СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарых предметин окутууда компьютердик технологияларды колдонуунун жолдору

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тарыхты окутуу методикасы - мугалимдер жана студенттер үчүн - Тарых предметин окутууда компьютердик технологияларды колдонуунун жолдору берилди

Просмотр содержимого документа
«Тарых предметин окутууда компьютердик технологияларды колдонуунун жолдору»

ТАРЫХ ПРЕДМЕТИН ОКУТУУДА КОМПЬЮТЕРДИК ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫ КОЛДОНУУНУН ЖОЛДОРУ

Акыркы он жылдыкта билим берүү тармагында компьютердик технологияларды кеңири колдонуу проблемалары пайда болду да ата мекендик педагогика илиминде кызыгуу күчөдү. Компьютердин жардамы менен окутуу практикалык көндүмдөрдү гана өзгөртбөстөн адамдардын психологиялык өнүгүшүн дагы өзгөртө алат. Демек, психология илиминин өнүгүшүнө түрткү берет жана анын негизги категорияларын, принциптерин окутуунун элемантардык структураларын колдонуу менен окутууда негизги шарттарды эсепке алуу менен бүтүн окутуу процессин конструкциялайт жана окутуунун танып-билүү ишмердүүлүгүн камсыз кылат.

Окутууну маалыматтык компьютердик технологиялары – бул маалыматты даярдоо жана окуучуларга берүү процесстери, аларды жүзөгө ашыруунун каражаттары компьютер болуп саналат.

Азыркы тарыхты окутуу процесси, анда компьютердик техно­логияны кеңири колдонуу менен мүнөздөлөт. Окутуунун компьютердик технологиясы - деп, предметтик тармакта, окутуунун алдыга коюлган максаттарына натыйжалуу жетишүүгө багытталган, азыркы компьютердик каражаттарды колдонууга негизденген окутуунун методдорунун, формаларынын жана каражаттарынын жыйындысын түшүнөбүз.

Традициялык маалымат технологияларынын көп артыкчылыктарын өзүнө айкалыштырган компьютердик технологиялар тарыхты окутуу процессин кыйла оптималдаштырууга мүмкүнчүлүк берет. Ал кызыктуу, эмоцияга толгон, динамикалуу жана көрсөтмөлүү сабак болуп; массалык окутуунун шартында компьютердик техноло­гия окуу процессин индивидуалдаштырууга жана дифференциялаштырууга; анын чыгармачылык мүнөзүн жүзөгө ашырууга, окуу ишмердигине ийкемдүү башкарууну уюштурууга, окутууну интенсивдештирүүгө жана активдештирүүгө жөндөмдүү.

Мындан тышкары, компьютердик технологиялар тарыхты окуп үйрөнүүнү жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ал маалыматты окуучу үчүн ыңгайлуу формада - графика, таблица, диаграмма, экрандык сүрөттөр ж.б. түрүндө, ошондой эле, тарыхый фактыларды статистикалык баалоо жана кандайдыр-бир параметрлер боюнча, түрдүү объектилерге же объектилердин тобуна салыштыруу жүргүзүү формасында бере алат .

Тарыхты маалыматтык коштоо функциясын аткарып, компьютер окуучулардын предмет боюнча репродуктивдик, ошондой эле, логикалык (системалаштыруу жана классификациялоо, анализ жана синтез) жана рефлексивдик (статистикалык маалыматтарды кайра иштеп чыгуу, маалыматтарды топтоо, тартипке салуу жана анализдөө ыктары) ыктарга ээ болуу процессин бир кыйла жеңилдетүүгө жөндөмдүү. Компьютер тарыхый процесстердин моделдерин түзүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачып берет.

Тарыхтын илим катары активдүү эксперимент жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрү (физика ж.б. табигый илимдер сыяктуу) чектелген. Анда фактыларды түздөн-түз байкоо, каттоо жана классификациялоо методдору басымдуулук кылат. Бирок ушундай методдорду колдонуу учурунда алынган фрагментардык маалыматтар тарыхый процесстин белгилүү бир учурун толук деңгээлде кайра түзүп, реконструкциялоого мүмкүнчүлүк бербейт. Бул болсо үйрөнүлүп жаткан тарыхый көрүнүштүн өнүгүүсүнүн жүрүшүндөгү кокустукту мыйзам ченемдүүлүктөн, субъективдүүнү объективдүүдөн бөлүүгө мүмкүнчүлүк бербейт.

