Тарыхый түрк тилдеринде жазылган тексттердеги кыргыз сөзү катышкан сөз айкаштарынын тизме-көрсөткүчү
Кыркыз бодуны – кыргыз эли (Тунйукук ж.э., 28; Көл Тигин ж.э., чыгыш бет, 20, 34; Билге Каган ж.э., чыгыш бет, 17, 26). Орхон жазма эстеликтеринде Кыргыз кагандыгынын өзөгүн түзгөн кыргыз элин билдирген сөз айкашы: Каганка кыркыз бодуны ичикди (Каганга кыргыз эли баш ийди) (Тунйукук ж.э., 28-сап).
Кыргыз вилайети – кыргыз аймагы (Шежере-и түрк). Абулгази Бахадыр Хандын “Шежере-и түрк” аттуу эмгегинде кыргыздар жашаган аймакты, тагыраак айтканда, азыркы Түштүк Сибирь аймагын чагылдырган сөз айкашы: Буларның йуртлары Кыргыз вилайетине йакын болур (Булардын журту Кыргыз аймагына жакын жайгашкан) (Шежере-и түрк).
Кыркыз йири – кыргыз жери (Көл Тигин ж.э., чыгыш бет, 17-сап; Билге Каган ж.э., чыгыш бет, 15). Орхон жазма эстеликтеринде кыргыздар жашаган аймакты, кыргыздардын мекенин, тагыраак айтканда, азыркы Түштүк Сибирь аймагын чагылдырган сөз айкашы: Көгмен аша кыркыз йириңе теги сүледимиз (Көгмөндү ашып, кыргыз жерине чейин жортуулдадык) (Көл Тигин ж.э., чыгыш бет, 17-сап).
Кыргыз йурты – кыргыз өлкөсү (Шежере-и түрк). Абулгази Бахадыр Хандын “Шежере-и түрк” аттуу эмгегинде кыргыздар жашаган аймакты, кыргыздардын өлкөсүн, тагыраак айтканда, азыркы Түштүк Сибирь аймагын чагылдырган сөз айкашы: Чингиз хан өлгендин соң кыргыз йурты ве аның төрт йанындагы йуртлар барча Толуй ханга таллук болуп эрди (Чыңгыз хан өлгөндөн соң кыргыз өлкөсү жана анын төрт тарабындагы өлкөлөрдүн барчасы Тулуй ханга караштуу болду) (Шежере-и түрк).
Кыркыз каган – кыргыз каганы (Көл Тигин ж.э., чыгыш бет, 25, 36; Көл Тигин ж.э., түндүк бет, 13; Билге Каган ж.э., чыгыш бет, 20). Орхон жазма эстеликтеринде кыргыздардын каганын, өкүмдарын чагылдырган сөз айкашы: Кыркыз каганта Тардуш Ынанчу Чор келти (Кыргыз каганынан Тардуш Ынанчу Чор келди) (Көл Тигин ж.э., түндүк бет, 13-сап).
Кыркыз каны – кыргыз каны (Шине-Ус ж.э. 11). Шине-Ус жазма эстелигинде учурап, 751-758-жылдардагы окуяларга байлыныштуу эскерилген жана ошол мезгилдеги кыргыздардын канын, өкүмдарын билдирген сөз айкашы: Кыркыз каны Көгмен иринте эб-баркынта олурур эрмиш (Кыргыз каны Көгмен жеринде, сарайында отуруптур) (Шине-Ус ж.э. 11-сап).
Кыркыз күчлүг каган – кыргыздардын күчтүү каганы (Тунйукук ж.э., 20). Тунйукук жазма эстелигинде учурап, 710-711-жылдардагы окуяларга байлыныштуу эскерилген жана ошол мезгилдеги кыргыздардын каганы болгон Барсбек Каганды билдирген сөз айкашы: Табгач каган йагымыз эрти, он ок каганы йагымыз эрти. Артук кыркыз күчлүг каган йагы болты (Кытай каганы жообуз эле, он ок (түргөш) каганы жообуз эле. Эми кыргыздардын күчтүү каганы да жообуз болду) (Тунйукук ж.э., 20-сап).
Кыргыз несли – кыргыз тукуму (Шежере-и түрк, 3, 6). Абулгази Бахадыр Хандын “Шежере-и түрк” аттуу эмгегинде Огуз хандын Кыргыз аттуу небересинен тараган элди чагылдырган сөз айкашы: Амма бу вактда Кыргыз неслиндин киши аз турур (Бирок азыркы тапта Кыргыз тукумунан адамдар аз) (Шежере-и түрк).
Кыргызның падишахы – кыргыздардын падышасы (Шежере-и түрк, 3, 6). Абулгази Бахадыр Хандын “Шежере-и түрк” аттуу эмгегинде кыргыздардын падышасын, өкүмдарын туюндурган сөз айкашы: Ол вактда кыргызның падишахы Урус ынал теген эрди (Ошол убакта кыргыздардын падышасы Урус Ынал деген киши эле) (Шежере-и түрк).
Кыркыз оглы – кыргыз уулу, кыргыз (Сүүжийн-Дабан (Е 47) ж.э., 2). Сүүжийн-Дабан (Е 47) жазма эстелигинде учурап, улуту, теги кыргыз адамды туюндурган сөз айкашы: Кыркыз оглы мен (Кыргыз уулумун, кыргызмын) (Сүүжийн-Дабан (Е 47) ж.э., 2-сап).
Кыргыз эли – кыргыз эли, калкы (Шежере-и түрк). Абулгази Бахадыр Хандын “Шежере-и түрк” аттуу эмгегинде кыргыз улутун, элин билдирген сөз айкашы: Кыргыз эли төресине ынал дерлер, могол ве тажик падишах теген дек (Кыргыз эли төрөсүн ынал деп аташат, монгол жана тажиктер падишах деген сыяктуу) (Шежере-и түрк).
п.с. Абулгази Бахадыр Хандын "Шежере-түрк" эмгегинин Түркияда басылган түп нускасына жетүүдө окуучум Сабырбек Бөрүбаев дин салымы зор. Өзүнө терең ыраазычылык билдирем