СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Техногендик кырсыктар

Нажмите, чтобы узнать подробности

тарбиялык саат

Просмотр содержимого документа
«Техногендик кырсыктар»

Өрт коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан олуттуу өрт кырсыктары катталып жатат

                                   

 Бүгүнкү күндө республика аймагында жайгашкан базарлардын өрт коопсуздугунун эрежелеринин жана талаптарынын жыл сайын аткарылбай келгендигинин натыйжасында чоң өрттөр, ошондой эле чоң суммадагы материалдык чыгымдар катталып турат. 

  Мисалы  2015 жылы соода жана өндүрүш түйүндөрүндө 179 өрт кырсыгы катталып, эки адам каза болгон, жана 70 милион 497миң сом материалдык чыгым катталган. Бүгүнкү күнгө чейин өрт коопсуздугунун эрежелеринин жана талаптарынын аткарылбай келгендигинин себебинен, ошондой эле одоно бузулушунуна байланыштуу Баткен обласынын Исфана шаарында жайгашкан “Лейлек керек-жарак кооперативи” “Береке” жана “Лейлек базарлары” жеке ишкер К.Орозбаевке тиешелүү болуп саналат. “Лейлек базарларында” 2016 жылдын 20-май күнү өрт кырсыгы катталды.  Аталган базарда катталган өрттүн аянтты 4960 чарчы метр. Өрттүн кесепетинен жеке ишкерлердин: 53 соода түйүнү жана 2 павилион 15 ашкана өрттөнүп кеткен.

 Ошондой эле 22-майдан 23-майга караган түнү 23 саат 49 мүнөттө Базар-Коргон районнундагы Базар-Коргон айылында жайгашкан «Жаркынай» борбордук соода базарында өрт кырсыгы катталган.

Өрт кырсыгынын кесепетинен болжол менен базардын 2000 (эки миң) чарчы метр жери күйгөн.

Өрттүн сүрөттөрү тиркелген.

      

МАМЭКОТЕХИНСПЕКЦИЯ! Жыл сайын жүргүзүлгөн текшерүүлөргө жана көрүлгөн чараларга карабастан өрт коопсуздук талаптар өз деңгелинде аткарылбай келет, анын ичинен коопсуздука түздөн-түз таасир бере турган  одоно эреже бузууларды атай кетүү керек. Алсак өрт өчүрүүчү техникалар өтүүчү жолдордун жоктугу, өрт гидранттардын ар кандай киоск жана тосмолор менен тосулуп калышы, химиялык заттардын жана материалдардын сактоо тартибинин бузулушу, электр түйүндөрдү жана жабдууларды эксплуатациялоодо жана монтаждоодо электр жабдуулардын түзүлүштөрүнүн эрежелеринин бузулушу.

   Жогорудагыдай жагдайлардын келип чыгышынын себептери болуп, ишкерлердин пайда көрүү максатында соода аянттарын кеңейтүүсү, кээ бир учурларда өрт коопсуздук эрежелеринин билбестиктен эрежелер бузулуп жатат. Базарлардын администрациялары жана өзүн-өзү башкаруу органдары тарабынан базарлардын чек аралары, өрткө каршы шарттары жана долбоор документтери техникалык регламенттерге жана башка номативдик техникалык документтерге жооп берүүсү өз деңгелинде контролдобой жаткандыгынан келип чыгып жатат.    

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциясы өрт коопсуздук эрежелердин талаптарын сактоону эскертет, соода сатык мекемелерде төмөнкү эрежелерди кармоону сунуштайт:

-өрт өчүрүүчү бөлүктөрдүн баардык бөлмөлөргө, өрт өчүрүүгө багытталган суу булактарына, жолдорго дайыма тоскоолсуз  барууга шарт түзүлсүн;

Электржабдууларын монтаждоодо жана эксплуатациялоодо эрежелердин сакталышы,  

-өрт өчүрүүчү жабдыктарды (өрт калкандары, огнетушитель), өрт өчүрүүгө багытталган суу булактарын (өрт өчүрүүчү крандар, суу көлмөлөр, гидранттар) техникалык жактан дайым оң абалда кармоо;

-өрткө каршы шарттары орнотуу, өрт коопсуздук эрежелеринин сакталышын дайым көзөмөлдөп туруу, өрт-техникалык билимдерин текшерип жана окутуп туруу.

Жогоруда айтылган талаптардын аткарылышы өрт кырсыгы  менен күрөшүүгө чоң жардамы тийет.