Имитациялык компьютердик модел (мисалы, коомдук-экономикалык процесстерди же согуш аракеттерин имитациялаган) төмөнкүлөрдү жасоого мүмкүнчүлүк берет:

  1. изилденип жаткан тарыхый процесстин сандык материалдарын реконструкциялоого, тактоого;

  2. изилденип жаткан мезгилге тиешелүү тарыхый маалыматтарга динамикалык анализ жүргүзүү;

  3. тарыхый процесстин өнүгүшүн жылдар боюнча имитациялоо. Тарыхый процесс ичиндеги калктын ар бир катмарынын экономикалык абалын мүнөздөгөн коэффициенттерди (киреше, чыгаша, запас) эсептөөгө;

  4. айрым саясий окуялардын маңызын жана маанисин терең түшүнүүгө;

  5. экономикалык жана саясий мүнөздөгү окуяларды мүнөздөөгө.

Тарых сабагындагы компьютердин орду окутуучу программанын тиби менен аныкталат. Алардын айрымдары билимдерди бышыктоого багытталган. Мындай программаларды традициялык системада теориялык материалды өздөштүргөндөн кийин колдонсо максатка ылайыктуу болот

Проблемалык окутуунун жүзөгө ашырган окутуу программалары кыйла чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ. Алар окуу ишмердигине рефлексивдүү башкарууну гана жүзөгө ашырбастан, ошондой эле, аны тез көзөмөлгө алынгандай кылат. Аларда үйрөнүлүп жаткан түшүнүктөрдүн тизмектүүлүгү жана бөлүктөр боюнча өтүү убактысы, баяндоо методдору, берилүүчү тапшырмалардын жана суроолордун татаалдыгы, түшүндүрүүлөрдүн типтери, окуучулар тарабынан кетирилген жаңылыштыктардын саны ж.б. параметрлер боюнча эсепке алынышы мүмкүн.

Оюн түрүндө түзүлгөн программларды өзүнчө бөлүүгө болот. Окуучуларга таасир көрсөтүү даражасы боюнча дидактикалык компьютердик оюндарды төмөндөгүдөй: окутуучу, бышыктоочу, көзөмөлдөөчү жана өнүктүрүүчү түрлөргө бөлүүгө болот. Оюн кайсы түргө киргендигине жараша, сабактын кайсы этабында - таяныч билимдерди жана аракеттенүү ыктарын актуалдаштыруу этабында, жаңы түшүнүктөрдү жана аракеттенүү ыктарын калыптандыруу этабында, билимдерди колдонуу, ыктарды калыптандыруу этабында (М.И.Махмутов) - колдонуу натыйжалуу бологондугуна жараша аныктоого болот.

Таяныч билимдерди жана аракеттенүү ыктарын актуалдаштыруу этабында компьютердик оюндарды колдонуу процессинде оюн тапшырмаларын чечүү окуучуларга, мурда алган билимдерин жана аракеттенүү ыктарын бекемдөөгө жардам берет. Жаңы түшүнүктөрдү жана аракеттенүү ыктарын калыптандыруу этабында, компьютер түзүп берген, оюн материалында терең концентрациялоо мүмкүнчүлүгү жаңы түшүнүктөрдү калыптандырууга шарт түзөт. Билимдерди колдонуу, ыктарды калыптандыруу этабында компьютердик оюндар, окуучуларга билимдерди, ыктарды жана көндүмдөрдү колдонууга жана өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Сабактын бардык этаптарында компьютердик оюндарды колдонуу процесси полифункционалдык мүнөзгө ээ: оюн аркылуу окуу проблемаларын чечүү учурунда билимдер гана калыптанбастан, түрдүү интеллектуалдык сапаттар, мотивация жана эрк да калыптанат, демилге жана чыгармачылык ой стимулдашат, б.а. окуучулардын жеке чөйрөдөгү өнүгүүсү жүрөт. Мындан тышкары, оюн окуучуларды тектеш тармактарда билим алууга түртүп, окуу предметинин чегинен чыгууга мүмкүнчүлүк берет. Бул жагдайлар тарых сабагында дидактикалык компьютердик оюндарды колдонуу методу аны окутуунун проблемалык өнүктүрүүчү методуна кошууга мүмкүнчүлүк берет. Дидактиканын негизги принциптерин жүзөгө ашыруу, компьютердик технология окутууга жаңы мыйзам ченемдүүлүктөрдү киргизет.

