СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарых сабагынын керектуу материалдары

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тарых сабагынын керектуу материалдары»

ЦОМО тест 11-класс

  1. Чжан-Цзяндин б.з.ч. 127-жылы Усунгодон Кытайга кайтып келиш Улуу Жибек жолунун башталышы болуп эсептелет.

Васко да Камма Индияга барчу деңиз жолун 1498-жылы ачкан

Ушул окуялардын аралыгында канча убакыт ѳткѳн.

а) 1371-жыл

б) 1471-жыл

в) 1625-жыл

г) 1725-жыл

  1. Тѳмѳндѳ келтирилген үзүндү тарыхый документтердин кайсы түрүнѳ кирет?

«мен, княз, Александр, жана бардык новгороддуктар менен бирге немис элчиси Шиворд жана урматтуу элчи Гидрик менен тынчтык келишимин түзѳбүз. Мындан ары новгороддуктар немис жээгинде, немистер болсо новгороддуктар жээгинде эч жамандык кылбай конок болушат…..»

а) Тиленүү арызы

б) меморуал

в) Келишим грамотасы

г) Жылбаян (жылнама)

  1. Эмне Байыркы Индияда б.зч. 1-миң жылдыкта каста д.а

а) адамдардын ѳз укуктары жана милдеттери менен айырмаланган чоң жабык топтору

б) жашоонун эң башкы мааниси жѳнүндѳ философиялык ой жүгүртүүлѳрдү камтыган тарыхый чыгармалар

в) Индия кудайлары менен башкаруучулаларына арналган архитектуралык курулуштар

г) Калктын туткан дини боюнча бѳлүнгѳн чоң топтор

  1. Рим жоокерлери «таш бака» тизилишин эмне үчүн колдонушкан?

а) Парад мезгилинде калкандарындагы гербдерди кѳрсѳтүү үчүн

б) ѳз жоокерлерин душмандын жаачыларынын огунан сактоо үчүн

в) жарадар болгондорду коргоп, согуш майданынан алып чыгуу үчүн

г) Жеңилип бара жатканда артка чегинүү үчүн

  1. Байыркы Афина мамлекети Байыркы Чыгыш мамлекеттеринен эмнеси менен айырмаланган

а) Афинада бүт бийлик падышалардын колунда болчу

б) Афинада мамлекетти башкарууга кулдар катышчу

в) Афинада бийлик мураска ѳткѳрүлүп берилчү

г) Афинада шаар-мамлекетин башкарууга эркин тургундар катышчу

  1. VII. к кайсы мамлекетти түзүүдѳ мусулман дини бириктирүүчү фактордун ролун ойногон?

а) Багдад халифатынын

б) Араб халифатынын

в) Дели халифатынын

г) Кордов халифатынын

  1. Киев русунун княздарынын Х к. орто чениндеги тышкы саясатынын максаты эмне болгон?

а) Европа башкаруучулары менен сулалелик (династиялык) никелерди түүдѳ

б) Багындырылган Хазар кагандыгынан алым чогултуп алууда

в) бардык коңшуу урууларга каршы баскынчылык жортуулдарды жасоодо

г) Бардык чыгыш славиян рууларын бирдиктүү мамлекетке бириктирүүдѳ


  1. Х1 к. аягында крест жортуулдарынын мезгили башталып, аларга дыйкандар, жарды рыцарлар, феодалдар жана дин кызматчылары катышкан

Эмне жортуулдардын бардык катышуучулары үчүн БАШКЫ бириктирүүчү фактор болгон?

а) ѳз жери таштап кетүү калоосу

б) жаңы жерлерди басып алуу

в) жаңы соода жолдорун ачуу

г) Жаңы жерлер жѳнүндѳ билүүгѳ умтулуу


  1. Орус княздыктарынын XIV кылымда бир мамлекетке бириккендигинин себеби эмне?

а) Могол –татар эзүүсүнѳн бошонуу зарылчылыгы

б) Феолдалдардын кѳз карандысыз болууга умтулуусу

в) Бийликке жаңы сулаленин ( династиянын) келиши

г) Бирдиктүү диндин кабыл алынышы

  1. Эмне үчүн 1492-жылы Х. Колумб, Европадан деңиз жолун табууга аракеттенип Испаниядан саякатка Африканы айланып түштүктү карай эмес, батышты карай жѳнѳгѳн?