Дагы эскерте кетчү нерсе, өрт коопсуздук эрежелеринин талаптарын бузгандарга кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган дисциплинардык , административдик жана башка жоопкерчилике тартыла тургандыгын эскертет.


 











































ТЕХНОГЕНДИК КЫРСЫКТАР





















КЛИМАТ,ЭКОЛОГИЯЛЫК ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР















Жер титирөө





















Биологиялык-социалдык өзгөчө кырдаал



















Өрт коопсуздугунун алдын алуу







Техникалык коопсуздук боюнча

маалымат







Ар бир баланын зордук-зомбулуксуз тарбия алууга укугу бар»


Бүгүн 25-июнда Баланын укуктары жөнүндө БУУнун конвенциясынын кабыл алынганынын 30 жылдыгына арналган Улуттук форум болуп өттү. Жыйынга президент Сооронбай Жээнбеков, БУУнун баланын укуктары боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Рената Винтер, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Юкие Мокуо, экс-президент Роза Отунбаева, жана бир катар жергиликтүү бийликтин жетекчилери, коомдук уюмдардын мүчөлөрү катышты. Жыйындын журүшүндө Кыргызстанда балдарга болгон социалдык коргоо, камкордук жетишсиз болуп жатканы айтылды. Мындан сырткары, коомдо коргоосуз калган балдар зомбулукка, кемсинтүүгө дуушар болгон учурлар көбөйгөндүгү жөнүндө сөз болду. Бул кырдаалды жөнгө салуу үчүн кескин чараларды көрүүдө жалпы коомчулуктун көмөк көрсөтүүсү керектиги белгиленди.

«Балдардын гармониялуу өнүгүүсү —  мамлекеттин артыкчылыктуу багыты бойдон калат» Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков билдирди. Ал ошондой эле, БУУнун конвенциясында белгиленген баланын укугу Кыргызстанда толугу менен колдоо тапканын белгиледи. Кабыл алынган кодекс балдарды коргоого мүмкүнчүлүк берген принциптерди жана механизмдерди түзгөнүн, мамлекеттик органдардын жана уюмдардын милдеттери кодексте так аныкталганын президент өз сөзүндө айтып өттү. Мындан сырткары, Жээнбеков айрым орун алган кемчиликтерге токтолду.

Интернат мекемелерине жөнөтүлгөн балдардын саны азайган жок. Жер-жерлерде социалдык кызмат көрсөтүүлөр жетишсиз экени белгилүү. Коомдо коргоосуз калган балдар зомбулукка, кемсинтүүгө дуушар болгон учурлар көбөйүүдө. Тарыхы, ата-бабалардын улуу жолу мындай көрүнүштү жериген коом, гуманисттик дөөлөтөрдү карманган өлкө катары —  кырдаалды жакшыртуу үчүн, кескин чараларды көрүүбүз абзел.

Кыргызстанда ар бир бала үй-бүлөдө жашоого жана тарбияланууга укуктуу. Бактылуу бала бактылуу үй-бүлөдө гана өсөт. Ошондуктан, өлкөдө үй-бүлө институтун бекемдөө — артыкчылыктуу багыт. Жогорудагы максаттарды кеӊири коомчулукка жеткирүү үчүн ушул жылдын 1-июнунан тартып «ТУМАР» улуттук өнөктүгү ишин баштаган. Анын ишмердүүлүгү жөнүндө Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров айтып берди.

Биз зордук-зомбулукка каршыбыз! Мындан ары «балдарды тарбиялоодо зордук-зомбулук болбосун» деген максатта үй-бүлөлүк тарбиялоо боюнча атайын иш-чара жүрүүдө. 1-июндан тартып жер-жерлерде ар кандай уюмдар тарабынан, мамлекеттик органдардын колдоосу менен кол топтоо башталды. Анын жыйынтыгынын негизинде балдар жөнүндө кодекс жаңы редакцияда кирет.

Кыргызстанда көптөгөн балдар интернат сыяктуу ар түрдүү мекемелерде тарбияланып келет. Бул жагдайды өзгөртүү керектигин ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Юкие Мокуо белгиледи. Анын пикиринде эң мыкты тарбия үй-бүлөдө берилет.

Ар бир баланын өз укугу бар. Бала эң мыкты тарбияны үй-бүлөнүн курчоосунда алат. 30 жыл мурун кабыл алынган «Баланын укугу жөнүндөгү конвенция» — бардык балдар үчүн маанилүү документ. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда көптөгөн балдар ар түрдүү интернат сыяктуу мекемелерде тарбияланып келет. Биз муну өзгөртүүнү каалайбыз. Өткөн жылы президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын балдары үчүн «ар бир бала, үй-бүлөнүн курчоосунда чоңоюусу керектиги жөнүндө» маанилүү чечим чыгарган.