Биринчиден, окуу процессинин бардык элементтери окуучулардын жеке маалыматтык мүмкүнчүлүктөрүнө жана өзгөчөлүктөрүнө багытталууга, б.а. маалыматтарды берүүнүн формасы, көлөмү жана темпи боюнча окуучулардын жеке өзгөчөлүктөрүнө адаптивдүү болууга тийиш. Окутууда компьютердик технологияны колдонуу ыкмалары жаштык, физиологиялык жана акыл-эстик мүмкүнчүлүктөрү менен аныкталууга тийиш.

Экинчиден, окутуу мультимедиялык болууга тийиш, б.а. маалыматтын мазмуну жана аны берүүнүн формасы комплекстүү болууга тийиш. Окуу компьютердик программаларында маалымат берүүнүн визуалдык жана үндүк формалары, анын көрсөтмөлүүлүгүн жана таасирдүүлүгүн кыйла жогорулатат жана окуу предметтеринин, ошонун ичинде, тарыхты окуп үйрөнүүнү кызыктуу, жеткиликтүү болушуна мүмкүнчүлүк берет.

Окутуунун компьютердик технологиясынын жогорку дидактикалык потенциалын аңдап билип, адистер, компьютерлер мугалимдин жана окуучунун ортосундагы өз ара мамилесин, адамдын өнүгүшүнүн социалдык-педагогикалык жана психологиялык процесстерин алмаштырууга тийиш эмес.

Сабак учурунда маалыматтык компьютердик технологияны колдонуу этаптары

Сабакты өтүүнүн этаптары

Компьютер, интерактивдүү доска,принтер

Компьютер, проектор

Жаңы материалды түшүндүрүү

Сабактын темасы боюнча тексттик жана графикалык материалды тандоо. Окуу-дидактикалык презентация түзүү. Көрсөтмөлүү таркатма материал түзүү

Сабактын темасы боюнча анимацияланган маалыматтык объектилерди тандоо. Мультимедиалык презентация түзүү

Өтүлгөн материалды өздөштүрүүнү текшерүү

Текшерүү иштерин, жана тесттик материалдарды иштеп чыгуу.

Жаңы материалды түшүндүрүүдө маалыматтык объектилерди колдонуу менен интеграцияланган сабактарды уюштуруу. Мультимедиалык материалдын негизинде өз алдынча иштерди, тесттерди жана текшерүү тапшырмаларын уюштуруу.

Материалды бышыктоо

Алдын ала даярдалган материалдар боюнча окуучулардын жекече чыгып сүйлөөлөрүн уюштуруу.

Медиатехниканын маалыматтык объектилерин колдонуу менен мультимедиалык материалдарды түзүү.

Кошумча билим берүү

Окуучулардын долбоорлоо ишмердүүлүгүн уюштуруу. Мектептик конкурстар жана олимпиадалар үчүн материалдарды даярдоо.

Окуучулардын изилдөөнүн темасы боюнча долбоорлорун коргонуу өткөрүү.


Жогоруда мугалимдин компьютерди колдону варианттарын карадык. Биз көрүп тургандай, педагогикалык процесстин бардык стадияларында компьютерди колдонуунун натыйжалуулугун ырастоочу мисалдар толук ынанымдуу:

  • окуу маалыматын көрсөтүү этабында;

  • окуу материалын компьютер менен интерактивдүү бирге активдештирүү процессинде өздөштүрүү этабында;

  • өздөштүрүлгөн билимдерди, билгичтиктерди, көндүмдөрдү кайталоо жана бышыктоо этабында;

  • окутуунун жетишилген натыйжаларын аралыктык жана жыйынтыктоочу текшерүү жана өзүн-өзү текшерүү этабында;

  • окутуу процессинин өзүн да, анын натыйжаларын да окуу материалын өлчөөнү өркүндөтүү, аны классификациялоо, систематизациялоо жолу менен түзөтүү этабында.

Мисалы:

Предмет: Кыргызстан тарыхы 11-класс

Тема: § 12.Совет мамлекетинин улут саясаты Слайд:Тема §12 (DVDдискте)

3-слайд 4-слайд



Жогорудагы слайддардан окуучулар Түркстан Эл Комиссарлар Советинин түзүлүшү жана Кокон автономиясынын курамы боюнча маалымат ала алышат.

12-слайд 13-слайд


Бул слайддарды көрсөтүү менен мугалим окуучуларга төмөндөгүдөй суроолор менен кайрылат: “Слайддагы инсандар Тоолу Кыргыз областын түзүүгө кандай салым кошушкан?”, “Картада Тоолуу Кыргыз областынын түзүү проектиси кандай эле?” Мугалим окуучулардын аргументүү жоопторун угуп толуктайт.