а) Окемнга чыкканда катуу бороон башталып, Колумб багытынан адашкан.

б) Жолду аныктаганды билген Лоцман Цинга оорусунан ѳлгѳн

в) Батыш жакта аралдар кѳп болуп, бул, багытта жол жүрүү коопсузураак эле.

г) Колумб жерди тоголок, батышты карай жүрүүнү, түштүктѳн кѳрѳ кыскараак деп эсептеген

  1. Тѳмѳн жакта келтирилген архитектуралык курулуштардын кайсы классика стилине тийиштүү


  1. 1653-1658-жылдардагы Англия революциясынан кийин орногон Кромвелдин протектораты ѳлкѳнү башкаруунун кайсы формасына тийиштүү болгон?

а) Абсолюттук монархия

б) Согуштук диктатура

в) Республика

г) Парламенттик монархия

  1. XVII -жылдарда Нидерландыда дүйнѳдѳгү биринчи революция болуп ѳткѳн.

Нидерландыда революцияга алып келген себептердин бышып жетилиши ѳбѳлгѳ түзгѳн тарыхый окуялар кандай тартипте орун алган?

  1. Географиялык ачылыштар

  2. Нидерландыда порт шаарларынынын соода айланышынын дүркүрѳп ѳсүшү

  3. Нидерланды экономикасынын ѳнүгүшүнүн ылдамдашы

  4. Нидерландынын Испаниянын негизги киреше булагына айланышы

а) IV-III-II-I

б) I-II-III-IV

в) II- I-IV-III

г) III- II-IV-I

  1. 1789-жылы Улуу Француз революциясы “Адам жана жаран укуктарынын декларациясында” эмнени жарыялаган.

а) Эң жогорку мамлекеттик бийликтин булагы болуп король эсептелген

б) Бардык жеке менчик мамлекет пайдасына алууга тийиш экенин

в) Мыйзам тыюу салбаган нерсенин барын жасоого уруксат экенин

г) Сѳз эркиндигине тыюу салынганын

  1. 1861-ж Россиядагы крепосттук укукту жоюу реформасынын үстүндѳ помещик министрлер иштеген.

Крепосттук укукту жоюлганда дыйкандар жерди кандай шартта алышкан?

а) Дыйкандар жерди бекер алышкан

б) Дыйкандар жерди сатып алуу тѳлѳмдѳрүн тѳлѳп алышкан

в) Мамлекет дыйкандар үчүн жерди сатып берген

г) Дыйкандар жерди дегеле алышкан эмес

  1. Х1Х-ХХ кк чегинде Орусиянын Жакынкы Чыгыш маселесин чечүүдѳгү башкы милдет эмне болуп калган?

а) Палестинада еврей мамлекетин түзүү

б) Палестинадагы касиеттүү жерлер болгон ѳзүнүн могоплдук укуктарын камсуз кылуу

в) Босвор жана Дарданедда кысыктарын кѳзѳмѳлдѳѳ зарылчылыгы

г) Түркиядагы революцияны тутандыруу

  1. Дүйнѳдѳгү соуштар убагында кээ бир ѳлкѳлѳр сепараттык тынчтыкты түзүү жѳнүндѳ сүйлѳшүүлѳрдү жүргүзѳ баштайт

Кандай келишим сепараттык деп аталат?

а) Согушуп жаткан мамлекеттер коалициясына кирген ѳлкѳлѳрдүн кээ бири ѳз союздаштарынын макулдугусуз түзгѳн тынчтык келишим

б) Так аныкталган бир маселеги тийиштүү эл аралык документ

в) Эки жана андан кѳп мамлекеттер тарабынан түзүлгѳн убактылуу тынчтык келишими

г) Коалиция атыщуучуларынын биригип башкалардын үстүнѳн артыкчылыгын жоболоштурган келишим

  1. 1925-жылы СССР коммунистик партиясынын XIV сьезди тарабынан кабыл алынган ѳлкѳнү индустриялаштыруу программасынын БАШКЫ максаты эмнеде болгон?

