган империянын борборуна айланган. Байыркы Индиянын калкы төрт сословиеге бөлүнгөн: брахмандар (дин кызматкерлери), кшатрийлер (жоокерлер), вайшийлер (эркин дыйкан, малчы, соодагер), шудралар (жалчы, кулдар). Булардын биринчи экөө артык укуктардан пайдаланган. Байыркы Индияда буддизм менен жайнизм дини үстөмдүк кылган. Алгачкы орто кылымда Индия бир нече мамлекетке бөлүнгөн. 12-кылымдын аягы 13-кылымдын башында түрк-афган башкаруучулары тарабынан Түштүк Индиянын каратылышы анда ислам дининин таралышына түрткү берген. 1398-ж. Тимурдун армиясы Дели султандыгын (1206-ж. түзүлгөн Индиядагы биринчи мусулман династиясы) каратып алган. Алар Дели шаарын талап-тоноп, кол өнөрчүлөрүн Самарканга алып кеткен. Ич ара келише албаган султандыктын башкаруучулары тактыга Кабулдан Закир-ад-дин Бабурду чакыртышкан. Бабурдун кыска мөөнөттүү бийлиги (1526-1530) Могол империясынын, Улуу Моголдор династиясынын башатын негиздеп кеткен. 16-кылымдарда Түндүк Индия Улуу Моголдор династиясынан чыккан Акбардын бийлигинде болот. Анын чөбүрөсү Аурангзеб (1658-1707) Түштүк Индияны каратат, бирок Могол империясы көп узабай ыдырай баштайт. 16кылымдарда португалдар, голланддар, англичандар, француздар Индиянын жээгиндеги бир катар стратегиялык таяныч пункттарын ээлеген. Европалык державалардын Индия үчүн күрөштөрү англиялык Ост-Индия компаниясынын жеңиши менен 18-кылымдын аягында аяктайт. 19-кылымдын орто ченинде Индияны Англия толугу менен каратып алат. Индия Англиянын соода рыногуна жана англиялык өнөр жайдын сырьё булагына айланат. 1885-ж. түзүлгөн Индия улуттук конгресс (ИУК) партиясы жергиликтүү өнөр жайыды өзү башкаруу жана коргоо талаптарын коёт. 1906-ж. Мусулман лигасы түзүлөт. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин, Индия менен Англиянын ортосунда карама-каршылыктар күчөп, 1947-ж. 15-августта Улуу Британия Индиянын көз карандысыздыгын таанууга аргасыз болот. Индия диний принцип боюнча Индия Союзуна жана Пакистан болуп эки доминионго бөлүнөт. Бөлүнүү индустар менен мусулмандардын кагылышуусу менен коштолуп, натыйжада 1 млндон ашуун адам кырылат. Диний кагылышууларга каршы чыккан М. К. Ганди шовинистчил уюмдун өкүлү тарабынан өлтүрүлөт. ИУКтун лидери Ж. Неру Индиянын премьерминистри болот.
1949-ж. 26-ноябрда жаңы конституция кабыл алынып, Индия республика болуп жарыяланган. Бул конституция 1950-ж. 26-январда (бул күн Республикасы күнү деп белгиленет) күчүнө кирген. 1967-жылдагы шайлоонун жыйынтыгында Индия Ганди өлкөнүн премьер-министри болуп калат. 14 ири жеке банк мамлекеттештирилип, м монополиялар жөнүндө мыйзам кабыл алынат, көпчүлүк товарларды импорттоого мамлекеттик көзөмөл жүргүзүлөт. Индия өкмөтү ядролук жана космостук программаларды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, натыйжада 1974-ж. ядролук куралды сыноо жүргүзүлөт, 1975-ж. советтик Космодромдон Индиянын биринчи спутниги «Арьябхата», 1979-ж. космостук ракетасы учурулат. Индусмусулман кагылышууларынын натыйжасында, 1984-ж. Индира Ганди сикх террорчулары тарабынан өлтүрүлөт. Анын ордуна премьер-министр болуп Индия Гандинин уулу Р. Ганди шайланат. Р. Гандинин өкмөтү инвестицияларды электрондук өнөр жайыды өнүктүрүүгө тартып, ошол эле учурда чет элдик фирмалардын филиалдарын ачтырууга, жаңы технологияларды киргизүүгө жетишет. Индия АКШ, Япония, Германия сыяктуу өлкөлөр менен кызматташа баштаган. 80-жылдардын орто ченинен Түштүк Азия аймагында соодаэкономикалык байланыштарды жөнгө салууга багытталган бир катар иш-чаралар жүргүзүлөт. 1991-ж. кезексиз өткөрүлгөн шайлоо компаниясынын учурунда Р. Ганди тамил террорчулары тарабынан өлтүрүлөт. Конгресстин жаңы лидери П. В. Нарасимха Рао премьер-министр болуп калган. 2004-жылдан Индиянын премьер-министри Манмохан Сингх. 21-кылымдын башында өндүрүлгөн ИДПнин көрсөткүчү боюнча Индия дүйнөдөгү экономикалык ири төрт державанын бири. Индия Кытай, Чыгыш жана Батыш Азия, Япония, АКШ өлкөлөрү менен кызматташтыгын өнүктүрүүдө. 1985-жылдан Түштүк Азия аймактык кызматташтык ассоциациясынын курамында. Учурда Индия-Пакистан мамилелерин жөнгө салуу боюнча бир кыйла иштер жүргүзүлүүдө. 2005-жылдан ШКУга байкоочу катары катышат.