Рацианалдуу түзүлгөн компьютердик окутуу программаларды колдонуу окутуу процессин индивудализациялоого жана дифференциялоого, окуучулардын таанымдык активдүүлүгүн жана өз алдынчалыгын стимулдоого жол берет. Интерактивдүүлүктүн жогорку даражасы менен айырмаларын, маалыматтык билим берүү технологиялары натыйжалуу окуу-таанып билүү чөйрөсүн, б.а. ар кыл дидактикалык милдеттерди чечүү үчүн колдонулуучу чөйрөнү түзүүгө көмөктөшүшөт. Мисалы:

  1. предмет боюнча базалык билимдерди өздөштүрүү;

  2. өздөштүрүлгөн билимдерди системалаштыруу;

  3. өзүн-өзү текшерүү көндүмүн калыптандыруу;

  4. окууга мотивацияны калыптандыруу;

  5. окуу материалынын үстүнөн өз алдынча иштөөдө окуучуларга окуу-методикалык жардам көрсөтүү.

Компьютер жана мультимедиалык проекторду колдонгон сабакта мугалим билим берүү процессинин башкы катышуучуларын бири, көбүнчө маалыматтын башкы булагы бойдон калат. Ал эми мультимедиалык технологияларды алар көрсөтмөлүүлүктү күчөтүү, бир мезгилде маалымат берүүнүн бир нече булактарына кошулуу, окуу материалын кыйла жеткиликтүү түшүндүрүү үчүн колдонсо болот. Сабакты мультимедиалык сабак “минитехнология”, б.а. берилген окуу максаттары жана милдеттери бар, окутуунун толук белгилүү натыйжаларына багытталган даярдалган иштелме катары да чыга алат. Мультимедиалык сабак төмөнкүлөргө арналышы мүмкүн:

  • жаңы матералды үйрөнүү;

  • жаңы маалыматты берүү үчүн;

  • өтүлгөндөрдү бышыктоо, окуу билгичтиктерди жана көндүмдөрүн калыптандыруу үчүн;

  • алынган билимдерди, билгичтиктерди, көндүмдөрдү кайталоо практикада колдонуу үчүн;

  • системалаштыруу үчүн;

Эгер сабак слайддардын кокус топтому эмес, эс туюмунан бүтүн продукт катары чыкса максималдуу окутуучу натыйжага жете алат. Берилген слайд менен сен кандай окуу милдеттерин көздөйсүң, аларды жүзөгө ашырууга кандай каражаттар менен жетишүүнү каалайсың, айкын элестетүү зарыл.

Мультимедиалык” сабактын артыкчылыктарынын бири көрсөтмөлүүлүктү күчөтүү болуп саналат. Бирок күтүлгөн натыйжага жетишүү көрсөтмөлүүлүккө белгилүү бир талаптарды сактаганда гана мүмкүн.

  1. Көрсөтмөлүүлүктүн таанылуучулугу, ал берилүүчү жазуу жүзүндөгү жана оозеки маалыматка ылайык келүүгө тийиш;

  2. Көрсөтмөлүүктү берүүнүн динамикасы. Эффектилер менен аша чаап кетпөө абдан маанилүү;

  3. Сүрөттөрдүн видео катарынын ойлонулган алгоритми. Окутуучу натыйжа максималдуу болсун үчүн сүрөттөрдү экранга берүүнүн удаалаштыгын абдан жакшы ойлонуу зарыл;

  4. Көрсөтмөлүүлүктүн оптималдуу өлчөмү. Бул минималдуу гана эмес, максималдуу өлчөмдөргө да тийиштүү, алар да окуу процессине терс таасир кылса, окуучулардын кыйла тез чарчоосуна түрткү болот;

  5. Экранда көрсөтүлүүчү сүрөттөрдн оптималдуу саны. Слайддардын, фотолордун, ж.б.у.с. санына азгырылууга болбойт, алар окуучуларды алаксытат, башкыга көңүл токтотууга жолтоо кылышат.

Тема боюнча слайддарды даярдоодо басма тексти берүү проблемасы сөзсүз келип чыгат. Текстик слайдды түзүүдө төмөнкү талаптарга көңүл буруу зарыл: түзүлүшү (жайгашуусу, экранга чыгаруу), көлөмү, формат (шрифтин өлчөмү). Слайддардын өңү окуучуну тажатпаган ачык түстө болуусу зарыл.Слайддардын саны көп болбошу керек (10дон 15ке чейин)

Сабакты үндү колдонуу да чоң мааниге ээ. Үн төмөнкү ролдорду ойной алат: чуу эффектисин; үн иллюстрациясын; үн коштоосун;

Чуу эффектиси катары үн окуучулардын көңүлүн буруу, окуу ишмердүүлүгүнүн башка түрүнө өтүү үчүн колдонула алат. Мисалы, коюлган суроону талкуулоонун башталышында, же тескерисинче талкуулоонун аякташында жана жооп берүүнүн зарылдыгына белги боло алат. Окуучуларга үн ашкере толкундоону жаратпашы үчүн алар буга көндүрүлгөнү маанилүү.