а) Кѳп сандаган жоокерлүү, жакшы үйрѳтүлгѳн жана куралданган армияны түзүу

б) Айыл чарбаны ѳнүктүрүү үчүн жеңилдетилген шарттарды түзүү

в) Эл чарбасынын бардык тармактарында ири машина ѳндүрүшүн түзүү

г) Курулуш тармагын ѳнүктүрүү үчүн ѳнѳр -жай ишканаларын түзүү

  1. Экинчи дүйнѳлүк согуштун алдында 1936-1937-ж “Берлин-Рим-Токио огу” деген ат менен аталган Союз (бирлик) пайда болгон.

Ошол бирликти түзгѳн ѳлкѳлѳр эмне жѳнүндѳ макулдашып алышкан?

а) Евразиядагы антифашистик (фашизмге каршы) кыймылды колдоо жѳнүндѳ

б) Европадагы коммунистик кыймылга каршы биргелешип күрѳшүү жѳнүндѳ

в) Экономикалык кызыкчылыктын ( кризисти) кесепеттери менен бирге аракеттенип күрѳшүү жѳнүндѳ

г) Европада коллективдик коопсуздук системасын түзүу жѳнүндѳ

  1. 1985-жылы “ Кайра куруу” башталаары менен СССР капиталисттик олколорго каршы туруу саясатынан ”жаны саясий ой жугуртуу” саясатына откон.

Тѳмѳн жакта саналгандардын кайсынысы саясатынан ”жаны саясий ой жугуртуу” концепциясына КАРАМА-КАРШЫ КЕЛЕТ?

а) Заманбап дүйнѳнүн бир бүтүндүгү таануу

б) Таптык, идеологиялык, улуттук баалуулуктарынын артыкчылыгы

в) Ядролук куралы жок дүйнѳнү куруу

г) Аймактык келишпестиктерди куралдуу жол менен чечүү

  1. Кыргыз санжырасы уруктун, элдин, уруунун тарыхы жѳнүндѳ баяндайт.

Санжыра тарыхый булактардын кайсы түрүнѳ кирет?

а) Жазма тарыхый булактарга

б) Мифтик тарыхый булактарга

в) Оозеки тарыхый булактарга

г) Буюм дата тарыхый булактарга

  1. Эмне үчүн б.з.ч. II-I –кк. Кытай менен хунндар (гундар) ѳзүнүн тышкы саясатында Усун мамлекети менен эсептешүүгѳ аргасыз болгон?

а) Усундардын атчан аскери күчтүү болгон.

б) Усундар кытай кербендерин коргошкон

в) усун күнбагы (күнбийи) Хунн жана кытай ханбийкелерине үйлѳнгѳн

г) Усун мамлекети Кытай жана хунн империялары менен чектеш болгон

  1. Эмне үчүн Кытайдын Хан империясы б.з.ч. 103-ж. Даван мамлекетине жасаган ийгиликсиз жортуулунан кийин, согуштук жортуулунан кийин, согуштук жоготуулар менен чоң чыгашаларга карабастан б.з.ч.101-ж. шашылыш түрдѳ экинчи аскерди жабдып, Даванга каршы жаңы жортуулду баштайт?

а) Хань империясы Даванда жибек жасай жашташат деп кооптонгон

б) Даван Хань империясынын бүтүндүгүнѳ коркунуч туудурган

в) Хань империясынын солгундай түшкѳн зоболосун калпка келтирүү керек болгон

г) Давандын түшүмдүү кѳп берүүчү жерлери Хань империясын кызыктырган

  1. Кыргыз” этноними жѳнүндѳгү маалыматы биринчи болуп кандай тарыхый булактар берет?

а) б.з.ч. 201-жылга таандык кытай тарыхый чыгармалары

б) Батыш Монголиядагы археологиялык табылгалар

в) Санжыра эана эпикалык чыгармалар

г) Кыргыздардын келип чыгышы жѳнүндѳ уламыштар (легендалар)

  1. Эмне үчүн, кѳп жылдар бою арабдар менен каршылышканына карабай, түргѳш башкаруучусу Чабышчор Сулук ислам динин кабыл алууну каалаган?