Байыркы Греция
Афины (байыркы) — Байыркы Грекиянын тарыхында жана маданиятында Спарта менен катар эле чоң роль ойногон Аттикадагы шаар-мамлекет (полис). Афинынын тарыхы бир нече доорго бөлүнөт. Эзелки Афины (биздин заманга чейинки 2-миңинчи жылдан 6-кылымга чейин). Археологиялык изилдөөлөр боюнча Микен доорунда эле Акрополдун айланасында чеп, дубал менен курчалган алгачкы турак жайлар салынган. Аттикадагы уруу жамааттарында акырындап жердин көбү аристократтардын менчигине өткөн. Карыздар болгон дыйкандар жеринен гана эмес, эркиндигинен да ажыраган. Карыз эркин адамдарды кулга айландыруунун бир булагы болгон. Биздин заманга чейинки. 594— 593-жылы демостун кысымы астында Солон реформа жүргүзүп, ал боюнча дыйкандардын карыздары жоюлган жана эркин афиналыктарды карыз үчүн кулга айландырууга тыюу салынган. 560-жыл ченде Афиныда саясий төңкөрүш болуп, Писистраттын тираниясы орнойт. Ал дыйкандардын, кол өнөрчүлөрдүн, соодагерлердин кызыкчылыгын көздөгөн саясат жүргүзгөн. 508-жылы Елисфен жетектеген демостун көтөрүлүшү жеңишке жетишкен. Клисфен жүргүзгөн реформанын натыйжасында уруулук түзүлүштүн калдыктары жоюлуп, кул ээлөөчүлүк мамлекет түптөлгөн. Грек-Персия согушунда (Биздин заманга чейинки 500— 449) Афинычоң роль ойногон. Ионийлик шаарлардын көтөрүлүшүн колдоп, перстерди жеңген, грек мамлекеттеринин коргонуу союзуна биринчилерден кирген (490), кийинчерээк Афины Делос союзун жетектеп калган. Афиныда ошол кезде эң прогрессчил мамлекеттик түзүлүш — кул ээлөөчүлүк демократия орнотулуп, Периклдин убагында Афиныэң жогорку гүлдөөгө жетишкен, жогорку бийлик элдик чогулушка өткөн. Маданият, курулуш иши мыкты өнүккөн. Акрополь ансамбли дүйнөлүк архитектуранын эң сонун үлгүсү болуп калды. Бирок Афины державасынын ичиндеги карама-каршылыктар анын башка полистер менен кагылышуусуна түрткү болгон жана бүткүл Грецияны бүлүнткөн Пелопонесс согушунун (431—404) чыгышына алып келген. Бул согушта Афины жеңилип, Грекиядагы өзүнүн мурдагы маанисин биротоло жоготкон. Эллин доорунда Афинынын абалы бир нече жолу өзгөрүп, кээде узакка болбосо да, көз каранды эместикке жетишип, айрым учурда Македония аскер гарнизонун киргизип турган. Биздин заманга чейинки 146-жылы Афиныда Рим үстөмдүгү орногон. 88-жылы Афины Римге каршы кыймылга кошулган, 86-жылы римдик кол башчы Корнелий Сулла Афиныны каратып алат.
Байыркы Египет маданияты
Хефрен пирамидасы жана Чоң Сфинкс.
Байыркы Египет маданияты б. з. ч. 4-мин жылдыктын аягында, 3-мин жылдыктын башында байыркы Египет мамлекетинин түзүлүшү менен жаралып, б. з. ч. 1-миң жылдыктын орто ченине чейин созулат.
Кээде анын акыркы мезгили катары эллинисттик жана рим – византиялык доорлор (б. з. ч. 332 – б. з. 642) да эсептелген.
Мазмуну
1Курулуштар
2Диний көз караштары
3Жазуу тамгалары
4Илимий иштери
5Байыркы Египет маданияты жөнүндөгү маалыматтар
6Колдонулган адабияттар
Курулуштар
Байыркы Египет Маданиятынын өзгөчөлүгү анын географиялык абалына – Нил дарыясынын түшүмдүү өрөөнүнөн орун алгандыгына байланыштуу. Кулдардын күчү ири сугат системалары менен храмдарды курууга жумшалган; көптөгөн каражаттар пирамидаларды курууга сарпталган. Алардын эң чоңу – Гизадагы Хеопстун пирамидасынын (бийиктиги 146,6 м) курулушуна 30 жыл бою бир эле мезгилде 200 миң кул иштеген.
Мемфистеги ка Птаха храмы(реконструкцияланган сүрөт)
Хуфу пирамидасы
XIX кылымда тартылган сүрөттө Гизадагы Улуу Пирамида
Рамзеса II храмынын фасады
Коомдогу жетектөөчү роль бийлик төбөлдөрү менен жрецтерге таандык болгон.
Диний көз караштары
Диндеги негизги салт өлгөндөрдүн денесин мумия менен катыруу, ошондой эле жаныбарларга сыйынуу эсептелген.
Жазуу тамгалары
Байыркы Египет маданиятындагы бир өзгөчөлүгү – анын татаал иероглиф жазмасы.
