СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарыхый эстеликтер

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тарыхый эстеликтер»

Байыркы таш балбалдар

Таш сөлөкөттөр адегенде VI-Х кк. чегинде пайда болгон, айрымдары Х-ХII кк. да тийиштүү. XIII к. кийин алар Тенир-Тоодо коюлбай калган. Балбал таштарды коюп көмүү салты Кыргызстандын территориясына исламдын таралышынан кийин токтогон. Анткени ислам бардык тирүү жандыкты: адамдын, айбандын, канаттуунун сүрөтүн тартууга тыюу салган.

Балбал таштардын таралышы аркылуу түрк тилиндеги көчмөн уруулардын таралыш чегин аныктоого болот. Нарын жана Ысык-Көл областтарында, Кемин, Чүй жана Талас өрөөндөрүндө жүздөгөн балбалдардын бар экендиги эсепке алынды. Кыргызстандын территориясынын калган бөлүктөрүнөн бир аз гана балбалдар табылды. Алсак, Кетмен-Төбө өрөөнүнөн эки, ал эми бүтүндөй Ош областында беш балбал табылган. Алардын бирөө Ала-Бука районунда, экөө Өзгөн шаарында жана экөө Гүлчө кыштагында жайгашкан.

Изилдөөчүлөрдүн арасында таш балбалдын чыгышы тууралуу бир нече гипотеза жашап келүүдө. Биринчиси таш сөлөкөттөргө түрктөр өзүлөрүнүн же өлгөндерүнүн кебетесин, тышкы көрүнүшүн түшүрүшкөн дешсе, экинчиси түрктүн өзү өлтүргөн душманынын, тиги дүйнөдө ага кызмат кылчу кишинин келбетин чегишкен дейт. Алсак, Күлтегиндин эстелигинин эки тарабына эки км узундуктагы аралыкка катары менен таш балбалдар коюлган. Күлтегин өз өмүрүндө мынча адамды өлтүрүшү мүмкүн эмес. Демек, байыркы түрктөрдө өзү өлтүргөн адамдын келбетин таштан чегип, аны өзү жогору баалаган адамына тиги дүйнөдө кызматчы катары тартууга берсе керек. Күлтегиндин эстелигинин жанындагы өтө көп сандуу таш балбалдар ага өзүнүн жоокерлери, пикирлештери тарабынан ага урмат көрсөтүү үчүн берилген деген пикир туудурат.










Бурана

Байыркы көчмөн элдердин борбор шаарынан сакталып калган архитектуралык эстелик - мунара. Ал Чүй өрөөнүндөгү азыркы Токмок шаарынын жанынан орун алган.

XI кылымдагы Баласагын шаарынын калдыгы болуп саналат. Мунаранын бийиктиги 24 метр, кезинде андан да бийик болуп кырк беш метрден ашкан. Курулуш мусулмандарга намаз окуур убактысын билдириш үчүн азан чакырууга ылайыкташтырылган. Убагында мунарага жанаша салынган мечит болуп, тегерегинде башка дагы көптөгөн курулуштардын орун алгандыгын андагы уранды-калдыктар далилдеп турат. Бул Баласагын шаары кийин, 13-14-кылымдарда талкаланып жок болгон. Ошонун ичинен жалгыз Бурана сакталып калган. Анын сырты оймо-чийме менен кооздолуп салынган, ичинде төбөсүнө карай буралып чыгуучу тепкичтери бар. Жоокерчилик заманда мунара кароол карай турган жай катары да кызмат кылган. Баласагын - орто кылымдын улуу акыны жана ойчулу Хас Хаджиб Юсуф Баласагундун мекени болгон. Ал 1069-жылы жазылган белгилүү «Кут алчу билим» поэмасынын автору.



Манастын күмбөзү

Талас өрөөнү өткөн кылымдардын тарыхый эстеликтерине өтө бай келет. Алардын арасында XIV кылымдын башында тургузулган «Манастын күмбөзү» да орун алган. Күмбөз Кеңкол суусунун жээгинде, азыркы Талас шаарынан он эки чакырым аралыкта, «Манастын» чокусу деп аталган тоонун этегинде жайгашкан.