Үн иллюстарциясы жана үн коштоо маалыматтын кошумча булагы катары маанилүү ролду ээлейт. Мисалы, инсандардын өмүр баянын баяндоодо, архивдик видеоматериалдарды коштоодо, архитектуралык эстеликтерди сүрөтөөдө коштоло алат.

Компьютердин негизинде түзүлгөн слайддар, тарыхый документалдуу фильмдер, анимациялар – окутуунун техникалык каражаттарына кирет. Экранда көрсөтүлгөн тарыхый документалдуу материалдар мугалим, диктор же окуучунун жандуу сөздөрү менен түшүндүрүлөт.

Салттуу маалымат технологияларынын көп артыкчылыктарын өзүнө айкалыштырган компьютердик технологиялар тарыхыты окутуу процессин кыйла оптималдаштырууга мүмкүндүк берет. Ал кызыктуу, эмоцияга толгон, динамикалуу жана көрсөтмөлүү сабак болуп, массалык окутуунун шартында компьютердик технология окуу процессин индивидуалдаштырууга жана диференциалдаштырууга, анын чыгармачылык мүнөзүн жүзөгө ашырууга, окуу ишмердигине ийкемдүү башкарууну уюштурууга, окутууну интенсивдештирүүгө жана активдештирүүгө жөндөмдүү.

Компьютердик технологиялар тарыхты окуп үйрөнүүнү жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ал маалыматты окуу үчүн ыңгайлуу формада – графика, таблица, диаграмма, карта, экрандык сүрөттөр, ж.б. түрүндө, о.э. тарыхый фактыларды статистикалык баалоо жана кандайдыр бир параметрлер боюнча, түрдүү объектилерге салыштыруу формасында бере алат.

Мисалы:

Предмет: Кыргызстан тарыхы 11-класс

Тема: §4.Падышачылыктын колониялык саясаты Слайд:Тема §4 (DVDдискте)

5-слайд 6-слайд

Cлайдда мугалим Түркстан областы менен Түркстан крайынын административдик түзүлүшүн схемалык түрдө көрсөтүп окуучулардын өтүлгөн материалды эске тутуусун өрчүтөт.

7-слайд 8-слайд

Окуучулар картадан Түркстан крайынын административдик түзүлүшү боюнча облустарга бөлүнүшүн көрүшүп жана Кыргызстандын калкынын болуштукка бөлүнүшү боюнча маалымат алышат.

Мисалы:

Предмет: Кыргызстан тарыхы 11-класс

Тема:§7.Маданий турмуштагы жаңылыктар Слайд:Тема §7 (DVDдискте)

9-слайд 10-слайд

Cлайддан окуучулар тарыхый фактыларды статистикалык баалоо, салыштырууну жүргүзүшөт.

Компьютердик слайддарды колдонуу төмөнкүлөрдү жасоого мүмкүнчүлүк берет:

  • изилденип жаткан тарыхый процесстин материалдарын реконструкциялоого, тактоого;

  • изилденип жаткан мезгилге, тарыхый маалыматтарга динамикалык анализ жүргүзүү;

  • айрым саясий окуялардын маңызын жана маанисин терең түшүнүүгө;

  • экономикалык жана саясий мүнөздөгү окуяларды мүнөздөөгө;

Кинематографтын, телевидениенин жана экрандык каражаттардын мүмкүнчүлүктөрүн бириктирген слайддардын спецификалык өзгөчөлүктөрү: сөздү жана сүрөттү айкалыштыруу, анимациялардын болушу, маалыматтын жыштыгы, динамикалуулугу, маалмыттын актуалдуулугу жана чындыгы, стоп кадрдын болушу, кайталоо мүмкүнчүлүгү.

Мисалы:

Предмет: Кыргызстан тарыхы 11-класс

Тема:§16.Тылдагы күжүрмөн эмгек Слайд:Тема §16 (DVDдискте)

11-слайд 12-слайд


11- видео слайд “Согуш мезгилиндеги айыл чарба” деп аталат. Бул слайдда Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги айыл чарбасы боюнча тарыхый документалдуу фильм узактыгы 1мин.30 сек. видео фильм мугалимдин сөзүнүн коштоосу менен көрсөтүлөт.