Ал эми, экс-президент Роза Отунбаева, «Адам потенциалын өнүктүрүүгө салым» аталышында баяндама жасады. Отунбаеванын маалыматына ылайык, Кыргызстанда бүгүнкү күндө 700-800 миң, тагыраагы, ар бир 3-бала жакырчылыкта жашайт. Тилекке каршы, балдардын укугуна байланыштуу көйгөйгө тийиштүү деңгээлде көңүл бурулбай келет.

Балдар көйгөйү өтө көп. Бирок жетиштүү көңүл бурбай жатабыз. Биздин ошентип «камчы менен» өскөн балдарыбыз кийин «кар-курс» этип, «менин мылтыгым бар, менин тигиним бар, мунум бар» деп жатышпайбы. Балдарды психикалык, физикалык басым менен өстүрүп жатабыз чынында.

Бишкек шаарынын тургуну Нурлан Мамиев «фостердик үй-бүлө» системасы менен эки кызды тарбиялап келет. Анын айтымында, үй-бүлөдө берилген тарбия башкача. Балдар үйүнө барган адам аны жакшы түшүнөт.

Мен өзүм көп балалуу үй-бүлөдөнмүн. Жалгыз эле балабыз бар, ошондуктан, «фостердик үй-бүлөдөн» эки кызды алганбыз. Балдар үйүнө барсаңыз, экөөнү эле эмес, жыйырманы да алгыңыз келет. Уулум 5те, кыздар чоңу 2, кичинеси 5 жашта. Үйгө кирсеңиз кучак жайып тосуп алганда, маанайыңыз көтөрүлөт.

Жыйындын жүрүшүндө балдардын укуктарын коргоо багытындагы маселелер талкууланып, балдарды коргоо системасы жана баланын укуктарын үй-бүлөнүн курчоосунда камсыздоо боюнча сунуштар айтылды.

Кошумчалай кетсек, Быйыл ноябрда БУУнун Балдардын укугу тууралуу конвенциясынын кабыл алынганына 30 жыл толот. Кыргызстандын уюмга кошулганына 25 жыл болду





Мектептеги рекетчиликке каршы күрөшүү







ЖАРНАМА

Тамеки,нас,

токсикоманияга каршы жүргүзүлгөн

иштер.



Миграциянын таасириндеги балдардын турмушу





СПИД ке жол жок!







Жараткан бул дүйнөнү сыноо катары берген экен. Бул кыска сапар кең жана түбөлүктүү жашоого алып барат. Ошондуктан дүйнө жашоосу кыска болгону менен өтө маанилүү. Эң соңку жана натыйжа чыгаруучу сынак болсо - өлүм

Суицид түшүнүгү

Эң оболу айтылчу сөздүн маанисин так жана даана түшүнүп алуу туура болор. Суици́д (лат. sui caedere — өзүн өлтүрүү) – атайын аракет кылуу менен өз жанын кыюу деген маанини берет. Сыртынан караганда адам суицидге өз каалоосу менен жана өзүнүн аракети менен баргандай көрүнөт. Бардык жан кыюуларды чыныгы жана ашкере суицид (парасуицид же псевдосуицид) деп эки чоң топко бөлсө болот. Ашкере суицид (псевдосуицид) аффект абалында аткарылып, жанын кыюудан мурун бул жагымсыз аракетине коомдун көңүл буруусун каалайт. Муну жапакечтин айлана-чөйрөсүнөн “жардам сураган” чыңырыгы деп түшүнсө да болот. Чыныгы суицид (парасуицид) болсо жакшылап ойлонулган аракет. Анын максаты кандай болбосун жанын кыюу. Андан сырткары аракечтик, баңгилик, чылым чегүү, оор илдетке кабылганда сакаюуга аракет кылбоо, жол эрежелерин жана коопсуздук эрежелерин сактабоо, спорттун экстремалдуу түрлөрү менен машыгуу сыяктуу дароо жана түздөн-түз өлүмгө алып келбөөчү, бирок ден-соолук менен өмүргө коркунуч туудурган жүрүм-турум да кээ бир окумуштуулар тарабынан жашыруун суицид деп аталган экен.