Манастын күмбөзү Ала-Тоо койнундагы керемет эстеликтердин бири. Бабабыз Манастын күмбөзү деп бүтүндөй кыргыз эли сыймыктанган жана сыйынган ыйык жайы. Жоокерчилик заманда кол башчылардын, хандардын сөөгүн суук көздөн жазгыруу максатында башкага ыйгарып, 14-кылымда жашаган Кенизек Хатундун күмбөзү катары атап коюшкан чыгаар деп божомолдошот. Ал эми жергиликтүү калк төмөнкү уламышка байланыштырат. Манастын уулу Семетей Аңырташтагы салгылашууда курман болгон атасынын сөөгүн мына ушул жерге алып келип койгон деп айтышат.

Эл арасында тараган дагы бир уламыш боюнча, күмбөздү Манастын жубайы Каныкей салдырган дешет. Легендарлуу эл баатыры Манастын арбагын, жаткан жайын анын душмандары кордоп койбосун деп, күмбөздүн бет маңдайындагы жазууга аял кишинин ысмын жаздырып коюуну Каныкей буюрган имиш. Манастын күмбөзү байыркы замандардан бери эле эл таазим эткен касиеттүү жай катары эсептелет. Анын жанындагы азыркы күндө ата-бабаларыбыздын өткөн доордогу тарыхын чагылдырган этнографиялык музей курулган.















Өзгөн архитектуралык комплекси

Өзгөн – Кыргызстандын эң байыркы шаарларынын бири.

10-12-к.к бүтүндөй Азия чөлкөмүнө базарлары менен даңкы чыккан. Убагында Фергана өрөөнүнүн чоң соода борбору дал ушул Өзгөн болгондуктан, Улуу Жибек жолунан өткөн соодагерлердин базарларга кайрылып өтүшү салт эле. Айрым изилдөөлөрдө калаа ошол убакта гүлдөп-өнүккөнүнөн улам Өзгөн делинип, кийин Өзгөн деген аталышка өтүп кеткен.

Өзгөн архитектуралык комплекси 11-12-кылымдарга таандык. Комплекс мунарадан жана 3 күмбөздөн турат. Бул тарыхый эстеликтердин баары бир мезгилде курулган эмес. Айтылуу Өзгөн мунарасынын алгачкы бийиктиги 44 метрге жеткен. Бирок убакыттын өтүшү менен чөгүп, урап отуруп, азыркы бийиктиги 27,5 метрди түзөт. Мунараны куруу максаты эмнеде болгон? Бул жаатында изилдөөчүлөр мунаранын эки түрдүү себеп менен курулганын айтышат. Биринчи себеби, сырттан келаткан душмандарды байкоо иретинде атайын кароол мунара катары курулган. Экинчи себеби ислам динине байланыштуу. Мунарага чыгып, азан айтып элди намазга чакыруу максатында тургузулган делинет. Түрдүү оюм-чийим менен кооздолуп, кыштан тургузулган мунаранын бүгүнкү күнгө чейин урабай турушу мунаранын сырын күчөтүп келет.



Кербен-сарай «Таш-Рабат»

( XV к) –Теңир-Тоонун тоо архитектурасынын символу болгон Кыргызстандын орто кылымдагы кайталангыс археологиялык эстелиги. Нарын областынын 3200 метр бийиктикте Кара-Коюн капчыгайынан орун алган. Улуу Жибек Жолунун гүлдөп турган мезгилинде «Таш-Рабат» 3чеби азыркы түшүнүк боюнча кербен сарайы өзгөчө мейманкана катары да, соодагерлер жана саякатчылар үчүн токтоочу жай да болуп кызмат кылган. Таш-Рабат курчап турган жаратылышка жарашып төп келип турат. Жалаң табигый таштан кынапталган бул кербен сарай дайыма өзгөчө кызуугуну пайда кылып келген. Сарайдын ичи 31 бөлмөдөн туруп, анда эс алуучу, тамактануучу, унааларды байлай турган жайлар жана кеңеш куруучу чоң бөлмөсү бар. Өз убагында сарай согуштук максатта да пайдаланылгандыгын андагы эки зындан айгинелеп турат.