а) Түргѳштѳр арабдар менен бирге Кытайга каршы согуштук бирлик (союз) түзүшкѳн

б) Түргѳштѳр араб халифатынын курамына кирүүгѳ умтулушкан

в) Исламды кабыл алуу арабдардын Орто Азияга кол салуусун токтоткон

г) Чабышчор Сулукту Багдадын халифи пара берип ѳзүнѳ тарткан

  1. Тѳмѳн жакта келтирилген окуялардын кайсынысынан кийин акыркы кыргызстандын аймагына мусулман дини тарай баштаган?

А) караханийлер кагандыгынын пайда болушу

Б) талас салгылашуусу

В) кокон хандыгынын пайда болушу

Г) баткак салгылаштыруусу

  1. Эмне үчүн энесайлык кыргыздар 1207-жылы Чынгызхандын аскерлерине каршылык корсотүшкон жок?

а) Кыргыздар болүнүп-жарылып алардын бирдиктүү мамлекети жок болгон

б) Кыргыздар Энесайдан Теңир-Тоого кетип калышкан

в) Кыргыздар моңголдорго алданып туткунга түшүп калыышкан

г) Кыргыздар моңголдорду уйгур алымынан бошотуучулар катары кабыл алган

  1. XVI к тарыхый булактары кыргыздардын Теңир -Тоого (Тянь-Шанда) пайда болгону жонүндо айтканда Мухаммед-кыргызды эскеришет

Кыргыздардын тарыхында Мухаммед-кыргыз кандай ролду ойногон?

а) Мухаммед-кыргыз кыргыз-казак бирлигине(союзуна) каршы чыккан

б) Мухаммед-кыргыз темирландын союздашы болгон

в) Мухаммед-кыргыз кыргыздардын мамлекеттик дин катары исламды кабыл алышын колдогон

г) Мухаммед-кыргыз Теңир-Тоого ѳз мамлекетин түптѳѳ үчүн күрѳш жүргүзгѳн

  1. ХV к аягында Улуу Жибек жолу жок болуп кеткен.

Улуу Жибек жолундагы сооданын начарлашына эмне себеп болду

а) ООрулардын айыгып кетиши

б) Каракчылардын кербендерге кол салып, тоноолору

в) Борбордук Азияны монголдор басып алышы

г) Индияга барчу деңиз жолдорунун ачылышы

  1. Хайду –хан ѳткѳрүп, тѳмѳн жакта саналган реформалардын кайсынысы мамлекет экономикасынын бекемделишине ѳбѳлгѳ түзгѳн эмес?

а) Хан расмий салыктан башка салыктардын чогулушуна тыюу салган

б) Хан акча реформасына ѳткѳргѳн

в) Хан айдалып эгилген талааларга мал жаюуга руксат берген

г) Хан кол ѳнѳрчүлүктүн ѳнүгүшүнѳ жана шаарлардын калыбына келтирилишин колдогон

  1. Эмне үчүн, Моголистан мамлекетин түптѳгѳндѳн кийин, Пуладчы –эмир Тоглук-Темирди хан тактысыны кѳтѳрүүгѳ жана анын атынан бийлик жүргүзүүгѳ аргасыз болгон?

а) Пуладчы Чынгыз хандын тукумунан болгон эмес

б) Бул аны кѳчмѳн элдердин колдоосу менен камсыз кылган

в) Тоглук-Темирди Чынгыз хандын чѳбѳрѳсүнѳ үйлѳнгѳн болчу

г) Бул мусулман калкынын колдосун камсыз кылган

  1. Х1Х к. кыргыз жазма поэзиясынын ѳнүгүшүнѳ Байымбет Абдрахманов чоң салым кошкон.

Бул акын эл арасында кандай ат (псевдоним) менен белгилүү болгон?