Коомдун суицидге жакын тайпалары

Жаш жигиттер, кыздар жана өспүрүмдөр улууларга караганда көбүрөөк жан кыйышат. Аялдар өз жанын кыюуга 4 эсе көп аракет кылганы менен, эркектердин аракети аялдарга караганда үч эсе көбүрөөк ишке ашат. Ал эми Кыргызстан тууралуу айта турган болсок, 2014-жылы 106 бала өз өмүрүнө кол салган. Адистердин айтуусу боюнча Кыргызстанда 40% адам бул илдеттин кырында турат. Андан сырткары, өлкөбүздө 2009-жылы 8 айдын ичинде 112 окуучу, башкача айтканда, үч күндө бирден окуучу жанын кыйган. Суицидге көбүнчө 6-9-класстын окуучулары барууда.

Суициддин себептери жана алдын алуу жолдору

Жаш балдардын өмүрүн кыюусунун эң негизги себеби “бул улуу муундун, коомдун жана мамлекеттик органдардын кайдыгерлиги, балдарга жетишерлик көңүл бурулбаганы”, - дешет окумуштуулар. Буга негизги себеп катары мектепте рэкеттик жана абак субмаданиятынын жайылышы, бала тарбиялоонун түркөй аракеттер менен коштолушу, үй-бүлөдө атанын же эненин жоктугу (толук эмес үй-бүлөлөр), суицид чегине келип калган баланын эч кимге кайрыла албашы, мектеп психологдорунун жетишсиздиги жана алардын чылкый материалисттик көз-карашта болушу сыяктуу чиркешкен себептер кирет. Бул себептерге чара катары үйдүн улуулары айрыкча, ата күнүнө балдарына эң кеминде 20 мүнөт убактысын бөлүүсү өтө маанилүү. Балдар үчүн эбегейсиз чоң жана чечилгис болуп көрүнгөн көйгөй чоң адамдын жардамы менен тез эле чечилип, улууларга болгон ишеними менен сүйүүсүн арттырат. Албетте, бул проблемаларды тоготпоо да туура эмес. Коомдогу жалпы үмүтсүздүк дагы суицидге алып баруучу негизги себептерден болуп саналат. Коомдо жана үй-бүлөдө өкүм сүргөн жалпы депрессивдүү жана агрессивдүү тенденциялар, “биз (биздин мамлекет) эч качан оңолбойбуз”, “булар да болбой калды”, “жалган дүйнөдөн өлүп эле кутулбасаң” сыяктуу сөздөр баладагы жашоого болгон негативдүү көз-караштын калыптанышына алып келет. Бара-бара бала өлүмдү гана туура чечим катары көрө башташы мүмкүн. Ошондуктан тарбия берип жаткан адам Жараткандын табиятка койгон мыйзамдарын жакшы түшүнүшү керек. Мындан сырткары коомдо, мамлекетте жана дүйнө жүзүндө болуп жаткан кубулуш жана тенденциялардын нугунда болуп, баланын курагына, чөйрөсүнө жана интеллектуалдык деңгээлине жараша кеп-кеңештерин бере алышы зарыл. Мектептеги сынактар сыяктуу катаал деп саналган күндөр адам баласынын тагдырында сейрек эле кездешерин, анан калса, алар адамдын мүнөзү курчутуп, акылды курчутарын эскертип туруш керек экенин адистер айтып келишет. Адистер дагы бир суициддик себеп катары азыркы ата-энелер менен педагогдордун балдарга өтө жогору талап коюусун жана маалыматты “кынтыксыз чагылдыргандыгы” үчүн гана баа алгандыгын белгилешкен. Мындай талап адилетсиз аракеттер менен коштолгондо, тагыраак айтканда, бир балага “көкүрөк күчүк”, башкасына “барынан жогу” катары мамиле кылынганда ого бетер оорлошот. Ушундан улам, биздин министирликтин аталышына бир гана билим берүү эмес, тарбия берүү деген сөз жана маани да кошулуп, мектепте бир гана билим үчүн эмес, тарбия үчүн да баа берүү зарылдыгы туулгандай.