3 Рабат - кыргыз тилине которгондо: ажайып кооз жай деген мааниде.

Таш-Рабаттын жалпы курулушу ошол мезгилдеги курулуш чеберлеринин устат экендигин ырастап көрсөтөт. Анын качан салынгандыгы жөнүндө так маалымат жок. Болжолу 12-16-кылымдардын аралыгында курулган. Кербен сарайдын курулуш тарыхы тууралуу да ар кандай божомолдор айтылат. Биринчиси, жергиликтүү башкаруучу Мухамед хандын буйругу менен курулган десе, эски адамдар Таш-Рабатты атасы менен уулу курган, төбөсүнө акыркы ташты коердо, жакындап калган кербендерди көрүшөт. Уулу жумушун таштап салып, атасынын «кой» дегенин укпай кызыгып көргөнү жөнөйт. Кийин ал кербендер менен жаш сулуу кыз бараткандыгы билинет. Ошондон бери Таш-Рабат төбөсү жок турат деп айтышчу. Ошонусуна карабай, Таш-Рабат өзүнө көптөгөн туристтердин кызыгуусун туудуруп келет. Мындан тышкары, бул жактан бийик тоодон орун алган Чатыр-Көлгө капчыгай аркылуу атчан өтүүчү маршрут ачылган.


























Кошой коргон шаарчасы

Кошой-Коргон Ат-Башы өрөөнүнүн борборунан орун алган. Жер шартына жараша стратегиялык ыктуу жайгашып, байыркы учурда ушул жер менен өткөн соода жолун жана бүткүл өрөөндү тескеп турган.

Шаар 245-250 м келген төрт бурчтук форманы ээлеп жатат. Сакталып калган дубалдарынын бийиктиги 4-8 м.Дубалдарынын жана сепилдердин айрым жерлеринде кийинки ремонт иштеринин издери жана жоон жыгачтардын калдыктары сакталып калган.

Алгачкы учурда шаарга кире турган бир гана эшик болгон деп болжоого болот. Кийинчерээк анын калган дубалдарынан да эшиктер ачылган. А.Н. Бернштам чыгыш жана батышжагындагы дарбазалар 1375-ж. Амир Темирдин шаарга келген учурунда пайда болгон деп эсептейт. Анын пикири боюнча ошол эле мезгилде шаар чыгыш жана туштук жагынан бир катар аянтты алган кошумча дубал менен бекемделген. Бөлмөлөрүнон ар кандай материалдар: жаргылчак, чоподон, таштан, сөөктөн жасалган ийиктер, алардын айрымдарына оюу салып коюлгандары да табылган. Темир буюмдардан болсо: жаанын учтары, бычактын сыныктары сакталып калган. Куруларга же жүгөнгө кадап жасаган жалпак коло буюмдары да чоң мааниге ээ. Мындай кооздоолор 6-10 кк. Түрк тилиндеги көчмөн урууларда кеңири тараган.








































Шах – Фазил күмбөзү.

Шах-Фазил-күмбөзү - архитектөралык күмбөз.Жалал-Абад облусунун 

Алабука районундагы Сафедбулан айылына жакын жайгашкан.Ислам динининайрым өкүлдөрү экинчи Мекке аташкан Шах-Фазилдин тарыхы 11-12-кылымдарга барып такалат. Эң кызыгы, Сафедбулан айылынын тарыхы да күмбөз менен байланыштуу. Алгач ичи кооз таштардан кыналган;12-кылымдарда ганч (алебастр катырмасындагы материал) менен оймо- чиймеленип кооздолгон, башкы фасадынын 2 жеринен оюк оюлган. Кийинки кайра куруулардын натыйжасында алгачкы көрүнүшүн жоготкон.