Египеттик жазмалар.
Иероглифика
Иератика
Демотика
Копт жазмасы
Илимий иштери
Египетте зор колдонмо мааниге ээ болгон илимдерге (геометрия, арифметика, жөнөкөй алгебра) негиз салынган.
Адабий булактар бизге көпчүлүк учурда байыркы грек белгисиз авторлорунун чыгармалары катары жетти. Негизги адабий жанрлар: тамсилдер, насыяттар, баяндар, мифтер,жомоктор, гимндер, сыйынуулар, эпистолярдык тексттер. Диний – мифтик тексттер биздин мезгилге «Саркофагдардын тексттери», «Пирамидалардын тексттери», «Маркумдар китептери» деген жыйнактарда топтоштурулуп жетти.
Байыркы Египет маданияты жөнүндөгү маалыматтар
Байыркы Египетттин маданияты жөнүндөгү көптөгөн маалыматтарды байыркы гректер сактап жеткиришти. Алар Байыркы Египетти акылмандуулуктун өлкөсү деп, ал эми египеттиктерди өздөрүнүн мугалимдери деп эсептешкен.
Эки дарыя аралыгындагы мамлекеттер
Месопотамия (гр. мesos – ортосу, аралыгы, potamos – дарыя), Эки суу арасы – Батыш Азиядагы аймак, Тигр, Евфрат дарыясынын алабында. Месопотамия ойдуңу менен Жезире платосун камтыйт. Месопотамия Байыркы Чыгыш маданиятынын өөрчүгөн жери болгон. Ал жерде биздин заманга чейинки 4– 3-миң жылдыкта алгачкы таптык мамлекет орногон; 3-миң жылдыктын аягында Аккад, Ур ж. б. байыркы мамлекеттер өкүм сүргөн; 2-миң жылдыктын башында Месопотамиянын түштүк бөлүгүндө Вавилония пайда болгон. Биздин заманга чейинки 9-кылымдан биздин замандын 16-кылымына чейин Месопотамияга бир катар мамлекет ээлик кылып келген. 17-кылымдан 1918-жылга чейин Осмон империясынын курамында турган. Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин Месопотамиянын басымдуу бөлүгү Ирактын, калганы Сирия менен Түркиянын курамына кирген.
Вавилониянын тарыхы
Б.з.ч. 2-миң жылдыктын башында Месопотамиянын түштүк бөлүгүндө ( азыркы Ирак аймагында) пайда болгон. Адегенде Вавилониянын аймагы "Шумер жана Аккад" деп аталган. Б.з.ч. XIX-кылымдын башына чейин Вавелонияны Аккад падышалары, кийин Ур династиясынан чыккандар (Б.з.ч. XXII-к.аягы - XXI-к.) бийлеген. Б.з.ч. 1894-жылы Вавелонияда аморит урууларынан чыккан жергигиктүү династия тактыга келип, Хамурапинин (б.з.ч. 1792-1750) тушунда борборлошкон кул ээлөчүлүк чоң мамлекет түзүлгөн. Б.з.ч. XVIII-кылымдын 2-жарымынан тартып Вавилонияга сырткы душмандар,өзгөчө касситтер тез-тез кол салып турган. Алар б.з.ч. XVI-кылымда өлкөкөнү басып алган. Касситтер династиясы сүрүп турганда (б.з.ч. 1518-1204) Вавелониянын экономикасы, аздыр-көптүр оош-кыйышына карабастан, өйдөлөгөн. Касситтердин жана андан кийинки династиялар тушунда Вавилонияга сырткы душмандар (Ассириялыктар, Эламиттер) далай жолу басып кирген. Б.з.ч. VII-кылымда Ассирия аскерлери Вавилонияны 2 жолу кыйраткан.
Б.з.ч. 626-жылы ассириялык принц Набопаласар өзүн Вавилониянын падышасымын деп жарыялаган. 626-жылдан жаңы падышачылык башталат. Навуходоносор IIнин тушунда Вавилония Египетке жана анын азиялык союздаштарына каршы ийгиликтүү сагушкан. 586-жылы Иерусалим талкаланып, Иудея Вавилониянын провинциясына айланган. Набопаласар менен Навуходоносор IIнин тушунда Вавилониянын эканомикасы бир кыйла жогорулап, Вавилон Алдынкы Азиядагы негизги соода борборуна айланган. Кийин падыша сарайында бир нече төңкөрүш болгон. Б.з.ч. 539-жылы Персия падышасы Кир II Вавилонияны басып алган.
Европа мамлекеттери.
