СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Татаал сүйлөм, анын түрлөрү

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Татаал сүйлөм, анын түрлөрү»

2013.08.05. 11-класс.

Кыргыз тили (Ачык сабак) Өмүрбек кызы Бегаим.

Сабактын темасы: Татаал сүйлөм, анын түрлөрү.

Сабактын максаты:

Билим берүүчүлүк: Татаал сүйлөм эмне экендигин билишет, аралаш, тең жана багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөм тууралуу, алардын бири-биринен айырмачылыгын билишет, жана бири биринен айырмалай алышат.

Өнүктүрүүчүлүк: Татаал сүйлөмдүн түрлөрүн пайдаланып текст түзө алышат, ой жүгүртүүсү өсөт.

Тарбия берүүчүлүк: “Жылмаюу” деген роликтин негизинде жан дүйнөлөрү азыктанып, ар дайым жылмайып жүрүүгө үйрөнүшөт.

Сабактын тиби: Жаңы билимдерди өздөштүрүү сабагы.

Сабактын усулу: Интерактивдүү.

Сабактын принциптери: Аң сезимдүүлүк, түшүнүктүүлүк, көрсөтмөлүүлүк. Илимийлүүлүк.

Сабактын формасы: Сабак – жомок.

Сабактын жабдылышы: Көрсөтмө куралдар, ролик, ватмандар, карточкалар

Сабактын жүрүшү:

Уюштуруу: Саламдашуу, маанайын суроо, доскага ватмандарды илүү.

Илгери-илгери өткөн заманда ОшМУнун “Билим” деген лицейи болуптур. Ал лицейде жалаң жакшы окуган окуучулар бар экен. Бардыгы ЖОЖго окуп, мыкты адис болууну самаган кыздар-балдар эле.Бул 11-класс болчу. Бирок, ЖОЖго өтүш үчүн 11 жыл алган билиминин жыйынтыгынын негизинде Жалпы Республикалык тестирлөөдө тест тапшырыш керек экендигин билишчү. Бир күнү лицейдин директору келип: “Силер билимдүү жаштарсыңар, мыкты бүтүрүүчү болуп жатасыңар. Лицейдин алгачкы бүтүрүүчүсү катары бүтөрдүн алдында лицей үчүн жакшы иш кылып коюп берип коюп кеткиле. Ал үчүн силер класс боюнча белгисиз бир өлкөгө барып, ал өлкө тууралуу маалымат алып келишиңер керек”, - деп тапшырма берди, башкача айтканда, илимий экспедицияга жөнөттү. Ал экспедицияны жетектөө практикант эжейге жүктөлүптүр. Ал кандай өлкө экендиги окуучуларга эле эмес практикант эжейге да белгисиз эле. Кана эмесе чогуу аттандык. Экспедицияга аттанган топ аз жүрдүбү, көп жүрдүбү ким билет, айтор, Бийик-бийик коргон менен тосулган, сарайлары көздү уялткан шаарчага келип токтошту. Шаарчанын ичиндеги көздүн жоосун алган гүлдөрдү көрүп шаарчага киргиси келишти. Бирок шаардын баратасы жабык болчу. Аңгыча шаардын Сүйлөм деген бир тургуну келип: “Мен бир нече суроо берем, эгер суроого жооп бере алсаңар шаарга киргизем”, - деп айтты.

Ушул жерде Сүйлөм деген каарманыбыздын суроолору аркылуу бүгүнкү тема кандай экендигин ачып алабыз. Суроону мугалим окуйт, окуучулар жообун айтат. Доскада тамгалар катылган гүл желекчелери илинип турат. Окуучулар жоопту айткан сайын туура жоопторго гүл желекчелери ачылып отурат. Суроолор:

  1. Тыбыштарды белгилөө үчүн алынган белги эмне деп аталат?

  2. Грек тилинен келген бизче которгондо “Тамгалардын ирээти” дегенди билдирет?

  3. Кыймыл-аракеттин ар түрдүү кырдаалын көрсөтүп, сүйлөмдө көбүнчө этиш сөздөр менен айкашып келип бышыктоочтук милдетти аткарган сөздөр?