Дубал жактарынын узундугу сыртынан 11м, бийиктиги 15,37м. Дубалдын бурчтары чыгыш жана батыш багытында жайланышып, төрт чарчы формада болгон. Дубалы төмөндөн жогору карай жантайыңкы курулуп, үстүнө 6 кырдуу бурчтары тепкич сымал конфигөрациядангы кошумча дөбалдар менен кооздолуп, конус сымал кумпа менен жабылган. Дубалдары жана кумпа бышкан кыштан тургузулуп, түштүк – батышында каалга орнотулуп, терезе жасалган. Терезенин эки жагынан каалга болгон. Күмбөздүн ички дубалдары шыбалып, ганч менен жогорку чеберчиликте оймо-чиймелер менен кооздолгон. Ичинде элегиялык жана диний маанидеги куфи жазуулары, геометриялык татаал фигуралар оюп түшүрүлгөн.Диний тексттер араб тилинде , элегиялык тексттер фарсы тилинде жазылган. Ушул жагынан Шах Фазил күмбөзү башка архитектөралык эстеликтерден өзгөчөлөнүп турат. Күмбөзгө Караханилер мамлекетинин башкаруучуларынын биринин сөөгү коюлган. Эстелик архитектөра жана көркөмдөлүшү жагынан – орто кылымдагы жетишкендиктин жогорку чеги.ЭстеликЮНЕСКОнун каттоосуна алынган.











































Шырдакбектин чеби

Шырдакбектин чеби Х-ХII кк. таандык сепил. Ак-Талаа райо-нундагы Чолок-Кайын кыштагынын түндүгүндө, Алабуга суусунун жээгинен орун алган. Чеп чарчы түрдө салынып, түштүк тараптагы дубалынын узундугу 117 м. Сактальга калган дубалдарынын бийиктиги 6 м алар баксадан жасалган. Чептин дубалдарында, бурчтарында жана эшиктеринин туштарында мунаралары болгон. Эшиктери түштүктү жана батышты карайт. Мунаралардын бооруна жаа атуу үчүн тешиктер жасалган. Чепти айланта туурасы 20 м келген арык казылган. Учурунда ага суу толтурулган.

Чептин дубалдарынын баксадан тургузулушу, коргонуучу мунаралардын көбүрөөк алга чыгып турганы, курулуштун жалпы планы бул курулушту VI- VIII кылымдарга таандык кылууга мүмкүндүк берет. Чептин XIII кылымда турганы жөнүндө маалымат жок. Чептин жашоо мезгилинин ушул чектери жөнүндө анын айланасындагы курулуштар да айгинелейт.

Чептин айланасында, дубалдан 20 м алыста жазылыгы 20 м жеткен аң бар, бул аңдын сыртында, түштүк дубалдан 60 м аралыкта чарчы түрдөгү төрткүл турат, анын капталдары дүйнөнүн төрт бурчун карап, алардын узундугу 50 м че келет. Түштүгүндө 60 м аралыкта дагы бир катар дөбөлөр бар, алар катар болуп тизмектешип жатат, болжол менен 100 мге созулат. Дөбөлөр — сепил тибиндеги жалгыз турган үйлөрдүн урандылары. Бул дөбөлөрдүн үстүнөн V—VII к. Фергана үчүн мүнөздүү келген, кечирээктеги кушан тиби деп аталган карапалар жолукту. Булар өтө одуракай, колдо чапталып жасалган, сырты боз, ичи кызгылтым келип, таш күкүмдөр аралаштырылган, шыбактын изи бар. Ак ангобдун үстүнөн кызыл боёк менен сырдалып, кызыл түстө жалтыратылган карапа идиштердин сыныктары да табылды. Дөбөлөр бул оазистин эң байыркы үйлөрү экени ачык жана мында ушул чепти кургандар жашашса керек. Төрткүл азыркы кыргыздардын мүрзөсү болуп калган.











































2016-жыл – Тарых жана маданият жылы