Европа континенти – дүйнө бөлүгү, Евразия материгинин батыш жагы. Азия менен чек арасы Уралдын кыры же чыгыш этеги, Урал дарыясынын өрөөнү, Каспий деңизи, Кума-Маныч ойдуңу жана Керч кысыгы (кээде Чоң Кавказдын кыры менен), Азов, Кара жана Мрамор деңиздери, Босфор, Дарданелл кысыктары аркылуу өтөт. Аянты 10,2 млн км2 (аралдары менен). Калкы 583,2 млн (2005, Россиянын калкын кошпогондо). Европа түндүгүнөн жана Түндүк-батышынан Түндүк Муз океан жана анын деңиздери – Кара (Карск), Баренц, Ак, Норвег, батышынан жана түштүгүнөн – Атлантика океаны жана анын деңиздери – Балтика, Түндүк, Жер Ортолук, Мрамор, Кара, Азов деңиздери, Түштүк-чыгышынан туюк – Каспий көл-деңизи менен чулганат. Түзөң аккумуляциялык жана абразиялык жээктер басымдуу; ошондой эле ватт (марш), тектон., фьорд, шхер, риас, дальмация тибиндеги жээктер да мүнөздүү. Европанын эң четки учтары: түндүгүндө – Нордкин, түштүгүндө – Марроки, батышында – Рока тумшуктары, чыгышында – Уюлдук Уралдын Байдарата булуңчасына жакын жайгашкан чыгыш этеги. Аралдарынын аянты 730 миң км2дей; эң чоңдору – Жаңы Жер, Франц-Иосиф жери (Рудольф аралындагы Флигели тумшугу – Европанын эң Түндүк чети болуп саналат), Шпицберген, Исландия, Британия, Ирландия, Корсика, Сардиния, Сицилия, Крит. Жээктери булуң-буйткалуу. Европанын аймагынын 1/4ин Скандинавия, Пиреней, Апеннин, Балкан, Кола жана башка жарым аралдар ээлейт. Океандан Чыгыш Европанын эң алыс жери 1600 км, Батыш Европаныкы – 600 кмдей. Айрым геогр. жана статистикалык-экон. эмгектерде Европага Кавказды да (Закавказье, Кавказ өндүрүн дагы) кошот. Адатта Европа эки бөлүккө – Чыгыш Европага жана Батыш Европага бөлүнөт. Европанын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 300 мдей. Эң бийик жери – Альп тоолорундагы Монблан чокусу, 4807 м; эгерде Азия менен Европанын чек арасы Чоң Кавказдын Башкы же Суу Бөлгүч кырка тоосу аркылуу өтсө, анда эң бийик жери Эльбрус чокусу (5642 м) болмок. Эң жапыз жери Каспий бою ойдуңу, ал деңиз деңгээлинен 28 м төмөн жайгашкан. Рельефинде ойдуңдуу түздүктөр жана дөңсөөлөр басымдуу; аймагынын 17%ин тоолор ээлейт. Чыгыш Европанын рельефи бир кылка, анда Чыгыш Европа түздүгү (Орус түздүгү) жайгашкан; түздүктүн Түштүк-чыгыш бөлүгү (Каспий бою ойдуңу) деңиз деңгээлинен төмөн жатат. Батыш Европада түздүктөр менен тоолор болжол менен бирдей таралган. Негизги түздүктөрү – Ортоңку Европа түздүгү, Төмөнкү Дунай түздүгү, Орто Дунай түздүгү, Париж бассейни, Падан түздүгү. Борбордук Европага, Түндүк жана Түштүк Европанын жарым аралдарына жапыз жана орто бийик тоолор мүнөздүү. Эң бийик тоолору: Альп, Карпат, Пиреней, Скандинавия, Апеннин тоолору, Балкан жарым аралындагы тоолор. Европанын чыгыш чегинде Урал тоолору жатат. Кээде Кавказ тоолорун да Европага кошушат.
Эң байыркы (кембрийге чейинки) тектоникалык структурасы – Чыгыш Европа платформасы (калкандары: Балтика, Украина), ал негизинен Чыгыш Европа (Орус) түздүгүн ээлейт. Протерозойдун аягы – кембрийде жүргөн Байкал бүктөлүүсүнө Тимань токол тоосу, Печора ойдуңу, Кола жарым аралынын Түндүк чет-жакасы; кембрий, ордовик, силур мезгилдерин камтыган каледон бүктөлүүсүнө Шпицберген аралы, Аюулуу аралы, Британ аралынын Түндүк жана батыш бөлүктөрү, Ирландия аралы; девон, карбон жана пермде болгон герцин бүктөлүүсүнө Пиреней жарым аралындагы тоолор, Франциянын Борбордук жана Арморикан массивдери, Түштүк Уэльс, Арденна, Вогез, Шварцвальд, Гарц, Кендүү тоолор, Богема массиви, Судет тоолору, Силезия, ошондой эле Урал тоолору, Жаңы Жер аралынын тоолору; кайнозойдо болгон альп бүктөлүүсүнө – Андалус, Апеннин, Альп, Карпат тоолору, Балкан жана Крым жарым аралдарынын тоолору кирет. Исландияда жана Жер Ортолук деңиз аймагынын аралдарында аракеттеги жанартоолор бар. Европа нефть жана газ (Волга – Урал нефть-газдуу аймагы, Кавказдын этектери, Түндүк деңиздин шельфтери), көмүр (Донбасс, Печора, Москва, Жогорку Силезия, Рур бассейндери жана башка), темир (Курск магнит аномалиясы, Украина, Урал, Кола жарым аралы, Лотарингия, Скандинавия жарым аралынын Түндүк аймактары), ошондой эле боксит, түстүү металл, таш жана калий туздары жана башка кендерге бай.
Эллинизм
Эллинизм – 1. Жер Ортолук деңиздин чыгышындагы өлкөлөрдүн тарыхында Александр Македондуктун жортуулдарынан (б.з.ч. 334–323-жылы) ал өлкөлөрдү Рим каратканга (б.з.ч. 30-жылы Египетти багынтканга ) чейинки мезгилдин шарттуу аталышы;
2. б.з.ч. 4-кылымда жаралып, биздин эранын 6-кылымнын ортосуна чейин жашаган рим маданияты.