12- видео слайд “Фронтко жардам” деп аталып, узактыгы 2мин. 20сек. Видео диктордун сөзүнүн коштоосу менен жасалган.

Предмет: Кыргызстан тарыхы 11-класс

Тема: §26. CCCРдин тарашы. Эгемендүү Кыргыз Республикасынын жаралышы Слайд:Тема §26 (DVDдискте)

10-слайд 12-слайд

10-слайдда: Эгемендүү Кыргыз Республикасынын картасы боюнча анимация берилген узактыгы 35 секунд.

11-слайдда: Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук Кеңешинин, Улуттук Гвардиянын, Ички иштер аскерлеринин түзүлүшү сүрөттөр менен дал келтирилип көрсөтүлгөн.

Предмет: Кыргызстан тарыхы 11-класс

Тема: Эгемендүү Кыргызстандын руханий турмушу Слайд:Тема §30 (DVDдискте)

9-слайд 10-слайд


9-10-слайддар Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын белгилөө боюнча документүү материал болуп диктордун коштоосу менен жасалып, маалыматтын актуалдуулугу жана чындыгы көрсөтүлөт.

Видео материалдарды колдонуп сабак өтүү, окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун арттырат. Компьютердик технологияны эркин жана сабаттуу башкара алган мугалимдин профессионалдык жана инсандык рейтинги өсөт.

Эгерде слайд программалык материалды толук жана көркөм чагылдырса, мугалимдин түшүндүрүүсүнүн өзөгү жана негизги маалымат булагы болуп калып, сабакты түшүндүрүүдө башкы ролду ойношу керек.

Бүтүндөй программаны слайд аркылуу өтүүнү жолго коюу үчүн сабакты төмөндөкүдөй этаптарда өтүү сунуш кылынат:

I. Cабактын темасын мугалим жарыялайт.

II. Сабактын максатын окуучунун позициясы менен бирдикте коет.

III.Мурунку өтүлгөн тема боюнча окуучуларга тесттик суроолор берилет.

IV.Видео слайдды көрсөтүп, окуучулар менен бирдикте талкуулайт.

V. Карталар жайгаштырган слайддарды мугалим өзү түшүндүрөт.

VI.Сүрөттөр жайгаштырылган слайдды окуучулар талкуулашат.

VII.Сүрөттөр менен бирдикте статистикалык маалыматтар көрсөтүлөт.

VIII.Диктордун коштоосу менен документүү материалдар көрсөтүлүп кыскача талкуу жүргүзүлөт.

IX.Окуучулар алган билимдери боюнча тесттик суроолорго жооп беришет.

X.Окуучулардын билими бааланып, үйгө тапшырма берилет.

Ошентип, слайддарды колдонуу окуучуларга, бөлүктөр, темалар боюнча материалдарды эстөөгө жардам берип, предмет боюнча кошумча материалдар менен тааныштырылат.

Слайддардын өзгөчөлүгү андагы материалдардын көптүгүндө, көрсөтмө куралдардын бардык түрлөрүн камтыгындагында. Анда, карта, көркөм сүрөттөр, инсандардын портреттери, анимациялар, видео үзүндүлөр, үн коштолгон материалдар болот.














ТАРЫХ ПРЕДМЕТИНДЕ ВИДЕОМЕТОДДОРДУ КОЛДОНУУ

Окуп жаткандарга зарыл маалыматтарды берүүгө, таанып билүү муктаждыктарын калыптандырууга, окууга мотивацияны күчөтүүгө жөндөмдүү болгон техникалык каражаттарды колдонуунун өсүшү, азыркы педагогикалык процесстин мүнөздүү белгиси болуп саналат. Окутуунун техникалык каражаттарынын (ОТК) пайда болуу жана өнүгүү тарыхы, аны колдонуу дайыма таанып билүү процессин өркүндөтүүгө шарт түзгөнүн күбөлөндүрүп турат. Ал эми аудиовизуалдык каражаттарды окутуу методдору менен айкалыштыруу, аны кыйла тереңдетти. Техникалык каражаттар сабакта берилүүчү маалыматтардын гана санын көбөйтпөстөн, окуп жаткандардын таанып билүү ишмердигин оптималдаштырууга, алардын алакалашуу чөйрөсүн кеңейтүүгө, окуу материалын берүүнүн структурасын жана формасын өзгөртүүгө жөндөмдүү.