Ыйманга байланыштуу маселелер

Жин-шайтан, албарсты, үйдүн же бир чөлкөмдүн ээси, азыткы, жез тумшук, жалгыз аяк ж.б.у.с. көбүбүз көрбөгөн, бирок далай уккан нерселер азгырып, адамдын жанын кыюуга себеп болушу мүмкүн. Анткени жалпы коомдун адал-арам, туура-натуура, кирлик-тазалык маселесинде толук билим жок. Жакында эле тааныштарыбыздын 1-класстагы уулун адам кебетесиндеги эки жин шифоньердин ичине кирип асылууга азгырган. Үйүңүздүн жанындагы мечитке барсаңыз мындай окуянын далайына күбө болосуз. Бул албетте массалык психоз эмес, адамдарга Жаратканын таануу үчүн сунулган дагы бир себептерден. Эгер бул айтылгандарга ишенбегендер болсо Гогольдун “Диканькадагы хутор кечелери” (Вечера на хуторе близ Диканьки), Островскийдин “Жиндер” (Бесы), Есениндин “Кара киши” (Черный человек), Булгаковдун “Мастер жана Маргарита” (Мастер и Маргарита) чыгармаларын жана албетте, “Манас” эпосубузду жакшыраак окуп чыксак болот. Буга статистика дагы бир далил сунат: суициддин 48% белгисиз себептерден улам ишке ашса, дагы 18%ы психологиялык оорулардын айынан жүзөгө ашары айтылып келет. Демек 66% адамдын өз жанын кыюусуна жогоруда айтылган далил толук себеп болушу мүмкүн. Ушундан улам Ушинский айткандай, адамды ар тараптан изилдеп, ошого жараша тарбия берүү туура болчудай. Анткени материалисттик идеология 20-кылымда бурмалоо жолу менен табылып, күч менен таңууланган идеология экени азыр айдан ачык далилденип отурат. Ошондуктан динибиздин негизги булактары болгон Куран менен хадистерде келген дубаларды жаттап, алар менен сактанууну ар бир жараныбыз эсине түйүп койсо жаман болбочудай.

Корутунду, же коом менен мамлекеттин милдеттери

- психолог жана педагогдорду Ислам дининин адам, үй-бүлө, билим жана тарбияга болгон көз карашы менен тааныштыруу,

- Манас эпосубуздун (Бүбү Марьямдын вариантын эмес) баалуулуктарын билим берүү структураларынын бардык тармактарында окутуу,

- жамааттык дубалардын кылынышы (түлөө өткөрүү, курмандык чалуу сыяктуу),

- суицид боюнча социологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү,

- маселенин мамлекеттик деңгээлде каралышы жана коомдун бардык мүмкүнчүлүктөрүн жапырт көтөрүү,

- балдарга жардам берүү үчүн адистердин ыкчам бригадаларын түзүү,

Дин деген эмне?



Суицид-











Бүгүнкү күндө өспүрүмдөр арасындагы чыр-чатактар эмнеден улам келип чыгышы мүмкүн? Ата-эне жана мугалимдер тарабынан жетишерлик эле тарбия берилип жатабы? Канткенде мындай үрөйдү учурган иштерге бөгөт кое алабыз? Биз бул теманын алкагында Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаеваменен түз эфирден маек курганбыз.

Балдардын ар кандай кылмыштуулукка барганынын түпкү себеби эмнеде? Буга күнөөлүү ата-энеби же мектеппи?

— Биз бул маселеге комплекстүү карашыбыз керек. Анткени, коомдун ичинде үй-бүлө менен мектеп бар. Булар бири-бирине тыгыз байланышта болот. Бир жактуу күнөөлөгөн туура болбой калат. Бирок мен бир нерсени айткым келет. Балдардын негизги тарбиясынын пайдубалы үй-бүлөдөн түптөлөт. Үйүнөн кандай тарбия алса, көчөдөн ошону жасайт. Андайын, албетте, коом жана мектеп.

Алдын алуу иштери кандай жүрүп жатат? Ким көзөмөлгө алышы керек? Тиешелүү түзүмдөр иштебей жатабы?

— Ар бир жагдайда эң башкысы алдын алуу иштерин кылуу эң маанилүү. Ошол эле ата-эненин тарбиясы, баланын достору, мектеби дегендей. Ар бир үй-бүлөнүн жазылбаган мыйзамдары болот. Ошого көп көңүл бурушубуз керек. Бирөөнү күнөөлөгөндөн алыс болгон дурус. Кээде жакшы баланы чөйрөсү бузуп койгон учурлар болот. Аны мугалим көзөмөлдөшү кажет. Тыныгууда бала ким менен сүйлөшүп жатат, эмнеге кызыгып жатат?.. Мунун баарын психолог болуп калган мугалимдер билет да. Кол шилтеп койгон болбойт. Анан да, колдон келсе, интернеттен оолак кармап, ата-эне, мугалимдердин тарбиясын көбүрөөк берген жакшыраак. Бала кызыктуу, жандуу нерселерди сезип, туя билиши зарыл.