Эллинизм жөнүндө
Александр Македондук Фиванын гегемониясын, Афинынын эркиндигин, Персиянын улуулугун, Индиянын көз каранды эместигин, Египеттин байыркы маданиятын (Александрия шаарын куруп) талкалаган мезгилден, т.а. б.з.ч. 336-жылдан баштап, "Ажайып комедия" деген чыгарма жаралганга чейин төмөндөгү окуялар болуп өткөн.
Анча көпкө созулбаган македондук басып алуудан кийин Иранга Арал деңизине жакын жерлерде жашаган парфяндар кирип келет. Алар адегенде эллин маданиятынын көркөм дүйнөсүнө катуу таасирленишти, кийинчерээк зороастризмге берилип кетишти (б.з.ч. 250 — б. з. 224-ж.). Андан соң аларга каршы ирандыктар көтөрүлүп чыкты, муну азыркыча улуттук кыймыл десе болот. Арташир Папаган майда ак сөөктөрдүн (дехкан) жана дин өкүлдөрүнүн (мобеддер) биримдигине таянып, кечирим берилген парфян ак сөөктөрүн атчан аскер катары пайдаланып, ак сөөктөрдүн үстөмдүгүн талкалап салат.
IV кылымдын башында Маздак төрө бийликти тартып алгандан кийин элдин интеллектуалдуу бөлүгүн түзгөн ак сөөк адамдарды жана дин өкүлдөрүн кырып жок кылуу башталат. Хосров Ануширвандын 530-жылкы төңкөрүшү реформаны жана ага байланышкан атып, асууларды токтотуп, аскерлердин бийлигин, ушул сөздүн толук маанисиндеги аскер бийлигин орнотту. Анткени, аскер кесибиндегилер жалданма акы алып турушкан. 590-жылы аскер башы Бахрам Чубин бийликти тартып алат, бирок жергиликтүү башкаруучулар ага каршы түп көтөрүлүшүп, тактан алып ыргытышат.
Акыркы мезгилде (591—651-жж.) — маданияттын жана мамлекеттик системанын бузулуп, чирүүсү бардык билимдүү жана сабаттуу перстердин өлкөнү таштап кетүүсүнө жана кырылышына алып келген, бул арабдар басып алганга дейре уланган. Анын натыйжасында жаңы маданияты бар, а түгүл жаңы тилде сүйлөгөн жаңы эл жаралат.
Бул мезгил ичинде Ирандын маданият чөйрөсүндө беш өзгөрүү болуп өттү. Ал өзгөрүштөрдүн ар бирин өз-өзүнчө алганда генезиси, мүнөзү, натыйжасы жагынан окшош болбогонуна карабай италиялык Кайра жаралуудан ашса ашат, кем калбайт: 1. Талаалык парфяндардын эллиндешүүсү, т.а. бөтөн маданиятты кабылдоо. 2. Парфян ак сөөктөрүн ирандаштыруу — өз эли менен жакындаштыруу аракети. 3. 224— 226-жылдарда парфян ак сөөктөрүн зороастризмдин жеңиши — так менен диндин биримдиги. 4. Маздакизм. 5. Митраизмдин каршылыгы. Себеби Бахрам Чубинди армяндар "Михрага сыйынган козголоңчу" деп аташкан. Ушундай кырдаалда христиандык жана гностикалык идеялардын болор-болбос эпкиндери пайда болуп, ал идеялар нагыз, бирок туругу жок интеллигенциянын бир аз гана бөлүгүнүн көңүлүн бурган.
Бирок ушу миң жылдык чымырканган чыгармачыл жашоо-турмуш максдондук жана арабдык басып алуулардын аралыгындагы өткөөл мезгил гана болгонуна мен деги эле ишене албайм. Иран үчүн ушул парфяндык-сасанилик мезгил, анын ичинде Сумбад Магдын, Бабектин көтөрүлүштөрү, Афшиндин тымызын кутуму жана араб баскынчыларына каршы күрөштөр жана башкалар италиялык Кайра жаралууга эмес, Каролингдерден Бонапарттарга чейинки Батыш Европанын бүткүл роман-герман маданиятына тең келчү көрүнүш. Миң жыл менен миң жыл тең келген менен, салыштырылып отурган маданияттар бири бирине дегеле окшош эмес. Бирок так ошол "окшош эместик" окшоштук сыяктуу эле Н. И. Конраддын концепциясынын постулаттарынын бири болуп саналат.
Римдеги эллинизмди эки датанын биринен баштап эсептесе болот: 1) Куугунтук жегендердин бир тобу жети дөңсөөнү ээлеп алышып, ал жерде грециялык полистердин (шаар-мамлекет) үлгүсүндө уюмдашкан учурдагы Он эки таблицанын доорунан башталат. Эгер мындай болсо, анда буга дээрлик бүт Рим республикасы кирет жана өткөөл мезгилдин башталышы болууга бул дата жараксыз; 2) Римдин маданий эллиндештирилиши, адатта, б.з.ч. II кылымда Сципиондордун ийриминин ишмердүүлүгүнө байланыштырылып жүрөт. Бул чынында да ошондой, бирок ага карабай Н. И. Конрад Рим республикасын өткөөл мезгилге таандык кылуу ордуна, аны кул ээлөөчүлүк коом орногон мезгилге таандык кылат. Андай болсо Н. И. Конрад өзү "көкөлөөнүн жана ошону менен эле бирге кыйроонун мезгили" деп атаган империя доору гана "өткөөл мезгил"7 делин иши мүмкүн. Мейли, ошондой дейлик.
