| Уй тапшырмасынын аткарылганын текшеруу. №______________ Окуучуларга сурот корсотулот (анда адамдардын ынтымакта, аракетте иштеп жаткандыгы корсотулот) жана аларга ийгилик каалап кетет. I. Отулгон тема боюнча суроолор: II. Тарых барактарынан Эратосфен Киренский (б. з. ч. 276, Кирена - 194-ж. ченде, Александрия) - байыркы грек окумуштуусу. Алгачкы билимин жердеши Каллимах, Лизийден Александрияда алган. Андан кийин Афинага барып Платондун мектебине жакындаган. Каллимахтын шакирти, б. з. ч. 235-ж. Александрия китепканасынын жетекчиси. Жердин шар формасында экендигин айгинелеген жана өзүн филолог катары атаган алгачкы окумуштуулардан. Математикалык географияга негиз салып, меридиан догоосун 1-эсептеп чыккан. Алгачкы географиялык карта түзүүчүлөрдөн. Эмгектери математика (сандар теориясы), астрономия, география, поэзия ж. б. арналган. Бизге Эратосфендин эмгектеринен үзүндүлөр гана жеткен. Анын ысмы менен Айдагы кратер аталган. Евклид (айрым маалыматтар боюнча биздин заманга чейин 325–265-ж.) – байыркы грек математиги. Евклиддин өмүрү жөнүндө маалыматтар өтө аз. Евклид болжол менен биздин заманга чейин 3-кылымдын башында Александрия шаарында иштеген. Негизги эмгеги 15 китептен турган жыйнак – «Негиздер» (лат. – «Элементтер»). Мында Евклид ошол мезгилге чейинки математиканын планиметрия, стереометрия жана сандар теориясынын көптөгөн маселелеринин өнүгүшүн жалпылап, анын андан ары өөрчүшүнө түрткү берген. Ал астрономия, музыка, оптика жана башка илимдер боюнча да эмгек жазган. Анын жогорку математикага тиешелүү, 4 китептен турган «Конустук кесилиштер» жана башка чыгармалары бизге жеткен. Алардын түп нускасы жана латын котормосу, ошондой эле кийинки авторлордун түшүндүрмөлөрү менен «Euclidis opera omnia» ed. I. L. Heiиerе eе H. Menge, V. 1–9, 1883–1916-жылкы басылышында жыйналган. Евклиддин «Негиздери» 1948–50-ж. орус тилине которулуп, жарык көргөн III. ЭЧЖБ, ЭКЖБ нү Эвклид алгоритмин колдонуп тап Топ башчылары үчүн (Доскада чыгарышат) ЭКЖБ(315, 126)= III.ТЕСТ (телефондо белгилешет) 1. Сандардын кайсынысы 4 кө бөлүнөт? а) 47516 б) 47597 в) 2846 г) 4778 2) Эгерде сан 2ге да, 3 кө да бөлүнсө, анда ал сан кайсыл санга бөлүнөт? е) 3 б) 2 в)5 г)4 т) 8 л) 12 п) 15 з) 6 3) Сандардын ичинен 2ге да, 5 ке да, 10 го бөлүнүүчү сандарды тапкыла? а) 1565 б) 3850 в) 4562 г) 3758 4) Берилген сандардын арасынан 12 ге бөлүнгөн санды тапкыла р) 2154 о) 20101 н) 5602 и) 41268 7. Жөнөкөй сандардын ичинде бир жуп сан бар, ал кайсы сан? а) 2 б) 8 в) 10 г) 20 8. Экиге бөлүнгөн сандарды ...........деп атайбыз а) курама сандар в) жуп сандар б) так сандар г) жөнөкөй сандар 9. ЭКЖБ (12;24) = А) 48 Б) 24 В) 36 Г) 12 10. ЭЧЖБ (48;36) = А) 2 б) 48 в ) 12 г) 6 |