Өспүрүмдөрдүн тарбиясын, жүрүм-турумун бир калыпка салыш үчүн эмне кылыш керек?

— Бул маселеге бөгөт коюш үчүн миграцияны токтотуш керек. Балдар кароосуз, ата-энелерден оолак өсүп жаткандыктан, ар кандай маселелер жаралууда. Мамлекет тарабынан да бул жагдайлар каралып, чара көрүлүшү кажет. Балдар биздин келечек да, көп нерсеге кол шилтеп койсок, келечек бүдөмүк болуп калат. Тарбиянын башаты үй-бүлө болуп жаткандан кийин, ошол багытка көбүрөөк ыкташыбыз кажет.



ЖАРНАМА

Айзада Касмалиева, Бишкек Кыргызстандын экономикасына мигранттардын эсебинен жыл сайын болжол менен 1 миллиард долларга жакын киреше түшүп турат. Бирок айрым талдоочулар миграциянын бүгүнкү күндө өлкөгө пайдасынан да зыяны көбүрөөк деп эсептешет. Анткени мындай кирешенин артында укугу корголбогон мигранттардын моралдык басынуу менен коштолгон толгон токой проблемасы турат.

Азыркы мезгилде Москвада окуп жана иштеп жүргөн Чолпонбай 4 жыл мурун Орусияга жумуш издеп кеткен. Алгач кафеде официант болуп иштеп, акырындап өз аракети менен окууга өтүп, азыр өз жанын өзү багып калган учуру . Азырынча анын Кыргызстанга кайтуу ою жок.

- Кыргызстанда жумуш жоктугунан Россияга бет алгам. Кафеде иштеп, анан окууга тапшырдым. Азыр окуп, кошумча иштейм дагы. Азырынча Кыргызстанга кетем деген оюм жок. Акча таап жатам, жумушум бар иштеп жатам. Кыргызстанга кеткенде эмне пайда.
Чолпонбайдын айтымында, жумуш издеп келген кыргыздар алгач бөтөн жерге келгенде эле документ маселесинен кыйналышат. Анткени туура мыйзамдуу жол менен келгенде деле документтеринен ар кандай мүчүлүштүктөр чыгып, акыры баары эле жергиликтүү милицияларга акча берип кутулушат.

Кыргызстанда жыл сайын 100миң киши эмгекке жарамдуу куракка жетет. Алардын жарымы гана өз жеринде жумуш менен камсыз болот да, калганы өз өлкөсүнөн эч колдоо таппаган соң, башка өлкөгө жумуш издеп жөнөшөт. Жакшы жашоонун артынан түшүп барган кыргыз жарандары азыр кандай шарт болбосун, баарына көнүп, эптеп тапканын чогултуп, Кыргызстандагы үй-бүлөлөрүнө жөнөтүү менен алек. Бирок “экономикага киреше келип жатат” деген сөздүн артындагы айтылбаган түйшүк, мээнет, моралдык басынуу, ден соолуктун бузулушу - Кыргызстандын келечеги үчүн кооптуу кырдаалды жаратат деп эскертет Топчугүл Шайдуллаева:

- Акча гана таппастан, тил үйрөнүп, тажрыйба алып келип жатышат. Бул жагдай Кыргызстанга өзүнүн пайдасын тийгизет дечи. Бирок тапкан каражаттын артында биздин төрөй турган курактагы жаш кыз-келиндерибиздин миграцияга кабылып жатышы -жакынкы 15 жылда эле демографиялык терс абалга алып келет. БУУ тарабынан жарыяланган билдирүүдө, Кыргызстанда төрөлгөн балдардын саны менен катар эле , төрөттөн каза тапкан энелердин саны өскөн. Ден соолугунан ажырап келген жаштарыбыз балалуу болгону менен, жыйынтыгында ата-энесиз калган балдар көбөйүшү мүмкүн. 

Чет жакта жүргөн мигранттардын кайта турган да мезгили болот. Бирок алардын баары эле капчыгы толо келбейт. Жашоонун түрлүү сынына түшүп, акыры өз жерине кайтып келген мигранттарга колдоо көрсөтүү, аларды колдоо боюнча биздин мыйзамда эч нерсе каралган эмес. Топчугүл Шайдуллаеванын айтуусунда, бул бир эле мисал , ал эми негизинен миграция жөнүндөгү мыйзам мындан башка дагы маанилүү толуктоолорго абдан муктаж.






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!