А эгер андай болсо, биз ар бири өз-өзүнчө алганда италиялык Кайра жаралууга тең келе алаарлык бир нече маданий жана ошону менен эле бирге коомдук-саясий мезгилдерди бөлүп көрсөтө алабыз жана көрсөтүүгө тийишпиз. Теңештирүү көрүнүштөрдүн мүнөздөрүнүн окшоштуктары боюнча эмес, ошол заманда жашагандар үчүн канчалык маанилүү болгондугу боюнча аныкталарын кайталап айтып кетемин.
Байыркы римдиктердин өздөрү да б.з.ч. II—I кылымдардагы республиканы калыптанып калган саясий түзүлүш катары карашкан эмес.
Б.з.ч. 133-жылы Тиберий Гракх өлтүрүлгөндөн баштап Антоний курман болгон б.з.ч. 30-жылга чейин Рим тынчтык көргөн эмес. Рим сенаты менен элин канга боёгон граждандык согуштан аман калгандар ар кандай катуу бийликтин орношун каалап калышкан.
Октавиан Август жарыялаган "Алтын ортолук" саясий турукташууга, аскерий кубаттуулукту чындоого жана өткөндүн мыкты тажрыйбаларына кайрылып, аны улантуу чакырыгына айланды. Ушул көз караштагы система Марк Аврелий каза болгон мезгилге дейре, т. а. 200 жылча жашады. Эгерде Хан Юнун жана башка конфуцийчилердин ишмердүүлүктөрүн Кытайдагы "Кайра жаралуу" десек, анда Плинийди, Тит Ливийди жана Светонийди Римдин өзүндөгү "Байыркылыкты Кайра жаратуучулар" катары мүнөздөө туура жана алгылыктуу болмокчу. Биз терминдер жөнүндө ушундайча макулдашып албадык беле.
Экинчи мезгил — азиялык маданияттардын Римди үстөкө-босток жеңип алуулары. III кылымдан баштап бул жерде акыл-ойду Чүмбөт жамынган Изида, Үч катар улуулукка ээ Гермес, кудайлардын Энеси — Кибела, айдай сулуу Астарта бийлеп турушту, акырында алардын баарын жеңилбес Күн — жоокерлердин кудайы — Митра жеңип алды. Ошентип, митраизм Аврелиандан Юлиан Апостатка чейин мамлекеттик динге айланып, Рим империясынын расмий көз карашы катарында жашап турду. Маданияттагы бул төңкөрүш гуманизмден, ал эле эмес Реформациядан да маанилүү эле. Кантсе да италиялыктар менен немистер XVI кылымда эстетикалык жана саясий көз караштарын анча-мынча гана өзгөрткөнү болбосо, христиан динине ишенимин жоготпой, сактап калышпадыбы.
Ал эми б. з. I—IV кылымдарында бүткүл Жер Ортолук деңиз жээктерин өзүнө камтыган үчүнчү кыймыл мурдагыларга караганда эбегейсиз күчтүү болгон. Адатта аны христианчылыктын тарашы менен байланыштырышат. Бирок христианчылык Рим империясын каптаган жаны идеялардын арасындагы бар болгону бир кичинекей агым болгону көз жаздымда кала берет. Анткени ал мезгилде христиандар менен бир катарда Материяны каргап шилеген египеттик гностиктер — Валентин менен Василид, Жакшылык жана Жамандык күчтөрүн тендештирген сириялыктар — Сатурнин менен Манини, каардуу алп кара куш Яхвенин душманы — акылмандыктын символу Жыланды ыйык туткан офиттер, Эски осуяттын ыйыктыгын танышкан маркиончулар жана аны символикалык түрдө кабыл алып, түшүндүрүүнү талап кылышкан оригенчилер жана акырында бардык чындыктын негизи болгон Теңирлик Плеромду — жогорку монизмди жарыялашкан гностиктер өз ишенимдерине үндөп турушту. Булардын ичинен Улуу Василий менен Григорий Богословдун христиандык теодицеясына баарынан жакын турганы жана өзүлөрүнүн өзгөчөлүү окуусун Платондун ысмы менен аташканына карабай античный платонизминен баарынан алыс турганы неоплатончулар болуп чыкты. "Акыл- эстин" революциясы римдик Чыгышта пайда болуп жана өнүгүү менен ал "римдин чөйрөсүндөгү жерлердин" гректик-латындык бөлүгүн да өзүнө камтып алганын жана бул жакта да мурдатан калыптанып калган эски көз караштардын өз кризиси жүрүп жатканын" Н. И. Конрад өтө кылдаттык менен байкаган8.