а) Молдо Кылыч

б) Тоголок Молдо

в) Молдо Нияз

г) Байымбет Молдо

  1. Х1Х к. 60-жылдары Орусия империясы Түркстанды, анын ичинде Кыргызстанды кошуп алууга умтулган, анткени

а) анын борбору Борбордук Азия элдеринин жашоо-турмушуна чоң кызыгуусу болгон

б) Бишкек

в) Талас

б) ал Кыргызстандын Кокон хандыгына каршы улуттук- боштондук күрѳшүн колдогон

в) ал Улуу Британиянын ушул аймактагы позициясынын бекемделишине жигердүү каршылык кѳрсѳткѳн

г) анын кыргыз уруу башчылары менен дипломатиялык алакалары бар болгон

  1. Х1Х к. биринчи жарымында кыргыздарда уруулар аралык жана уруулар ичинде кагылышуулар келип чыгып, алар кѳп учурда барымта эмнени билдирген?

а) Душмандын конушуна кол салууну жана жайылып турган малды жайыттын туш-тушуна качырууну

б) Кошчу урууну же бири-бири менен касташкан уруулардын жылкы үйүрлѳрүн жана отор койлорун тийип кетүүнү

в) Коңшу конушка барып , малчылык ѳнүмдѳрүн берүүнү

г) бири-бири менен касташкан уруулардан кыз ала качуу

  1. Түндүк Кыргызстандын кайсы шаары 1889-1920-жж жана 1939-1991-жж мезгилдеринде Х1Х кылымдын Борбордук Азиянын атактуу изилдѳѳчүсүнүн атын алып жүргѳн?

а) Каракол


г) Балыкчы

  1. Орусиянын ХХ кылымдын башындагы Түркстандагы колониялык саясатынын негизинде кѳчүрүү саясаты жаткан.

Бул эмнени билдирген?

а) Дыйкандарды Орусиядан Орусия империясынын чет жакаларына кѳчүрүү

б) Орус букаралыгын жактырбаган кыргыздарды Түркстан крайынын чегинен сырткары кѳчүрүүнү

в) Кыргыздар айдоо жер тилкелерин берүүнү

г) Кыргыздарды Кытайга кѳчүрүүнү

  1. 1925-жылы Фрунзе шарында “Интергелпо” улуттар аралык кооперативдик шериктигинин мүчѳлѳрү- Словакия жумушчулары кандай максат меен келишкен?

а) Алар революциячыл ишмердиги үчүн Словакиядан айдалган болчу

б) Алар аймакты изилдѳѳ үчүн тарыхый-этнографиялык экспедцияны уюштурууну каалашкан

в) Алар ѳнѳр жай ишканаларын курууга жардам бергиси келген

г) Колхозго мүчѳлүккѳ ѳтүүнү каллашкан.

  1. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калптануу процесси кандай тартипте ѳткѳн?

I Кара-Кыргыз автономиялуу областынын уюшулушу

II Кыргыз Республикасынын жарыяланышы

III Кыргыз автономиялуу Совет Социалисттик Республикасынын уюшулушу

IV Кыргыз Совет Социалисттик Республикасынын ѳзгѳртүлүп кайра курулушу

а) I, II, III, IV

б) I, III, IV, II

в) II, I, III, IV

г) II, IV, I, III

  1. 1990-ж март айында СССР эл депутаттарынын III съезди ѳлкѳдѳ презденттик башкаруу киргизилген. Бул Президент кызмат ордун жалпы СССРде гана эмес, союздук республикаларда да бекитилишине алып келген.

Тѳмѳн жакта келтирилген окуялардын кайсынысы калгандарынын ѳткѳрүлүшүнѳ мүмкүнчүлүк берген?

а) Демократиялык реформалардын ѳткѳрүлүшү

б) Кѳп партиялуулуктун жана плюрализмдин киргизилиши

в) КПСС буйрукчул партиялык системасынын жоюлушу

г) Базар (рынок) экономикасынын жайылтылышы

  1. СССР курамында Кыргызстан бирдиктүү эл чарба комплексинин үзүрлүү бир бѳлүгү болгон.

Эмне үчүн СССР ыдырап кеткенде Кыргызстандын экономикасы каатчылыкка (кризиске) туш болду?

а) Пландык экономиканын ордуна базар (рынок) мамилелери келди

б) Ѳнѳр жай ишканаларынын кѳбү менчиктештирилип кеткен

в) Башка аймактар менен болгон экономикалык байланыштар үзүлгѳн

г) Ишканалардагы башкаруу аппараты кыскарып кеткен