Педагогдор окутуунун каражаттардын ичинен видеометодго өзгөчө орун беришүүдө. Мугалимдин аудиовизуалдык маданияты жана техникалык каражаттар менен иштөөнүн өзгөчө методикалык ыкмалары профессионалдык компетенттүүлүгүнүн критерийлеринин бири болуп калды. Көпчүлүк окумуштуулар окуу техникасынын окуучулардын таанып билүү ишмердигине таасирин видеокөрсөтүүнүн төмөнкү артыкчылыктарынан көрүшөт:

  1. окуучуларды зарыл элестөөлөр менен байытуу;

  2. үйрөнүлүп жаткан көрүнүштөрдүн маңызын кыйла ийгиликтүү ачып берүү;

  3. окуучулардын таанып билүү активдүүлүгүн жана өз алдынчалыгын өнүктүрүү;

  4. окууга жана конкреттүү предметке жакшы мамилени жана кызыгууну калыптандыруу;

  5. окуу эмгегинин маданиятын жогорулатуу.

Кинематографтын, телевидениенин жана стати­калык экрандык каражаттардын мумкүнчүлүктөрүн бириктирген видеожазма башка техникалык каражаттарга караганда, кыйла кеңири спектрде колдонсо болот. Бул видеоканалдын спецификалык өзгөчөлүктөрү менен байланышкан: сөздү жана сүрөттү айкалыштыруу, маалыматтын жыштыгы, динамикалуулугу, кичине экран, катышуу аффектиси, алакалашуу иллюзиясы, маалыматтын актуалдуулугу жана чындыгы, стоп-кадрдын болушу, кайталоо мүмкүнчүлүгү ж.б.

Видеонун жогоруда көрсөтүлгөн касиеттери алдыга коюлган билим берүүчү жана тарбиялоочу максаттарга ылайык, сабакта окуучулардын түрдүү ишмердиктерин моделдештирүүгө жана уюштурууга мүмкүнчүлүк берет. Алсак, видеокөрсөтүүнүн жардамы менен конкреттүү сабак (анын чегинен да тышкары) боюнча окуучулардын теориялык билимдерин кыйла тереңдетүүгө, аларды түрдүү деңгээлдеги тапшырмаларды аткарууга даярдоого, коммуникативдик жана интел­лектуалдык ыктарын, ошондой эле, таанып билүү ишмердигинин ыктарын калыптандырууга болот. Сабакта колдонулган видео­фрагменттер теориялык билимдердин реалдуу турмуш менен жакындашуусуна шарт түзөт. Видеоматери­алдарды колдонуп сабак өтүү, окуучулардын сабакка маанайын арттырып, аны кызыктуу иштөөгө түртөт. Анын натыйжасында, эң жаңы техникалык каражаттардын жардамы менен таанып билүү процессин эркин жана сабаттуу башкара алган мугалимдин профес­сионалдык жана инсандык рейтинги өсөт,

Тарых сабагын окутуу да визуалдык маалыматсыз супсак болуп калат. Өткөндүн окуяларын жана көрүнүштөрүн окуп үйрөнүүдө көрсөтмөлүүлүктү колдонуу окуу материалын жандуу, сезгидей, жакын кылат. Тарых мугалими көп мезгилдер бою окуу телевидениесин колдонуп келген. Анын кеңири тарашына уюштуру жана методикалык мүнөздөгү кыйынчылыктар тоскоолдук кылган. Окуу телевидениесинин ордуна видео келди. Ал окуу телеберүүлөрүн жазып алып, мугалимдин кароосу боюнча колдонуусуна мүмкүнчүлүк берди. Бүгүнкү күндө телевидениеде көптөгөн кызыктуу берүүлөр уюштурулууда. Аны мугалим жазып алып өз сабагына ылайыктап, колдонуу мүмкүнчүлүгү бар. Ушундай жол менен өз видеотекасын түзө алат.