Бул акыйкат жыйынтык, бирок андай болсо, Европанын маданияты үчүн бул көрүнүш өткөөл мезгил катарында каралууга мүмкүн эмес. Чын-чынына келгенде, христианчылык менен манихейчиликтин Сенеканын рационалдуу ой-пикирлерине, митреумдардагы Аврелиандын кандуу мистерияларына же Гелиогабалдын бузукчулук менен көңүл ачууларына кандай тиешеси бар эле? Көз караштын чыгармачыл жаңы агымы бул экөөнү бирдей четке какты. Ал ышмалдасы чыккан античный ойлорду андан ары улантпай, аны шыпырып салды. Башка сөз менен айтканда, бул жерде "өткөөл мезгил" дегеле жок, салт үзүлүп, токтоп, анын ордуна жаңысы жаралган.
Христиан жана манихей чиркөөлөрүнүн бирге жашай албай калышы замандаштарын таң калтырганына карабай, бул көрүнүш античный доор менен толук кол үзүү болгонун түшүндүрүп турат. Ал эмес император Константин бутпарас дининен биротоло баш тарткан кезде да, христиан жамааты дүйнө өкүмдарын өз катарына диакон даражасында кабыл алып, чиркөө маселесин чечүүдө добуш берүү укугуна ээ кылуу же "Императордун чиркөөгө кандай тиешеси бар?" деп карфагендик Донаттын талабын аткарып, катардагы пенде катары калтыруу оңбу дегенчелик эки анжы ойго кабылышкан. Ушул мезгилде империяны варварлар бөлүп- жарып, талап жаткан V кылымда эң алгач манихей, анан христиан динин туткан, таланттуу жазуучу жана талашып-тартышуунун улуу чебери Такыба Августин жашап, иштеп, чыгармаларды жаратып, аракеттен жазбады. Августиндин башкы идеясы католик дини эмес, еретикалык ойлор бол- гонун белгилөөгө тийишпиз. Адамдын эркинин эркиндиги жөнүндөгү католиктик догмага сокку урган анын тагдыр жазмышы жөнүндөгү ойлорунда, бул дүйнөдө болуп жаткан жаман көрүнүштөр үчүн Жараткан өзү жоопкер деген жыйынтык жасалат. Августиндин бул ойлорун миң жыл өткөн соң Жан Кальвин пайдаланып, өнүктүргөн, бирок Орто кылымдарда ага анча маани берилген эмес.
Өз заманына тиешелүү идеялардын тууралыгын талашып-тартышпаганы менен замандаштарына анча ыраазы боло албаган Дантеден айырмаланып, Августин өзүнүн талантынын бар күчүн өткөндөгү идеялаштары — манихейлердин көз караштары жана британиялык кечил Пелагийдин гуманизм концепциясы менен талаш жүргүзүүгө коротту. Пелагий өзүнүн диний ой-жорууларында, адамдын күнөөгө батышы анын жаман аракеттеринин натыйжасы, ошондуктан каардуу христиандан боорукер бутпарас жакшыраак деп айткан. Августин туулганда эле күнөөлүү болуп төрөлүү жөнүндөгү ойлорун сунуш кылды, анда бутпарастардын баарын толук баалуу эмес жандар деп жарыялап, диний келишпестиктин теориясын негиздеди. Бул идея кийинки беш кылым ичинде анча тарай алган жок. Ал кезде Дантенин ырларына тең келчү чыгарма табылбай, акындын тирүү кезинде эле зор баага татыды. Албетте, Августин менен Данте Алигьери бири бирине өздөрүнүн тарыхтагы орду, белгилүүлүктөрү, жеке сапаттары жагынан окшош эмес эле. Алар жашаган жана чыгарма жараткан мезгилдер андан бетер окшош эмес болучу. Эгерде эле Дантеге окшош адам тапкыбыз келсе, ага улуу акын жана чындыкты бетке айтуудан тайманбаган Иоанн Златоустту айтсак болчудай. Эгер мындай салыштыруу, окшоштуруу туура делсе, анда мындан аркы ой жүгүртүүбүз жаңы нукта уланат. Бул жаңы нук бир топ натыйжалуу болчудай көрүнөт жана ал кандайдыр бир күтүүсүз натыйжа катары кабыл алынышы ыктымал.
Карфаген
Карфаген (финикийче Картхадашт – жаңы шаар) – Түндүк Африкадагы байыркы кул ээлик шаар-мамлекет. Ал Биздин заманга чейинки 7–4-кылымдарда Түндүк Африканын жээк бөлүктөрүн, Түштүк Испаниянын жана Жер ортолук деңиздеги айрым аралдарды бийлеп турган. Карфагенди Биздин заманга чейинки 825-жылы Тир шаарынан чыккан финикиялык колониячылар негиздеген. Географиялык абалынын ыңгайлуулугу анын ири соода борбору болушуна шарт түзгөн. Кол өнөрчүлүк менен ири кул ээлиги (айыл чарбасында) кеңири өнүккөн. Карфагенге баш ийген калктар Карфаген бийлөөчүлөрүнө натуралай салык берип, финикиялык колониялар соода кылганы үчүн бажы төлөп турушкан. Биздин заманга чейинки 3-кылымдын башында Сицилия бүт бойдон (Сиракузыдан башкасы) Карфагендин карамагына өткөн. Сицилия 1-Пуни согушу (264– 241-жылы) мезгилинде Карфаген менен Римдин ортосунда талашка түшкөн. Бул талашта Карфаген жеңилип, Сицилиядан баш тарткан. Биздин заманга чейинки 3-кылымдын 30–40жылдарында Карфагенде бийлик Гамилькар Барка башкарган демократиялык топтун колуна өткөн. Биздин заманга чейинки 237жана 219-жылы Карфагенди бийлөөчүлөр өз мамлекетинин согуштук күч-кубатын чыңдоо менен эле чектелбей, Испанияда ээлеген жерлерин кеңейтүүгө жетишкен. Биздин заманга чейинки 219-жылы Карфаген башкаруучусу Ганнибалдын Сагунта шаарын курчап алышы 2-Пуни согушунун (Биздин заманга чейинки 218–201) чыгышына себеп болгон. Карфаген бийлөөчүлөрү Замда (Биздин заманга чейинки 202-жылы) жеңилген соң Рим менен тынчтык келишим түзүүгө аргасыз болуп, Испаниядагы бийлигинен ажыраган. Римдиктер Карфагендин экономикалык жактан кубаттанып кетишинен кооптонушуп, 3-Пуни согушун (Биздин заманга чейинки 149–146-жылдары) ачкан. Мында Карфаген аскери жеңилип, калкы кулдукка сатылган. Карфаген аймагынын бир бөлүгү нумидиялыктарга өткөн, калганы Римдин Африкадагы провинциясына айланган.