  4. Бири-бирине карама-каршы маанидеги сөздөр эмне деп аталат?

  5. Семиздин антоними?

  6. Кыргыз эли 1929-1940-жылга чейин кайсы жазууну колдонгон?

  7. Сөз айкашы жана сүйлөм тил илиминин кайсы бөлүмүндө изилденип окутулат?

  8. Өпкөдөн чыгып келе жаткан аба сүйлөө органдарыбызга келгенде эчкандай тоскоолдукка учурабай сыртка чыгуу менен кандай тыбыш жасалат?

  9. “Я, Ю, Ё, Е” кандай тамгалар?

  10. Бир тилдеги сөздөрдүн жыйындысы же ошол тилдин сөздүк составы эмне д.а.?

  11. Адамдын өзүнүн өмүр жолун баяндап жазышы кандай иш кагазы?

  12. Сөз ичиндеги тыбыштардын орун алмашып өзгөрүү кубулушу?

Жооптору:

  1. Тамга 7. Синтаксис

  2. Алфавит 8. Үндүү

  3. Тактооч 9. Йоттошкон

  4. Антоним 10. Лексика

  5. Арык 11. Өмүр баян

  6. Латын 12. Метатеза

Мугалим: Демек, балдар, биз кайсы өлкөгө келиптирбиз? Туура айтасыңар “Татаал сүйлөм” деген өлкө турбайбы. Бүгүнкү биздин темабыз “Татаал сүйлөм” экени доскада көрүнүп турат. “Ар кандай таатал түшүнүк жөнөкөйлүктөн өсүп чыгары турмуш практикасында аныкталган”

Жаңы теманы түшүндүрүү:

Доскага татаал сүйлөмдөр жазылган ватманды илип, аларга түшүнүк берем.

Ийилип салам айтса бир бей тааныш, Бүгүлүп алик алуу бир милдетиң.

Ыңгайлуу чөйрөдө көрктүү үн менен окулса, көпчүлүк ырлар жүрөк козгойт.

Күз келип, кышка камылга көрүү башталды.

Булбул токойдо сайрайт, тил топто сайрайт.

Сарыбай улутунуп койду да, баш жагын сыйпалап, комузун алды.

Мугалим: Мына балдар, өзүңөр көрүп тургандай эле доскада бүт татаал сүйлөмдөр турат. Эми силер ушул мисалдарга карап татаал сүйлөм деген кандай өлкө экендигин өзүбүз эреже жазабыз. Биз деген лицейге татаал сүйлөм өлкөсү тууралуу маалымат алып барышыбыз керек. (Окуучулар жупта иштешет) Биринчи бүткөн 3 жупка 5 балл берем дейт Сүйлөм.

Татаал сүйлөм – Бири-бирине ойду баяндоо максаты, шарты, себеби, мезгили ж.б.өзгөчөлүктөрү боюнча маанилик жактан катышы бар жөнөкөй сүйлөмдөр айтылуу интонациясы аркылуу, же кайсыл бир грамматикалык каражаттардын жардамы менен тутумдашып келип, жыйынтыктуу ойду баяндаган бир бүтүн сүйлөмдү түзөт да алар тил илиминде татаал сүйлөмдөр деп аталат.

Эки же андан ашык жөнөкөй сүйлөмдөр маанилери жана интонациялык жактан өз ара бири-бири менен ажырагыс түрдө байланышып, кеңири мазмундагы бирдиктүү бир ойду туюндурса, татаал сүйлөм деп аталат.

Балдар, татаал сүйлөм өлкөсү тууралуу маалыматтарды жазып алдык. Бул өлкөнүн үч областы бар дейт. Областтарына барып маалымат жазалы да тезираак кайталы. Ал үч област төмөнкүлөр: ( Татаал сүйлөмдүн түрлөрү)

  1. Тең байланыштагы татаал сүйлөм

  2. Багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөм.

  3. Аралаш татаал сүйлөм.