Ошондой эле, мугалим өзү да видеожазуу жүргүзө алат. Анын артыкчылыгы, мугалим көрсөтүү убактысын эркин тандай алгандыгында. Мындай видеосюжетти мугалим экскурсия учурунда, музейлерге же тарыхый эстеликтер бар жерлерде тартып, даярдай алат. Аны бардык эле мугалимдин даярдоо мүмкүнчүлүгү жок. Ошондуктан, мугалимдер даяр видеоматериалдарды пайдаланганы жакшы болот. Мындай видеоматериалдар сапаттуу жасалып, диктордун сөзү менен коштолгон. Видеоматериалдардын убактысынын узактыгы сабактыкынан көп, ошондуктан, мугалим аны менен иштөөнү алдын-ала ойлонуштурушу керек. Мисалы, К.А.Курманалиев. Кыргызстан тарыхы: урунттуу учурлар XIX к. ортосунан азыры мезгилге чейин. Окуу методикалык куралы (мугалимдер үчүн). Б., 2014. Слайд: Тема:§3. 1873-1876-жж. Көтөрүлүш. Түштүк Кыргызстанды Россиянын басып алышы. “Полот хандын көтөрүлүшү”, Док.фильм №2, Док.фильм №3, Док.фильм №4 Док.фильм №5 Слайд:Тема §3 (DVDдискте)

Мугалим мындай сабакка даярданып жатканда, төмөндөгүлөргө көңүл буруусу керек:

  1. фильмдин мазмундук базасы менен таанышуу максатында видеофильмди алдын-ала көрүү;

  2. сабакта иштөө үчүн зарыл фрагменттерди тандоо;

  3. материалды презентациялоо формасы жана аны демон­страциялоо методдору;

  4. фрагменттерге суроолорду жана тапшырмаларды түзүү.

Видеофильмдердин мазмунун жана таасирдүүлүгүнүн кеңдиги, мугалимге айрым сабактарды гана эмес, сабактардын системасын өтүүгө да мүмкүнчүлүк берет. Аны көрсөтүү ордун аныктоо, мугалимдин сабакка даярдануусундагы маанилүү маселе. Мугалим видеоматериалдарды сабактын бардык этаптарында көргөзө алат. Сабактын башында көргөзүлгөн кичинекей видеофрагмент, окуучуларды эч кыйынчылыксыз эле, өткөн сабактагы темага (проблемага, маселеге) кирип, алардын билимдерин актуалдаштырып, жаңы билимдерди кабылдоого даярдайт. Эгерде видеофрагмент программалык материалды толук жана көркөм чагылдырса, мугалимдин түшүндүрүүсүнүн өзөгү жана негизги маалымат булагы болуп калып, сабакты түшүндүрүүдө башкы ролду ойношу мүмкүн. Аларды сабакты бышыктоо жана үй тапшырмасын суроо учурунда, видеоматериалды үнүн чыгарбай көргөзүп да колдонсо болот. Окуучулар видеофильмдин кадрларын (фрагменттерин) кезектешип комментариялашат. Жалпылап-кайталоочу сабактарда видеофильмдерди колдонуу окуучуларга бөлүктөр, темалар боюнча матери­алдарды эстөөгө жардам берип, предмет боюнча кошумча материалдар менен тааныштырат. Өнүктүрүүчү типтеги сабактарды уюштурууда видеофрагменттер өзгөчө мааниге ээ. Акыркы мезгилдерде проблемалык тапшырмалары бар видеоматериалдар түзүлө баштады.

Видеофрагментке суроолорду коюу, план түзүү (фильмдин кадрпланы) - анда мугалим фильмди эпизоддорго бөлүү жана эки-үч сөз менен негизги ойду белгилөө. Ал мугалимге видеосабактын түрдүү моделдерин түзүүгө мүмкүнчүлүк берип, анын жогорку натыйжалуулугун камсыз кыла алат. Видеоматериалдарга карата, тарых боюнча сочинение жазуу чыгармачыл тапшырмалардын бири болуп саналат. Сочинение окуучуларга тарыхый ишмерлерге жана окуяларга карата мамилесин аныктап, алардын ой-сезимдерин ойготуп, өткөн менен аралашып, келечек тууралуу ойго чөмүлүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Өнүктүрүүчү сабакта видеоматериалдар менен иштөөдө, окуучулардын ишмердигинин дискуссиялык формаларын көңүлдүн сыртында калтырууга болбойт. Туура тандалган видеокадрлар жеңил эле проблемалык кырдаалга кирүүгө, тема (маселе, проблема) боюнча кызыктуу аңгеме-диспут уюштурууга жардам берет. Тарыхый окуялар жана алардын кесепеттери тууралуу видеофрагментте келтирилген карама-каршы пикирлер, кырдаалдар, түрдүү гипотезалар жана көз караштар, классты «илимий талашка» тартат. Анда көздөгөн чындыкка жетишилбесе да, окуучулар «илимге» аралашып, өз жоопторун жана божомолдорун далилдүү түзүүгө, эркин пикир алышууга, оппоненттери менен талашууга, ой жүгүртүүгө жетишилет.





Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!