Пуни согуштары (тыныгуулар менен биздин заманга чейинки 264–146) – Жер Ортолук деңиздин батышын бийлөө үчүн Рим менен Карфагендин ортосунда болгон кагылыштар. Карфаген биздин заманга чейинки 3-кылымдын 70-жылдарында Африканын батыш жээктерин, Сицилияны ээлеп, Жер Ортолук деңиздин батышына үстөмдүк кылган. Рим биздин заманга чейинки 265-жылы бүт Италияны каратып, Карфаген менен теңтайлаша баштаган. Биринчи Пуни согуштары (биздин заманга чейинки 264-241) Сицилия жана анын жээктери үчүн башталган. Күчтүү флоту бар римдиктер бир нече салгылашта Эгад аралынын жанында (биздин заманга чейинки 241-жылы) Карфаген флотун толук талкалаган. Биздин заманга чейинки 241-жылдагы тынчтык келишим боюнча Сицилия жана анын аралдары, Сардиния жана Корсика аралы Римге өткөн. Экинчи Пуни согуштары (биздин заманга чейинки 218–202) Ганнибал армиясынын биздин заманга чейинки 219-жылы Рим менен союздаш Сагунт шаарына кол салуусу менен башталган. Ал Италияга кирип, Тразимен көлүнүн (биздин заманга чейинки 217-жылы) жана Каннынын жанындагы (биздин заманга чейинки 216-жылы) салгылашта Рим аскерлерин талкалап, Сицилия менен Сардинияга келген. Бирок римдиктер согушту тозуу тактикасы менен Ганнибалдын армиясына сокку уруп, биздин заманга чейинки 202-жылы аны талкалаган. 201-жылдагы келишим боюнча Карфаген Испаниядан баш тартып, Африкада согуш жүргүзүү укугунан ажыраган, ошондой эле флотун жоюп, контрибуция төлөөгө аргасыз болгон. Үчүнчү Пуни согуштары (биздин заманга чейинки 149–146-жылдары) Карфаген аймагында өткөн. Римдиктер Карфаген шаарын үч жылдык курчоодон кийин талкалап, элин кулга айландырган. Пуни согуштарынын натыйжасында Жер Ортолук деңизинин батышында Рим бийлиги орногон.
Ислам цивилизациясы.
Аравия жарым аралынын географиясы, жаратылыш шарттары. Анын жашоочуларынын кесиби жана жашоо мүнөзү. Бедуиндер. Мухаммед башында турган Араб мамлекетинин түзүлүшү. Халифат – исламдын империясы. Халиф – пайгамбардын ордун басуучу. Башкаруучу халифтер: Абу Бакр, Умар, Урман жана Али. Акыркы чыныгы халиф. Араб халифаты – эки океандын ортосундагы мамлекет. 24. Исламдын пайда болушу. Аравия – ислам дининин мекени. Мухаммед – жаны диндин үгүттөөчүсү. Хижра. Исламдын пайда болушу. Аллах – мусулмандардын кудайы. Араб урууларынын арасында исламдын таркашы. Куран – исламдын ыйык китеби. Исламдагы мораль жана укуктун диний мүнөзү. Шариаттын нормалары – мусулман укугу. Үй-бүлө жана Куран. Арабдар каратып алган элдердин маданиятына тийгизген таасири. Исламдын таркашы. Ислам кантип таркады? Мусулман турмушунун түзүлүшү. 25. Араб-мусулман маданиятынын мурасы. Орто кылымдагы мусулмандын руханий дүйнөсү. Араб тили – «Чыгыштын латыны». Билим – карьеранын каражаты. Медресе – жогорку мусулман мектеби. Билимдүүлүктүн жана билимдин ардактуулугу. Арабдардын илимий билимдери. Аль-Бируни. Ибн Сина (Авицена). Араб поэзиясы жана жомоктору. Фирдоуси. Архитектура – араб искусствосунун жогорку денгээли. Гранададагы Альгамбардын сарайы. Мечит – коомдук жолугушуулардын жана баалуулуктарды сактоонун жайы. Мечиттин түзүлүшү. Арабескалар. Испания – араб жана европа маданиятынын ортосундагы көпүрө.