Татаал сүйлөмдүн түрлөрү боюнча түшүнүк берем. Алган түшүнүгүңөр боюнча татаал сүйлөмдүн түрлөрүнө эреже жараткыла деген тапшырма берилет. Биринчи бүткөн 3 жупка 5 балл берилет.

Маанилери боюнча өз ара байланышта турган тең укуктагы бирдей даражадагы эки же андан ашык жөнөкөй сүйлөмдөр грамматикалык жактан байланышып, бүтүн бир ойду түшүндүрсө, тең байланыштагы татаал сүйлөм деп аталат. Мисала, Баатыр кол баштайт, чечен сөз баштайт.

Тең байланыштагы татаал сүйлөм 2 жол менен байланышат.

  1. Интонация аркылуу: Чындык жаркырайт, калп калтырайт.

  2. Байламталар аркылуу: Саадат кетти, ал эми эне болсо көп өтпөй эле катуу өкүнүп калды.

Баш жана багыныңкы сүйлөмдөрдүн өз ара тыгыз байланышкан бирдигинен туруп, бүтүн бир ойду түшүндүргөн сүйлөм багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөм деп аталат. Мисалы, Улууну урматтасаң, кичүүдөн сый көрөсүң.

Айрым татаал сүйлөмдөр түзүлүшү жагынан тең байланыштагы татаал сүйлөмдүн да, багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөмдүн да, багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөмдүн да белгилерин алып жүрүшөт. Татаал сүйлөмдүн мындай түрлөрү аралаш татаал сүйлөм деп аталат. Мисалы, Ушул күнгө чейин бул сүрөттү эч бир көргөзмөгө да берген жокмун, ал тургай айылдаш туугандарым келгенде көздөн далдаага бекитип коём.

Ошентип, экспедицияга барган топ Татаал сүйлөмдөр өлкөсүндө бир топ күн жүрүп маалымат жыйнашты. Ал жерден кайтып жатканда Татаал сүйлөмдөр өлкөсүнүн падышасы лицейиңерге барганда керек болуп калат деп белек катары видео роликти белекке берип узатты.

Сабакты бышыктоо: Жомоктун уландысы: Лицейге келгенден кийин директор роликти койдуртуп көрөт. Кана кандай ролик болду экен көрөлүчү.

Проэктрден “Жылмаюу” деген ролик коюлат. Татаал сүйлөмдөр өлкөсүнөн алып келген маалыматтарга таянып жогорудагы роликтин мазмунуна карата жалаң татаал сүйлөмдөрдү катыштырып текст түзгүлө. Окуучулар жупта иштешет. Биринчи бүткөн 3 жупка 5 балл берилет. ( Текст түзүүгө 5 мүнөт)

Биринчи бүткөн 6 жуп түзгөн текст окулат.

Корутундулоо: Татаал сүйлөмдүн тутумуна кирген жөнөкөй сүйлөмдөр өз алдынча турган табиятынан алыстап, биринин маанисин экинчиси толуктап, шарттап, бир бүтүн биримдик катышта келет. Тең жана багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөмдөр жазуу кебинде да, оозеки кепте да арбын кезигет.

Баалоо: ОшМУнун “Билим” лицейинин директору Акматов Кыялбек Камутовичтен буйрук!

“Татаал сүйлөмдөр” өлкөсүнө жөнөтүлгөн экспедицияда өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп, мыкты маалыматтарды жыйнап, ал жактан алып келген маалыматтарын турмушунда пайдалана алгандыгы үчүн төмөнкү окуучулар К1-А учагы жана Жип машинасы, ошондой эле алы жетпесе да талыкпай аракеттенгендиги үчүн велосипед менен сыйлансын.

Сабакка активдүү катышкан окуучуларга сүрөттөрү бар карточкалар берилет.

Учактын сүрөтү бар карточканы алгандарга – “5”

Жип машинасынын сүрөтү бар карточка алган окуучуларга – “4”

Велосипеддин сүрөтү бар карточканы алган окуучуларга – “3” деген баалар коюлат.

Үй тапшырма: Тең байланыштагы жана багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөмдөрдүн түрлөрүн окуп келгиле.